Тамадалыктын күнгөй менен тескейи

Учурда тамадалык кирешелүү кесипке айланып, куудул, тамашоучу, ырчы, ди-джей, айтор, колуна камера кармаган операторлордон өйдө тамадага айланып баратышат. Анда эмесе, бул кесипти аркалаган тамадаларга кайрылып бул иштин оош-кыйышын билип көрөлү.

 

- Тамадалыгыңыз үчүн салык төлөйсүзбү?

Майрамбек Осмонов: “Тойдун сезону бүткөндө мамлекет “отпускной” төлөп берсин”

– Ушул убакка чейин мамлекет бизге бир да жолу той таап берген эмес. Биз өзүбүздүн өнөрүбүз менен аракет кылып мамлекетке жүгүбүздү салбай ушул убакка чейин үй-бүлөбүздү багып келгенбиз.Биз таштандыда каралбай калган жамаат болчубуз. Өзүбүздү-өзүбүз гүлдөтүп аракет кылып бак тиксек, мамлекеттин ошонун мөмөсүн бергиле деп жатканы - бул адамдын жан дүйнөсүнө сыйбаган көрүнүш. Эч кимге жүгүн салбай өз жанын өзү багып, өз оокаттарын кылып жаткан өнөр адамдарына мамлекет сүйүнүшү керек. Эгерде бизге салык сала турган болсо, анда шарт түзүп берсин. Кышында тойдун сезону бүтүп отпускага чыгабыз, келерки августка чейин бизге “отпускной” төлөп берсин. Врачтарга, МАИ кызматкерлерине тиктиргендей форма тиктирип берсин.

 

- Сизди таң калтырган той кандай болгон?

Жылдызбек Турсунбаев: “5 муундун өкүлү катышкан той мени таң калтырган ”

– Нарында бир той алып баргам. Үйлөнгөн жигит 18 жашта экен. Атасы 36 жашта, чоң атасы 54 жашта, бабасы 72 жашта, бубасы 90 жашта экен. Тойду бубасы бата берип ачып берди. Алардын династиясында 18 жашында үйлөнүү салт экен. Ошондо 90 жаштагы аксакал кибиресин көргөнгө жетишип калат тура. 5 муундун өкүлү катышкан ушул той мени абдан таң калтырган.

 

 

- Тамадалыктын жоопкерчилиги сиз үчүн канчалык?

Жеңишбек Айтиев: “Той бүткөндө 5 тонна көмүр түшүргөндөй болом”

– Той ээси бул күндү 30 жыл күтүп даярданышы мүмкүн. Ошондуктан бул үч тамгадан турган той өтө жоопкерчиликти талап кылат.Тамаданын милдети - 400 кишинин 400 мүнөзүнө чыдап, масты соо кылып, кредити барларды кредитин эсинен чыгарып жыргатып, ойнотуп эс алдырып жөнөтүшү керек. Ичип алган масы, намаз окуганы, жиндиси, өтө акылдуусу, айтор, ар түрдүү адамдар келет. Ошолордун башын бириктирип ойнотуп, бийлетип, сүйлөтүп ынтымакта кармап туруу - бул өзүнчө искусство. Андыктан тамада ар тараптуу болушу шарт. Мен тамашалашып,, анекдот айтып куудулданып, ырдап, айтор, элге жыргап жүргөндөй көрүнгөнүм менен ар бир тойду мен коркуу сезими менен алып барам. 6 саат бою тикеңден тик туруп буту-колуң шишийт. Тамак, кулак, көз, нерв, айтор, мүчөлөрүң бүт чарчайт. Байкайсыңарбы тамадалардын нерви жукарып, үзүлөйүн деп калган. Кыскасын айтканда, мен той бүткөндө 5 тонна көмүр түшүргөндөй эле болом.

 

 

- Биринчи ырчы болгонсузбу же тамадабы?

Кубаныч Ажыбаев: «Уктап жаткан жеримен тамада болуп 500 сом тапкам»

– Менин ырчы болуп жүргөнүмө 6 жылдан ашса, тамадалык кызматты аркалаганыма 15 жылдан ашып калды. 2002-жылы Бишкекке келип Улуттук консерваторияга тапшырдым. Ырчы Замир Арыкбаев экөөбүз группалашпыз. Ал бат эле ырчы болуп элдин оозуна алынып кетти. Мен акчам жок чыга албай, тамада болуп тойлорду алып барып калдым. Негизи тамада болоюн деген оюм деле жок болчу. Бир жолу дос баламдын туугандары той өткөрүп, тамадасы келбей калыптыр. Жатаканада уктап жатсам досторум ой-боюма койбой тургузуп, биринин шымын, экинчисинин көйнөгүн, Аскат Мусабековдун костюмун кийгизип жөнөтүштү. Ошентип уктап жаткан жеримден тойду алып барып 500 сом таптым. Ал кезде бул акчага 1 шым, 1 көйнөк келчү. Акчанын даамын татып алгандан кийин тамада болом деп далай тойлордун “кашасын” чыгардым. Жадагалса той ээси: “Кандай акмак тамадасың”,-деп кууп ийген күндөр болгон. Азыр Кудайга шүгүр, бош күнүм жок элдин кызматындамын. Ошентип акча таап ыр жаздырып, элге андан кийин ырчы катары таанылдым десем болот.

