Аскар Салымбеков: “Гүлмира болбосо мен бүгүнкү ийгиликтерге жетмек эмесмин”

Өлүмдөн кийинки өмүр

“Өлүмдөн кийинки өмүр барбы?” деп сурашыңар мүмкүн. Дин өкүлдөрү түбөлүк жашоо жөнүндө саймедиреп айтып келишет. Мен алар айткан чын дүйнөдөгү өмүр тууралуу эмес, кадимки өлүмдөн кийинки жер бетинде уланган өмүр жөнүндө айткым келди. Бирок ал өмүр ар кимибиздин эле тагдырыбызга жазыла бербейт. Өлүмдөн кийинки өмүр чанда гана адам баласына буйрук болот экен. Ошондой инсандардын бири саясат таануу илимдеринин доктору, профессор, кыргыз коомчулугуна белгилүү меценат Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановнанын экинчи өмүрү жөнүндө сөз болмокчу. Ал узакка созулган катуу оорудан улам 61 жашында жарык дүйнө менен коштошту... “Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен”, –деп бир ырда айтылгандай, аркасында алкоого татырлык, эл ичинде унутулгус жакшы иштери калды. Ошол жакшы иштерди улантуу жана Гүлмира Сулаймановнанын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында атайын анын атындагы фонд түзүлдү. Көзү тирүү кезинде өзү жетектеген “Кой-Таш” эс алуу комплексине ысымы ыйгарылды. 1-октябрь күнү эстелиги орнотулуп, жогоруда аталган эс алуу комплексинде музейи ачылды. Ошентип Гүлмира эже өлүмдөн кийинки өмүрүн жашап баштады...

 

Аскар Салымбеков: “Гүлмира болбосо мен бүгүнкү ийгиликтерге жетмек эмесмин”

– Аскар Мааткабылович, өмүрлүк жубайыңыздын акырети бейиштүү болсун! Эми ал биздин эскерүүлөрүбүздө жашайт эмеспи... Айтсаңыз, Гүлмира Сулаймановна менен кантип таанышкансыз?

– Рахмат. Гүлмира экөөбүз 1972-жылы абитуриент болуп келгенде таанышканбыз. Экөөбүз тең азыркы Улуттук университеттин тарых факультетине тапшырдык. Тарых факультети ал кездеги эң престиждүү факультет эле. Биз тапшырганда 1 орунга 15 абитуриент туура келип, конкурс аябай күчтүү болду. Багыбыз экен өтүп кеттик. Анан студенттик жашоо башталды. Гүлмира сулуу, тыкан, аябай адептүү, анан да сүрдүү кыз эле. Эң мыкты окучу. Тымызын ичимден жактырып, акырын мамиле түзгөнгө аракет кыла баштадым. Ал шаардык кыз, мен айылдык бала... “Аскар кантип Гүлмиранын жүрөгүн багынтат?”- дешип курсташтарга да кызык болду. Мен алгач сабактан кийин үйүнө узатып барам, экөөбүз автобус, троллейбуска түшпөй, жөө сүйлөшүп барабыз. Киного чакырам. Айтор, аябай көпкө артынан чуркадым. Акыры ал менин сезимдерим туруктуу жана олуттуу экенин түшүндү көрүнөт, келечек жөнүндө экөөбүздүн оюбуз бир чыкты.

– Экөөңүздөр кыз-жигит болуп жүргөнүңөрдө сиз эжеге кандай белектерди берчү элеңиз?

– Ал кезде жашоо башкача болчу да, азыркыдай белектин түрү жок болчу. Кыздар үчүн китеп жана тирүү гүлдөр кымбат белек катары эсептелчү. Биздин группанын старостасы Валя деген орус кыз эле. Ошол бир күнү мага: “Аскар, сен айылдык жакшы жигитсиң. Жакшы кыз менен достошуп жүрөсүң, колуңдан келсе ага жасалма гүлдөрдү бербе, тирүү гүл бер”, -дейт. Мен: “Валя, мен Гүлмирага эч качан жасалма гүл бербейм”, - дедим. 29-январь кыштын кычырап турган мезгили, эжеңердин туулган күнү болчу. Анда азыркыдай кышында тирүү гүлдөр сатылчу эмес да, табылбайт эле. Кубатбек Байболов экөөбүз дос элек, чогуу окуганбыз. Анын Ак үйдө иштеген бир таанышынын жардамы менен Гүлмирага пион гүлдөрүн белек кылгам. Ошондогу анын сүйүнүчү ай... Пион гүлдөрүн Кытайдын императорлору аябай баалашкан да. Ошол ыйык пион гүлдөрүнүн менин да келечек тагдырыма таасири чоң болду, анткени Гүлмира мага турмушка чыгууга макулдугун берди. Ошентип экөөбүз 1976-жылы 3-мартта баш коштук. Апам Гүлмираны аябай жактырды. Гүлмира экөөбүз 41 жыл бирге бактылуу жашадык, 2 уулдуу болдук.

– Сиздер кыз-жигит болуп жүргөнүңөрдө келечек жөнүндө кыялданып, бүгүнкүдөй жогорку деңгээлге жетебиз деп сүйлөшчү белеңер?

– Анда социалисттик система эмес беле. Коммунисттик партиянын идеялары менен чоңойдук да. Ал кезде жеке менчик капиталисттик көз караштар болушу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан биздин кыялдар башкача болчу. Кийинчерээк улуу держава кулап, жашоо жана мамлекеттеги система такыр башка багытка бурулду. Анын агымы менен биздин да көз караштар өзгөрдү.

– Биринчи жолу балалуу болгондогу кубанычыңыз эсиңиздеби?

– Албетте, андай учурлар унутулбайт да. Улукбек 1977- жылы 13-сентябрда төрөлдү. Ошондо белгилүү советтик саясий ишмер, революционер Феликс Дзержинскийдин 100 жылдыгы белгиленип аткан. Советтик идеяларга сугарылган патриотмун да, анын үстүнө өзүм тарыхчы болсом, уулумдун атын Феликс койгум келди. Анан апама сүйүнчүлөп Ат-Башыга телефон чалдым. Апам да аябай сүйүндү. Атын ким коёрумду сурады эле: “Феликс коём”, - дедим. Апам: “Эмне дейсиң, ким дейсиң?”- дейт. Анда мен: “Апа, Феликс”, - дедим. “Аскар, токточу угулбай жатат. Азыр Имакени чакырайын, ошого айтчы”, - деди. Агам телефондон куттуктап, ал дагы атын сурады эле: “Феликс коём!” - дедим ишенимдүү. Анда агам: “Анча болду Ленин деп ат койбойсуңбу?”- деп атпайбы. Мен ошондо ал оюмдан кайттым да уулума досум Улукбек Чыналиевдин урматына Улукбек деген ысым ыйгардым.

– Аскар Мааткабылович, арадан жылдар өтүп, сиздердин байлык, бийлик дегендин баарына колуңар жетти. Мына ушул нерселер Гүлмира эжени өзгөртө алдыбы?

– Эч кандай өзгөрткөн жок деп эсептейм. Анткени Гүлмира илимпоздугун улантты. Албетте, менин колума-кол болуп ар тараптан колдоп турду. Мен ачык айтып коёюн, Гүлмира болбосо бүгүнкү ийгиликтерге жетмек эмесмин. Менин ушундай деңгээлге жетишиме Гүлмиранын салымы зор. Гүлмира илимди аябай барктачу, ошондуктанбы байлыкка таянып башкаларчылап 5 жылда илимдин доктору болгон жок. 1998-жылы кандидаттыгын жактады. Философия илимдеринин кандидаты болду. 2009-жылы саясат таануу илимдеринин доктору болду. 2016-жылы профессор деген наам алды. “Илим алуу ийне менен кудук казгандай”, - деген сөз даана Гүлмирага жарашчу. Азыр анын эмгектерин карап атам. Кандидаттык изилдөөлөрү өзүнчө бир бөлмөдө, докторлук иши боюнча изилдөөлөрү өзүнчө бир бөлмөдө сакталуу. Эмгекчилдиги менен илимге опол тоодой эмгек кылыптыр. Байлыкка таянса, ошончо эмгектенет беле? Гүлмира өмүрдөгү жетишкендиктерине байлык менен эмес, эмгек менен жетти. Мен анын илимий иштери менен сыймыктанам. Ал эми коомдук иштерде өзүңөр билесиңер, көптөгөн таланттарга жардам берди, аларды колунан келишинче колдоп келди.

