Элмира: «Карылар үйүн жаап салайын дейм, бирок балам кайра ооруп калабы деп корком»

Адам карыганда өз үйүндө, уул-келининин камкордугунда, неберелеринин маңдайында болсо кандай жакшы. Тилекке каршы, мындай бактылуу карылык баарына эле буюра бербейт. Балдарынын дээриненби же тарбиясынанбы, айтор, айрым аталар, апалар камкордуктан сырт калышат. Балыкчы шаарындагы ушундай тагдыры тайкы карылар үчүн Элмира Түмөнбаева өз үйүн сатып, алардын түйшүгүн тартып келет.

- Элмира эже, эмне үчүн бала бакча же башка мекеме эмес, карылар үйүн ачтыңыз?

– Биздин үч уул, бир кызыбыз бар. 2013-жылы ортончу уулубуз Рахат 22 жаш курагында жумушта нөөмөттө турган жеринен эле буту ооруп, бир түндө эле баспай калды. Ооруканага алып барсак, эч бир догдур так диагноз коё албай, алты ай бою эч натыйжасыз эле дарылай беришти. Акырында таптакыр эле кабыл албай калышкан, бири-бирине түртүп олтуруп, акыры болжолдуу артрит деген диагноз коюп беришти. Так диагноз болбогондуктан, жазып берген дарыларды ичкенде баламдын оорусу күчөп, абалы күндөн-күнгө оорлоп баратты. Бир күнү бир таанышым мечитке алып барып дем салдырып көрүүмдү сунуштады. Андайларга ишенбейт элем, бирок баламдын ооруганын көрүп чыдай албай, алып барып көрүүнү чечтим. Молдонун үч күндүк деминен кийин балам өзү кичинеден тамак сурап жей баштады. Мурда оозуна эки кашык гана суу куюп ичирип калганбыз. Башка тамактарды такыр жей алчу эмес, бир жак колу менен буту капкара болуп калган. Дагы үч күндөн кийин балам акырындан басып, өз алдынча эшикке чыга баштады. Ошентип бир айда эле ал бутка туруп акырындан басып, баягы капкара болгон колунун астынан жаңы тери чыга баштады. Кудай мага баламды кайра кайтарып берди. Ушундан кийин сооптуу иш кылалы деген ой менен өзүбүз жашап жаткан үйүбүздү сатып карылар үйүн ачтык. Анткени Ысык-Көл облусу боюнча бир дагы карылар үйү жок болчу. Кызыгы, балама мурда коюп жаткан диагноздорун бирин дагы текшертип таба албадык. Баары таптаза чыкты. Ошондон кийин кыргызчылыкка ишенип калдым.

– Ысык-Көл облусу боюнча жалгыз карылар үйү болсо, мамлекет тарабынан кандай жардам берилди?

– Карылар үйүн ачуу боюнча оюбузду айтканда эле мамлекет жардам бере албастыгын эскерткен. Болгону мэрия тарабынан бир кароосуз калган үйдү бөлүп беришкен. Саткан үйүбүздүн акчасына ошол үйдү ремонттоп, ичине үйгө керектүү буюм-тайымдарды, керебеттерди алдык. Булардын баарына 500 миң сом сарптадык. Эми ал акчабыз түгөнгөндө айына аренда төлөөгө өтөбүз. Азырынча канча каражат төлөрүбүз чечиле элек.

– Мамлекеттен жардам болбосо, каражатты каяктан аласыңар? Же демөөрчүңүздөр барбы?

– Жолдошум экөөбүз тең жумушсуз болгондуктан, биздин демөөрчүбүз - өзүбүздүн балдарыбыз. Алар колунан келишинче жардамдарын аябастан бизди колдоп келишет. Кээде коомдук фонддор азык-түлүк жагынан жардам беришет. Курман айт майрамында да жардамдар көп берилет. Ошолорду үнөмдөп олтуруп жеткиришибиз керек. Элдер кийилбей калган кийимдерин алып келип беришет. Аларды кичирейтип же чоңойтуп кийгизем. Андан сырткары дары-дармектерди убагында алып берүү керек. Ошондуктан элдин колдоосуна муктажбыз.

– Мында көбүнчө кандай адамдар жашашат?

– Негизи үй ашкана, даараткана, медициналык кабинет, төрт жатуучу бөлмөдөн туруп, 18 адамга ылайыкташтырылган. Жайкысын адам аз, ал эми кышында батпай калышат. Учурда 10 адам жашайт. Алардын дээрлик баарынын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Кээ бирин туугандары, балдары карабай койгон, кээ биринин келини уктатуучу дары берип уктата берип, өз үйүнөн качып келгендер. Көбүнчө келиндер кайненесин башкарганды жакшы көрүшөт экен. Ошол себептен батышпай калып же таарынып кетип калгандар кайрылат. Мүмкүнчүлүгү чектелген, отуруп-тура албаган адамдарга өзгөчө кароо керек да. Аларды туугандары карашпай, айласыз бизге келишет. А мен аларды өзүм карап, ашпозчу кызымдын жардамы менен жуунтам. Ага да айына алты миң сом маяна төлөп берүүм абзел. Ооруканада жатып калгандардын дагы жанында өзүм болуп, кийимдерин, бок-сийдигинен бери өзүм жууйм. Кошумча күч жалдаганга бизде каражат жетишпейт.

– Карылар үйүнө каалаган адам келе алабы? Кандай шарттары бар?

– Бул үйгө келерде атайын медициналык кароодон өтүүсү шарт. Андан тышкары пенсиясынын 30% ын алабыз. Башка деле чектөө, шарт жок.

– Жашап жаткан үйүңөрдү сатып, карылар үйүн ачтыңыздар. А өзүңүздөр каякта баш калкалоодосуздар?

– Жолдошум аскер кызматында, мен темир жолдо иштегендиктен, Балыкчыга жумушубуздун аркасы менен Бишкек шаарынан келип калдык. Мамлекет тарабынан жолдошума үч бөлмөлүү батир берилген. Ошол батирде бир уул, эки небере, бир кызым жана жолдошум болуп жашайбыз.

– Карылар үйүн ачканыңызга өкүнбөйсүзбү?

– Кээде аябай чарчап, жаап салууну ойлогон күндөрүм да болгон. Карылар күнүндө, Жаңы жыл же жана башка майрамдарда Өкмөт тарабынан карыларды куттуктап жатканын көргөн карылардын: «Бизге эмнеге келбейт, биз деле мамлекетке көп жылдар бою эмгек кылбадык беле?» - деген сыяктуу таарынычтарын угуп алып ызаланып кетем. Эмне үчүн баарыбызга бирдей мамиле жок деп ойлоном. Эгерде мен бул карылар үйүн жаап сала турган болсом, бул үйдүн жашоочулары кайда барат, кимден жардам сурайт? Кайра балама зыяны тийип ооруп калабы деп коркуп, жаап салуу оюмдан кайттым.

 

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы