Памирлик кыргыздар өз мекенинде

Өздөрү “кара дары” деп аташкан өсүмдүк – памир­ликтердин жалгыз “дарысы”. Ичи ооруса да, тиши ооруса да ошону пайдала­нышат жана бир кочушун (бир ширеңкенин кутусу) бир топозго айырбаш­ташат.

 

Кыздары 13-14 жашынан турмушка чыгып, 30 жашында он бала төрөшөт да, анын эки-үчөөсү эле аман калат. Медициналык жардамдын жоктугунан, эрте төрөттөн, тамак-аштагы витаминдер менен минералдардын аздыгынан улам балдар эле эмес, аялдар да эрте каза табышат.

Акыркы жылдары аялдар өтө эле суюлуп баратат. Ошондуктан кыздарга чоң калың берилет. Мурун эркектери 2-3төн аял алышса, азыр үйлөнбөй так өткөндөрү да жок эмес.

80ден өткөндөй көрүнгөн Уркуя 46 жашта. Осмон ажынын зор зайыбы (улуу аялы). Жолдошу кичүү зайыбы жана балдары болуп бир боз үйдө, Уркуя уулу менен башка боз үйдө жашайт.

Болгон тамагы – нан, топоздун сүтү, майы, эти жана койдун эти. Койдун шорпосу кан басымды жогорулаткандыктан, төгүп салышып этин гана жешет. Туз да жок. Айрымдары малга берген тузду сууга салып коюп эритип, ошону пайдаланышат. Жакын эле жерде жайгашкан көлдө балыктар деле жашайт. Бирок алар балык жегенди билишпейт. Ал боюна өздөрүнүн уламышы бар: илгери бир киши ошол көлгө барып сууну караса, суунун астынан аны эки көз карап турган болот. Тиги киши үйүнө чуркап келип, жүрөгү жарылып өлүп калган имиш.

 

Кийим-кече же дагы башка соода кылуу үчүн Ишкешимге келишет. Ал – он күндүк жол. Акча эмне экенин билишпейт. Керектүү нерселерин топозго, топоздун карынга куюлган майына алмаштырышат.

Памирлик кыргыздар ун үчүн Сархатка келишет. Барууга 3 күн, кайтууга 3 күн, жалпысынан, 6 күн кетет.

 

Памирде бойго жеткен кыздардын калыңы 60тан 100 койго чейин жетет. Ага кошумча 10догон топоз да берилет. Колунда жок эркектер бала жытын жыттабай да калышат. Ал жерде жаштар сүйүшүп турмуш курушпайт. Эрезеге жеткен кезде баласына жубайды ата-эне тандап алып берет.

 

Кызыл жоолукту кыздар, ак жоолукту келиндер салынышат. Аялы бар эркек чачыктуу баш кийим киет.

 

Сабаттуу деп эсептелгендери Ооганстандагы расмий деп эсептелген фарс тилинде сүйлөп, жаза да алышат.

 

Кыргыздар Ооганстандын түндүк тарабындагы Чоң Памир жана Кичи Памир деп аталган, деңиз деңгээлинен 3800-4100 метр бийиктикте жайгашкан, биздин өлкө менен чектешкен аймакта жашашат. Жалпы саны – болжол менен 1500-2000. Аларды көп жылдар бою Рахманкул хан жетектеп, акыркы жылдары Абдрашыд хан башкарган. Ооган кыргыздарын изилдөөгө биринчи жолу ХIII кылымдын аягында аракет кылынса да, ХIХ кылымдын аягында бул ишке толук киришишкен.

 

Кичинекей бөбөктөр момпосуй, оюнчук дегендерди али көрүшө элек. Бири да кат таанышпайт. Памирликтерде бала үч жашка чыкмайынча тырмагын албаган ырым бар. Тырмактарынын сынганы сынып, сынбаганы оркоюп өсүп, ичине кир толуп калганына маани беришпейт.

 

Памирлик кыргыздар журттарга бөлүнүшөт. Бир журтта үчтөн, бештен, эң көп болгондо ондон боз үй бар. Бир журт менен экинчи журттун ортосу – ат менен бир күндүк жол.

 

Бул аймакта ар бир үй-бүлө аз дегенде 3-4 наристесинен ажырап калышат.

Идишти кум менен тазалап, колду жуубай тамактанышат. Мунун баары жугуштуу оорулардын козголушуна түрткү берет. Сыркоолоп калышканда көрүнөйүн десе оорукана, ичейин десе дары-дармек жок. Көбү дары эмне экенин биле бербейт, илдетке чалдыгып жатып калгандары кайра бутуна тура албай, каза болгон учурлар көп болот.

Эң бай делген кыргыз 500гө жакын кой, 100гө жакын топоз кармайт. Арасында койчу жалдагандар да кездешет.

Бир жылда 10 ай кыш болот. Эң төмөнкү температура -50 градусту түзсө, эң жогорку температура +5 градусту түзөт.

Аймакта терскен деген өсүмдүктөн башка эч нерсе өспөгөндүктөн, малды тойгузуу – өзүнчө бир көйгөй.

Ошол жердеги кыргыздардын 1979-жылга чейин Ооган жарандыгын алган паспорту бар экен. 1979-жылкы революциядан кийин Ооган бийлигинде ар кандай жагдайлар болуп, тоодогу кыргыздарга көңүл бурулбай калган.

Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памирден этникалык кыргыздардын 17 баласы менен бирге алардын ата-энелерин жана жакын туугандарын алып келүү тууралуу 13-октябрда Нарын шаарында өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирген. Анын айтымында, буга чейин Кыргыз Республикасы менен Ооганстан Ислам Республикасынын ортосунда этникалык кыргыздардын балдарын Кыргызстанга алып келип окутуу боюнча меморандум түзүлгөн. Меморандумда: “Биз аларды көчүрүп эмес, этникалык кыргыздардын балдарын бул жерге алып келип, билим жана тарбия берүү маселесин коюп жатабыз”, - деген эле.

Ошону менен бирге эле этникалык кыргыздарды алып келгендеги кыйынчылыктары тууралуу: “Туугандарыбызды Кыргызстанга алып келүүдө бир топ кыйынчылыктар болду. Алгач Кабул шаарындагы Коопсуздук кеңеши: "Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда түзүлгөн меморандумду тааныбайбыз, биз балдарды окууга жибербейбиз", - деп айтышты. Андан соң биз Сапар Жумакадыровичке бул маселени билдирдик. Ал кишинин сүйлөшүүсүнөн кийин бизге Коопсуздук кеңештен: "Балдарды окууга алып кете берсеңер болот", - деген жооп болду. "Өзүңөр билгендей, ал жерде дагы чоң саясат бар», - деди ал.

Ошентип 33 адам Памирден Кыргызстанга алынып келинген. Алардын арасында кош бойлуу келин бар эле, ал көз жарып, учурда 34 боордошубуз биздин арабызда жашап жатышат. Алар учурда Нарын облусунда медициналык кароодон өтүп жатышат, андан соң Куланак айылындагы кесиптик окуу жайынын жатаканасына жайгаштырылмакчы. Булардын турак-жай, тамак-аш маселелерин бийлик көзөмөлдөйт. Учурда памирликтер Нарындын абасына, шартына көнө башташты.

 

Айнагүл КУДАЙБЕРДИЕВА