Кимге кайсы бизнес ылайыктуу?

Бизнес кылууга жолу жок адамдар бар. Көрсө, мунун баары адамдардын кайсы жылдыз белгиси астында төрөлгөнүнө жараша болот экен. Андыктан эгерде өмүр бою кедейчиликте жашоону каалабасаңыз, өзүңүзгө ылайыктуу бизнести тандаңыз.

 

Кой

Ийгиликтүү бизнестер: банк иштери, акча жана баалуу кагаздар менен иштөө. Жол куруу, унаа ташуу, спирт ичимдиктерин жана кондитер азыктарын сатуу, реализациялоо тармактарында бизнес кылса, ийгилик жараларында шек жок.

Кооптуу бизнестер: турак-жайды ижарага берүү, химиялык заттарды, боёк, ич кийим, идиш-аяктарды өндүрүү жана сатуу.

 

Букачар

Ийгиликтүү бизнестер: турак-жай куруу, сатуу, оңдоо, ижарага берүү, дизайн формасы, сулуулук салону, зер буюмдары жана модалуу кийимдер бизнеси. Туристтик жана оюн, мейманкана бизнестери, автосервис да Букачарларга ийгилик алып келет. Ошондой эле искусство чөйрөсүндө ар кандай салтанаттарды, бет ачарларды уюштуруу иштери да бул адамдарга туура келет.

Кооптуу бизнестер: химиялык өндүрүш, килем, медициналык каражаттарды өндүрүү жана сатуу, кайтаруу бизнеси.

 

Эгиздер

Ийгиликтүү бизнестер: массалык маалымат каражаттары – журналистика, сурамжылоо кызматы, жарнама бизнеси, химиялык өндүрүш, мода үйү, кийимдер дүкөнү.

Кооптуу бизнестер: килем өндүрүү жана реализациялоо, сантехника, эмеректерди оңдоо, жол курулушу.

 

Бөйөн

Ийгиликтүү бизнестер: ар кандай аукциондорду уюштуруу, азык-түлүктөрдү сатуу жана өндүрүү. Ошондой эле банк, кафе-ресторан, мейманкана иштетүү, фото, дизайн фирмасы.

Кооптуу бизнестер: чач тарач, оюн бизнестери, спирт ичимдиктерин сатуу жана өндүрүү.

 

Арстан

Ийгиликтүү бизнестер: зер буюмдарын иштетүү, унаа, унаа тетиктерин сатуу. Ошондой эле Арстандар үчүн спирт ичимдиктерин, косметикалык каражаттарды, аудио жана видеотехникаларын алып-сатуу иштери да ийгилик алып келет.

Кооптуу бизнестер: курал-жарактар, күзөтүү ишмердүүлүгү, медицина.

 

Тараза

Ийгиликтүү бизнестер: искусство, шоу-бизнес, жарнама, журналистика, зергерлик боюнча иштер, мейманкана иштетүү, кайтарып-күзөтүү ишмердүүлүгү, юстиция, саламаттыкты сактоо, тамак-аш жасоо.

Кооптуу бизнестер: Таразалар өздөрүнө туура келбеген иштерди өздөрү аныкташат жана эч качан адашышпайт.

 

Бийкеч

Ийгиликтүү бизнестер: шейшептерди алып-сатуу жана өндүрүү, сумка, азык-түлүк менен иштөө. Кыймылсыз мүлктү сатуу, бала багуучу, үй кызматкерлери боюнча фирма, саат, жуучу жана тазалоочу каражаттарды сатуу, котормо боюнча жеке ишкана ачуу.

Кооптуу бизнестер: бут кийим, балаты кооздуктарын, спирт ичимдиктерин, тамеки, спорт товарларын жана парфюмерия сатуу. Жарнама бизнеси да Бийкечтерге карама-каршы келет.

 

Чаян

Ийгиликтүү бизнестер: саясат жана коопсуздук чөйрөсү, журналистика, банк иштери, жарнама, курал-жарактарды чыгаруу жана сатуу. Бут кийим жана булгаары менен иштөө, жазуу, эсептөө иштери, окуу куралдарын сатуу менен алектенүү. Турак-жайга байланышкан иштер, эмерек өндүрүү жана сатуу, балдарга арналган буюмдар, байланыш каражаттары.

Кооптуу бизнестер: чач тарач, автого байланыштуу бардык иштер, спирттик ичимдиктер жана баңгизат.

 

Жаачы

Ийгиликтүү бизнестер: медицина жана билим берүү, байланыш каражаттары жана маалымат, моделдик бизнес.

Кооптуу бизнестер: курал-жарактар менен алектенүү, унаа иштери.

 

Текечер

Ийгиликтүү бизнестер: баалуу кагаздарга, автомобилге, жер тилкелерине, турак-жай жана аны оңдоого байланышкан бардык жумуштар. Сантехникалык жана спорттук жабдыктар, бут кийимден башка бардык спорт товарлары. Курулуш жана архитектура, айыл-чарба иштери.

Кооптуу бизнестер: гүлдөрдү жана жаныбарларды өстүрүү, учтуу, сайгылай турган буюмдарды өндүрүү жана сатуу, пиротехникалык жана жарылма заттар, тамеки, оюнчуктар.

 

Суу куйду

Ийгиликтүү бизнестер: эс алуу үйлөрүн жана санаторийлерди иштетүү, алыс жактан эмеректерди, курулуш материалдарын жана башка ири товарларды ташуу. Спорттук товарларды, оюнчуктарды, китептерди, музыкалык аспаптарды жана айыл-чарба азыктарын сатуу.

Кооптуу бизнестер: оюн бизнеси, банк иштери, идиш-аяк жана кийим-кече сатуу.

 

Балыктар

Ийгиликтүү бизнестер: гезит-журналдар менен иштөө, чет өлкөлүк адамдар жана башка өлкөнүн валюталары менен иштөө, казино, жарнама, туристтик агенттиктер, сулуулук салону. Жуучу-тазалоочу каражаттарды, бижутерийлерди сатуу.

Кооптуу бизнестер: курулуш иштери, автобизнес, тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди сатуу.

 

Сауле Cулайманова