Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

Мурат

Туулган жылы: 1992-жыл 2-февраль

Кесиби: журналист

Иштеген жери: учурда студент

Жердиги: Жалал-Абад облусу Сузак району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, намаз окуган, билимдүү, жылдыздуу, туруктуу, сыйчыл

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0779 29 97 96

– Мен тогуз бир туугандын үчүнчүсү, эркек балдардын улуусумун. Ата-энемди кубандырып той кылчу куракка жеттим. Биздин облусту курчаган аймактардын 18 жаштан 21 жашка чейинки сулуулары менен таанышам. Болочоктогу жарымдын Кызыл-Кыядан болушун айрыкча кыялданып келем. Буга чейин турмушка чыгып ажырашкан келиндер деле чала бериңиздер. Башкысы, баласы жок болсо, жылдызыбыз келишсе жашап кетебиз деп ойлойм. Өзүм турмуш курбай, турмушу бузулган адамга баш кошом дегениме таң калбагыла. Жашоо меники, каалаганымдай түзүп алам, ата-энем жана башка жакындар кийлигишпейт. Бир сөз менен айтканда, мага жаккан адам баарына жагат. Чалыңыздар.

 

Бакыт

Туулган жылы: 1988-жыл 24-февраль

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: узак жолго такси айдап иштейт

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, туруктуу, токтоо, аракетчил, терең ойлонгон

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 35 16 33

– 2010-жылы бир кыз менен жактырышып жашоо баштагам. Эл катары күн кечирчүбүз. Ал кош бойлуу боло элек болчу. Анан кайненем аны Орусияга жанына иштөөгө чакыртып калды. Каршы болбой жибердим. Бирок ал жанымдан кеткен соң өзгөрүп, мени карабай калды. Кайрылып келишин сурандым, жашообуз уланышы керектигин айттым, бирок ал келген жок. Ошентип 2012-жылы үй-бүлөм бузулуп жалгыз калдым. Ал ошол жактан апасынын тили менен башкага турмушка чыгып кетти. Эми мен да турмуш куруп өз күнүмдү көрүшүм керек да. Мага Баткендин 25 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндери чалыңыздар. Бир баласы бар келиндер тартынбай, ойлонбой байланыша бергиле. Баланы артык баш көрчү адам эмесмин. Иштеген иши болсо андан жакшы. Мен Новосибирскиге эл ташып иштейм. Ак эмгегим менен үй-бүлөмдү татыктуу багып алам деген ойдомун.

 

Нази

Туулган жылы: 1980-жыл

Кесиби: ашпозчу

Иштеген жери: кесиби менен иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району

Кандай мырзалар жагат? Акылдуу, ыймандуу, туруктуу, иштерман, боорукер, камкор, сабырдуу, жаман адаттары жок

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0706 77 02 99

– Жолдошум ичкиликке жакын болуп турмушум бузулган аялмын. Арак дегенди ушунчалык жек көрөм. Атын да уккум келбейт. Арактын айынан эки балам атасынан тирүүлөй ажырап отурушат. “Аялдын чырагы кырк” дейт экен, мен кайрадан бактымды сынап көрүүгө бел байладым. Бир чети балдарым бой тиреп келе жатат, алардын турмуштан ордуларын табуусуна жардам бере турган ишеничтүү адамым болушун каалайм. Дагы бир жагынан алып караганда али жашмын, дагы балалуу болуп, үй-бүлөлүк бакытка жетким келет. Аял киши үчүн андан артыктын деле кереги жок эмеспи. Мага биздин жерлик ичкиликтен алыс мырзалар чалыңыздар. Жашы менден 5 жашка чейин улуу болсо болот. Буюрса, турмуштун оош-кыйышын көтөрө алган адам кезиктирсем, экөөбүз балдарыбызды бирге чоңойтуп, жакшы жашап кетебиз деген үмүттөмүн. Анда-санда ууртап-татыган адамдар чалып убара болбогула. Мага ичкилик кармабаган мырза керек.

 

Алмаз

Туулган жылы: 1988-жыл

Кесиби: эсепчи

Иштеген жери: жеке ишканада менеджер болуп иштейт

Жердиги: Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, түшүнүктүү, туруктуу, жылдыздуу, назик

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0702 78 89 29

Мен ата-энемдин бычакка сап, ишенген уулумун. Бир никеде болуп бакыт таба алган жокмун. Ал күндөрдү бул жерде эскерип отургум келбейт. Башкысы, мен азыр кайрадан бактылуу жашоого даярмын. Түндүк аймактын 22 жаштан 28 жашка чейинки кыздары чалыңыздар. Мен жаңы барактан баштап жаткан жашоомдун таптаза болушун каалайм. Апасынан башка өппөгөн кыз алып, кадырлап алууну максат кылам.

 

Азамат

Туулган жылы: 1988-жыл 14-декабрь

Кесиби: немис-англис тилдеринен котормочу

Иштеген жери: учурда студент

Жердиги: Жалал-Абад облусу Аксы району

Кандай айымдар жагат? Билимдүү, кесипкөй, туруктуу, адептүү, сабырдуу, тың, тыкан, таза

Материалдык байлыгы: үйү бар

Байланыш телефону: 0772 94 19 45

– Ата-энемдин тун уулумун. Окуума катар жеке жашоомду алып кетким келет. Мага биздин облустун өзүм курактуу кыздары чалыңыздар. Турмушу бузулгандарды кабыл ала албайм. Чалыңыздар, WhatsAppтан жазыңыздар.