Канат ИСАЕВДИН кызы Бермет: «Атам мен үчүн идеалдуу адам»

30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча камакка алынган. Ошондон кийин депутаттын улуу кызы Бермет Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына атасынын камалышы саясий куугунтук экенин жазып чыкты. Учурда Москвада билим алып жаткан 22 жаштагы депутаттын кызы бизге да атасы тууралуу маек куруп берди.

– Бермет, атаң камакка алынгандан бери үйүңөрдө жагдай кандай?

– Атамдын камакка алынганы биз үчүн күтүүсүз болду, андыктан баарыбыз шок абалынан дале чыга элекпиз. Иним экөөбүз Москвада окуйбуз. Атам камалган күнү апам телефон чалып абалымды сурап эле телефонду коюп койгон. Мени аяп айтпай, иниме айтыптыр, анан иним мага келип угузду. Ал учурда интернетке чыга элек болчу, анан жайнап чыга баштады. Иним экөөбүз олтуруп алып видеосун көрсөк, атайын уюшулуп тартылганы билинип турат. Атам Өмүрбек Бабановду колдоп жүргөн, атамдын Түндүк аймактарда кадыр-баркы жогору. Андыктан эптеп шылтоо менен аны камакка алышты. Өзүңүздөр билгендей, бул учурга чейин бир нече жолу саясий куугунтукка кабылып келген, бирок ак болгонунан улам эч нерсе кыла албай келишет. Биз бул жолу да атамдын ак экенине ишендик, бирок апама колдоо көрсөтүп жанында бололу деп, дароо эле Кыргызстанга келүүнү чечтик. Апамдын: «Окууңарды уланта бергиле», - деп каршы болгонуна карабай акыркы билетти сатып алып Кыргызстанга учуп келдик.

– Москвада тартип күчтүү болсо керек, окууңар эмне болду?

– Мен Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүткөм, учурда ошол эле окуу жайдын магистратурасында бюджетте окуйм. Ал эми иним Чыңгыз Москва мамлекеттик юридикалык университетте 1-курста окуйт. Туура, ал жакта тартип күчтүү. Бирок биз келбеген күндө деле атамды ойлоп тынчсызданып окуй албайт болчубуз. Андан көрө апамдын жанында болгонубуз жакшы. Азыр иним апама кадимкидей жардам берип, жөлөк болуп атат. Буюрса, акыйкаттык болуп атам чыгып калса, кайра барып окуубузду улантабыз. Эгерде созула бере турган болсо академиялык эс алуу алып, кийинки жылы деле барып уланта беребиз. Биз үчүн атам маанилүү.

– Келгенден бери атаңарга жолуга алдыңарбы?

– Тилекке каршы, жолуга элекпиз, бизди киргизбейт. Жабык сот кылып эч кимди киргизбестен, “тергөө бүткөнчө абакта калсын” деген чечим кабыл алып коюшту. Апам суранып атам менен жолугушууга кирип чыкты. Абалы жакшы экен, спорт менен машыкчу, ал жактан да машыгып атыптыр. Бизди күчтүү болууга чакырып, чындык жеңерин айтыптыр. Атам баарынан да чоң апама сарсанаа болуп атыптыр. Анткени чоң апам былтыр жүрөгүнөн оор операция болгон эле. Эми атамдын камалып калганын укса жүрөгү оор кабарды көтөрө алабы, жокпу белгисиз. Андыктан чоң апама угуза элекпиз. Телевизордон Кыргызстандын аймагында тарткан каналдарды өчүрүп, уюлдук телефонун үнү жок кылып коюп, туугандардын баарына атам тууралуу айтпоону эскертип атабыз. Чоң апама атамды: “Шайлоого карата үгүт иштери менен жүрүп бошобой атат”, - деп койгонбуз. Чоң апам учурда 76 жашта, атам - апасына өтө жакын жана күйүмдүү уул.

– Атаң эркиндикте болгондо бат-бат сүйлөшүп турчу белеңер?

– Атам мен Москвага кетип жатканда дайыма узатып, келгенде өзү тосуп алчу. Бул жолу шайлоого карата иштери менен жүрүп мени узаткан эмес. Иним 31-августта, мен сентябрда кетип, барганыбызга бир аз эле убакыт болгон. Телефондон көп деле сүйлөшчү эмеспиз, бирок камаларынан мурунку күнү мага чалган, көпкө сүйлөшкөнбүз. Иниме да чалган экен. Негизи атам бизге жумшак, өтө мээримдүү ата, мен улуу кызымын, өзгөчө атама жакынмын. Атамды абдан жакшы көрөм. Атам мен үчүн идеалдуу адам.

– Анда атаңа окшош жигит издейсиңби?

– Учурда 22 жаштамын, бирок ушул убакка чейин жигит аттуу менен мамиле куруп көргөн эмесмин. Мен атам тапкан адамга турмушка чыгам. Атам ошентип айтканда макул болгом, инилериме да атам таап берем деп калат. Ата-эне деген баласына жамандык каалабайт, андыктан атамдын тапкан адамын тандасам жаңылышпайм деп ойлойм. Бирок ата-энем биздин оюбузду да сыйлайт. Балким, келечектеги жолдошумду өзүм таап калсам да каршы болбосо керек. Биздин үй-бүлөдө демократия бар, баарын чогуу чечебиз. Мисалы, бир чечимге келерде баары оюн айтат, көпчүлүктүн ою кандай болсо, ошого карата чечим чыгарылат. Үйдө да оппозиция дегендер бар (күлүп).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

– Балдарына кандай ата?

– Үйдө ачык, тамашалап сүйлөп, балдарына жылуулук тартуулап турган адам. Бизди бала чагыбыздан айылга жакын кылып өстүрдү. Башкалар эс алуу учурунда чет өлкөгө, Ысык-Көлгө эс алууга кетишсе, атам бизди айылга алып барып, айылдын жашоосун көрсөтчү. Өзү жылкыга жакын, азыр чоң атамдан калган асыл тукум жылкыларды көбөйтүп багып келет. Инилеримди да алып барып мингизип, айтор, малга жакын өстүрдү. Анан үйдө бизди дайыма кыргыз тилинде гана сүйлөтөт. Мен атама СМС билдирүү жазганда, сөзсүз түрдө кыргыз тилинде жазышым керек. Ошондой эле апам экөө биздин билимибизге абдан маани берип, колдон келген аракеттерин кылып келишет. Ал эми бир нерсе жакпай калганын көз карашынан эле билип сестенип калабыз. Бир нерсени туура эмес кылсак, эч качан туура эмес деп басынтпайт, тескерисинче, шык берип коёт. Мисалы, мен кээде тамак жасаганда тузу көбүрөөк же катуу болуп калса, апам кемчилигимди айтып калса, атам: «Кызым, тамагың жакшы болуптур», - деп жейт. Мен жакшы жасаганга аракеттенип калам.

– Сен Москвада окуйт экенсиң, өз күчүң менен өттүңбү же атаңдын акчасы мененби?

– Мен кичине кезимде ата-энем гимназияга окутушуп, кийин ар кандай кошумча билим алдырып абдан жардам беришти. Өзүм да Москвада окуйм деген максат менен күнү-түнү китептен башымды албай экзаменге даярданып жүрдүм. Атам: «Кыз болсоң биздин жаныбызда бол», - деп мени кетиргиси келбей каршы болгон. Бирок менин каалоом күч экенин көрүп: «Эгерде өз күчүң менен өтсөң окуйсуң», - деди эле, мен өз күчүм менен бюджеттик негизде билим алууга өтүп кеттим. Менден кийин иним да ал жактан билим алууга жолдомо алып жаныма барды. Экөөбүз чогуу болуп, ата-энемдин көнүлү ток болуп калган.

– Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат эмеспи, апаң тууралуу айта кетсең?

– Апам такыр коомчулукка чыкпайт. Гезит-журналдарга интервью берип элге таанылууну жактырбайт. Керек болсо жумушундагылар да Канат Исаевдин аялы экенин билишпесе керек. Апамдын экономикалык жана юридикалык жактан билими бар. Учурда юрист болуп иштейт. Апам менен атам абдан жакшы түгөйлөр. Атам жыйырма жашында үйлөнгөн экен, апам экөө азыркы күнгө чейин бири-бирин сүйүп, абдан сыйлашып жашашат. Мен ата-энеме суктанам жана алар менен сыймыктанам.

– Атаңдын саясатчы экени сага жагабы?

– Мурда кичине кезимде атам көп учурда жумушта болгондуктан: «Атам эмнеге дайыма жумушта болот, биздин жаныбызда болбойт?» - деп сарсанаа боло берчүмүн. Азыр баарын түшүнөм, атам өзү эле эмес, бизди да мамлекетибиз үчүн кандайдыр бир салым кошууга үндөп келет. Мен буюрса, окуумду аяктасам мекениме келип, кандайдыр бир деңгээлде мекендин өнүгүшүнө салым кошкум келет. Кесибим эл аралык каржы тармагынан юрист. Атам патриот адам, мындай оор учурлар жөн гана атама берилген бир сыноо деп билем. Бул күндөр да өтөт. Атам - ыйман жолундагы адам, Меккеге барып келген, беш убак намаз окуп, Кудай деген адам. Жакшылыкты Кудайдан гана күтүт. Андыктан атама терең ишенем.

 

Динара ЧОКОЕВА