Кырк чырак

(Башы өткөн санда)

Кызга жакыныраак келди. Ага билгизбей эки жагын байкагансыды. Жакын жерде эч ким жок. Ырысты шап кучактады. Ал кыйкырмакчы болду эле колундагы сасыган бет аарчысын оозуна тыга коюп, эки колун артына кайрыды. Ырыстын бүт күчү менен кылган каршылыгын ал чымын чаккандай да көргөн жок. Арам ниетин алеки заматта айбанча ишке ашырды да, кара неме тамекини аралаган бойдон көздөн кайым болду. Бүттү. Бир заматта ушул иш болду. Эс-учунан танган Ырыс көптө барып өзүнө келди. Колу-буту калтырап, көз алдындагы жер көчүп бараткандай сезилди. Кыз кишиге мындан өткөн кордук болобу? Ызасына буулуккан Ырыс өзүн керектен чыккан буюмдай сезип, бетин басып ыйлап олтурду. Анан туруп барып арыктагы сууга бети-колун жууду. Үйүн көздөй жөнөдү. Артына кылчайып караса тамеки талаа аны кубалап келаткандай. Бир топ жерге чейин чуркап келди. Анан башы айланып олтура калды.

Ушул окуяны эстөө Ырыска дайыма оор. Ушу күнгө чейин эч кимге оозунан чыгарган жок. Өзүнүн гана жүрөгүндө калды. Балким, ошон үчүн оордур. Ургаачынын тагдыры кылтылдаган асма көпүрөдөй эмеспи. Балким, бул аялзатынын алсыздыгынандыр. Анткени менен “аялдын чырагы кырк” деп коюшат. Ошол сөз чын болсо Ырыстын али бир дагы чырагы жаркырап күйө элек. Бирок жашоого болгон жакшы үмүт адамды колдон алып жетелей берет экен.

Орто мектепти бүтөрү менен кошуна айылдагы Сапар аттуу жигит ала качып кетти. Көрсө, ал кокустук эмес экен. Тажеңеси менен Сапардын энесинин көптөн бери бышырып жүргөн максаттары экен. Ырыс менен Сапар бир айча гана жашашты. Экөөнүн ортосун бириктире турган чыпалактын учундай да жылуу сезим болгон жок. Андай сезим болмок да эмес. Этеги ачылып калган Ырыс алардын көңүлүн суутуп койду. Үйгө камап алып күйөөсү өзүнчө сурак жүргүзсө, кайненеси өзүнчө сурак кылды. Тажеңеси да чакыртылды. Анын сурагы өзүнчө болду.

- Эмне үчүн мага мурдараак бир ооз айтпайсың, абийириңди эптеп жабат элем го. Шерменде кылдың! - деп тажеңеси өз бетин өзү аткып, өз санын шак чаап жатты. Жүрөгү муздап, көңүлү зилдеп калган Ырыс баягы-баягы жаман окуяны оозуна алып айткысы келген жок. Айтканда эмне? Эч кимисине үндөбөй койду. Кылдай күнөөсү жок кыздын мойнуна тоодой күнөө тагылды да калды. Ал күнөөнүн азабын эми өмүр бою тартат окшоп калды. Кимге барып түшүндүрүп актанат?

Сапар менен болгон турмушу ошондой болду. Кайненесинин жылдырма какшыгына, күйөөсүнүн киши ордуна көрбөгөн мамилесине Ырыс туруштук бере алган жок. Баары бир бул үй-бүлөдө жашай алмак эмес экен.

Кара бет болуп кайра келген Ырысты үйгө көп кармабай ылайыктуу жер таап эртерээк күйөөгө берүүнү ойлоду тажеңеси. Шарият боюнча эрден чыккан аялды арадан төрт ай өтмөйүнчө кийинки күйөөгө берүүгө болбойт. Төрт ай төркүнүндө үйдөн чыкпай олтурушу керек. Муну тажеңеси жакшы билет. Ошол арада ылайыктуу күйөөнү байкаштырышы керек. А Ырыстын күйөөнү көрөйүн деген көзү жок. Көңүлү калды. Баарынан көңүлү калды. Эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт. Эч кимди көргүсү келбейт. Кайдадыр качып кеткиси келет.Кемсинип, чүнчүп кетти. Бара-бара жан дүйнөсүн бекитип, кулпулап алды.

Таенесинин курбалы кошуна кемпир гана көңүл жубаткан сөз айтты.

- Эчтеке эмес, балам. Ага капа болбо. Көңүлүңө жакпаса баса бергениң деле туура. “Аялдын чырагы кырк” дейт. Али жашсың. Сеники алдыда. Кадыр билбегенге кор болбо, балам.

