Шайыр жеңени акыркы сапарга узаттык

Ажалга айла жок тура, 6-октябрда “Кыз-жигит сармерден” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу, эстрада жана фольклор ырчысы Гүлбү Ороскул кызы 40 жашында көз жумду. Оорубай жакшынакай эле жүрүп бир түндө ашказанына кан куюлуп кетип баарын ыйлатып кете берген ырчынын артында чырактай эки кызы калды. Ак куудай келишкен келбети, жаркылдаган мүнөзү жана ырлары менен элдин эсинде калган ырчыны туугандары, жакындары жерге кыя албай ыйлап жатышты. Анын “Балама”, “Мажүрүм тал”, “Менин өмүр жазым”, “Ортончу бизге Ысык-Көл” жана башка ырлары элдин эсинде кала берет. 

 

Гүлбү Ороскул кызынын апасы Адиса апа: “Кызым кетерин сезген экен, небересинин кыркын шашып чыгарды эле”

-      Кызымды акыркы жолу 3-октябрь күнү көрдүм. Мен айылга инимдин жылдыгына жөнөп жатсам Айзуура менен Сезимди ээрчитип небересин көтөрүп келген экен. “Түн менен күнүн кошуп 20 күндө неберемдин кыркын чыгардык. Мына жол кире кыласыз”, - деп тыйын берди, айылга ала барыңыз деп таттууларын көтөрүп келиптир. Эмне мынча небересинин кыркын шашып чыгарды деп ойлоп койгом ичимден. Кагылайыным кетерин сезген экен да. Жаңы батир алып аны ремонттоп, ичин толтуруп кудаларды чакырып небересине жентек бергени даярданып жаткан. Мага айылдан сары май менен талкан ала келиңиз жээнтеке деп дайындады. Мен айылга кеткенче меймандарына отура турган төшөктөрүн тигип бердим. Жаны тынбай эле оокат деп чуркап жүрчү. Каралдымдын өлөйүн деген ою да жок болчу. Ооручу да эмес да, ооруса да ий ооруйт эле байкуш кызым деп көксөм сууйт эле. Болгону: “Бирөө мени жаман көрүп койду окшойт кирнелеп бериңизчи. Толкун болуп башым ооруп муздак жел келип жатат кармап коюңузчу”, - дечү. Анан кармалап койсом: “Апа, сиздин колуңуз тийсе эле айыгып кетем”, - деп маанайы көтөрүлүп калчу каралдым. Көрсө, кызыма катуу көз тийип кетти окшойт. Мурун аз-аздан чогулуп отуруп көтөрө албай кетти го деп ойлоймун. Мен айылга кеткенде ооруп калып жатпайбы, балким, жанында болсом кармаласам айыгып кетер беле. Аттиң кылып күйүтүмдү баса албай отуруп калдым. Мен өзүмдү жоготсом эки кызы не болот деп ошолорго караан болуп өзүмдү карманып отурам. Айла жок кызым менен бүгүн коштоштум. Гүлбү кызым менин эле эмес, элдин кызы болуп калган экен. Быягы Ош, Жалал-Абад, Талас, айтор, кыргызга төбөсү көрүнгөн адамдардын баары келип буркурап ыйлап турду.

 

Айзуура Иманалиева: “Апам өз колубуздан узады”

