Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Арман

Туулган жылы: 1989-жыл 28-сентябрь

Кесиби: эсепчи

Иштеген жери: банкта кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, түшүнүктүү, туруктуу, акылдуу, токтоо, тың

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 97 65 94

– Менин үй-бүлөлүк турмушум 3 айга гана созулду. Айтылбай келген кырсык алмончоктой келинчегимди менден айрып койду. Андан берки 3 жыл кандай өтүп кеткенин билбей да калдым. Убакыттын өтүшү менен менин абалым да өзгөрдү. Эми кайрадан жаңы жашоо баштоого аракет кылып жаткан кезим. Мага Кыргызстандын кайсы жеринен болсо да 20 жаштан 28 жашка чейинки кыз-келиндер чалыңыздар. Бир балалуу келиндер менен тааныша берем. Балким, жылдызыбыз келишип жашап кетербиз. Туруктуу турмушту максат кылган айымдардын чалууларын күтөм.

 

Алмаз

Туулган жылы: 1988-жыл 15-май

Кесиби: экономист, эсепчи

Иштеген жери: эс алуу жайында менеджер болуп иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу

Кандай айымдар жагат? Түшүнүктүү, назик, эмгекчил, токтоо, эптүү, сарамжалдуу, мамилечил

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0702 78 89 29

– Турмуш курганым менен бактылуу боло албадым. Буга себеп издебейм, маңдайга жазылган жазуу, Кудайдын буйругу деп түшүнөм. Болбосо өзүм жакшынакай үй-бүлөдөнмүн. Ата-эне, бир туугандарым бар. Ортончу уулмун, ата-энем менен бирге турам. Мага эң башкысы турмушка чыга элек, анан келечекке олуттуу караган аялзаты керек. Жашы 22 жаштан 28 жашка чейин болушу керек. Ал эми жердиги боюнча бизге Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустары ылайыктуу. Акыл кошчу жар, ата-энени сыйлаган келин боло алчу кыздар чалыңыздар. Эскертем, турмушу бузулгандар чалып убара болбогула.

 

Акжол

Туулган жылы: 1991-жыл 31-март

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: кесиби менен мектепте иштейт

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, билимдүү, туруктуу, эмгекчил, чынчыл, назик

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0553 93 89 89; 0776 49 96 47

– Менин бир уулум бар. Жашы 4тө. Апасы экөөбүз ажырашып кеткендиктен, ал чоң апасынын колунда тарбияланып жатат. Аялым менен 6 жыл жашагам. Бирок түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашып кеткенбиз. Эки жыл бойдок жүрүп турмушту түшүнүп калдым. Эми кайрадан жаңы жашоо баштоого бел байлап турам. Мага Жалал-Абаддын тегерегиндеги аймактардан 25 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер чалгыла. Менин башкы талабым балама апа болуп бериши керек. Мен да анын баласы болсо багууга макулмун. Мага чалгыла, WhatsAppтан жазгыла.

 

Жеңишбек

Туулган жылы: 1997-жыл 9-май

Кесиби: мугалим

Иштеген жери: кесиби менен мектепте иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Аксы району

Кандай айымдар жагат? Сулуу, сыйчыл, чынчыл, билимдүү, тың, тыкан, жакшынакай, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0778 09 90 83

– Билим алып кесипке ээ болдум, учурда иштеп жатам. Ата-энем менен бирге турам. Кезекте аткаруучу чоң милдетим – турмуш куруу. Мага биздин аймакка жакын жерлердин мен курдуу кыздары керек. Менин биринчи никем болгондуктан, мага байланышкандар да биринчи жолу турмушка чыкчу кыз болушу керек.

 

Алмаз

Туулган жылы: 1988-жыл 31-август

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Жала-Абад шаары

Кандай айымдар жагат? Оор басырыктуу, туруктуу, акылдуу, токтоо, чынчыл, терең ойлонгон

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0771 46 74 54

– Жактырып алган жарым менен бир жыл жашадым. Тилекке каршы, никебиз түбөлүктүү эмес экен. Ажырашкандан кийин бир жылымды жалгыз жашап өткөрдүм. Жалгыз жашоо болбойт экен. Турмуш куруу максатында 1988-жылдан 1994-жылга чейинки кыз-келиндер менен таанышам. Баласы болсо багып алууга каршы эмесмин.Келечектеги келинчегимдин иштеген иши болсо жакшы болот.