«Жылдыздуу» ымыркайлар

Балалуу болгон үйдүн шам чырагы жанып, наристе үнү ата-энеге күч-кубат берери анык. Акыркы айларда мына ушундай бакытка балкып «ата» статусуна ээ болгон жылдыздар көп. Алардын бактысына сиз да күбө болуңуз.

 

Гүлжигит Калыковдун уулу Умар Калыков

Төрөлгөн күнү:12-октябрь

Салмагы: 3 кг 808 гр

Бою: 53 см

Төрөт үйү: Репродукция борбору

 

– Ата болгонуңузду алгачкы жолу укканда кандай сезимде болдуңуз?

Гүлжигит Калыков: «Умарым төрөлгөндө жашып кеттим»

– Балалуу болгондогудай сезимдерди мурда сезип көргөн эмес экенмин. Көп эле конкурстарга барып, көп эле жоопкерчиликтүү мүнөттөр, жолугушуулар болгон, ошолордун биринде да мынчалык толкунданган, сүрдөнгөн эмесмин. Балам төрөлгүчөктү анын аман-эсен бул жарык дүйнөгө келишин тиленип сүрөлөрдү окуп жаттым. Өзүмдүн ата статусуна ээ болорумду ойлонуп, моюнума чоң жоопкерчиликти алып жатканымды сездим. Балам төрөлгөндө болсо сүйүнгөнүмдөн жашып кеттим. Наристелүү болуу сөз менен жеткиргис бакыт экен.

 

 

Аскат Сулаймановдун баласы Арлан Сулайманов

Төрөлгөн күнү: 19-сентябрь

Салмагы: 4 кг 650 гр

Бою: 58 см

Төрөт үйү: Чүй облустук төрөт үйү

 

– Уулуңуздун атын ким койдуңуз?

Аскат Сулайманов: «Уулумдун атын аяш атасы коюп берди»

– Менин үч эркек, эки кызым бар болчу.19-сентябрда алтынчы балалуу болуп, учурда кубанычым коюнума батпай турган чагым. Балама маанилүү ысым тандап жатсам, аяш атасы: «Мен уулдуу болгондо Арлан деп коюуну ниет кылдым эле, каршы болбосоң уулуңа ушул ысымды койбойсуңбу?» -деп сунуштап, маани-маңызы терең экендигин айтып калды. Интернет булактарынан карап көрсөм, арап тилинен которгондо “ар” сөзү - абийир, намыс, ардак дегенди түшүндүрүп, анан дагы уулдарым Арген, Арсен, Арленге дагы уйкашып калат экен. Арлан - бийиктикте жүргөн, тарп жебеген алгыр бүркүт, эки сүйлөбөгөн, өзүнүн сөзүнөн кайтпаган, таза деген мүнөздөмөгө ээ.

 

 

– Балаңызды биринчи жолу колуңузга алганда кандай сезимде болдуңуз?

 

Аскат Эрбаев: «Кыздуу болуп, ата-энеме болгон сүйүүм күч алды»

– Келинчегим кош бойлуу кезинде кыз экендигин билген күнү аябай кубанып, төрөлөрүн чыдамсыздык менен күтүп келгенбиз. Башкаларга окшоп уул болсо деген жокмун. Кыз да болсо Кудайдын берген белеги. Келинчегимдин толгоосу башталып кыйналып жатканда, тилекке каршы, мен жанында боло алган жокмун. Себеби жумуштарым менен Ысык-Көл жергесинде элем. Бирок кызым төрөлгөнчө жетишип келип калдым. Төрөлгөнүн уккандагы сезим менен аны колго алгандагы сезим башкача экен, өзүмдүн эле денемдин бир бөлүгүн колума кармап тургандай болдум. «Балам, балалуу болгондо билесиң»дегендей, “мени да ата-энем ушундай мээрим менен өстүргөн турбайбы?” деген ой келип, ата-энеге болгон сүйүүм мурдагыдан да күч алды.

 

 

 

 

– Кандай ата болуп жатасың?

 

Мажит: «Кызымды эмизе албаганым эле болбосо, калганы колумдан келет»

– Балалуу болгон адам гана бул сезимди түшүнбөсө, наристелүү болуу - сөз менен жеткирип, оозеки айта албаган сезим. Менде да ата статусуна ээ болгондо, бул сезим ойгонду десем болот. Келинчегим майда-чүйдө жумуштарын кылганча, кызымды колума көтөрүп эркелетип, жадагалса өзүм эле памперсин алмаштырып караганга жардам берип турам. Бир гана эмизе албаганым болбосо, кызымды караганга бардык жагынан шыгым бар.

 

 

Ата-энелер үчүн 8 алтын эреже

Балаңыздын оюн толук угуңуз. Сиз менен бардык нерсени сүйлөшүүгө, кеңешүүгө, ишенүүгө болорун балаңыз сезсин.

Анын кандай дос-курбулары бар экенин көрүп, ал тургай алардын ата-энелери менен да таанышып чыгыңыз.

Балаңыздын тарбиячысы, мугалими, бала багуучусу мыкты адиспи, алар балага кандай мамиле кылып жатышат, аны текшериңиз.

Эмне кылса болот жана эмне кылса болбойт, булардын айырмасын балаңызга жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен айтып түшүндүрүңүз.

Балаңызды эң акылдуу, эң кыйын адамга айлантууга аракет кылбаңыз. Жадагалса сиздин деле кемчиликтериңиз бар. Идеалдуу адам эч качан болбойт.

Эч качан башка балдарга салыштырбаңыз. “Ал анте алат, бул минте алат, а сенин колуңдан келбейт!”деп урушпаңыз. Колунан эмне келсе, ошону мактоо керек.

“Мен сени төрөп, чоңойттум!
А сен...” деген сыяктуу сөздөрдү айтпаңыз. Изилдөөлөр боюнча 99% бала мындайда ичинен болсо да “а мени төрө дедим беле, төрөбөй эле койсоң болмок” деп айтат экен.

Башка бирөөнүн көзүнчө баланы урушууга, жазалоого болбойт. Башкысы, чектен чыкпаңыз.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы