Айнура БЕРДИКУЛОВА: “Талант экөөбүз мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмеспиз...”

Кыргызда кыл кыякчы кыздарыбыз саналуу гана, алардын бири - Айнура Бердикулова. “Сармерден” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Талант Карагуловдун келинчеги, кыл кыякчы Айнура минтип бизге кызыктуу маек куруп берди.

– Айнура, маегибизди кантип кыл кыякчы болуп калганыңдан баштасак?

– Жакшы болот, ата-тегим Кочкор районунун Дөң-Алыш айылы болгону менен мен Бишкекте төрөлүп-өстүм. Ал эми кыл кыякчы болуп калганыма апамдын салымы чоң. Кичинекей кезимде эле Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кыл кыяк бөлүмүнө берип салган. Ошентип кыргыздын фольклоруна жакын болуп өстүм. Чыгармачылыкты жанынан артык көрөт апам. “Сен музыка менен машык”, - деп бала кезде мага такыр жумуш жасатчу эмес. Анан 2004-жылы музыкалык мектепти кызыл аттестат менен аяктап, Улуттук консерваторияга кыл кыяк бөлүмүнө тапшыргам. Учурда Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Камбаркан” ансамблинде солист катары эмгектенем.

– Кыл кыякты баалап уккандар аз болсо керек, өз алдынча салтанат, кечелерге чакыруулар болобу?

– Ооба, мурун кыл кыяктын күүлөрүн элдер муңдуу деп башкача кабыл алышчу. “Укканда кайгы-муңду эле чакыра берет”, - деп айтышчу. Азыркы замандын талабына жараша андай ойлор өзгөрүп, тойлорго чакыруулар да көп болууда. Кыл кыякка эстраданы кошуп ойносоң элдер кызыгуу менен угушат. Жеке эле Кыргызстан эмес, боордош казак элине, дагы коңшулаш мамлекеттерге чакырышат. Кыргыздын күүлөрүн абдан жакшы кабыл алышат. Мен жалаң эле күүлөрдү ойной бербестен дастан айтып, кыл кыяктын коштоосунда ырдап да жүрөм. Былтыр жеке концертимди Улуттук филармонияда бердим. Эл артисти Саламат Садыкова, Роза Амановалар катышышты. Роза эже менен кыл кыяктын коштоосунда дастан айттым. 3 балам ырдап элдин колдоосуна арзып жакшы концерт тартууладык. Азыркы заманда концерт берүү аябай кыйын экен демөөрчүлөрүң болбосо. Ошого карабай чуркап жүрүп бала кезде кыялданган ыр кечемди өзүмдүн аракетим менен өткөрүп алдым.

– Бала кез демекчи балалыгың кандай өттү эле?

– Мен өтө кыялкечмин, кичинекейимден эле ар нерсени кыялданып жүрө берчүмүн. Бир чыгарма аткарганда ошонун ичине кирип кетер элем. Анан бала кез дегенде элге окшоп куурчак ойноп же тентектик кылганымды эстей албайм. Себеби кыл кыякчы мугалимибиз бизди аябай катуу кармачу. Ошондон коркуп кыл кыяк менен машыгып жүрүп эле балалыгым өтүп кетиптир. Залина Касымова экөөбүз бир мугалимден сабак алганбыз. Окуучулук кезде Залина экөөбүз сынактарда алмак-салмак жеңүүчү болор элек.

– Ата-энең чыгармачыл инсандар эмеспи?

– Жок, атам Турсунбек тарых мугалими, апам Лариса невропатолог дарыгери болуп эмгектенет. 3 бир туугандын ортончусумун. Агам, сиңдим бар. Чыгармачылыкка жакыны мен элемин. Мени апам ушул кезге чейин моралдык да, материалдык да жактан колдоп келет. Балдарымды багышып ар дайым жардамдашып тургандыктан, балдар бат эле чоңоюп калышкандай сезилет. Кыл кыяктын арты менен дүйнө кездим, анда эч коркпостон кичинекей наристелеримди апама калтырып кетчүмүн.

– Апаларыбыз аман болсун, эми жеке жашооң тууралуу маегибизди улантсак. Былтыр жолдошуң Талант Карагулов келинчегим менен ажырашып эки жолго түштүк деген эле?

– Турмушта ар кандай сыноолор болот экен, өйдө-ылдый түшүнбөстүктөр кездешет турбайбы. Ооба, ал кезде кичине таарынышып жаткан кезибиз болчу. Бирок мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмеспиз, болгону кичине таарынышуулар болду. Азыр Кудайга шүгүр үй-бүлөбүз толукталып ынтымакта жашап жаткан кезибиз.

– Ошондой эле болсун, Талант экөөң кантип таанышып калдыңар эле?

