ФРАНЦУЗ УКАЛООСУ - пластикалык эмес жол менен жашаруу

Күндөн күнгө сулуулуктун жаңы ыкмалары пайда болуп, айымдардын жашарууга мүмкүнчүлүктөрү кеңейип келет. Болгону ага каалоо жана каражат керек. Бүгүнкү заманбап жашоодогу жашаруунун түрдүү ыкмаларынын арасындагы француз укалоосунун Кыргызстанда пайда болгонуна аз убакыт болгону менен кардарларынын көңүлүн бурууда.

 

Француз укалоосу деген эмне?

Француздар жаштыкты сактоо искусствосу боюнча дайыма лидерлик орундан түшпөй келет. Акыркы кезде алар бетти укалоо ыкмасы менен жаш кездеги калыбына келтирип жатышат. Укалоонун бул түрүн белгилүү француз врач-физиотерапевти Паскаль Кош ойлоп тапкан. Француз укалоосун пластикалык эмес жол менен жашаруу ыкмасы деп аташат.

 

 

Француз укалоосунан кийин:

Беттеги кан айлануу системасы жакшырат

Беттеги клеткалардын баары иштей баштайт

Теринин үстүнкү катмары сыйрылып түшүп, беттин теришчелери ачылат

Бет кирлерден, токсиндерден арылат

Бетке топтолуп калган ашыкча суюктуктар жоголуп, бет арыктайт

Бырыштар жоголуп, бет агарат

Экинчи ээк жоголот

 

 

Кимдерге сунушталбайт?

Теринин инфекциялык жаралары (экзема, герпес, пиодермия) барларга

Коркунучтуу шишик оорулары бар адамдарга

Бетинде чоң же көп сөөлү барларга

Кандын уюшу боюнча көйгөйү барларга

Куперозу барларга

Кан тамырлары начарларга

 

 

Айнакан Мыктыбекова, косметолог: «Француз укалоосуна өзүн сыйлаган айымдар келет»

– Француз укалоосунун Кыргызстанга келгенине канча убакыт болду?

– 2 жыл болду. Азыр туруктуу кардарларын таба баштады. Биз терини тартып, тери менен эмес, беттеги болгон булчуңдар менен иштейбиз. Бул укалоону үч жолу алгандан кийин шалбырап ылдый түшө баштаган бет кадимкидей өйдө көтөрүлө баштайт. Ал эми бешинчи укалоодон кийин бет жаш кездеги абалына келет. Андан сырткары укалоонун таасиринен улам адамдын нерви эс алат. Укалоого келгендердин айрымдары «баш ооруман арылдым» десе, кээси «компьютерде көз айнек менен гана олтурчумун, азыр көз айнексиз иштеп калдым» деп кетишет. Мунун баары кан айлануу системасы жакшыргандын таасиринен. Анткени биз укалоодо түпкү булчуңдарды тартабыз, башкача айтканда, мында булчуңдар машыгат. Укалоо бет менен кошо моюнга да жасалат, анткени бырыштын көбү моюнда болот. Медициналык жол менен айтканда, француз укалоосу - бетти хирургиялык эмес жол менен тартуу.

– Канча жолу укалоо алгандан кийин каалаган жыйынтыкка жете алабыз?

– Беттин түзүлүшүнө жараша айтабыз. Негизи сегиз процедурага чейин жасалат. Жумасына бир жолудан болуп олтуруп эки айга созулат. Эгерде бетинде бырыштары көбүрөөк болсо же тери чоюлуп калган болсо, 10-12 процедурага чейин уланат. Бизге бетине өз алдынча укалоо жасап атып терисин чоюп алган аялдар келет. Алардын беттери кыйынчылык менен калыбына келет. Болбосо көпчүлүк айымдарга сегиз процедура жетиштүү болот.

– Жаш курак чектелеби?

