Дүйнө жылдыздарынын караңгы күндөрү

Жашоодо адам баласынын башына эмне деген гана сыноолор келбейт. Бирок ошолорду татыктуу жеңип, жакшылыктан үмүт кыла алган адам гана ийгиликке жетишет. Болор-болбос нерсе үчүн жашоого нааразы болгон адамдар арабызда арбын, дал ошолорго дүйнөлүк жылдыздардын башынан өткөргөн оор тагдырлары сабак болсун.

 

Атасынын өлүмүнө күбө болгон Шарлиз Терон

Бул сулуу айымды карап туруп бир убакта жакырчылыкта жашаганына такыр ишенүүгө болбойт. Эң сулуу делген Голливуд актрисасы Түштүк Африкада үй-бүлөсү менен фермада жашап чоңойгон. Анын атасы дайыма ичимдик ичип, кызы менен аялына кол көтөрчү. Шарлиз 15 жашка чыкканда коркунучтуу окуяга туш болот: бир күнү зомбулук көрсөтө баштаган күйөөсүнөн коргонуу максатында апасы кызынын көзүнчө күйөөсүн атып салат. Секелек кыз атасынын өлүмүнө жалгыз күбө болгон. Сот өлтүрүү коргонуу максатында жасалган деп таап, Шарлиздин апасын актаган. Ошондон кийин гана апасы экөөнүн жаркын жашоолоруна жол ачылган. Актриса атасын апасы өлтүргөнүн башында жашырып айтчу эмес. Алгачкы интервьюларында автокырсыктан каза болгон деп айтчу. Кийин гана: «Ата-энем фермада бир нече бодо мал жана төө багышчу. Атам канчанчы жолу экенин билбейм, кечинде адаттагыдай мас болуп келди да чөөлөрдү, жапайы иттерди атчу мылтыгын алып апам экөөбүздү коркута баштады. Ошондо апам өзүн коргоо максатында атамды атып салды. Ал үчүн мен апамды күнөөлөбөйм», - деп ачык айтып берген.


 

Ичкиликти жеңген Деми Мур

Деми төрөлгөндөн кийин эле атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен. Анын күйүтүнөн апасы ичимдик ичип, бара-бара көз каранды болуп калган. Көп өтпөй ичкич өгөй аталуу болот. Апасы менен өгөй атасынын башы ичимдиктен чыкпагандыктан, кичинекей кызга эч ким кам көргөн эмес. Тубаса чалыр көздүү кыздын көзүнүн абалы күчөй берген. Жакырчылык, ичкич апасы менен өгөй атасынын уруш- талашы, кыскасы, балалыктын таттуу күндөрүн көргөзбөй 16 жашка чыкканда өгөй атасы өзүнө-өзү кол салып каза болот. Ошондо гана ал өгөй атасы экенин, өзүнүн атасы ал төрөлгөндө таштап кетип, темир тор артына түшүп калганын билет. Өспүрүм кыз иштебей ичип отурган апасынын карыздарын төлөө үчүн мектептен чыгып, дароо эле моделдик бизнеске кирип нанга акча таба баштайт. 18 жашында турмушка чыгып кетет. Анын максаты бактылуу үй-бүлө куруу болгон. Тилекке каршы, күйөөсү рок-музыкант Фредди Мур аны ичкич кылып салат. Деми азыр: «Эгерде ошондо актриса болом деген максатым болбогондо, ал учурду жеңе алмак эмесмин», - деп эскерет.

 

 

14 жашында эне болгон Опра Уинфри

Америкалык теле алып баруучу жана актриса Опранын апасы Вернита Ли үй кызматчысы болуп иштечү. Атасы Вернон Уинфри алгач шахтада, кийин чач тарач, андан кийин шаар депутаты болгон. Бирок ата-энеси никеге турушкан эмес. Опраны апасы 18 жашында төрөп, чоң апасына берип салган. Алты жашка чыкканда кайра алат. Ошентип бирде чоң апасына, бирде апасына, андан качып атасына барып жүргөн кыз тогуз жашка чыккан кезинде он тогуз жаштагы бөлөсү зордуктап салат. Мектепке болсо 12 жашында кирип, ал жактан да кемсинтүүлөргө туш болот. Ага чыдабай бир жыл окуп-окубай апасынын акчасын уурдап үйүнөн кетип калат. Акчасы түгөнгөндө поптон жардам сурап барса, ал апасына алып келет. Кызынын кылыгына ачуусу келип жүргөн апасы андан баш тартат. Жыйынтыгында Опра өткөөл курагын балдар үйүндө өткөрөт. Ал жерден 14 жашында кош бойлуу болуп калат. Ошондо аны атасы келип алып кетет. Ай-күнү жетип төрөп, бирок баласы төрөлгөндөн кийин эле чарчап калат. Тартипти катуу кармаган атасы аны мектепке окутуп, билим берет. Ошондон тарта Опра чечендик боюнча окуп, ийгиликтерге жетишип, теле жылдыз болуп кетет.

 

 

Жөнөкөй актёр Киану Ривз

Голливуд актёру Киану Ривз башкалардан жашоого болгон олуттуу көз карашы, оор тагдыры, ал тууралуу абдан көп имиш сөздөр айтылганы менен айырмаланат. Ал көйгөйлүү үй-бүлөдө төрөлөт. Атасы Киану 3 жашында таштап кетип, көп өтпөй наркотикалык зат сатып жаткан жеринен кармалып камалат. Апасы да туруктуу жашаган жери жок ар кайсы шаарларда көчүп-конуп жүргөндүктөн Ривз көп мектеп алмаштырат. Хоккей ойногонду жактырган балага жарааты тоскоол болуп, балдардын алдында өзүн кем сезип түнт балага айланат. Оор турмушта жер төлөдө да жашаган күндөрү болот. Бойго жеткенде Дженнифер Сайм аттуу сулууга ашык болот. Тилекке каршы, сүйгөнү автокырсыктан каза таап, баласын кошо жоготот. Артынан эле эң жакын досу Ривер Феникс наркотикалык затты көп колдонгондон улам каза болот. Мындан улам депрессига кабылган Ривздин жылдызы да ошол учурларда жанат. Тактап айтканда, кастингден өткөн эпизоддук ролу үчүн 2 млн доллар гонорар алат. Көп өтпөй карындашы Ривза лейкемия оорусуна кабылып, Киану гонорарынын көп бөлүгүн карындашынын дарыланганына жана лейкемияга каршы фондго жумшайт. Бул жөнөкөй актёрдун учурда дүнүйөсү, коргоочулары жок. Аны коомдук траспорттон көп көрүүгө болот.

 

 

Максаты күчтүү Мэри Кэй Эш

Мэри Кэй Эш – бул кичинекей Золушканын тагдырындай тагдырга ээ. Золушкадан айырмасы ийгиликти фея эмес, максаты тартуулаган. Бала кезинде абдан кедей аймактардын биринде жашашкан. Апасы саатына он төрт саат иштегендиктен Мэри уктап жатканда кетип, кайра уктаганда келчү. Үйдө калган кыз оорукчан атасына кам көрүп, үй жыйнап, тамак жасап бардык ишти кылат. Мектепте да активдүү, уюштургуч кыз болгон. Бойго жеткенде жаш ырчы Бен Роджерске турмушка чыгат. Сегиз жылдык үй-бүлөлүк жашоодон кийин 3 балалуу болот. Бирок үй-бүлөсүнүн бактысы көпкө созулбай, күйөөсү Мэрини үч баласы менен таштап башка аялга кетет. Мэри Кэй Эш 25 гана жашында үч бала менен оор ажырашууну өткөрүп олтуруп калат. Балдарын багуу үчүн сатуу компаниясына ишке кирип, он алты сааттан иштеп балдарына да көңүл бура албай калат. Жумушунда жакшы иштеп, каржы жагынан директор болууну кыялданып жүргөн кезинде аны кетирип, ордуна жаш кызды алып алышат. Жеке компания ачууну катуу кыялданган айымга идея келип косметикалык каражаттарды чыгарып баштайт. Бара-бара кардарлары көбөйүп олтуруп, анын “Mary Kay” компаниясы негизделет.

 

Динара ЧОКОЕВА