– Талант экөөбүз консерваторияда окуп жүргөндө таанышып калганбыз. Ошол кезде эле сөзгө бай, шамдагай, жароокер жакшы бала болчу. Анан романтик эле, баратып эле арчаны үзө калып гүл жасай коюп, жок жерден адамдын көңүлүн өзүнө бурдура алчу. Айрыкча сөздүн гүлүн терип сүйлөп менин жүрөгүмдү багындырып алды десем болот. Себеби аялдар кулагыбыз менен сүйөт эмеспизби. Анын үстүнө менин ата-энем кыргыздын салт-санаасын сыйлап жакшы көрүшөт. Таланттын да нукура кыргыз баласына тиешелүү сапаттарын жактырдык. Ошентип эки жыл сүйлөшүп жүрүп 19 жашыбызда баш коштук. Учурда 3 баланы тарбиялап жатабыз.

- Эки таланттуу инсандардын балдары да таланттуу болсо керек. Бала тарбиялоодо кимиңер катуурааксыңар?

-Улуу кызым Акылай №5 гимназияда 5-класста окуйт. Экинчи кызыбыз Алтынай “Ак шоола” балдар хорунда солистка болуп ырдап жүрчү. Азыр аны М.Абдраев атындагы музыкалык мектепке скрипкага бөлүмүнө бердик чыгармачылыкка жакын болсун. Кайнежем да Австрияда скрипкачы. Келечекте кызыбыз жакшы скрипкачы болсо, чет мамлекетте окутсакпы деген жакшы ой-тилектерибиз бар. Ал эми уулубуз Айкөл 5 жашта бала бакчага барат. Үчөө тең таланттуу, ырга жакын. Айрыкча уулумдун ырдан башка акындык өнөрү да өрчүп кетет кээде. Кошуп куюлуштуруп сүйлөп таң калтырат. Бир туруп манасчы да болуп кетет, айтор, ар тараптуу. Негизи экөөбүз тең баласаакпыз. Бирок туура эмес кылса, экөөбүз тең эле бирдей урушабыз. Атасы урушуп жатса мен болушпайм, эрке болуп калбасын деп.

– Талант үйдө урушса да макалдаштырып кооз сөздөр менен урушса керек?

– Ооба,Талант шайыр, тамашакөй, чайды да жөн ичпей баарыбызды күлдүрүп, ар кандай сөздөрдү сүйлөп отурат. Анан да колу ачык, белек тартуулаганды жакшы көрөт. Майрамдарда Аяз ата болуп, аяштарга, балдарга оюнчук таратып баарынын көңүлүн алып шаңдуу жүрөт. Бирок ага карабай үй-бүлө болгон соң уруш-талаштар бизде деле болуп турат. Айтышуу жагынан Таланттан жеңилип калам. Ошондуктан урушпаганга аракет кылып, башталып келе жатканда урушту башка жакка буруп ийгенди үйрөнүп алдым (күлүп). Аял болгон соң ушинтип жаңжалдын алдын албасаң, үй-бүлөнүн сакталышы кыйын болуп калат экен. Негизи Талант табиятынан сөзмөр. Той-топур деп жүрүп “Сармерденге” да атайын даярданбайт, ага убактысы деле жок. Оозунан куюлуп эле сөздөр чыга берет.

– Үйдө акчаны ким кармайт?

– Биздин үйдө акчаны сен кармайсың же мен кармаймын демей жок. Бирдей кармайбыз, кимибизге керек болсо алып колдоно беребиз. Чогуу кармасаң үй-бүлө бекем болот. Бири-бирибизге ишенебиз. Буюм сатып аларда пландап, кеңешип алабыз, өз билгенин кыла бермей жок. Кудайга шүгүр, Талант тойлордон жакшы эле табат, үйдүн улуусу болгондуктан ата-энесине, бир туугандарына жардамдашып турат. Анын үстүнө өзү да тууганчыл, жүрөгү жумшак жардам берейин деп эле жүрөт.

– Чыгармачыл инсандардын ортосунда кызгануу болобу?

– Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан бири-бирибизди түшүнүп колдоп турабыз. Таланттан башкага турмушка чыксам түшүнбөстүктөр көп болсо керек эле деп ойлоймун. Анын үстүнө экөөбүз тең жакшы-жаманды башыбыздан өткөрүп түшүнүшүп калдык. Ар бир үй-бүлөдө кызгануу болсо керек, болгону мен кызганууга жол бербейм. Ал менин оор басырыктуу мүнөзүмдү жакшы билет, жолдошум менен ачык айрым сүйлөшөм. Жашырган эч нерсем жок, ошондуктан ишенип чет мамлекеттерге да жиберсе керек деп ойлоймун.

– Эми келечек пландарың менен да бөлүшө кетсең?

– Нурак Абдыракманов атабыз так текени комуз менен ойнотуп тарыхта калтырып кетпедиби. Муну кыл кыяк менен эч ким ойногон эмес, ошону биринчилерден болуп мен ойноп чыктым. Мурун ата-бабаларыбыз кыл кыяк менен “Манас” айтышчу экен. Кыл кыяк менен “Манас” айтсак деймин. Кыл кыякчыларды көп тарбиялап, бул аспапты элге кеңири жайылтсам деген тилегим бар.

 

Нуриса Баялиева