Кошуна кемпирдин ошол сөздөрү Ырысты кадимкидей сооротту. Анан Чолпон деген классташ курбусуна кат жазды. Ал борбордо окууда. Төгүлүп-чачылып, ичиндегисинин баарын жазды. Бир аз бөксөргөнсүп, өксүктөн арылгансып калды. Кийин Чолпондон да көңүл жылыткан кат алды.

Канча жакшы кыялдары бар эле. Шаарга барып окусам дечү. Кол өнөрчүлөрдүн окуусуна кызыкчу. Кичинесинен эле куурчактарга көйнөк бычып, тигип түрлөп-түрлөп кийгизер эле.Таенесинен кездеменин өөндөрүн сурай берип тажатчу.Тикмечиликке, жамап-жаскаганга колу лыпылдап эптүү болчу.

***

Анан баягыдан көп өтпөй тагдыр Ырысты дагы башка жакка жетеледи. Салыбек менен баш кошту. Ал мурда үйлөнүп ажырашыптыр. Эки кызы аялына кеткен экен. Башта тааныштыргандар аны: “Эмгекчил, арак ичпейт, үй - жайга карамдуу”, - дешти. Чын эле Салыбектин улуу-кичүү менен бат тил табышкан элпектиги, анан иштермандыгы бар эле. Экөө тил табышып жашап кетишти. Ырыс үй оокатында болсо, Салыбек сыртты жайгарчу. Бирок үй ичиндеги майда-баратка дайыма көз салып турчу. Көрсө, ал анын майдачыл адаты экен. Анын аял тиричилигине киришмеси барган сайын көбөйдү. Муну байкаган Ырыс кээде ыгы келгенде Салыбек менен мамилелерди такташа кетчү. Андайда баары бир Салыбектики туура болуп чыкчу. Ал ар бир нерсени майдалап, зерикпей түшүндүрүп олтурчу. “Дүнүйө бир тыйындан куралат”, - деп баштачу ал сөзүн. Оокаттын оңой табылбасын, күнүгө ичип-жеп жатканыбыздын баары акча экенин, а акча азап менен табыларын, аны аял деген үнөмдөш керектигин ар күнү Ырыска айтып, кулагына куюп турар эле.Үкөктөгү ундун, шкафтагы кант-чайдын канча калганын, эми канчага жетерин эсептеп турчу. Ашыкча бир тыйын коротуу деген алардын үй-бүлөсүндө болчу эмес. Азыр ойлоп көрсө балдарына бир да жолу

атайылап момпосуй же оюнчук сатып беришпептир. Ырыска күйөөсү турмуштун жөн-жайын түшүндүргөндөн такыр тажачу эмес. Кошуна-колоңдор, тууган-туушкандар да Салыбектин майдачылдыгынан, көп сөздүүлүгүнөн тажашып, өздөрүн оолак кармашчу.

Ошентип жүрүп алар он беш жыл бирге жашашты. Эки балалуу болушту. Майда киши бардык иште майда эмеспи. Анын бул адаты калган жок. Тескерисинче, барган сайын күчөдү. Андай киши бара-бара көржеме болуп кетет экен. Андайлар кызганчаак да болушат. Үй оокаттан башы чыкпаган Ырысты кошуна-колоңдордон, ал тургай өзүнүн туугандарынан деле дайыны жок кызгана берчү. Эгер аны менен талашып-тартышчу болсо, колуна тийген буюм менен башка-көзгө чапкылап, эки-үч күн артынан ээрчип жүрүп сабай берер эле. Ырыс көп жолу кечирди. Балдары үчүн гана айла жок кечирип жүрдү. Анын майдалыгына көнүп деле бүткөн. Бирок анын кийинки күндөрү көбөйүп кеткен көржемелиги,“тегиң жок, таштанды, тажеңең ажаан” деген сыяктуу кордогон сөздөрү Ырыстын жүрөгүн биротоло муздатып, көңүлүн кайра жангыс кылып карайтты. Сүйгөндү мындай кой, көңүлүң көк таштай калып, анан жек көрүп калган адамың менен жашап көр. Аялга бул тирүүлөй кордук. Аны турмуш токтоо, чыдамкай болгонго үйрөткөн эле. Бирок адамдын сабыры деле түгөнөт экен. Анан ал минтип балдарын алып, тигил көржемени таштап жолго чыкты. Мына эми эртеңки күнүн тобокелге салып кетип баратат.

(Уландысы кийинки санда)

 

Элмира АЖЫКАНОВА