Кайдасың азыр, каралдым?

 (Башы өткөн саныбызда)

Салима баланы бооруна кысып, ууртунан, моюнунан жыттады. Топусун чечип үкүнүн тыбытындай жумшак, суюк чачынан кайра-кайра искеди. Бооруна кайра-кайра кысты. Өз баласын колуна алып эркелетип олтурганына ишене албай көкүрөгү ысып, кубанычы менен өкүнүчү аралашып, уулуна болгон сагынычы ашып-ташып, ачуу ыза алкымына келип, дилинде баласынан кечирим сурап жатты. Бала да ушуну сезгенсип Салиманын көкүрөгүнө башын коюп, бышылдап тынч олтурду. Акырын караса көзү коюуланып, кирпиктери ылдый тартылып уйкусу келип калыптыр. Салима аны термелтип, коомай таптап олтуруп уктатты. Керебетине аярлай жаткырып, үстүн кичинекей мамык жуурканы менен жылуулап жаап койду. Магдырап уктап жаткан наристени бир топко карап турду да, “уйкудагы баланы тиктебейт” деген апасынын сөзүн эстеди. Бул түшүбү же өңүбү ? Же бирөөлөр атайын ушундай шарт түзүп жатабы, ушуга акылы жетпеген Салима дендароо болуп олтура берди. Баласына кайнаса каны кошулбаган кайдагы бир аял ээлик кылып, эне болуп олтурганына, өз баласына өзүнүн чыпалактын учундай акысы, укугу жоктугуна ичи ачышып жатты. Бир убакта бөлмөгө Райкүл баш бакты.

– Уктап калдыбы? – деди акырын шыбырап.

– Ооба, уктады, - деп Салима уурулугун карматып койгондой ордунан шак тура калды. Райкүл баланы кымтылап, жуурканын оңдоп-түздөдү.

– Жүрү, анда чай ичели. Мен да идиш-аяктарымды иреттеп алдым.

Экөө ашканага кирип чайга олтурушту. Чай үстүндө дагы эле бала жөнүндө сүйлөшүштү.

– Өзү анчейин деле чырлуу эмес, жоош эле. Курсагы ток, көтөнү кургак болсо кишини кыйнабайт, - деди Райкүл. Салима сөзгө аралаша албай кысынып олтурду.

Ошентип Райкүл Салимага эки-үч күндүн ичинде баланын буламыгын, тамак-ашын бышырганды, кийим-кечесин кайда жууп, кайда койгонду үйрөттү. Ашкананын шартын түшүндүрдү. Кыскасы, дагы эки күндөн кийин Райкүл жумушка чыгып, Салима баланы өзү бакмай болду. Бала да ага кадимкидей көнүп калды.

Салима көп балалуу үйдө чоңоюп-өскөндүктөн үй оокатына жакын эле. Бөбөктөрүн бакканга апасына чоң жардамчы болчу. Ошондуктан ага бул үйдөгү кызматы эч деле оорчулук алып келген жок. Анын үстүнө өз баласын баккан да оор болчу беле энеге. Кожоюндар эртеден кечке жумуштарында. Райкүл үйгө телефон чалып, баланы улам сурап турду. Салима болсо баланы да багып, ара-чолодо үй жумуштарын да жасай берди. Ал бара-бара бул үй-бүлөгө аралашып көнүп кетти. Кээде кожоюндар жумуштан кийин да кармалып же конокко барып кеч келе турган болсо жатаканасына барбай ушул үйдө эле кала берет. Салиманын чын дилден жасаган кызматына Райкүл да ичинен ыраазы болуп, ага өз сиңдисиндей мамиле жасап жүрөт. Бектур Салимага абдан эле көнүп алды. Этегине жабышып карыш жылдырбайт. Кечинде кийинип кеткени жатса ээрчип ыйлайт. Райкүл алдап-соолап араң алып калат. Эртең менен кирип келсе талпынып жөнөйт. Үйдө ишенимдүү адам бар үчүн тигилер да иштерине көңүлү ток кетишет. Башка жумушка кетип калбасын деп алар Салимага маянасын дурус төлөшөт.

