Асел: “Эки кызынын бактысына курбум айыгып кетсе экен”

Илгери суук, анан ысык деген эле эки оору бар экенин чоң апаларыбыз айтып калчу. Анда да эч кандай дары ичпей суук болуп кеткени ысыктанып айыкса, ысык болуп кеткени организмге суук келчү тамак-аш жеп сакайчу экен. Азыр болсо оорунун түрү көп, кадам сайын дарыкана, клиникалар жайнайт. Айрыкча жашарып бара жаткан аты жаман рак оорусу элдин канын сорууда. Болгону 29 жаштагы Айгүл Карнакованын бул ооруга чалдыгып айыга албай жатканын жакын курбусу Асел айтып берип элден жардам сурады.

 

“3 жыл мурунку оорусу кайра кайталанды”

– Менин сиздерге кайрылуума жакын курбум Айгүлдүн рак оорусуна кабылып акчага аябай муктаж болуп жатканы себеп болду. Биз Айгүл экөөбүз Кара-Балта шаарында бала кезден чогуу ойноп, бирге өскөнбүз. Кийин турмушка чыкканда да ортобуз алыстаган жок. Азыр курбум минтип кыйналып турганда карап тура албай элден жардам сурап болсо да каражат таап берүү максатында ар кандай акцияларды уюштуруп чуркап жүрөм.

Айгүл буга чейин ооручу деле эмес. Турмушка чыгып 2 кыздуу болгон. Чоң кызы 13 жашта болсо, кичүүсү 9 да. Күйөөсү экөө кыздары менен бактылуу жашап жатышкан эле. Өзүнүн кесиби визажист, айымдарды сулуулап берип акча тапчу. Кардарларынын баары жакшы көрүп, Айгүлгө гана макияж жасатам дегендер көп эле. Анан эле мындан 3 жыл мурун, башкача айтканда, 2014-жылы жоон ичегиси ооруп ооруканага жатып калды. Ал жактан дарыгерлер жоон ичегинин рагы деген жыйынтык чыгарышкан. Анан Кыргызстандын мыкты деген врачтары операция жасап жоон ичегидеги шишиктерди алып салган. Химиотерапия алып дарылануунун толук курсунан өткөн соң дарыгерлер: “Жакшы болдуң”, - деп ооруканадан чыгарышкан эле. “Толук айыктым”, - деп көңүлү ток жүргөн болчу. Анан минтип кайра оорусу кайталанып жатпайбы. Рак деген оңой менен айыкпаган оору экен да. Ошондо жолдошу машинесин сатып Түркияга “Анадолу” деген клиникага алып барып каратып баштайт. Ал жактан анализ тапшырып: “Химиотерапия аласыңар, анан операция кылабыз”, - дешиптир. Ар бир химиотерапиясы 5 миң доллардан экен. Анча акча жок болгондуктан кайра бул жакка келишкен.

 

“Айла түгөнгөндө жашап жаткан үйүн сатыкка койду”

– Ошентип: “Анча акчаны кайдан табабыз?” - деп баш катып отурганда, Индияда дарылануу арзан экен деп угуп калышып үмүт пайда болду. Тууган-уруктан акча чогултуп аяшым Айгүлдү Делиге алып барды. Ал жактан дарыланып, дарыларын ичкен менен жыйынтык болбоду. Анан жакын мамлекеттерден арзаныраак, чөнтөккө чак келе турган клиникаларды издей баштадык. Тандап отуруп кайра эле Түркиянын дагы бир башка клиникасы менен сүйлөштүк. Ал жакка экинчи машинесин сатып жолдошу Айгүлдү жиберди. Алар: “Тез аранын ичинде 12 курс химиотерапия өткүлө”, - деп айтышыптыр. Аны өткөндөн кийин операция жасашып, ичегидеги шишиктерди алат экен. Бир химиотерапиясы 3650 доллар деп чыгарышты. Андан сырткары операциясына 36 миң доллар каражат керектелет. Анализдери эле 7 миң доллар болду. Азыр акыркы акчасына 3-химиясын алды. Алдыда дагы 9 курс турат. Бул кымбат болуп калат экен деп дагы бир клиникадан 2 миң долларлык химия дарылоо табышыптыр. Бирок ошондо деле такыр акчасы жок калышты. Айласы түгөнүп жашап жаткан үйүн сатыкка койду эле, анысы да өтпөй жатат.

 

"Бул оору кайдан пайда болорун дарыгерлер да аныктай албады"

– Учурда Айгүл Түркияда ооруканада, жолдошу эки кызын карап бул жакта. Туристтик бир компанияда иштеп 2 машине алып, бир аз акча чогулткан экен, баары кетти. Азыр жөө жүрөт, жумушунан да айрылды. Тууган-уруктан да жардам алып бүтүп калышты. Айгүлдүн ата-энеси да, кайын журту да колунан келген жардамын берип, эми эмне кылар айласын таппай отуруп калышты. Жапжакшынакай жашап жаткан үй-бүлө бир оорунун айынан жакында жашаганга үйү жок калганы турат. Үйлөрү сатылып кетсе эптеп туугандарыныкында күн кечирип турар. Эми ошого жараша Айгүл жакшы болуп кетсе экен. “Үмүтсүз шайтан” дейт го, айлаларын таппай турган үй-бүлөсүнө, ата-энесине жардам болсун деп элге кайрылууга аргасыз болдум. Ар кандай акцияларды өткөрүп, эл көп жерлерге жардам сурап урналарды жайгаштырдык. “Көп түкүрсө көл болот”, - дейт эмеспи, балким, аздан чогулган каражат Айгүлдүн дарылануусуна жарап калар деген үмүт чоң. Кыздарынын бактысына айыгып кетип курбубуз биздин катарга кошулса экен. Бул үчүн кыргыз элимден жардам сурайм.

 

Айгүлгө жардам берүүнү каалагандар 0554996998, 0553694969 ЭлСОМ капчыгы аркылуу жана банктык эсеп аркылуу жардам берсе болот.

Карнакова Айгуль Эгизбековна, Karnakova Aigul Egizbekovna

Бакнктык эсеби: KICB

KGS: 1280146041340486

БИК: 128014

USD: 1280146041341496

SWIFT KICBKG22

 

Нуриса БАЯЛИЕВА