– Француз укалоосу 28 жаштан 60 жашка чейинкилерге жасаганда жакшы жыйынтык берет. Бир толук процедураны алган адамдын бети кадимкидей жашарып калат. Андан кийин бетти ошол калыбында сактоо үчүн жылына бир гана жолу жасатып туруу жетиштүү. Кээде бырышы жок эле жаш кыздар келишет, алардын бетине тийбей эле көзүнүн алдын, кашты өйдө көтөрүп жасайбыз.

– Учурда кардарлардын саны кандай?

– Бул укалоо Кыргызстанда кеңири тарай элек. Француз укалоосун бир көрүп алган адам укалоонун башка түрүнө ыраазы болбой калат. Мен укалоонун бардык түрүн жасайм, ошентсе да айымдарга француз укалоосун сунуштайт элем, себеби жыйынтыгына өзүм күбө болуп атам. Келген кардарларга бир жак бетин жасагандан кийин эле жыйынтыгын көрсөтөм. Алар бети канчалык көтөрүлгөнүн экинчи бетине салыштырып көрүшүп өзүлөрү эле келип башташат. Бешинчи процедурадан кийин беттин териси жакшырып агарат, дем алуу клеткалары ачылат. Беттин жакшырганын мындан бил, беттерине тоналдык крем колдонбой калгандарын айтышат. Француз укалоосуна өзүн сыйлаган айымдар келет десем болот.

 

 

Косметологдон күзүндө бетке кам көрүү боюнча кеңештер:

Күзүндө салондордо бетти пилинг жолу менен тазалоо башталат. Ошондой эле бетке ар кандай витаминдерди сайдырууга болот. Анткени суук түшкөндө бет кургап, нымдандыруучу заттар азаят.

Бетти күн сайын жатардын алдында атайын каражат менен тазалап жууп, нымдандыруучу, азыктандыруучу бет майларды коюп жатуу шарт. Беттеги макияжды бир күн жуубай жаткан аял тогуз күнгө эрте картаят. Эшикке чыкканда алгач нымдандыруучу, анан күндөн коргоочу бет майларды колдонуу керек.

Күзүндө да күн бизге түз тиет, андыктан сөзсүз түрдө күндөн коргоочу бет майларды колдонуу шарт. Күзгүгө күндөн коргоочу бет майлардын SPF 35тен SPF 50гө чейинкиси ылайыктуу.

Беттеги тактардын себеби көбүнчө ички органдардын таза эместигинен улам болот. Андыктан адам бети таза болушу үчүн боор, ичеги карындарын тазалашы шарт. Ичеги жакшы иштебегенинен да ич катып, заң чыкпай уусу денеге тарап, бетте ар кандай тактар пайда болот. Андыктан ички органдарды күз, жаз айларында тазалап турган жакшы.

Жаш кыздар тоналдык бет майды канчалык эрте колдонсо, бети ошончолук эрте карыйт. Анткени беттин дем алуу тешиктери дайыма тоналдык бет май менен жабылып тургандыктан, дем алуу системасы жок. Жыйынтыгы карылыкка алып барат. Тоналдык бет майды 28 жаштан колдонуу туура.

 

 

Бетке күзүндө керектүү маскалар

1. Бир чай кашык бал менен дал ушул өлчөмдөгү лимон ширесин кошуп, ага бир ампуладан А жана С витаминдерин аралаштырып маска даярдайбыз. Аны бетке толук жаап 15-20 мүнөт тыныктырып жылуу суу менен жууп салабыз. Бул маска бетти нымдандырат жана азыктандырат. Жумасына 1-2 жолу койсо туура болот.

Эскертүү: аллергиясы барларга колдонууга болбойт.

 

2. Каймактын майлуулугу азын сатып алабыз, мисалы 10-15 пайыз майлуулуктагы. Геркулести кофе майдалагычтан ундай майда кылып өткөрүп алып, экөөнү теңме-тең аралаштырып бетке койсо, бетке абдан жакшы азык берет.

Эскертүү: үйдүн каймагы жарабайт, ал адамды карайтып жиберет.

Байланыш телефону: 0705 759 759

 

Динара ЧОКОЕВА