Махабат: «Азыр да киного тартылгым келет»

Көчө аралай сейилдеп жүрүп жагымдуу жылмаюусу, бетинде уячасы бар кызды көрүп  көзүмө жылуу учурай кетти. Анан 2004-2005-жылдары популярдуу болгон «Министрдин кызынын махабаты» аттуу кинодогу Канымдын образын жараткан, сүйүүсүнө жетпей калган айылдык кыз экенин эстедим. Анын азыркы жашоосу мага да кызык болуп, кыя өтүп кете албай суроо салдым.

 

– Махабат, дагы деле 10 жылдан ашуун убакыт мурун биз экрандан көргөн калыбыңыздан жазбаптырсыз. Учурда эмне менен алек болуп жүрөсүз?

– Кыздарым жаш болгондуктан, учурда алар менен үйдө эле олтурам. Улуу кызым мектепте экинчи класста окуса, андан кийинкилери алты жана төрт жашта. Билинбегени менен үйдүн деле тиричилигин алып кетүү оор да.  Ошондуктан кыздарымды карап эле үй кожойке болуп үйдө отурган чагым.

– Каякка, кимге турмушка чыктыңыз эле?

– Жолдошум Ильяс менен киного тартылганга чейин эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрчүбүз. Экөөбүз кошуна турчубуз. Киного тартылып бүткөндөн кийинки жылы эле алдырып жиберем деп корктубу же жашы келип калгангабы, үйлөнүү сунушун киргизди. Ошентип ал 26, мен 22 жашымда, тагыраагы,  2007-жылы   турмуш куруп, Таласка келин болгом.

– Болочок жолдошуңуздун колдоосу менен киного тартылсаңыз,  эмне себептен башка кинодон көрө алган жокпуз?

– Ооба, анда ал менин киного тартылуума каршылык көрсөтпөй, тескерисинче, колдогон. Башка киного тартылбаганымдын себеби биринчиден, чакыруу болгон жок. Экинчиден, чакыруу болгон күндө деле жолдошум, кайын журтум макул болуп жиберишмек эмес. Азыр деле:  «Кастингдерге барып көрөйүнчү? Балким, өтүп кетем», - десем, жолдошум: «Барбай эле койчу», - деп турат. Чын эле жолдошум кечке жумушта жүрсө, мен киного тартылганга кетип калсам, кыздарымды ким карамак эле. Азырынча менин оюмда аларды чоңойтуп, татыктуу тарбия берүү гана.

– Негизи «Министрдин кызынын махабатындагы» Канымдын ролу сизге кандайча тийип калды эле?

– Киного тартылганы жатканда  мен 18 жаштагы жогорку окуу жайга жаңыдан тапшырган  кыз болчумун. Бир жолу киного кастинг жүрүп жаткан жарнаманы көрүп кызыгып, үйдөгүлөрдүн да колдоосу менен катышып калдым. Кастингде абдан көп кыздар болуп, уялчаак жаным өтпөй калдым болуш керек деп ойлогом. Бирок алты ай өткөндөн кийин чалышып, өткөндүгүм тууралуу айтышкан. Кастингге 63 кыз катышып, алардын  арасынан суурулуп чыгып, тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алыптырмын. Режиссёр: «Чукчуңдаган шаардык кыздын образын жарата аласыңбы?» - деп сураганда, мен өзүмдүн мүнөзүм токтоо экендигин айтып, мага Канымдын образын берген. Ролумду ачып берүү үчүн «Министрдин кызынын махабаты»  деген чыгарманы окуп даярданып келүүбүздү тапшырган.

– Кастингде актёрдук чеберчиликти көрсөтүү керек го, сиздин бул жаатта билимиңиз жок да?

– Ооба, менин актрисалык билимим жок. Кесибим боюнча  экономистмин. Чыгармачылык жакка жакын болгонум ата-энемдин  канындагы талантынан болуш керек. Себеби атам да, апам да ырдаганды жакшы көрүшөт. Мектепте окуп жүргөн кезде коомдук иштерге активдүү катышып, ырдап жана бийлеп, Жаңыл Мырзанын ролун аткарып жүрчүмүн. Кастингде дагы дал ушул монологду айтып берип калыстардын купулуна толгом.

– Фильм убагында жакшы эле популярдуулукка жеткен, сизди азыр деле көчөдөн көрүп таанып калгандар болобу?

– Тасма дисктерге чыгып, аябай популярдуу болуп жаткан учурда мени көчөдөн көрүп таанып калгандар көп болду. Азыркыга чейин бир жакка барып калсам, “сени кайдан көрдүм эле, эстей албай жатам” дегендер бар. Кээде базарларга барып калганда: “Каным экен”, - деп,  карызга деле берип койгон учурлары болот.  “Жакшы ойногонсуң”, - деп мактап, -“дагы тасмаларда роль жаратпайт белең? Үнүң кинодо кандай жагымдуу болсо, чыныгы жашоодо да  ошондой  экенсиң”, - деп көп айтып калышат.

– Кинодогу башка каармандар менен катташып турасызбы?

– Кинодогу башкы каарман Зина менен социалдык тармактардан байланышып, сүйлөшүп калчубуз. Бирок азыр эч кимиси менен мамилем жок.

 

Айгерим Токтобай кызы