Жеңил парыңыз менен МОНЧОНУН АЙЫМДАРГА КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Мончону ден соолукту чыңдоочу жай десек жаңылышпайбыз. Чогулуп алып пайдалуу менен жагымдууну айкалыштырып чер жазыша сүйлөшүп да, ден соолугуна пайда келтирип да турган курбулар көп. Мончо зат алмашууну активдештирет жана иммунитетти көтөрөт экен. Ошондой эле косметологдор бир жолку мончо процедурасы он косметикалык каражатты алмаштыра алат деп эсептешет. Бирок мончонун пайдасы муну менен бүтпөйт. Ал...

 

Теринин тешикчелерин ачат

Теринин тешикчелери аркылуу белгилүү бир сандагы кычкылтек биздин организмибизге кирет. Мончодогу жогорку температуранын таасиринен терибиздин тешикчелери ачылат да, андан тер менен кошо организмибиздеги шлактар чыгып кетет. Мына ушул үчүн мончодон соң болуп көрбөгөндөй жеңилдик сезилет.

 

Муун ооруларын дарылайт

Ревматизмди, радикулитти, остеохондрозду жылуулук менен дарылары баарыбызга белгилүү. Демек, мончо бел, муун ооруларын ийгиликтүү дарылайт.

 

Денени өлгөн клеткалардан тазалайт

Суткасына тери клеткаларынын 20%ы өлүп, ордуна жаңылары пайда болот. Мына ошол өлгөн клеткаларды алып салуу зарыл. Мончодо бууланган денеден өлгөн клеткалар чыгып, тери жумшак, серпилгич, жаш болуп калат. Эгер денеңизге бал сүйкөсөңүз, териңиз андан бетер жагымдуу болуп калат.

 

Арыктатат

Мончодогу жогорку температура кан айланууну тездетет. Натыйжада май клетчаткаларына кычкылтектин жетүүсү да тездейт. Мончонун бул жааттагы пайдасы организмде зат алмашуу жакшырат, атүгүл целлюлит жоголот.

 

Иммунитетти көтөрөт

Жогорку температурада биздин кан тамырларыбыз кеңейет, ал эми кадимки температурада тарыйт. Андыктан, буулануучу бөлмөдөгү 80 градус менен жуунуучу бөлмөдөгү 20 градусту улам алмаштыруу менен биз организмибизди бекемдейбиз. Демек, бул иммунитеттин көтөрүлүшүнө чоң жардам берет.

 

Чарчоону жазат

Мончодо чарчоо менен чыңалуу эң сонун жазылат. Дал ушул мончодо гана биз чындап эс алып, жылуулукту организмибиздин ар бир клеткасы аркылуу сезебиз.

 

Маанайды көтөрөт

Мончодон ачуулуу, бир нерсеге нааразы болуп же жаман маанай менен чыккан адамды кездештирүүгө мүмкүн эмес. Жогорку температура маанайды тез көтөрөт жана жакынкы 1,5-2 саатка чейин тери астындагы клетчатка жылуулукту кармап турат.

 

Мончого барганда төмөнкүлөрдү эске алыңыз:

Буу бөлмөсүнө киргенде башыңызга сөзсүз бир нерсе кийиңиз. Эч болбосо сүлгүнү чалма кылып ороп алыңыз.

Бууга кирип чыккан аралыкта суюктук ичип турушуңуз керек: ит мурундун маңызын, чөп чайлардан же жөн гана суу. Канчалык көп суюктук ичсеңиз, тер ошончолук көп бөлүнүп чыгат да, аны менен кошо ашыкча туздар, шлактар сыртка чыгат.

Бууда көп отурбаңыз. Бир жолу узак убакыт отурганга караганда бир нече жолу кирген жакшы.

Жумасына бир жолудан мончого барып турган жакшы.

Мончого барганда кара чай, кофе ичүү сунушталбайт. Анткени бул суусундуктардын курамындагы кофеин, танин сыяктуу заттардан организмиңиз жаңы эле тазаланды. Ал эми көк чай ичүүгө мүмкүн.

Мончодо косметикалык процедураларды колдонуу өтө ыңгайлуу. Анткени маска менен крем бул учурда териге жакшы сиңет.

 

Мончо шыпыргысы эмне үчүн керек?

Мончону шыпыргысыз элестетүү кыйын. Андай болсо анын сыры эмнеде? Адистердин айтымында, мончо шыпыргысынын сыры мында:

– ал булчуңдардын, тери астындагы клетчаканын, теринин кан айлануусун тездетет

– организмдин зат алмашуу процессин жакшыртат

– тердин жакшы бөлүнүп чыгышын шарттайт тери тешикчелеринин жакшы ачылышына жардам берет

Эң негизгиси, шыпыргынын жалбырактарынын курамында бактерияларга каршы касиети бар фитонцид заты жана зат алмашуу процессин жакшыртып, карылыктын алдын алуучу эфир майы бар.

 

Кош бойлуулук учурундагы мончо

Көпчүлүгүбүз кош бойлуулук учурунда мончого баруу кооптуу деп эсептесек, айрымдар тескерисинче пайдалуу деп эсептешет. Ден соолугунда эч кемчилиги жок айым үчүн мончо коопсуз болушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү заманда андай адамды табуу кыйын. Андыктан кош бойлуу айым мончого барганда сөзсүз түрдө кан басымы көтөрүлөт же түшөт. Бул болсо түйүлдүккө зыян. Анткени түйүлдүктүн кан айлануусу толук бойдон энесинин кан айлануусунан көз каранды эмеспи. Өзүңүздүн да, балаңыздын да организмине залал келтирүүнүн эмне кереги бар? Айрыкча кош бойлуулугунун алгачкы үч айында мончого көп барган эне баласынын ден соолугун тобокелчиликке салган болот.

 

Кимдерге жана качан мончого барууга болбойт?

– бөйрөк, боор ооруларынан жабыр тарткандар

– жүрөк оорусу барлар

– тез-тез муруну канагандар

– астмадан жабыр тарткандар

– дене табы менен коштолгон сасык тумоо учурунда

– ачка жана тескерисинче, өтө тоюп алганда

 

Нуриса БАЯЛИЕВА