Бектур эми шыдыр эле басып калды. Тили да булдурап чыгып келатат. Кылыктары сонун. Күнүгө бир жорукту үйрөнөт. Эркелегенди да билип алды. Салиманын жүрөгү эзилип кетет. Кечинде ата-энесине анын күндүзгү жоруктарын айтып берет. Бирок бир гана чындыкты, мен баланын өз энесимин дегенди айтпайт. Аны эч качан айта да албайт. Ушул чындыктан өзү коркот. Айтса эле эмне болорун элестеткенден коркот. “А кокус өздөрү билип калсачы?” деп ойлогондо чоң санаага түшүп кетет. Чындык акыры билинип калбагай эле деген түпөйүл ой аны дайыма тымызын кыйнап турат. А кокус бул үй-бүлөдөн кетүүгө туура келсе баласынан дагы бир жолу ажырайбы? Ошондо кантет? Акыры бир күнү буларга бала баккыч зарыл болбой калганда кетиш керек да. Анан өмүр бою эле булар менен чогуу жашай бермек беле? Мына ушундай ойлор Салиманы түпөйүлгө салып турат.

Ошентип арадан эки жыл өттү. Бектур үчкө чыкты. Мырзабек уулун сүннөткө олтугузуп, жоро-жолдош, тууган-туушкандарын чакырып той өткөрмөк болду. Оо, бул тойго бир топ даярдык көрүштү. Акыры белгиленген күнү конок бөлмөгө чоң дасторкон жайылып, Райкүлдүн буту-бутуна тийбей чуркап, Салима да чоң жардам берип жүрдү. Баласына той берип жатышса кантип жардам бербейт.

Эшиктин алдына улам бир машине келип токтоп, коноктор каадасы менен каалгый басышып үйгө кирип, кожоюндар менен ысык учурашып: “Тоюңар тойго улансын”, - дешип шаан-шөкөт башталды. Салима конок үйгө чай ташып, Райкүлдүн айтканын шыпылдап аткарып, ара - чолодо үстүнкү кабатка чуркап чыгып Бектурду да карап жаны тынбай жатты. Сырттан дагы коноктор киришти. Ашканадан чыга калган Салима аларга эшик ачты. Карыган кемпирди жөлөп-таяп киргизип келаткан аялды көрө калып Салима дал болуп туруп калды. Ал баягы-баягы фабрикада бирге иштешкен, баласын ушул үйдүн босогосуна таштаткан Күлүмкан эле. Аны ошол боюнча кайра көргөн эмес. Мына эми арадан үч жыл өтүп, ал экөө ушул үйдүн босогосунан жолугушуп калышты. Бирин-бири тиктеген бойдон экөө тең күтүлбөгөн ыңгайсыз абалда турушту.

– Саламатсызбы, Күлүмкан эже, келиңиз... – деди Салима озунуп учурашып. Күлүмкан да шашкалактай түштү.

– Аа, сен Салимасыңбы?- деди ишене албай.

– Ооба.

– Ботом , сен кайдан бул жерде жүрөсүң? – ал таң калганын жашыра албай туруп калды. Салима күтүлбөгөн окуяга эмне дээрин билбей, оозуна кеп келбей далдырады. Тиги аял кантсе да көптү көргөн кыраакылыгы бар эмеспи, башкаларга сыр бербей конок бөлмөгө кемпирди колтуктап кирип кетти. Салиманын жүрөгүнө бүлүк түштү. Тулку боюна муздак суу куюлуп кеткендей абалда калды. Мындайды күткөн эмес. Күлүмкан эжеге дал ушул үйдөн жолугам деген ой үч уктаса түшүнө кирген эмес. Көрсө, бул аял кожоюндарга тууган турбайбы. Райкүлдүн төркүндөрүнөн экен. Ошону эми түшүндү. Ушул ой мурда башына таптакыр келбептир. Эми эмне болот, кандай күн болот? Кантип эле тигил эже Райкүлгө Салима жөнүндө айтпай койсун? Анда Райкүл кантер экен? Бул жагын элестетүү кыйын. Эмне эле безилдеп кеңеш айтып, баланы бөпөлөп багып алчу адамдарды издеп, кыздын эртеңкисине кам көрүп жүрөт десе... Көрсө, өзүнүн жакын адамдарынын камын ойлоп жүргөн тура...

Той өз каадасы менен өтүп жатты. Конок бөлмөдөгү меймандардын шаңдуу күлкүлөрү, кээде шатырата кол чабышкандары, ырдагандары угулуп жатты. Салиманын ою быт-чыт. Ашканадагы идиш-аяк менен алек. Конок бөлмөгө кирүүгө жүрөгү даабай, Райкүл менен Мырзабекти тик карай албай өзүнчө эле күнөөкөр. Анан бир ой келди. Ушундан көрө чындыкты өзүм эле айтып берсемби, балким, жеңил болор? Күлүмкан эжеден мурда өзүм айтсамбы? Билбейм... Анда эмнеге ушуга чейин айткан жоксуң дешсечи? Ушундай ойлордон Салиманын башы салмактанып, көздөрүнүн тегереги ысып чыкты. Райкүл конок бөлмөдөн улам чыга калып эмне айтса, унчукпай баарын жасап жатты.

Ошентип түн жарымында той аяктап, коноктор тарай башташты. Босогодон чыгып баратышып да Бектурга ак тилектерин айтышып: “Ата-энесине убай көрсөткөн уул болсун”, - дешти. Мырзабек менен Райкүл аларга кайра-кайра ыраазычылык билдиришип, жакшы тилектерге жетине албай кубанышып, улам бир коноктун чапанын кийгизип, устукан салган баштыктарын колдоруна карматып узатып жатышты.

Тойдун эртеси да болду. Үй ичи баары жыйналып, орду-ордуна коюлуп, эртеси кожоюндар жумуштарына кетишти. Алардын көз караштарынын өзгөргөнү Салимага байкалбады. Баары баштагыдай эле. Эч нерсе билбегендей. Ал тургай көңүлдөрү куунак. Балким Күлүмкан эже эч нерсе айтпагандыр. Баса, ошондой сөздү той үстүндө айтмак беле? Ооба, айтпаганы чын. Бирок эми ал баары бир айтат. Керек болсо телефон чалып эле айтып коёт. Ушундай нерсе аял кишинин ичине кантип батсын? Анын үстүнө жакын туугандары болсо, башта өзү аралашкан иш болсо...

Арадан бир аптадай убакыт өттү. Бир күнү ишинен эртерээк келген Райкүл үйүнө кеткени камданып жаткан Салимага кайрылды:

– Салима, мен ушу кезде аябай чарчап жүрөм. Он чакты күн эс алып албасам баспай калдым. Мырзабек да: “Эс ал”, - деп жатат.

– Бир жакка барып эс аласызбы? – Салима бүшүркөп сурады.

– Жо-ок, кайдан. Эртеңден баштап үйдө эле болом. Баланы өзүм карайын. Сен да чарчадың, эс алып ал.

– Мейли, мейли.

– Он чакты күндөн кийин өзүм чалам сага, макулбу?

– Макул. Анда эртең келбей эле коёюнбу?

– Ооба, ошент.

Райкүл илинип турган сумкасын колуна алып сыдырып ачты да, булгаары капчыгын сууруп чыкты.

– Маянаңды алдын ала төлөп коёюн. Антпесе үйдө олтурганда акча керек болот сага.

– Жок, эже, толук иштегенден кийин эле алайын.

– Кой, ала бер. Кыз кишиге акча дайыма керек да.

Райкүл Салимага бир айлык маянадан кыйла көп акча сунду.

– Эже, бул көп го...

– Көп эмес, ала бер. Сен деле көп иштедиң.

Салима кетүүгө камынды. Райкүл менен коштошуп, уктап жаткан Бекуну эңкейип коомай жыттады. Жүрөгү түпөйүлдөнүп бир нерсени сезип жатты. Ошентип кош айтышып үйдөн чыгып кетти.

Салима он чакты күндөн бери үйдө бош. Соңку күндөрү телефондон коңгуроо күтө баштады. Эмнегедир Райкүл чалбай жатты. Ооба, ал өзүм чалам деген. А мүмкүн дагы бир аз эс ала турайын деп жатса керек. Арадан дагы бир аптадай убакыт өттү. Дале чалган жок. Эми Салима телефондун туткасын колго алып өзү чалды. Түтүлдөгөн тынымсыз үндөн башка эч жооп болбоду. Кайра-кайра чалды. Кайра эле ошол добуш. Бул эмнеси? Баса, чарчадым дебеди беле. Балким, телефонду да сууруп салгандыр. Ушундай ой менен ал өзүн сооротуп жүрдү. Арадан бир айга жакын мезгил өттү. Салима уулун сагына баштады. Жумшак чачынан, ууртунан жыттагысы келди. Бооруна кысып ойноткусу келди. Таттуу тилин уккусу келди. Анан бир күнү эмнеси болсо да барып билип келейин деп чечти.

Баягы тааныш дарбазанын алдына келип коңгуроону басты. Эшиктин алдында күрсүйгөн дөбөт байланып туруптур. Ал арсылдап үрө баштады. Бул кайдагы ит? Жаңы алып келишкен го деп ойлоду Салима. Коңгуроону дагы басты. Ит ажылдап күчөп үрдү. Бир маалда үйдүн эшиги ачылып, улгайып калган чоочун аял дарбазаны көздөй чайпала басып келе жатты.

– Сага ким керек? - деди улуту өзбек же уйгур кебетеленген кымбат баалуу халатчан, кара каштуу, толмоч аял.

– Райкүл эже жокпу? – Салима таңыркай сурады.

– Алар көчүп кетишкен, кызым. Бул үйдү биз сатып алдык.

– Качан? Кайда? – Салима уккан кулагына ишенбей дал болуп калды.

– Кайда көчкөнүн билбейт экенбиз. Анысын бизге айтышкан жок.

Аял чоочун неме менен көп сүйлөшкүсү келбей, дарбазасын жаап алууга камданып турду.

– Демек, сиз билбейт экенсиз да...

– Биле албайм, кызым.

– Мейлиңиз. Кечирип коюңуз.

– Болуптур. Бара гой, - аял дарбазасын шарт жаап ичинен бекитип, ары басып кетти. Салима турган ордунда дендароо болуп тура берди. Аны бирөө чокуга чапкандай болду. Ушундай болот деп ойлобоптур. Көрсө, Күлүмкан эже айткан тура. Ошон үчүн Салиманы бошоткон тура. Өзүм чалам дегенинде, маянасын алдын ала көбүрөөк төлөгөнүндө кеп бар тура. Акыры баланы алып минтип көчө качышкан тура. Эмне үчүн ушинтти экен? Мени талашат дедиби же уурдап кетет дедиби? Айтор, издерин жашырыптыр. Чындык баары бир билинет тура.

Салима жолдо ыйлап баратты. Бектурду эстеп жүрөгү чарт-чарт тилинип, өзүн кайда батырарын билбей, ушул дүйнөдөн кечип кеткиси келип, өз башын өзү муштап баратты. Баласын эми кайдан издейт, кайдан табат? Тапканда да аны эми Салимага ким ээ кылат? Ушундан көрө баягы таштаган бойдон көрбөй койгондо эмне. Эмдигиче унутуп деле калбайт беле. Ушул үйгө мени тагдыр эмнеге кайра алып келди экен? Ушинтип жазалайын деди го. Мына сенин күнөөңдүн жазасы ушул деди го тагдыр. Жазыксыз баланы чоочун короого таштай качкан кандай болорун бил деди го. “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” деген ушул турбайбы. Жаным Бекутай! Каралдым, сени кайда алып кетишти? Эми сени көрбөй каламбы? Кайдан табам сени? - Салима ушинтип буркурап ыйлап баратты. Бир топко барып ыйын тыйып, өзүн-өзү соорото баштады. Өзүнчө сүйлөнүп келатты. “Балам, чынында мен сени аларчалык бапестеп бага алмак эмесмин. Экөөбүздү атаң алдап таштап кетпедиби. Менин шартым жок да. А сага ата-энең кам көрүп, окутуп, келечегиңди түзүп беришет. Тапкан-ташыганын сага жумшашат. А мен кайдан...”

Анын тагдырындагы жүрөккө так болуп кала берген дагы бир оор күн ушул болду.

*** 

Ошол күндөн бери карай он жылдай мезгил өттү. Салиманын жашы отуздан ооду. Баягы боюнча баласынын дайынын такыр биле албады. Райкүлдү да, Мырзабекти да, Күлүмкан эжени да шаардан эч бир жолуктура алган жок. Көчөдөн мектепке бараткан же келаткан бала көрсө Бектур болуп жүрбөсүн деген ой менен кылчактап көздөрүн карап өтөт. Жок, ал эмес. Балким, алар бул шаардан чыгып, башка жакка кетип калышканбы, ким билет?

Ошентип Салима айылга да барбады, турмушка да чыкпады. Чынында ага сөз салган эркек болгон жок. Өзү да кабыгына бекинген үлүлдөй болуп төрт дубал үйүнөн алыс чыкпай жалгыз жашап келет. Бирөөнүн менчик дүкөнүндө сатуучу. Чектеп берген маянасы бар. Эртең менен таш тепкичтер менен ылдый түшүп жумушуна кетет. Кечинде таш тепкичтер менен өйдө чыгып үйүнө келет. Үйүнө келет да жымжырттыктын уясындай болгон бөлмөсүндө жата берет. Күнүгө ушундай. Мына азыр да ачык күрөң түстүү чолок пальтосун кийип, кызыл шарфын башына ороп, кичинекей желим баштык көтөрүп үйүнө кайтып келатты. Ушул таш тепкичтер дайыма караңгы. Абайлап, капталдагы тосмо жыгачты кармап басуу керек. Ушунча жылдан бери бул жердин жарыгын эч ким оңдоп койбоду.

Ушунча жылдан бери Салиманын да жүрөгүнө жарык алып келген эч нерсе, эч ким болгон жок. Анын бардык сагынычы, арманы баласында болуп келет.

(Аягы)

 

Элмира Ажыканова