Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Бектурган

Туулган жылы: 1948-жыл 15-январь

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: пенсиялык эс алууда

Жердиги: Нарын облусу Ат-Башы району

Кандай айымдар жагат? Жаман адаттардан алыс, ден соолуктуу, тың, тыкан, боорукер, түшүнүктүү, чынчыл

Материалдык байлыгы: баары бар

Байланыш телефону: 0709 51 62 55

– Мен жети баланын атасымын. Үч кыз, төрт уулум бар. Баары үйлөнүп-жайланып турмуштан өз ордуларын табышкан. Кемпирим экөөбүз көп жыл мурун ар кандай келишпестиктер менен эки башка жашап калганбыз. Балдарыбыз экөөбүзгө тең карап, апасы менен да, мени менен да катышышат. Ал менин башка аял алышыма жол берген. Ал турсун өзү байбиче таап берем деген эле. Бирок мен ушул кызматка кайрылууну ойлоп кемпиримин жардамынан баш тарткам. Өзүм жөнүндө тагыраак айтчу маалыматтар: учурда кичүү уул-келиним менен бирге турам. Бир айыбым – көзүм көрбөйт. Өткөн жылдарда бир көзүмдү алдырып салган элем. Андагы дарт соо көзүмө өтүп аз убакыттан бери жарык шооланы эле боолголоп калдым. Болбосо буга чейин тың жүрүп, намаз окучумун. Эми ушул шарттан улам мага жөлөк, тирек боло турган аялзатын издеп жатам. Жогорудагы сапаттарга ээ, карылыктын калган күндөрүн бирге өткөрөлү деген 55 жаштан 65 жашка чейинки байбичелер чалыңыздар. Балдары жок болсо эң жакшы болот. Өзүн эч нерседен кем кылбай багып, сыйлап аларыма көзүм жетет. Менин көрбөгөнүмдү анчейин маселе кылбагыла, башкасынын баары жайында.

 

 

Элдар

Туулган жылы: 1988-жыл 16-июль

Кесиби: англис тили боюнча котормочу

Иштеген жери: кесиби менен жеке компанияда иштейт

Жердиги: Казакстан Республикасы Алматы шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, назик, жылдыздуу, токтоо, таза, жароокер

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 67 26 07

– Мен казакстандык татармын. Кудайга шүгүр, мусулманмын. Учурда жумуштарым менен Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында жүрөм. Бул жакта кийинки жылдын соңуна чейин жүргөндүктөн убакытты өткөрбөй үйлөнө кетейин деп жатам. Менин ата-эне, бир туугандарым, үй-жайымдын баары Алматыда. Мен Кыргызстандын кайсы жеринен, кайсы улуттан болсо дагы, башкысы, мусулман жана орус тилдүү кыз тапсам турмуш курууга даярмын. Жашы маанилүү эмес, буга чейин турмушу бузулбаган болсо болду. Мени келечектеги келинчегимдин кандайдыр кесип ээси болушу да кызыктырбайт. Анткени ал үйдө отурат, иштетпейм. Ушул талаптарымдын баарына макул болгон, келечеги тууралуу олуттуу ойлонгон кыздар чалыңыздар.

 

 

Улук

Туулган жылы: 1993-жыл 7-март

Кесиби: стоматолог врач

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Ош облусу Чоң-Алай району

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, жөнөкөй, ыймандуу, туруктуу, жылдыздуу, эмгекчил

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0778 93 22 22

– Мен турмуш кура элек жигитмин. Бир туугандардын арасында той кылуу кезеги менде. Мага буга чейин турмушка чыкпаган 19 жаштан 22 жашка чейинки кыздар чалыңыздар. Жердиги биздин облустун тегерегинен эле болушу керек. Азыр убактылуу бөлөк жашап жатам, турмуш курсам ата-энемдин колуна барам. Андыктан ата-энеге кызмат кылып, сыйлоодон качпаган кыздар менен гана таанышам. Ата-энени артык баш көргөндөр убактыңарды коротпогула.

 

 

Назира

Туулган жылы: 1980-жыл 25-май

Кесиби: ашпозчу

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району

Кандай мырзалар жагат? Туруктуу, чынчыл, эмгекчил, жоопкерчиликтүү, ыймандуу, ичпеген, чекпеген

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0706 77 02 99

– Мен бир уул, бир кыздын энесимин. Балдарымдын атасы менен эки жыл мурун ажырашып кеткем. Себеби ичкилик болду. Арак болгон жерде башка маселенин баары болот эмеспи. Ошондой маселелерден тажаганда эки баламды төркүнүмө таштап, Москвага иштеп кеткем. Учурда айрым маселелер менен мекенимде болуп жатам. Балдарым эс тартып калышты. Менин турмуш куруу тууралуу оюмду колдошот деп ойлойм. Мага Көл жергесинин менден 2 жаштан 6 жашка чейин улуу мырзалары чалыңыздар. Бир-эки баласы болсо балдарыма кошуп багып алам. Ал да менин балдарымды жакшы кабыл алып, өгөйлүгүн билдирбесе дейм. Чыныгы үй-бүлөлүк жашоону максат кылгандар гана чалгыла.

 

 

Алмаз

Туулган жылы: 1975-жыл 16-август

Кесиби: дыйкан

Иштеген жери: дыйканчылык

Жердиги: Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району

Кандай айымдар жагат? Боорукер, токтоо, тың, таза, кең пейил, мамилечил, сарамжалдуу

Материалдык байлыгы: үйү, малы, жери бар

Байланыш телефону: 0700 34 16 79

Мен турмуштан оозу күйгөн адаммын. Биринчи никем менен эки айдай эле жашап келише албай ажырашып кеттим. Кийин дагы бир үйлөнүп, андан да бактылуу боло албадым. Аялым мурда Орусияда иштечү экен. “Иштейм”, - деп үй-бүлөсүн таштап кетип калды. Андан бери бир топ жыл өтсө да кайрадан бактымды сыноодон коркуп келем. Бирок эркек кишинин жалгыз бой жашоосу курусун. Жанында аялзаты болмоюнча эч качан каалаганындай тың, тыкан, бактылуу жашай албайт экен. Сегиз бир тууганым өз жашоолору менен кетип, мен ата-энемдин үйүндө карыган апам менен калгам. Ушул карыянын көңүлүн тынчытып, сыйын көрсөтүп, анда-санда бир келчү бир туугандарымды сыйлап узатып коё ала турган аялзатын издейм. Ушул нерселерди эле орду менен кылып, үй-жайдын баарына ээлик кылып калар жакшы кожойке табылат деген үмүттөмүн. Бир-эки кичинекей баласы болсо кубануу менен багып алам. Балага абдан жакын адаммын. Эмесе, Көл жергесинин өзүм курдуу кыз-келиндердин чалууларын күтөм.