Гүлжан: «Жетинчи балабыз төрөлсө кандай күн көрөбүз?»

Ар ким маңдайына жазган турмушта жашап, өзүнүн жаркын келечеги  үчүн бардык аракетин жумшап келет. Бирок 36 жаштагы алты балалуу энени өзүнүн жашоосу эмес, чиедей балдарынын эртеңки күнү бушайманга салат.

 

«Биз деле бактылуу жашачу элек»

- Мен менеджердин окуусун лицейден, кийин тикмечинин курсун окудум да, 2005-жылы ашкана иштете баштадым. Болочок жолдошум менин дайымкы кардарым болуп, күндө бир маал ашканабызга баш багып кетер эле. Бир күнү эле ыраматылык апабыз менен кайнежемди ээрчитип келип, жакшыраак тейлеп коюумду суранып, кийин өзү төлөп коёрун айтты. Мен кардарымдын айткандарын аткарып, жылуу узаттым. Көрсө, алар мени сынап келишиптир. Ошентип экөөбүз 2007-жылы бирге турмуш жолуна аттандык. Мен бактылуу элем, себеби кайын журтум, жолдошум мен каалаган адамдар болуп чыкты. Кайненем экөөбүз эне-баладай сүйлөшүп, өз энемдей мээримин төгүп, билбегенимди акырын гана түшүндүрүп үйрөтүп олтуруп бат эле бүлөсүнө кошуп алды.  Биздин ынтымагыбызга  көз артып, суктангандар көп болчу.   Ошентип көптөн күткөн тун перзентибиз жарыкка келди. Жолдошум курулуш иштеринде иштеп, мен бала менен үйдө отуруп калдым.

 

«Алты баламдын экөө оорукчан»

Балабыздын төрөлгөнүнө 25 күн болгондо жүрөгү чоң экенин билдик. Бирок каражаттын жетишсиздигинен дарылай алган жокпуз. Балам оорукчан төрөлгөнү менен анчалык деле ооруп бизди кыйнаган жок. Узун жолго чыгып унаа менен жүргөндө эле кусуп биздин айлабызды кетирбесе, башка оорунун белгилери деле азырынча  байкалбайт. Учурда алты балабыз бар, жетинчисин күтүп жаткан кезибиз. Анын төртөө ай күнүнө жетпей төрөлдү. Балдарыбыздын улуусунун жүрөгү ооруса, ортончусу эки тараптуу пневмония оорусу менен жабыр тартат. Жолдошум балдарынын ачка калбашы үчүн ар кандай жумуштарда иштеп келет. Ал баласы үчүн керек болсо жанын аябай иштеген адам. Көп жылдардан бери курулуш тармагында иштеп жүрүп, азыр бөйрөгү ооруйт, оор жумуш кылганга болбойт. Менин тукумумда жүрөк оору бар болгондуктан, менин да жүрөгүм ооруйт. Бирок ооруканага барып, дарыланганга шарт болбой жатат.

«Үй салдык, бирок анда жашоого мүмкүн эмес»

- Биз кыйналып жүргөн кезде дайыма жөлөк болуп турган эже узартып төлөө жолу менен жер алып берди. Курулуш материалдарын коңшу байкелер, жолдошум жумушунан ашкандарынан алып келип жатып үч айдын ичинде өзү жалгыз эки бөлмөлүү үй көтөрдү. Сапаттуу салынбаса дагы, азырынча жашаганга ичи-башын шыбап жасап жатат. Бирок бизди түйшөлткөн маселе - жарык жана суунун жоктугу. Кыш дагы жакындап калды, кичинекей балдарыбыз менен жарыгы жок, кыштын ызгаар суугунда кантип жашайбыз.  Суу менен жарыкты коюуга 25 жана 18 миң сом сурап жатат. Бирок өзүбүздүн жаныбызды араң багып жүргөндө, мындай чоң сумманы табуу бизге кыйын болуп жатат. Балдарыбыз кичинекей, жакында жетинчи балабызды күтүп жатабыз, анда кандай күн көрүп жашайбыз. Чүпүрөк менен кекиртекти бир нерсе кылса болот экен. Бирок чиедей балдар менен мындай шартта жашоо кыйын экендигин өз башынан өткөргөн гана адам түшүнбөсө, иш жүзүндө сезбеген адам түшүнбөсө керек.

 

«Туугандардан жардам сурагандан уялып калдык»

- Баарыбызды эле кыйын кырдаалдан чыгарып жүргөн бир туугандарыбыз болсо керек. Биздин да туугандарыбыз ушул убакытка чейин колубузга кол, бутубузга бут болуп ар тараптан колдоп келди. Бирок алардын дагы өз жашоосу, балдары бар да. Кечке эле алардан жардам сурай берип, азыр сурагандан уялып калдык. Алар өздөрү дагы бизге окшоп батирлеп жашап жүрүшпөйбү. Ошондуктан намысты ары коюп эле, кыргыз элинен жардам суроону туура көрдүк. Берешен эл кайдыгер карабайт деген үмүтүбүз чоң. 

Гүлжанга жардам берүүнү кааласаңыз, анын өздүк номерине чалыңыз: 0709 54-52-14

 

Айгерим Токтобай кызы