Ата, мага алимент төлө!

Жашоодо ата-эне эки башка жакка кеткен учурда көп учурда балдар энеде калышат. Анда байкуш аялдар балдарды багам деп өмүрүнүн баарын ишке арнашат. Мындай учурда ата мыйзам боюнча балага алимент төлөшү керек. Бирок бүгүнкү күндө, тилекке каршы, ар кандай себептерден улам алимент төлөбөгөн аталар көп. Көпчүлүк аялдар алимент өндүрүүнүн да жол-жобосун жакшы билишпейт. Андыктан адвокат Динара Медетованын жардамы менен алимент тууралуу кенен маалымат берүүнү эп көрдүк.

 

Алиментти ким төлөөгө милдеттүү?

Аял менен эркек ажырашкандан кийин ортодогу жашы жете элек баланы кимиси багып жаткан болсо, ошого төлөнүп берилет. Эгерде эне багып жаткан болсо - ата, ата багып жаткан болсо - эне алимент төлөөгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк кодекс боюнча ата-эненин балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттери бирдей.

 

Жашаган аймагына жараша

Алименттин «бир балага мынчадан төлөө керек» деген так суммасы жок. Ар бир шаардын, облустун, райондун өзүнүн статистикалык көрсөткүчү бар. Алимент ошого ылайык чегерилип берилет. Мисалы, Бишкек шаарында жашоо шартка ылайык 4 миң, аймактарда 2 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөнөт. Анткени статистикалык көрсөткүч шаардын, аймактын жашоо шартын эске алуу менен ар башкача суммада эсептелет. Аны ар бир аймактын статистикалык комитети аныктап чыгарат.

 

Баланын жаш курагына жараша

Баланын жаш курагына жараша да ар кандай өлчөмдө төлөнөт. Мисалы, жаңы төрөлгөн баласына эң төмөнкү сумма чегерилсе, бала чоңоюп керектөөсү өскөн сайын алименттин да суммасы өсөт. Алимент төлөй турган жактын мүмкүнчүлүгүн эске алып, муну да статистикалык комитет чектеп берет. Дагы бир жагдай: берүүчү тарап 3 миң сом төлөй турган болгону менен баланын чыгымдары ай сайын 10 миң сомду түзөт дейли. Мындай шартта алуучу тарап баласын ийримдерге алып бара турганын же бала бакчага төлөгөн акчасын тастыктоочу кагаз алып келсе, сот балага кеткен чыгымды тең экиге бөлөт. Ошондо баланы ата-эне бирдей камсыздайт.

 

Алимент канча жашка чейин төлөнөт?

Төлөөчү тарап бала төрөлгөндөн баштап 18 жашка чыкканга чейин балага алимент төлөөгө милдеттүү болуп эсептелет. Алуучу тарап алимент алуу тууралуу арыз жазганда гана төлөнөт. Алууну каалабагандарга мажбурланбайт. Алимент арыз жазган күндөн баштап төлөнө баштайт, өтүп кеткен күндөр үчүн төлөнбөйт.

 

Алимент ала турган адам кайда кайрылышы керек?

Мыйзам боюнча алимент өндүрө турган адам төлөй турган адам жашаган аймактагы сотко арыз менен кайрылышы керек. Эгерде төлөй турган адамдын жашаган жери белгисиз болсо, акыркы жашаган жериндеги сотко кайрылат.

 

Иштеген адам канча акча төлөйт?

Мыйзамда алимент төлөөчү адамдын айлык маянасынын 30 пайызы кесилет. Сотко төлөөчү адамдын кайда иштери, андан кийинки үй-бүлөсүнөн да баласы барбы, керектөөсү канча деген маалым кат келет. Анын негизинде кирешеси эсептелет да, жашоо шартын эске алуу менен кайсы бир өлчөмдөгү сумма кесилет.

 

Жумушсуз адам канча акча төлөйт?

Мыйзамда жумушу жок адам алимент төлөбөйт деген нерсе жок. Жумушу жок адамдын да жок дегенде жер үлүшү болот. Ошолорду эсепке алып, статистикалык кызматтын көрсөтмөсүнө жараша кайсы бир сумма кесилип берилет. Майып, ишке жараксыз адам гана алимент төлөбөйт.