– Агай, кечиресиз, өмүрлүк жарыңыз катары сиздин экинчи үй-бүлө күткөнүңүздү кандай кабыл алды?

– Мындай учурда аялдар кандай кабыл алышы мүмкүн. Башка аялдар сыяктуу кызгануу менен кабыл алды. Бирок эки тарап тең бири-бирине жаман айтышкан жок. Гүлмира өтө билимдүү, ички маданияты күчтүү аял эле да, мени түшүндү.

– Кыргыз коомчулугу эженин ооруп атканын билген эмес, анын өлүмү күтүүсүз болду. Эженин оорусу качан башталды эле?

– Ал ушул оорусу боюнча 2006-жылы Германиядан операция болду. Чоочун бирөө тургай, эң жакындары да билген эмес. Анткени Гүлмира каалаган жок. Ошондон бери 11 жыл медицинанын күчү менен кармалып жашап, иштеп келди. Эч кимге сыр алдырчу эмес. Чет өлкөлөрдө дарыланып жүрдү. Ден соолук азабын тартып жүрүп да элди ойлоп: “Мендей ооругандардын баары чет өлкөгө чыгып дарылана албайт”, - деп заманбап медициналык борбор ачты. Акыркы көз ирмемдерге чейин жашоону сүйүп жашады. Ошол учурларда анын сабырдуулугуна, чыдамкайлыгына таң калдым. Күчүнүн жетишинче оору менен күрөштү, акыры бизди таштап кетти.

– Сизге керээз сөздөрүн айттыбы?

– Билесиңби, акылдуу адамдар башкача болот экен. Анын кетерин биз билип турдук, ал өзү да сезип атты. Кетип атып да бизди аяй караган аянычтуу көз карашы түбөлүк эсимде калды... Жакын адамын жоготуу кандай оор экенин мен айтпасам да билесиңер да. Ал мүнөттөр жүрөктө сакталат да. Азыр анын карааны жетишпей турат. Ал баштаган иштерди улантуу биздин милдетибиз деп билем.

– Гүлмира Мамбеталиева атындагы фонд түзүлүп, ишин баштаптыр.

– Ооба, ишин баштады. Нарын университетинен 2 студентке, Улуттук университеттен 2 студентке, Дипакадемиядан 2 студентке айына 3 миң сомдон бир окуу жылга стипендия бермек болдук. Ошондой эле Гүлмира окуган В.П.Чкалов мектебинен 2 окуучуга айына 1 миң сомдон бир окуу жылына стипендия бермек болдук. Дегеле пландар көп. Кудай буюрса, аларды ишке ашырабыз. Бизге билинбей эле ал элге көп кызмат кылган экен...

 

Улукбек Салымбеков, уулу: “Апам менин арманым болуп калды”

– Апам аябай мээримдүү болчу. Ал сыртынан аябай сүрдүү көрүнчү, бирок үйдө мээримдүү эле. Ошол эле учурда мени ашыкча эркелеткен жок. Дайыма бир калыпта кармап келди. Мен 15 жашка чыкканча атам менен апамдын жалгыз уулу болдум да. Анан иним Кубат төрөлдү. Атам жумуштар менен алектенип, убактысы аз болчу. Негизи тарбияны апам берди. Ал кезде Союз мезгили эки бөлмөлүү квартирада жашачубуз. “Улук, оку, жакшы оку”, - деп менден талап кылчу. Мен дагы апамды уят кылбайын деп эң жакшы окучумун. Кийин байыдык, чет өлкөдө окудум. Анда да: “Улук, балам, жакшы оку, сен атаңа тирек болушуң керек, атаңдын ишиң улантышың керек”, - деп кулагыма куйчу да. Ошондон улам чет өлкөдөн билимди алып, анан кайра Кыргызстанга келип иштеп калдым. Кандайдыр бир ийгиликтер болуп калса дароо апама сүйүнчүлөп айтчумун. Өкүнүчтүүсү  апамдын операция болгонун, ооруп жүргөнүн мен кеч билдим. Мага эки жыл өткөндөн кийин апам өзү айтты. Укканда аябай жаман абалда калдым. Көрсө, энелик жүрөгү менен мени аяптыр да. Ички сырын эч кимге билдирбей бекем сактачу, ошондуктан оорусун эч ким билген жок да.  Анан дарыланып жүрдү, жакшы болот да, бир аз убакыттан кийин кайра башталат. Катуу ооруганын башкага эмес, баласы мага көрсөткүсү келген жок. “Мен эл көзүндө жаркылдаган боюнча калайын”, - деп койчу. Апамдын мага айткан акыркы сөзү: “Мен көп иштерди жасашым керек эле, үлгүрбөй калдым. Эми сен улант, уулум”, - деп айтты. Ошондо көзүмө жаш айланды... Асманым кулады.. Бирок ажал улук тура. Азыр апамды эстегенде, үйгө барганда ыйлайм... Эне жоготуу кандай оор...

 

Тарых жана саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов: “Илимий эмгектери кийинки муундар үчүн кызматын кыла берет”

– Гүлмира Сулаймановна менен илим изилдөө багытында көп жылдар бою бирге иштештик. Анын докторлукту жактоо боюнча ишине илимий жетекчи болчумун. Темасы эл аралык мамилелер чөйрөсүн камтыган, бир жагынан татаал болсо, экинчи жагынан терең тарыхый билимди талап кылган, изилдөөгө алынуучу материалдардын көптүгү жагынан да айырмаланып турган маселелерге толо эле. Фундаменталдуу терең билими бар, ойчул жана эмгекчил Гүлмира Сулаймановна бул проблеманы ар тараптан изилдеп чыгууга жетишкен.

2009-жылы Г.С.Мамбеталиева «Улуттардын Шериктештиги азиялык мүчө-өлкөлөрдөгү саясий процесстердин фактору катары» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, саясат таануу илимдеринин доктору даражасына ээ болгон. 2016-жылы 24-ноябрда саясат таануу адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамы ыйгарылган.

100дөн ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 5тен ашуун монографиянын жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептердин автору болгон. Ал калемдеш болгон “Саясат таануу” окуу китеби Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖдордун студенттери үчүн “Саясат таануу” предмети боюнча окуу китеби катары сунушталган.  Андан тышкары ал калемдешип жазган “Адам укуктары. Демократия. Бийлик” окуу куралы оригиналдуу энциклопедиялык сөздүк катары кызмат кылууда.  Гүлмира Сулаймановнанын жаркын элеси биздин эс-тутумубузда түбөлүккө кала берет. Анын жазып калтырган илимий эмгектери кийинки муундар үчүн кызматын кыла берет.

 

 

Тынчтыкбек Чоротегин: “Эжекебиз эрктүү да, мээримдүү да инсан эле”

– Гүлмира Сулайман кызы Мамбеталиева эжекебиз болгону алтымыш бир жаштын чайын иче баштаганда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Азыркы учурдун цивилизациялык сереси бул жашты чыгармачыл жана башка коомдук баамдан алганда нагыз толукшуп турган чак деп мүнөздөйт.

Эжекенин негизги илимий эмгектеринин диапозону өтө кеңири болду: эл аралык мамилелер, азыркы дүйнөлөшүү жүрүмдөрүнүн шартындагы саясий жана философиялык көйгөйлөр, ошондой эле демократия, адам укуктары жана гендердик саясаттагы жаңы баскычтар жана башка илимий маселелер анын эмгектеринде ургаалдуу чагылдырылган. Гүлмира эжекебиз болсо илим, маданият жана көркөм өнөр жаатында даректүү жана натыйжалуу каржылык колдоо көрсөткөн коомдук ишмер катары өз ордун жана колдоого муктаж багыттарды мыкты таразалай алган инсан эле.Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы катары ал этнография, археология, антропология адистеринин башын бириктирген эл аралык жыйындарды бир нече ирет уюштурду.

Пост-советтик доордогу бир катар жаңычыл эмгектерге да эжеке демөөрчү болуп басмадан чыгартты. Өзү кыргыздын көрүнүктүү журналисти, далай жылдар гезит редактору болгон Сулайман Мамбеталиевдин кызы болгондуктан кыргыз тилин мыкты билчү. Нарындагы В.Чкалов атындагы орус мектебин мыкты бүтүргөн, орус тилинде да жогорку деңгээлде жаза билген адис эле. Кээде илимий жыйнактардын текстин редакциялоодо ушул эки тилдеги терминдер тууралуу эжебиз менен талкуулашып калар элек. Мындан улам анын китепти редакциялоо ишине эч кайдыгер карабаган, талапчыл жана кош тилде сөз байлыгы терең дареметтүү сапатын байкап, ыраазы болуп калганымды кошумчаласам ашыкча болбос. Албетте, Гүлмира эжекенин бул сыяктуу ар кыл багыттардагы демөөрчүлүгүн жана илимий-педагогдук жана башка багыттардагы ишмердигин жан дили менен жана ырааттуу колдоп, аларды каржылашкан инсандар: анын өмүрлүк жубайы, демөөрчү, коомдук ишмер жездебиз Аскар Салымбеков жана алардын уулу, жээнибиз Улукбек экендигин ыраазылык менен баса белгилөө керек. Эжекебиз эрктүү да, мээримдүү да инсан эле. Айрым бир маселеде талаша кеткенде жүйөөнү уга билчү. Акыры позитивдүү чечим чыгарууга бара алгандыгы, ар кандай турмуштук тар жол, тайгак кечүүдө өзгөчө прагматик инсан экенинен кабар берчү. Аттиң, айыккыс оору деген Гүлмира эжекебиздей асыл инсандарды да аңдыйт тура! Акыркы айларда телефон чалып жолугууга далалат кылдым, бирок эжекебиз ширесинен ажырап бара жаткан мөмө сымал эң соңку аялуу учурун бизге көрсөткүсү келбеди. Өтө жакындарынын айтымында, ал ар мүнөтү үмүткө, тилекке байланып, жашоодон күдөрүн үзбөй жатып дүйнө салды. Айтылуу гуманист жана ишкер Стив Жобс да мындай азаптуу ооруга жеңилүүгө дуушар болгон. Жамы журтубуз урматтаган айтылуу ишкер Табыке Эгембердиев агабызды да бул оорудан эч ким арачалап кала албады. Дарыгер академиктер да бул жагдайда алсыз...Бирок шум ажал бир нерсени жеңе алган жок, Гүлмира эжекебиздин жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө калат, анын жасаган кайрымдуулук иштери ар дайым эл-жерине мөмөсүн берип келет, анын секулярдык, демократиялуу, көп партиялуу жана парламенттик башкарууну көздөгөн идеялары окуу китептери жана илимий эмгектери аркылуу болочоктогу муундарды тарбиялоосун улантат.

 

Нарын облустук “Теңир-Тоо айымдары” конгрессинин төрайымы Бурулсун Дыйканбаева: “Эл кызы, туу тутар сыймыгы эле...”

Гүлмира Мамбеталиеванын узакка созулган катуу оорудан көз жумганы тууралуу суук кабарды укканда “өңгө жалган, өлүм чындык” актыгына, кары-жашты ылгабаган таш боор ажал алдында алсыздыгыбызга жүрөгүбүз сыздады. Аттиң, “ийне менен кудук казган окумуштуу” жаркын жашоосунда, пейилинде, турмушунда да жаратмандык  менен жакшылыктарды жаратуунун кайталангыс өрнөгүн көрсөтүп, элдин элегинен, мезгил сынынан өткөн асыл иштерди аткарып кеткен эл кызы, теңир-тоолуктардын туу тутар сыймыгы эле...

Кан-жанга бүткөн оор басырыктуу мүнөзү, атак менен даңкты көтөрө билген алпейимдиги, кайрымдуулук менен боорукердиктин кайталангыс касиеттерин тутуна билгендиги менен “Жаш таланттар” фестивалын өткөрүп, көптөгөн өнөрлүү уул-кыздардын талант тамызгысын тутантып элге тааныткан. Көптөгөн эмгектери менен өз өмүрүнө өзү кызгалдактай гүл өндүрүп, артына эстелик куруп кеткен Гүлмира эжебиздин жаркын элеси унутулбайт.