Ошол күнү апам кечинде 2 тойго барып ырдап келди. Жакшынакай эле келип биз менен чай ичип жатканбыз. Түн ичинде саат 3 төрдө бизди ойготту: “Тургула кыздарым, мен кыйналып жатам, ичиме кара жылан кирип кетти”, - деп онтоп калды. Дароо “Тез жардам” чакырдык, ал да бир жарым саат кечигип келди. Текшерип көрүп: “Баары жакшы, ашказаныңыз түйүлүп жатса “Но-шпа” ичиңиз”, - деп койду. “Апам кыйналып жатат ооруканага алып кеткиле, дарылагыла”,- десем докторлор мени шылдыңдагансып карап коюп чыгып кетишти. Анан апам бир аз эс алып калгандан кийин кайра кыйналып баштады, кайра чакырсак  50 мүнөттө келди “Тез жардам”. Бирок ага чейин саат 2лерде апам үзүлүп кете берди. Акыркы айткан сөзү: “Кыздарым, мен кыйналып жатам, жакшы калгыла”, - деп уйкуга кетти. Мен “Тез жардам” кызматына ушунчалык нааразы болдум. Аларга адамдын өлүмү кадимки эле көрүнүш болуп калыптыр. Апам ушунчалык күчтүү аял эле, ушул кезге чейин оорудум деп ооруканага жатканын көргөн жокпуз. Кээде: “Бир аз кыйналып калыптырмын”, - деп бизди кармалатып коюп кайра эле оокат, ыр деп туруп кетчү. Менин төрөтүмө катышып, небересин эң алгач тосуп алган киши апам болду. “Кызым, мындан кийин ар бир төрөтүңө катышам”, - деди эле. Эми кайдан...  Кудаларды убара кылбайлы, сен тыңыганча деп төрөт үйүнөн үйгө чыгарып келип өзү багып жатты эле небересин. Негизи балам ыйлаак, таенеси колуна алса эле басылып калчу. Чырылдап ыйлаган балам таенесинин жоктугун сезип жатабы такыр ыйлабай калды. Боз үйдө ыйлап отурсам апам ак көйнөк кийип, чачын коё берип алыптыр,башында таажы күлүмсүрөп элеси кирип келди. Апам менен кадимкидей сүйлөштүм: “Чүш, кызым, ыйлабагыла”,- деди. Сиңдим Сезимге жакын болчу улам аны карап кыйылат. “Сезим апам мени да алып кетсинчи деп жатат”, - десем, “ал азыр жаш да, жаш”, - деп көздөн кайым болду. Анан мен: “Таене, Сезим болду ыйлабагыла”, - деп аларды апамдын суранычы боюнча ыйлатпай койдум. Апам өз колубуздан эч кандай кырсыкка кабылбай, кыйналбай, азап тартпай супсулуу боюнча күлүмсүрөгөн бойдон узады арманыбыз жок. Эми апам жетпей калган максатына биз жеткенге, жасаганга үлгүрбөй калган иштерин бүтүргөнгө аракет кылабыз. Апоо, эки кызың күчтүү, бизге эч кайгырба, кош апа! 

 

Сезим Иманалиева: “Апамды кучактап бир саат жатсам да тирилбей койду”

-      Мен апамды кучактап, жыттап уктачумун, эми кантем билбейм. Ооруганда жанында жаткам: ”Кызым, кола алып келчи”, - деди, алып келсем иче алган жок. “Сени өз колум менен сонун кылып турмушка узатам”, - дечү. Кумурскага да зыяны жок адам эле. Бирөөнү сүйлөп калсак: “Ушак сүйлөп эмне кыласыңар, андан көрө өзүңөрдүн жашооңорду кыйратып алгылачы”, - дечү. Аябай эмгекчил эле, биз кичине кезде акыркы унга чөп терип келип оромо, манты жасап берип бизди тойгузган учурлары болгон. Салган үйү да жарты, алган батиринин ремонту да толук бүтпөй жашоосу да жарты болуп кете берди. Эмне мынча шаштың экен, апоо. Апам идеалдуу аял эле. Идеалдуу адамдын өмүрү кыска болот турбайбы. Атам менен тагдыры келишпей калса да, бизге атам тууралуу бир да жаман сөз айткан эмес. “Атаңар силерди мага белек кылган”, - деп атамды дайыма сыйлап турчу. Атам жакшы көрүп артынан чуркаганда апама арнап Токтобүбү Черикчиева ырдап жүргөн “Карап, карап, кайрадан сени самап” деген ырды арнап чыгарган экен. Апам үзүлгөн күнү атам келди, телефонун чакырыгына эмнегедир ошол ырды коюп алыптыр. Атам да кыйналды бүгүн кант диабети 29 га көтөрүлүп кетип ооруканага кетти. Бул ооругандан мурун Айзуура төрөгөндө баары: “Ай-ий, жапжаш таене”, - деп баары суктанганда да ооруп, кайра туруп кеткен болчу. Мунусун көтөрө албады окшойт. Мындан бир жыл мурун түшүмдө апам каза болуп калып, мен кучактасам тирилип кеткен. Ошондон бери өзүмө эмес, апама өмүр тилеп келдим эле. Бул жолу апамды кучактап бир саат жатсам да тирилбей койду. Акыркы эфирлерде да көрүшкөнчө деп эле колун булгалап эл менен коштошо бериптир кетерин сезгендей. “Жентек берем, той кылам”, - деп жасаган төшөктөрү боз үйгө салынганына өкүнөм. Апам жок кантип жашайм билбейм.

 

 

Мирзат Муканов: “Апамдын атын өчүрбөй бардык санаалаштары менен эми биз катышабыз”

-      Апам мени күйөө баласындай эмес, өз баласындай жакшы көрчү. Күйөө бала болгонума жакында бир жыл болот, такыр жаман жагын көрө алган жокмун. Мүнөзү ушунчалык жакшы, ушул көзү өткөнчө мени бир да жолу атымдан айтпаптыр. Мирзаке, Мирзаш деп эркелетип, жалынып-жалбарып турчу. Бир жакка барсак машинесин дайыма мага айдатып алчу. Өзүнө эмне буюм алса: “Карачы, балам, кандай экен?” - деп сурачу. Кээде тамашалашып сүйлөшүп калчубуз. Эч бир кемчилигин, терс мүнөзүн көрбөгөндүктөн менин эсимде идеалдуу апа, идеалдуу кайнене боюнча калды. Айзууранын төрөтүнө катышып: “Неберемдин жарык дүйнөгө келгенде эң биринчи көргөн адамы мен болбодумбу”, - деп мактанып, небересин жанынан артык көрүп багып жаткан. Мага да биринчи чалып: “Мирзёш, ата болдуң, сенин эле көчүрмөң балаң”, - деп сүйүнчүлөдү эле. Ошол ооруп жаткан күнү жанында болгом, анан жумушка барып келейин деп чыгып жатам, апамдын эки бетин кармасам мупмуздак. “Апа, мынча муздап калгансыз”, - десем унчукпай жатып калды. Мен шашып чыгып кеттим, үйдө Айзуура менен Сезим калган. Жарым саатта келгенче үзүлүп кетиптир. Биз Айзуура, Сезим үчөөбүз сүйлөштүк апам жетишпей калган иштерди биз жасайбыз. Буюрса, жылдыгына чейин үйлөрүн бүтүрөбүз. Апамдын жоктугун билдирбей бардык дос-жары, санаалаш-сахналаштары, тууган-уругу менен биз катышабыз. Апабыздын атын эч качан өчүрбөйбүз, биздин жасаганыбыз эми баары апам үчүн болмокчу.

 

 

Сагын Ниязалиева: “Шайыр жеңеден айрылып “Сармерден” жетимсиреп калды”

-      “Сармерден” көрсөтүүсү жетим калды, шайыр жеңеден айрылып жүрөгүбүз туз куйгандай ачышып турат. Бул да тагдыр болсо керек,  эки жыл мурун чырактай жаркылдаган Гүлзат Батыркановадан айрылдык эле. Эми минтип ак куудай керилген кызыбызды жоготтук. Бири автокырсыкка кабылса, экинчиси ашказанына кан куюп кете берди. Болбосо таптаза эле жүргөн экен Гүлбү. Айрымдар көз тийди десе, башкалар кара дуба деп жатышат. Эмне болгону бир Кудайга маалым болбосо, бизге ары жагы караңгы. Буга “Сармерден” көрсөтүүсүнүн жамааты күнөөлүү эмес. Токтогулдан Шахра Талипова эжебиз келип буркурап ыйлап сөз сүйлөдү: “Бул Кудайдын кылганы, Кудайдан көргүлө”, - деди. “Сармерден” көрсөтүүсүнүн тагдыры кандай болот азыр айта албайм. Гүлбүнүн кыркы өтмөйүнчө эч нерсе кылбайбыз. Кыргыздын бардык салт-санаасын кармайбыз дегендей. Болбосо Гүлбү Гүлзаттын арбагына багыштап куран окутуп, Шахра эженин батасын алып, анан көрсөтүүнү алып бара баштаган. Ажалга айла жок тура бир машинеде 5 адам өлүп кетип жатпайбы. Каалаган учурда каалаган инсанын алып кете берет экен. Гүлбү элге кызматы сиңген үчүн, жакшы инсан болгону үчүн 1000 ден ашуун эл келип ботодой боздоп ыйлап акыркы сапарга узатып турду. Кызыбызды барктап,  даңктап акыркы сапарга узатканга аракет кылдык. Кызыбыз жерге жаксын, бейишин берсин, көрү жарык болсун эң негизгиси. Биз пенделер ар кайсыны айтып кала берет турбайбызбы.

Нуриса Баялиева