Ар кандай тамактар үчүн даяр приправалар

Борщ үчүн

Кандай азыктар керек?

Кызылча: 2 кг

Сабиз: 1 кг

Помидор: 1 кг

Пияз: 1 кг

Болгар калемпири: 0,5 кг

Сарымсак: 80 г

Күнкарама майы: 250 мл

Уксус: 200 мл

Туз: 100 г

Шекер: 200 г

Кантип жасалат?

Жашылчалардын кабыгын аарчып, жууган соң кызылчаны кыргычтан өткөрөсүз. Сабизди да ушундай кыласыз.

Пияз менен болгар калемпирин жарым шакекче кылып туурайсыз.

Чоң мискейге тууралган жашылчалардын баарын салып, сарымсакты да майда туурап буларга кошосуз.

Башка идишке майды, уксусту, тузду, шекерди кошуп аралаштырасыз.

Муну жашылчалардын үстүнө куюп жакшылап аралаштырасыз да, жарым саат тыныктырып коёсуз.

Бул убакытта банка менен капкактарды даярдайсыз: таза жууп, буулайсыз.

Жашылчалар салынган мискейди орточо отко коёсуз. Бир кайнагандан кийин эле отту азайтып жарым саат демдеп коёсуз.

Даяр болгондо ысык бойдон банкаларга куюп, оозун бурап бекитип жылуу ороп коёсуз.

Бул азык кышында тез аранын ичинде борщ жасаганыңызга жардам берет. Картошка менен капустаны сууга салып кайнатып, даяр болоруна бир нече мүнөт калганда бул приправаны кошуп жибересиз.

 

Лагман үчүн

Кандай азыктар керек?

Кызыл таттуу болгар калемпири: 2 кг

Жашыл болгар калемпири: 1 кг

Жандо: 0,5 кг

Помидор: 3 кг

Сарымсак: 0,5 кг

Өсүмдүк майы: 0,5 л

Кантип жасалат?

Помидорлордун кабыгын сыйрып аласыз. 15-20 мүнөт кайнак сууга салып койсоңуз оңой сыйрылат. Андан соң эт майдалагычтан өткөрөсүз.

Аны казанга куюп отко коёсуз да, кайнаган соң үстүнө өсүмдүк майын куясыз.

Жандону 2-3 сантиметр узундукта туурап, кайнап жаткан помидордун үстүнө салып бышканга чейин кайнатасыз.

Чоң-чоң болуп тууралган болгар калемпирлерин салып, жарым даяр болгонго чейин кайнатасыз. Этиеттик менен улам-улам аралаштырып турасыз.

Тузду, жука тууралган сарымсакты саласыз.

Ушундан соң болжол менен 10 мүнөт күчтүү отто кайнатасыз.

Кайнап жаткан жеринен бууланган банкаларга куюп, жылуу ороп коёсуз.

Кышында лагман жасарда этти, пиязды, сабизди, түрптү, сельдерейди кууруп, даяр болоруна 5-10 мүнөт калганда бул приправаны кошуп жибересиз.

 

Шорпо үчүн

Кандай азыктар керек?

Болгар калемпири: 1 кг

Помидор: 1 кг

Пияз: 4-5 баш

Сабиз: 1 кг

Петрушка: 2 боо

Ирик туз: 300 г

Кантип жасалат?

Сабизди аарчып, кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз.

Помидорду, болгар калемпирин орточо бөлүктөргө бөлөсүз.

Пиязды майда чарчы кылып туурайсыз.

Петрушканы да майда туурап, жашылчалардын баарын кошосуз.

Туз кошуп, жакшылап аралаштырасыз.

Бууланган банкаларга ныгыра салып, бөлүнүп чыккан суюктукту төгүп саласыз.

Банканын бетине туздан себелеп, желим капкак менен жаап коёсуз.

Муну муздак жерге сактоо сунуш кылынат. Кышында шорпонун этин кууруп туруп эле бул приправаны кошуп жибересиз.

 

Айназик Раимкулова