 

Жубайлардын нике күбөлүгү жок болгон учурда

Нике күбөлүк жок болгон шартта документте баланын атасы катары ким жазылган болсо, ошол адам төлөйт. Керек болсо баланын атасы эмес болуп, бирок фамилиясын берген учурда да, ал адам алимент төлөөгө милдеттүү. Эгерде аял баланы өзүнө каттатып алган болсо, анда сотко кайрылып баланын аталыгын аныкташы керек. Ал үчүн ДНК анализи керектелет.

 

Алимент төлөбөй жүргөндөргө кандай жаза колдонулат?

Кылмыш-жаза кодексинде атайын берене бар. Анын негизинде соттун чечимин аткарбаганы үчүн жазаланат. Алгач 2 жолу эскертүү берилет, үчүнчүсүндө иш козголуп камалышы керек.

 

Ата-эне да баласынан алимент алууга укуктуу

Эл арасында алимент жаш балдарга төлөнөт деген гана түшүнүк бар. Бирок мыйзамда жазылган дагы бир нерсе бар. Бала бойго жеткенде алимент төлөп келген атасы же энеси сотко баланын ага алимент төлөшүн талап кылып кайрылса болот. Ошондой эле ата-эне ажырашпаган күндө да, балдары чоңоюп карабай кетип калып, карылар үйүнө таштаган учурларда да, ата-эненин баладан алимент талап кылууга укугу бар. Бала төлөп берүүгө милдеттүү.

 

Балдарыңызга алимент төлөйсүзбү?

Аскат Сулайманов: «7500 сом айлыгымдын 5 миңин алиментке кесип алышат»

– Төрт балама мыйзамдуу түрдө ай сайын 5 миң сомдон алимент төлөйм. Айлыгым 7500 сом чыкса, анын 5 миң сомун дароо алиментке кесип алышат. Бул сумма айлык маянама жараша чегерилген. Бирок ошол менен эле болду дебей, балдарымдын эмне кем-карчы болсо баары менин мойнумда. Балдарым: «Ата, буга акча керек, тигиге акча керек», - деп телефон чалып турушат, мен баарын берем. Ай сайын ар кандай суммадагы акча берем. Мисалы, быйыл 2 балам мектепти аяктады, экөөнө бир убакта 35 миң сом чыгымдадым. Кыздарым кичине болгондуктан, алардын мектебине акча төлөп, жайында жана кышында кийим алып берип турам.

 

Рысбек Жантөрөев: «Балдарыма алимент төлөгөн эмесмин»

– Биринчи никемде эки балам бар болчу, бир уул, бир кыз. Алар апасы менен кетишкен. Мен балдарыма алимент төлөгөн эмесмин. Кээде эле акча болгондо бербесем, аларды дээрлик апасы камсыздап келет. Улуу кызым жыйырма жашка чыгып быйыл турмушка узаттым. Уулум болсо жетинчи класста окуйт.

 

 

Кайрат Примбердиев: «Май айынан баштап алимент төлөй баштадым»

– Биринчи никемдеги уулум учурда 8 жашта. Уулума бул убакка чейин акча жагынан жардам берип келгем, бирок мыйзамдуу түрдө алимент төлөчү эмесмин. Ушул жылдын май айынан баштап алимент төлөй баштадым. Ай сайын банк аркылуу сот чегерип берген 2800 сомду алардын эсебине которуп турам.

 

 

Гүлжигит Сатыбеков: «Баламды бардык жактан өзүм камсыздайм»

– Мен мурда ай сайын сот чегерген 2 миң сом өлчөмүндөгү алиментти төлөп келгем. Уулум чоңоюп, чыгымдары көбөйүп баштаганга эки жылдай убакыттан бери баламдын апасы менен келишип, мындай эле жардам берип жүрөм. Азыркы күндө 2 миң сом баланын бир айлык чыгымдарына жетпейт. Мен уулумду жеке менчик мектептен билим алдырып контрактын төлөйм, кийим алып берем, кыскасы, баламды бардык жактан өзүм камсыздайм.

 

Динара ЧОКОЕВА