 

 

Аскат Мусабеков, ырчы: “Гүлмира эже берген  дем-күч, шык менен сахнага бет алгам”

Гүлмира Сулаймановнаны мен биринчи ирет 7-класста окуп жүргөн кезимде 1999-жылы Нарын шаарына облустук «Жаш таланттар - 1999» кароо-сынагына барганда көрдүм. Ал кезде эже эл аралык «Мээрим» фондусунун Нарын облустук бөлүмүн жетектер эле. Ал сынакка мен комуз чертип барган элем. Анан кийинки жылы да конкурска катышып Ат-Башы районунан, кийин Нарын облусу боюнча дагы комуз менен ырдап 1-орунду ээлеп, республикалык сынакка катыша турган болуп жолдомо алып калдым. Анан ошондон баштап Гулмира эжем менен жакындан тааныш боло баштадым. Ошол конкурска барарымда өзү кошо чуркап даярдай баштады. Бир курдай кабинетине отуруп алып өзү иштегенче мени ырдатып: «Бул жерин минтип ырдап кой. Ал жерин башкачараак созуп ырда», - деп даярдаганы алигече эсимен кетпейт. Ошондо эжекебиз мени улуу жолго сүрөмөлөп аткан окшобойбу... Улуу жол демекчи, Гүлмира эже ошол кездерде биздин муундагы бир топ таланттуу балдарды өстүрдү. Ошол эле Силима Абдылдаева, Жийдеш Идирисова, мен, Талант Карагулов ж.б. азыркы чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөн таланттуу жаштардын алгачкы сахнадан тушоосун кескен Умай энебиздей эле болуп калган эле. Ошол кездеги Гүлмира Сулаймановна берген дем-күч, шык менен биз улуу өнөр деген жолго аттанып, чоң сахнага бет алганбыз. Менин сары майдай сактаган сандыгымда Гүлмира эжем тапшырган бир топ грамота, дипломдорум сакталып турат. Бул мен үчүн ыйык таберик, чоң сыймык. Эсимде  2014-жылды тосордо 31-декабрь күнү кечке жуук Гүлмира эжеге телефон чалып Жаңы жылы менен куттуктап, андан кийин: «Сүйүнчү, эжеке, уулдуу болдум! Агабыздай мартабасы бийик, элинин карманар туткасы болсун, улуу адам болсун деп атын Аскар койдук»,- дедим. Эже аябай сүйүндү. Батасын берип алкады. Абдан жакшы тилектерин айтты. Эсил кайран эжебизди эми кайра көрбөй калар күндү эстеп, кээде чындап эле ичим туз куйгандай ачышат...  

 

Гүлмира Мамбеталиевага арналат

Жамалы жайнап турчу таң аткандай,

Жан эле жан шерикке жарашкандай.

Алдыны көрө билген көсөмдүгү,

Алладан кыдыр даарып, бак айткандай...

 

Баш кошкон Теңир-Тоонун жакшысына,

Эки уулу эстүү чыкты бактысына.

Билгизбей арсыз ажал алып кетти,

Бир арман өмүр, жаштын аздыгына.

 

Бирок да эл баасында эчен иши,

Жүрчү элдик иштеп жайнап жүзү.

Баарысын чачса дагы сактай албай,

Байлыктын жетпей калды, арман күчү!

 

Өмүрү окумуштуунун жарык болду,

Жасаган иштери анын тарых болду.

Аткарып аз өмүрдө калтырганы,

Атанын кызы экени анык болду.

Канымжан Темиралиева

 

Жумабек Салымбеков, кайниси: “Мага жеңе эмес, эже болчу”

– Мен жеңемди “жеңе” дебей,  “эже” дечүмүн. 17 жашымда колуна келдим. Ага чейин ата-энем Нарында иштешип, мен чоң апамдын колунда чоңойдум. Ошондо чоң апам: “Жумабек адам болом десең, Аскар менен Гүлмиранын тарбиясын ал”, - деп айтчу. Мени бардык жактан тарбиялаган Гүлмира эжем болду. Конок күткөндү, адамдарга мамиле жасаганды, каада-салтты Гүлмира эжем үйрөттү. Мен анын ооруп жүргөнүн билген эмесмин. Анын оорусун укканда аябай жаман болдум. Каза болордон бир топ күн мурда Гүлмира эжеме бардым. Ал мага туугандардын жеке мамилесине байланыштуу үч аманат калтырды. Ал аманаттарды өз мезгилинде ишке ашырууга аракет кылам. Ал бизге бардык тараптан үлгү болду. Эмдигиче Гүлмира эжемдин бизди таштап кеткенине ишенбейм.

 

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА