“АДЕМ” БИЙ ТОБУ: “Биздин максат Кыргызстанда жылдыз болуу эмес, дүйнөлүк сахнаны багындыруу”

Кыргызстан деген өлкө бар экенин өз өнөрү аркылуу дүйнөгө таанытып келе жаткан Атай Өмүрзаков жана анын “Тумар КР”, “Адем” бий топтору эмеспи. Жакында “Адем” бий тобу Малайзияда өткөн сынакта калыстарды таң калтырып өз өнөрлөрүн тартуулап кайтышты. Чет элдин оозун ачырган кыргыз жигиттери менен бүгүн минтип маектешип отурдук.

– Жигиттер, Малайзияда өткөн сынакта силер бүткүл Азияны таң калтырдыңар, ушул сынак боюнча айтып берсеңер?

Эрлан: - Саламатсыздарбы, балдардын арасында улуусу менмин, алгачкы сурооңузга мен жооп бере кетейин. Малайзияда өткөн "Asia’s Got Talent" же «Азия таланттарга бай» деген сынакка катышып келдик. Алгач бул жактан видео кастингге бийлеген видеобузду жиберип, андан өткөн соң телевизиондук кастингине август айында барып катышып келгенбиз. Ошол сиздер көргөн видеобуз 12-октябрда интернетке тарады. Көптөгөн мамлекеттердин таланттары катышкан бул сынакта калыстар “алтын баскычты” басып бизди кубандырды. Бул деген автоматтык түрдө жарым финалга өттү дегенди түшүндүрөт.

Нурсултан: - Бул сынак 3 этаптан турат, 12-ноябрда жарым финалдын видеосу чыгат. Ошондон кийин элдин добушуна коюлуп, 26-ноябрда жыйынтык чыгат. Орто Азия боюнча бул сынакка бир гана Кыргызстандан бийчилер катышканын белгилей кетсек болот.

Баяман: - Учурдан пайдаланып бизге виза ачканга жардам берген демөөрчү болгон компанияларга ыраазычылык билдиребиз. Ал эми биздин Малайзияга барып келген чыгымдарды уюштуруучулар өздөрү каржылады.

– Чындыгында малайзиялыктарды таң калтырыпсыңар, сөөктөрүңөр сынып кеткидей кыймылдарды жасаганда ден соолугуңарга күч келбейби? Айрыкча Эрлан, сенин бир бутуң менен чалкаңдан катып турганың кызык болду?

Баяман: - Бийде кыйын кыймылдарды жасаганда ден соолукка бир топ эле зыян берет. Сахнада татаал кыймылдарды жасап жатып колу-бутумду далай жолу чыгарып алып шалактап калганда, кайра ордуна салган учурлар болгон. Ошонун кесепетиби, айтор, акыркы кезде суук болгондо сөөктөрүм ооруй баштайт. Кээде белим ооруп тура албай калган учурлар кездешет.

Эрлан:- Бир бут менен туруу идеясы Майкл Жексондун кезинде эле бар болчу. Ошону бийге кошуп өзгөчөлүк киргизели дегенбиз. Бул кыймылды жасаганда бүт денеңе оорчулук келет. Муну жасаш үчүн тең салмактуулукту кармаш керек. Ошондуктан белиме, анан ичиме аябай күч келет, анткени катуу тырышып турушуң керек да. Негизинен оңой иш жок, бардык жумуштун түйшүгү болот эмеспи. Мен деле Баяман сыяктуу тура албай жатып калган учурларым кездешет, себеби белимде грыжам бар.

Эрдан: - Муну менен катар бийдин ден соолугубузга пайдасы да бар деп ойлойбуз. Анткени ар дайым кыймылда болобуз. Анан да биздин балдар эч качан толбойт. Канча жесек да ушул калыпта жүрөбүз.

– Силердин сынакка катышып, даярданганыңарга ким жардамдашат, сурайын дегеним баары Атай Өмүрзаковдун көзөмөлүндө болобу?

Нурсултан: - Менеджерибиз бар, ал ошол сынактарга баруу иштери менен алектенет. Албетте, Атай байкенин көзөмөлүндөбүз. “Тумар КР” тобу атын чыгарып көптөгөн сынактарга катышып алган соң бизге жол берди. Эми сынактарга биз катышып жатабыз. Алар келишим менен чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт.

Эрдан: - Биздин максат  Кыргызстанда жылдыз болуу эмес, дүйнөлүк сахнаны багындыруу. Ошон үчүн Европа, Америка, Азия болобу сынактарга катышып, өнөрлөрүбүздү тартуулап жатабыз. Кыргыздар “бир бийди кайталап бийлей бересиңер” деген сындарды айтып калышат. Бизде бий көп, бирок жакшысын, өзгөчөсүн көргөзгөнгө аракет кылабыз. Мисалы, Европа көрүп таң калып бүтүп койгон бийди Азия эми көрүп ооздору ачылып жатышат, “мындай бий көрө элек болчубуз” дешип. Ошондуктан кээде бир жакта бийлеген бийди экинчи жакта да бийлегенге туура келет.

Баяман: - Жаш өткөнгө чейин бийлеп алалык деп аракет кылып жатабыз. Айрымдар: “Бийди не кыласынар, окугула”, - дейт. Азыр бийлеп албасаң, качан бийлейсиң? Картайганда кесибибиз менен иштейбиз же бизнес кылабыз, ар кимибиздин өз максаттарыбыз бар.

Эрлан: - Негизи “Адем” бий тобунун курамы башка балдар болчу. 2012-жылы бул топту мен түзүп, бир топ сынактарга катышып 1-орунду алып жүрдүк. Анан балдар кетип калышып мен жалгыз калдым. Атай байке менин бийге болгон шыгымды көрүп: “Эки бала бар, жаңы бий топ түзөбүз”, - деп калды. 2015-жылы топ түзүп, атын “Адем” боюнча калтыралы деп чечтик. Биздин ортобузда учурда эч кандай келишим жок. Ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибизди билебиз. Эркин жүрүп жумуш жасагандан ырахат алган балдарбыз. Башында келишим түзүп деле иштеп көргөнбүз. Минтсек болбойт, тигинтсек болбойт деп кечке ойлоно берип тажап кетесиң. Өзүңдүн милдеттериңди ойлонуп, капаста камалган кишидей болуп калат экенсиң.

– Чет мамлекеттерге көп чыгасыңар, кандай кызыктарга дуушар болосуңар, кандай таасир аласыңар дегендей?

Эрлан: - Бийдин арты менен кыдырбаган жерибиз калбады. Бир паспортубуз толуп, экинчисин баштадык. Чет өлкөгө чыкканда англис тилин жакшы билиш керек. Бизде Нурсултан англис тилин жакшы билет, себеби Америкада бир жыл окуп келген. А биз оңой сөздөрдү гана билебиз. Андыктан чет жакка чыкканда Нурсултандан адашпаганга аракет кылабыз.

Баяман: - Биз Италияга барганда бир күн бош болуп калып, Рим шаарына барып Колизейди көрүп келгени жөнөдүк. Чөнтөгүбүздө 50 евро бар болчу. Ар бирибиздин барып келгенибизге 10 евродон деп эсептеп барганбыз. Колизейди көрүп, шаар кыдырып эми кетели десек, акчабыз калбай калыптыр. Эмне кыларыбызды билбейбиз же алардын тилинде сүйлөй албайбыз. Эми эмне кылабыз деп ойлонуп отуруп: “Шапкебизди жерге коюп бийлеп акча табабыз”, - деп сүйлөштүк. Бирок такыр бийлей албай койдук. Көрсө, биз андайга даяр эмес экенбиз. Айлабыз түгөнгөндө вокзалдын кызматкерлерине барып: “Акчабызды жоготуп алдык, визабыз, документтерибиз бар”, - деп айтып, сынакка катышты деген карточкабызды көрсөтсөк, бизди мейманканага бекер жеткирип коюшту.

– Силер сынак менен эле чектелип калбай, чакырылган жерлерге да барып бийлейсиңерби?

Эрдан: - Сынактан сырткары чакырылган жерлерге барып бийлейбиз. Бизди Кыргызстанда көп чакырбайт, ага караганда Казакстан, Орусия жана чет өлкөлөргө коммерциялык багытта көп чакырышат. Ал жакка тойлорго деле барып бийлеп берген учурларыбыз болот. Негизи эң арзан ставка Кыргызстанда, бирок арзанды да кымбат дешет биздикилер.

Эрлан: - Эсиңердеби өткөн жылы парламенттик шайлоодо үгүт иштери менен Нарынга барганыбыз. Атайды баш кылып бизди бир ЗИЛдин артында, так мал базардын ортосунда бийлетип койду. Апакай кийимдерди кийип алып бийлеп жатабыз же бизди эл карабайт, баалабайт да экен. Мал базарда койлорго бийлегендей эле болгонбуз. Азыр ойлосом күлкүм келет.

Нурсултан: - Бийлеп жүрүп акча тапса болот. Бирок байлык топтой элекпиз. Күнүмдүк жашаганыбызга, кийингенге жана жакындарыңа жардам бергенге эле жетип жатат. Биз сахна бийчиси болгондуктан, чакырган жерлерге шоу катары барабыз. Андан сырткары жарнамалардан каражат тапса болот. Тапкан каражатыбызды өз пайыздарыбыз менен бөлүшүп алабыз.

– Маегиңерге рахмат, дүйнөнү таң калтырып жүрө бергиле.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА