Шаарды көрктөндүрүп, тазалыкты сактаган айымдар

Эртең менен эрте жумушка баратканыңызда шаардагы көчөлөр таптаза шыпырылып турган болот. Аларды ким, кайсыл убакта шыпырды деп ойлонуп көрдүңүз беле? Шаарыбызды таштандылардан арылтуу менен тазалыкты камсыз кылып, ар кандай гүлдөрдү тигип көрк берип иштеп жаткан «Тазалык» ишканасынын айымдары менен жакындан таанышып, алардын жумушундагы кемчиликтер жана өзгөчөлүктөр тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.

 

Жылдыз Ибраева, 28 жашта: “Мен уялып жатып алсам шаарыбызды ким тазалайт?”

– Эмне себептен көчө шыпырып иштеп калдыңыз?

– Мен мугалимдик кесипти бүткөм. Бирок ал учурда мугалимдин кызмат акысы аз болгон, балдарым жаш болгондугу үчүн кесибим менен иштеген жокмун. Менин жолдошум “Тазалыкта” айдоочу, жүк ташуучу болуп иштейт. Анын артынан мен дагы мындан төрт жыл мурун көчө шыпыргычтын жумушуна кирип калдым. Көчө шыпырып беш миң сом маяна алсам да, талаалап башка өлкөгө кеткендин ордуна өз жеримде иштегеним жакшыраак. Анын үстүнө биздин жумуш таңкы саат төрттөн тогузга чейин эле. Андан кийин башка жумушта иштегенге ылайыктуу. “Тазалыкта” иштегендердин дээрлик бардыгы тогуздан кийин башка жумуштарда иштешет. Мен ашпозчу болуп иштейм. Эки баламдын келечеги үчүн ушинтип тыным албай иштөөгө туура келет.

– Иш тартиби кандай? Келбей койсоңор кандай чаралар каралат?

– Эгерде маанилүү жумуштар чыгып калса, алдын ала эскертип же ордуңа башка бирөөнү даярдап кетишиң шарт. Мындай учурда бир күндүк эмгек акың ордуңа иштеген адамга которулат. Жакшы иштегендерге грамоталар, Эгемендүүлүк күнү жана аялдардын майрамында акчалай сыйлыктар берилип турат.

– Бул жумушта иштегенден уялбайсызбы?

– Туура, алгач иштеп баштаганда элдерден уялып, тааныштарды көргөндө намыстанып качып кетип, жадагалса башкалар тааныбай калышы үчүн бет кап кийип бетимди көргөзбөй иштегем. Кээде уялып келбей да койчумун. Ал учурда жолдошум менин дагы, өзүнүн дагы жумушун кылып кыйналып калчу. Ошентип бир жылдай уялып жүрүп, азыр эч кимден уялбай калдым.

– Аялзаты үчүн үй шыпыруу көнүмүш эле адат да. Ошентсе да жумуштун кандай оорчулуктары бар?

– Мен үчүн кышында кар күрөгөн, ал эми күзүндө, өзгөчө жамгыр жааган күндөрү жалбырактарды шыпыруу оорчулук жаратат. Башкаларга шыпырып эле жаткандай көрүнгөнү менен, чоң көлөмдөгү жерди чаң жутуп шыпыруу деле оңой эмес. Эгерде мен шаарымды тазалап турбасам, башка ким кылмак эле, коом кантип тазармак эле деп, өзүмө-өзүм стимул берип, кыйынчылыктарды жеңип турам.

– Кандай адамдарды көрүп, “эх...” дейсиз?

– Мени таң калтырганы урна турса жерге ыргытып, өлкөнүн таштанды болуусуна жол берген адамдар. Унаасынан түшкөндөн эригип терезеден таштанды ыргытып кеткен “ крутой” агаларыбызды, жаштарыбызды көрүп зээним кейийт.

 

 

Гүлнара Тилабердиева 50 жашта: «Кышында гүлдөрүмдү кадимкидей сагынам»

– Гүлнара эже, канча убакыттан бери борбор шаарыбыздагы гүлдөргө кам көрүп иштеп келесиз?

– Биздин Бишкек шаарына көчүп келгенибизге 20 жылдын жүзү болду. Келгенден кийин мен дагы көпчүлүк аялдардай базарда сатуучу болуп иштедим. Бир күнү таанышым ушул жумушту сунуштап калды. Ойлонуп көрсөм, базарда отуруп, күнүмдүк гана жашоомду алып кетет экенмин. Ал эми таанышым сунуштаган жумуш мамлекеттики болгондуктан келечектүү иш экен. Ошентип 2007-жылдан бери ушул тармакта иштеп келем. Бүгүнкү күндө мен эле эмес, жолдошум дагы гүлдөргө кам көрүү менен алектенет.

– Жумушта кандай кыйынчылыктарга туш болосуз?

– Негизи бизде январь айынан тарта эле жумуш башталат. Бул айда эшиктеги ызгаар суукка карабай урук себебиз, аларды жылуу суу менен сугарып турабыз. Жайкысын болсо абанын температурасы 40 градусту көрсөтүп турганда да отоп, ашыкча чөптөрдөн арылтып туруу керек болот. Бул жумуштун бардыгын отуруп кылууга туура келгендиктен, белим бүгүлбөй ооруп тура албай калган, колумду көтөргөнгө дарманым жетпей калган күндөрүм болот. Биз дем алуу күндөрүсүз эртең мененки саат сегизден кечки төрткө чейин иштейбиз да. Ошондуктан физикалык жактан катуу чарчап, үй жумуштарын кылууга шай келбей калат. Эс албаганга нерв болуп, жумушчулар бири-бирибизге кыйкырып сүйлөп, урушуп да калабыз. Бирок ошол гүлдөр бажырайып гүлдөп турганын көрүп ырахат алам, шаарымды көрктөндүрүүгө салым кошуп жаткандыгыма сүйүнөм. Кышкысын гүлдөрүмдү кайра гүлдөгүчө кадимкидей сагынам.

– Ушундай түйшүктүү, ошол эле учурда жагымдуу бул ишиңиз үчүн канча айлык акы аласыз?

– Айлыгым Кудайга шүгүр эле, 18 миң сом.

– Шаар жашоочуларынын гүлгө болгон мамилеси кандай деп ойлойсуз?

– Мен Ала-Тоо аянтындагы жана анын тегерегиндеги гүлдөрдү карагандыктан, бул жайга сүрөткө түшүү максаты менен бардык жарандар келишет. Алар биз жаш балача карап аярлап өстүргөн гүлдөрүбүздү тебелеп-тепсеп же жулуп кетип жатышат. Анысы аз келгенсип, чылым чегип калдыктарын гүлгө ыргытып коюшат экен. Ал калдыктарды биз бирден терип чыгууга туура келет.Биздин эмгегибизди баалабасаңар да, айланага көрк берип, пайдасынан башка зыяны тийбеген жаратылышты коргойлучу деп айтат элем.

 

 

Жамал Курманбаева, 55 жашта: “Карыганда бизди башка кайсы жумушка алмак эле?”

– Бөтөлкөлөрдү, целлофан баштыктарды терүү да “Тазалыктын” ишине киреби?

– Жок, бул жолдошум экөөбүздүн кошумча жумушубуз. Негизги жумушубуз көчө шыпырмай. Кичүү уулубуз да өзүбүз менен. Бул жумушка алгач жолдошум кирип, андан кийин мен, менден соң балабызды да киргизип алдык. Ошон үчүн биз башкалардай болуп жаныбызды кыйнап бөтөлкө чогултпайбыз. Жумуш учурунда шыпырып жүрүп чогулта беребиз. Негизи жумуш убактысы эртең мененки алтыдан онго чейин. Меники Салиев көчөсүнөн Чүйгө чейинки чоң территория. Жумушка канчалык эрте чыксаң, ошончолук бат бүтөсүң да. Ошондуктан мен үч же үч жарым чамаларында чыгып, борбордук көчөлөрдө унаа жок кезде шыпырып алганды туура көрөм. Жумушумду эки-эки жарым саатта бүтөм. Андан соң кошумча жумушума киришем. Ушуга чейин бир дагы жолу жумуштан себепсиз калып көрө элекмин. Таза иштегеним, жумушка жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгым үчүн мактоо сөздөрүн угуп, ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйлангам.

– Бөтөлкөнү каякка өткөрөсүздөр?

– Атайын бөтөлкө, баштык кабыл алган жерлер бар, ошол жерлерге күнүгө же болбосо эки күндө бирден өткөрүп турабыз.

– Баалары кандай?

– Ар кандай. Мисалы, сыранын бөтөлкөсүнүн килограммын жети сомдон алса, арактын бөтөлкөсүн үч, желим бөтөлкөнүкүн 11 сомдон алат. Бөтөлкө терүү менен күнүнө миң сомго чейин табабыз. Кээде ага жетпей да калышы ыктымал. Бул биздин күнүмдүк тамак-ашыбызга, унаабыздын бензинине жетет.

– Силердин бул жумушуңарды балдарыңар кандай кабыл алды?

– Ар бир кесип ардактуу деп айтылгандай, балдарыбыз намыстанбаса да: “Иштебей эле койгула”, - деп жакшы кабыл алган эмес. Бирок жолдошум экөөбүздү карыганда башка кайсы жумушка алмак эле. Же үйдө отуруп эмне жумуш кылмак элек. Тескерисинче, үйдө отурганда ооруйбуз. Ошондуктан бизге кийлигишпөөлөрүн айтып, карыганда биз да бир нерсе менен алек болуубуз керектигин түшүндүргөнбүз. Күнүгө эрте туруп, кыймылда болгондугум үчүн азыр жаш кыздардан батыраак чуркайм.

– Тапкан акчаңыздарды эмнеге жумшайсыздар?

– Мен көчө шыпырып айына он миңдин тегерегинде алсам, жолдошум жана уулума дагы өзүнчө маянасы чыгат. Тапкан каражаттарды чогултуп, чоң нерсе алганга жумшайбыз. Ал эми бөтөлкөдөн түшкөн акчабызды күнүмдүк оокатыбызга кетиребиз. Улуу кызыбыздын күйөөсү оорукчан болуп үй-бүлөсүн камсыздай албагандыктан, беш баласын караганга биз жардам берип турабыз. Андан тышкары унаа алдык.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы