КУБИК КАЛЫКОВ: «Картошка менен бананды эле cатып албасак, баары үйүбүздө өсөт»

Белгилүү адамдардын баарын ак кол, кара жумушка жок деп ойлойбуз. А чындыгында арасында дыйкандардан кем калбаган чарбачылдары бар. Мисал катары Кубик Калыковду айтса болот. Короосуна киргенде жашылча-жемиштерин, буралып өскөн гүлдөрүн, чарбачылдыгын көрүп көз кубанат. Белгилүү мырзалардан үй-бүлөсүн да бекем сактап келе жатканы менен айырмаланган ырчы, куудул «Кожоюн» рубрикабыздын коногу болду.

– Кубик мырза, үйүңүздүн короо-жайы сиздин мыкты кожоюн экениңизден кабар берип турат. Бул үйдү өзүңүз курдуңузбу же сатып алдыңыз беле?

– Бул үйдө жашап жатканыбызга туура 20 жыл болду. Тактап айтканда, 1997-жылы курулган. Ал убакка чейин батирлеп кабат үйлөрдө 5 жыл жашадык. Болгондо да бешинчи кабатта жашайт элек. Кызым Айпери менен уулум Уланды эшикке бир саат ойнотуу үчүн бирөөсүнүн велосипедин, биринин коляскасын көтөрүп бешинчи кабаттан түшчүмүн. Айтор, кабат үйдө жашаган кыйын эле. Ошон үчүн  короо-жайы бар жер үйдө жашаганды жактырчумун. Эркек киши там салып, дарак өстүрүп, үй-бүлө күтүш керек деп коёт эмеспи. Анын сыңары ар бир эркек өз күчү менен там салышы керек. Мен да Ак-Өргө жаңы конушу жаңыдан пайда боло баштаган учурда жер тилкесин сатып алып, өзүм каалагандай проектисин чийип алып ошого жараша кургам. Бирок бул үйдүн баары эле бир заматта туруп калган жок. Улам мүмкүнчүлүгүмө карап бир четинен куруп келе жатып чоң тамды беш жылда куруп бүттүм. Гастролдоп акча таап келем, анын баарын үйгө жумшаганга болбойт, бала-чаканы да багыш керек дегендей. Кыскасы, тапканымды чаптап атып, бир топ мээнет менен куруп алгам.

– «Кедей байга жетем дейт, бай Кудайга жетем дейт» демекчи, азыр эки кабат үйдү самай баштаган жоксузбу?

– Мен бир иш кылсам өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмө жараша кылам. Үйүм беш бөлмөлүү, бардык шарты бар, өзүм чыгармачылык менен иштей турган бөлмөм бар дегендей. Андыктан чоң там салууну кыялданбайм. Чоң там салыш үчүн аны кышкысын жылытууну да ойлонуш керек. “Казга теңелип өрдөктүн буту сыныптыр” болбоюн. Ушул жагына Кудайга шүгүр.

– Эшикте корооңузда түркүн жер-жемиштер бар экен, чарбачылык менен сиз алек болосузбу же жеңеби?

– Ооба, жаңгак, алма, жүзүм, кара өрүктөн тарта помидор, бадыраң, болгар калемпири, ашкабак, көк чөптүн түрү, айтор, баары өсөт. Чынын айтайын, мен бош убакта жардам берем, негизги иш келинчегимде. Динара - үй кожойкеси. Үйдө жумуш абдан көп, тамак жасап, кир жууп, үй жыйнап, кайра жашылча-жемиш өстүрүп баарына келинчегим жетишет. Балдар сабакка кетишет. Мен болсо тойдо тамадалык кылам, эки жакка иштер менен кетем. Ал эми үйдө болуп калганымда колумдан келишинче иштин баарын жасаганга аракет кылам. Эркек киши баарын аял кылат деп олтура бербей кол кабыш кылыш керек. Колум бош болсо, үйдө деле эки жакты жыйыштырып коё берем. Адам канчалык кыймылдаса, ден соолугуна ошончолук пайдалуу. Өзүм бала кезден сергекмин, эртең менен эрте туруп басып, машыгып, жаңгак терип, тоокторума жем берип, итиме тамак берип кыбырап жүрө берем. Кыймылдап иштеп турган жакшы да, иш кылып атып жаны чыгып өлүп калыптыр деген адамды уга элекмин. Иштен адам өлбөйт, жеңил жүрөт. Мурда эртең менен туруп чуркачу элем, бутума операция кылгандан бери басам. Балдарымды да эмгекке көндүрөм.

– Теплицаңыз өзгөчө кызык экен, качантан баштап өстүрө баштадыңыз?

– Жашылчаны кышка маал же эрте жазда базардан сатып алсаң баары дары менен бышкан болот. Ошондуктан өз колубуз менен өстүрөлү деп короомо эки жыл мурун теплица куруп койгом. Жай, күз, жазда помидор, бадыраң көк чөптөрдү айдап жыргап эле калдык. Кышында өстүрө турган кылып жылуулай элекмин. Баары келип эле каражатка такалат, буюрса, эмки жылы толук шарт түзөм деп турам. Азыр биз картошка менен бананды эле сатып албасак, баары үйүбүздө өсөт. Келинчегим кышка салат, кыям, компотту ушул эле огороддон 100 банкалап жабат. 

– Сыртта өскөн жашылча менен теплицада өскөндүн айырмасы болот бекен?

– Ооба, болот экен. Сыртта өскөн помидор, бадыраңдар кургак болсо, теплицада өскөндөр ширелүү болот. Анан да жапжашыл, жалбырактары чоң болуп, узундугу шумдук болот экен. Теплицада өстүрүү эң оңой, чөп отоо деген болбойт. Болгону помидордун жалбырактарын сындырып туруу шарт. Теплицанын ичи жапжашыл кооздук болуп, кирсең чыккыс.

– Азыр өзүңүздөр үчүн эле өстүрүп аткан экенсиздер, келечекте бизнес кылуу оюңузда барбы?

– Албетте, бизнес кылса жакшы болчудай. Буюрса, корообуздун баарын теплица кылабыз деген пландарыбыз бар. Мен бул убакка чейин жер иштетип бизнес кылгам. Эки жыл катар иштетип эки гектар болгар калемпирин, бир гектар капуста өстүрүп саткам. Ал жер аэропорт жакта болчу. Азыр биринчиден, алыс болуп калды. Экинчиден, мен иштеткен учурда жерди гектарын 5-10 миңге алсам, кийин 35 миң сом болуп кеткенде токтотуп салдым. Дыйканчылык тобокелдүү жумуш, бышырганын бышырып алып, өткөрүш көйгөй жаратат.

– Жубайыңызды жакшы кожойке деп угабыз, иштебей үйдө олтурганы сиздин каалооңуз болгонбу?

– Динаранын билими бар, каржы тармагынын адиси. Бирок биз үйлөнгөндө эле мен: «Сен иштебей эле койчу, үйдө эле олтурчу», - деп айткам. Себеби аял киши бала төрөшү керек, андан кийин балдарды бала бакча, кийин мектепке алып барыш керек дегендей. Ошонун баары аялдын түйшүгү да. Мен болсо гастролдо жүрөм. Азыр экөөбүз тең эле иштебей үйдөбүз, болгону мен тойлорго барып тамадалык кылып коём.

– Чыгармачылыгыңыз кантип атат?

– Өзүмө арнап жылына бир жаңы ыр жазып коём. Ата-эне балам деп эле калат экен да, жакшы ыр жазсам аны өзүм ырдабай Айпериге берип коём. Жаңы кийим алсам балама бергим келет. Автоунаамды да тээп кетишет, анысына деле макулмун. Өзүм бала бакчага жөө барып неберемди алып келе берем. 

– Чыгармачыл адамдардын арасында мыкты кожоюн эле эмес, үй-бүлөсүн сактап, өмүр бою бир аял менен жашап келе жаткан мырзасыз. Мунун сыры эмнеде?

– Чыгармачыл адам үй-бүлө менен чыгармачылыкты тегиз алып кетсе, эч качан көйгөй жаралбайт. Мен ушул нерсени аткарганга аракет кылдым. Эгерде чыгармачылыкты алдыга койсоң, үй-бүлөң бузулат. Үй-бүлөнү биринчи койсоң, чыгармачылык аксайт дегендей. Адашпаган адам болбойт, басса баскандырмын. Бирок биздин ортодогу сүйүү жана сый менен үй-бүлөбүз сакталып келе жатат. Аял киши тилин, эркек киши кадамын тыйса баары жайында болот.

 

 

Динара ЧОКОЕВА