Кырк чырак

Тасмадай даңгыр жолдо кичинекей автобус зымырап баратты. Алыстан келатат. Барар жери дагы алыс. Ичинде он чакты жүргүнчү. Кары-жашы, бала-бакырасы бар. Баары бири-бирине чоочун. Ким эмнени ойлоп, кандай мүдөөдө баратканын ким билсин. Айтор, баары жол үстүндөгү жүргүнчүлөр. Алардын ичинде арткы орундуктарда эки баласы менен олтуруп келаткан келиндин көңүлү тынч эмес. Анын көңүлү менен башкалардын иши деле жок. Ар ким өз ой - санаасы менен алек. Бири үргүлөп уктап барат. Дагы бири телмирип терезеден көзүн албайт. Тигинде дагы бирөө гезит караган болуп олтурат. Шоопур жигиттин да арттагылар менен иши жок. Жолго көзүн тигип, руль тегеретет.

Алиги көңүлү тынч эмес келиндин аты – Ырыс. Жанында бой тартып калган өспүрүм кызы, колунда кичинекей уулу бар. Машиненин багажына салынган көп жүктөрдүн ичиндеги эки чоң сумка ушулардыкы. Анда алардын кийим-кечектери, күнүмдүк тириликке керектүү майда-барат буюм-теримдери бар. Ырыстын болгон дүнүйөсү ушул эки баласы, анан алиги эки чоң сумкасы. Анын жүдөө тарткан кебетеси, карарып туурулган колдору, жупуну кийим-кечеси турмуш абалын кабарлап турат. Сыртынан көргөндөр аны кырктан эбак өтүп калган аял деп ойлошу мүмкүн. Бир караганда ошондой көрүнөт. А чынында ал быйыл отуз төрттө. Байкаган кишиге бой-турпаты келишимдүү. Көңүлү жайында болсо көздөрү жайнап турмак. Өңү-башына кам көрсө ажарлуу эле аял болмок.

Ырыс өзү өмүрү барып көрбөгөн тээ алыскы Талас жерине эки баласы менен жол тартып баратты. Бир кезде мектепте чогуу окуган Чолпон аттуу ынак курбусу болор эле. Анда алар өмүр бою бири-бирибизден кол үзүшпөйбүз деп ойлошчу. Бирок турмуш алар элестеткендей болгон жок. Экөө мектепти бүткөнү көрүшө элек. Бирок бир топ жолу кат жазышып, кабарлашып турушту. Жазганына караганда Чолпон жакшы жерге турмушка чыккандай. Күйөөсү милисалардын чоңу дейт.Турмуш жайы кенен, бардар окшойт. Ушу кезде күйөөсүнүн кызматы боюнча Таласка көчүп барышыптыр. Ырыс өзүнүн тагдыр жайын баяндап жазганда: “Мында көчүп кел, жашай турган үй табылат. Жумуш да табылат. Балдарыңа каралашып турабыз, келгиниң”, - деп чакырган эле. Учурунда жөнөп кете алган эмес.Ушунча алыс жерге эки бала менен кантип барат эле? Бирок эми минтип башка аргасы калбаганда Таласты көздөй жол тартып баратты.

Ырыс жолго чыгарын чыгып алып көңүлү уйгу-туйгу. Чоочун жерде дагы кандай тагдырга кабылат? Адамдардан көңүлү калган жаны анын бөтөн чөйрөгө аралашып кетиши да кыйын болор. Аны сезип эле турат. Бирок тобокелге салбаска башка арга бар беле. Эки баласын кайда, кантип болсо да, төбөсү менен көр казса да багуу керек. Жардамга келер жан адамы жок болсо кимге ишенет. Ишенген адамдары- нын баарысы жолго таштап кетишпедиби. Эми бир гана өзүнө ишениши керек. Балдары бири-бирине жөлөнүшүп уктап калышты. Байкуштар бала болсо да так секирип ойношпойт же чоёктоп эркелешпейт. Булардын да топчудай көздөрүндө кандайдыр санаа турат. Энесинин жабыккан көңүлүн ушулар да сезип турушат.

Ырыс балдарынын үстү-башын кымтылап кам көрүп келатты. Уктай беришсин. Жол да арбып кетер деп ойлоду. Өзү да бир аз чырм этип алайын деп башын терезе жакка буруп, көзүн жумду. Автобус кенен жолдо зымырагандан зымырайт. Уктап кетер эмес. Кайра аны уйгу-туйгу ойлор басып түйшөлүп келатты. Оюна кайдагынын баары келет. Ой деген ушундай чубалган, илээшкен бир азаптуу нерсе экен. Андан качып да кутула албайт экенсиң.

***

Энеси кырсыктан каза тапканда Ырыс беште болчу. Ошондогу окуяларды элес-булас гана билет. Жарым жылдан кийин атасы аны таенесинин колуна берген. Ошол боюнча атасы кайрылбады. Таенесинин айтуусу боюнча, ал Сибирге иштегени кетип, ошол жактан орус аял алыптыр. “Орустун жетегинен чыга албай калган да, болбосо бир кайрылып келип койбойбу”, - деп көп айтчу раматылык таенеси. Ырыс атасын деле жакшы элестете албайт. Бирок катып жүргөн бирин-экин сүрөттөрү бар. Анда жапжаш атасы менен энеси Лениндин эстелигинин алдында кол кармашып түшүшкөн.Ошондо жаңы үйлөнүшкөн окшойт. Дагы бир сүрөттө үчөө. Ырыстын жаңыдан там-туң баскан кези. Жапжаш ата-энеси наристени эки колунан жетелеп бактылуу жылмайып турушат. Бул сүрөттөрдү башта таенеси гезитке ороп катып жүрчү. Кийин анын көзү өткөндө Ырыстын колуна тийди. Ата-энесинен калган эстелик ушул сүрөттөр гана.

Ырыс сегизинчи класста окуп жүргөндө таенеси көз жумду. “Табым айнып турат”, - деп бир эле күн төшөккө жатты. Анан өзү тилеп жүргөндөй эч кимди кыйнабай, бактырбай тынч эле кете берди. Ырыс ошондо өзүн чындап жетим сезди. Көрсө, таенеси опол тоодой адамы тура. Аны “апа” дечү. Кайсы бир күнү апамдан ажырайм деген ой Ырыска али келе элек болчу.Таенеси ага өмүр бою эле кам көрүп жүрө бере тургандай сезилген. “Кызымды күйөөгө берип, орун-очок алганын өз көзүм менен көрүп анан өлсөм арманым жок”, - деп кээде айтып калчу. Бирок ага жетпей калды таенеси.

Ырыс таякеси менен тажеңесинин колунда калды. Ичкиликке жакындыгы бар, жалкоороок таякеси көбүнчө аялынын жетегинде болор эле. Тажеңеси аракетчил, түйшүкчүл, бирди экиге кураштырып, жоктон барды жасаган эпчил аял болчу. Ошого жараша тили да узун эле. Таенеси айткандай керек жерде ачуу, керек жерде таттуу тили менен Ырысты тиричиликтин ар кандай түйшүктөрүнөн аяган жок.

Анын баары эч нерсе эмес. Жумуш кылгандан эч ким өлбөйт дечи. Онунчу класска барган жылы болгон бир окуя Ырыстын жүрөгүнө оор так салып кетти. Ошону такыр эстегиси келбейт. Бирок унутуп да коё албайт.

Колхоздун тамеки талаасынан бала-бакыралуу үй-бүлөлөр жер бөлдүрүп алып иштешчү. Ырыстын тажеңеси да эки гектар тамеки алган. Ишенгени балдары.Тамекинин иши ошолордун күчү менен бүтөт эмеспи.Үзгөнгө да, тизгенге да балдар чоң күч берет. Андай жумушта Ырыс кадыресе чоң кишинин ордунда иштейт. Кичинесинен үйдүн чарбасына аралашып чоңойду.

Иш күчөп турган маалда Ырыс талаага жалгыз кетти. Кечээги үзүлгөн тамекини бүтпөй калып үйдөгүлөр бүгүн түшкө чейин тизип бүтүшмөк. Аңгыча Ырыс эртеңкиге даярдап талаада жула бермек. Тажеңеси ошондой деген.

Ал кыңылдап ырдап тамеки үзүп жүрдү. Кыйла арбытып койду. Жалгыз иштегенде Ырыс тез иштейт.

Алысыраакта, чаң жолдун аркы өйүзүндө райондун борборунан келген жардамчылардын каткырышып сүйлөшкөндөрү угула калып жатты. Аңгыча арт жагынан шыбырттаган үн чыккансыды. Бурулуп караса бир чоочун киши жакын келип калыптыр.Бул айылдык эмес.Тиги жардамчылардан окшойт. Ырыс коркуп кетти. Бети-башы майланышкан, толугунан келген отуздар чамасындагы күрсүйгөн кара неме Ырысты тиктеп кытмыр жылмайып турду.

– Чоң кыз, иче турган муздак суу барбы?

– Жок, суу жок.

– Жалгыз өзүң ушунчаны жулдуңбу?

– Ооба.

– Иштерман кызсың го...

Кара неме кыздын тал чыбыктай бой-келбетине арамдык менен

көз жүгүртүп турду.

– Сага эмне эч ким жардам бербейби?

– Мен жулам. Үйдөгүлөр кечинде келип жүктөп кетишет.

– Аа...

Кара неменин арам ниети жандана түштү. “Жалгыз турбайбы?” - деп ойлоду.

(Уландысы кийинки санда)

 

Элмира АЖЫКАНОВА