 

 

- Быйылкы сезондо тамадалыктан тапкан акчаңызды эмнеге жумшайсыз?

Каниет Жыргалбеков: “Былтыр тапканыма үйлөндүм, быйылкы кирешеме үй алайын
деп жатам”

– Негизи тамадалык кызыктуу жумуш. Бир жолу үйлөнүү тойду алып барганы ресторанга 4тө бардым. Коноктор 5ке чакырылган экен. 6да коноктордун баары келди, кудалар жок. Көрсө, ичип мас болуп, мончого барып уктап калышкан экен. Туугандары издеп таап келип тойду 9да баштаганбыз. Анын сыңарындай кандай кырдаал, кандай учур болбосун той ээсинин көңүлүн таап, акчасын алып жатабыз. Былтыр бир күн Нарында, эртеси Таласта, анан Ошто болуп жатып үй бетин көрбөй катуу иштегем. Ал каражатыма үйлөндүм, ал эми быйылкы сезондо иштегениме үй сатып алайын деп пландап жатам.

 

 

- Эң кымбат тойду канчага алып баргансыз?

Талант Карагулов: “Өмүр жашын мага тартуулаган апанын тою эң кымбат болгон”

– Бир жолу 70тен ашкан апа чалып:“Талант деген “Сармерденди” алып барган бала сенсиңби?”- деди эле. “Ооба, апа”, - десем, “биз той берип жаттык эле, тапкан акчабызды чын жүрөктөн бере алабыз. Эң башкысы сен алып барчы тоюбузду.Батамды берейин, өмүр жашымды берейин”,- деди. Ошол күнгө башка той алып алган болчумун. Бирок ушул апанын өмүр жашын, батасын тартуулайм деген сөзү үчүн бош эмесмин деп айта албадым. Себеби “каалаган акчаңды берейин, тоюмду алып барып берчи” дегендер четтен табылат. 1000 долларга той алып барып калган учурлар деле болот. Бирок акча, алтын, күмүштөн баалуу өмүр жашын тартуулаган кардар менин жашоомдо биринчи жолу болду. Ошентип мурун алган тойду ишеничтүү тамадаларга тапшырып, өзүм ошол апанын тоюнда тикемден тик туруп кызмат кылып бергем.

 

 

- Сизди таасирленткен өзгөчө той болду беле?

Манас Алыкулов: “Коноктордун батирин жер тилкеге, машинесин жолдомого алмаштырып жаткандарын көрүп оозум ачылган ”

– Негизи алып барган тойлорумдун ар бири өзүнчө таасир калтырат. Ошолордун ичинен эң оозум ачылган тойду айтып берейин: бир жолу кымбат ресторанда той алып барып калдым. Той ээси кызыктуу оюндарга Дубайга, Түркияга жолдомо, машине, батир, жер тилкесин ойноткон. Сыйлык утуп алгандар бири-бири менен батирин машинеге, жер тилкесин жолдомого алмашып жатканын көрүп таң калгам. Өзүмдү ушунчалык бай өлкөдө жашап жаткандай элестетип кеттим. Карапайым калк жетпей жүргөн үй, унаалар биздин байлар үчүн жөнөкөй эле буюм болуп калат турбайбы.

 

- Учурда тойлордо эмне модада?

Бакыт Байсариев: “Чет элдик ырчыларды чакыруу модада”

– Курсак ток, капа жок, элдин батасын алып жакшылыкта жыргап жүргөнүмө шүгүр кылам. Бирок Бакыт жыргап эле жүрөт экен деп ойлоп албаңыздар. Сыртымдан андай көрүнгөнүм менен ичимден толкунданып, сарсанаа болуп, жүрөктөр лукулдап, буттар калчылдап өлөйүн деп калам той бүткөнчө. Ар бир сезондун модасы болот. Мурунку жылы 10 ырчы чакырган мода болгон болсо, былтыр 10 тамадага той алып бардырткан мода эле. Быйыл болсо чет мамлекеттен ырчы алып келген модада. Азыр телевизордон гана көрө алчу чет элдик атактуу ырчыларды тойлордон күн алыс эле көрүп калдык.

 

 

- Бир айда канча той алып барасыз?

Аман Ибраев: “Сезон учурунда бир айда 31 той алып барганга жетишем”

-Тамада болуп жүрүп түн менен күн алмашып калып эле уйкудан кыйналып калам. Ага карабай сезон учурунда 31 той алып барганга жетишкен учурум болот. Бирок, албетте, андай кезде балдарымды жумалап көрбөй калам. Себеби Ошто, Бишкекте, Орусияда, айтор, чакыруулар менен кетип калам. Айрым тамадалар кичине напсисин тыйыш керек. Мисалы,“бир тойду 500 долларга алып барам” деп ставка коюп алышат. Ал 500 доллар үчүн ал адам, балким, 5 ай иштегендир, туурабы? Ошондуктан мен беш колумду оозума тыкпай кардардын жашоо шартын эске алып, ошого жараша ставка айтам. Ошон үчүн да мага Кудай берип жатат, күн куру эмес той алып барам.

 

Нуриса Баялиева