Кооз салаттар

«Билерик» салаты

Кандай азыктар керек?

Тооктун төш эти – 500 г

Жумуртка – 4 даана

Киви - 2-3 даана

Алма - 1-2 даана

Сабиз - 1-2 даана

Майонез – 250 г

Сарымсак - 1-2 тишче

Туз, кара мурч татымына жараша.

Кантип жасалат?

Тооктун этин, жумуртканы, сабизди сууга бышырып алабыз.

Сарымсакты сарымсак майдалагычтан өткөрүп, экөөнү жакшылап аралаштырабыз. 

Табактын ортосуна стакан коюп азыктарды катары менен тизип жасай баштайбыз.

1 - катар: кубик түрүндө майда тууралган тоок эти, туз

2 – катар: кубик түрүндө тууралган киви. Ортосуна майонез менен сарымсактын аралашмасынан сүйкөйбүз.

3 –катар: жумуртканын агын тиши чоң кыргычтан өткөрөбүз, үстүнө майонез сүйкөйбүз.

4 - катар: алманы да жогорудагы кыргычтан өткөрөбүз. Алма карайып кетпөөсү үчүн лимон ширесинен тамызып койсок болот.

Эми эң үстүн майонез менен жакшылап жаап, жумуртканын сарысын сээп, муздаткычка бир сааттан кем эмес коюлат. Андан кийин стаканды акырын алып, киви менен кооздойбуз.

 

 

“Көңүл эргүү” салаты

Кандай азыктар керек?

Кызылча – 2 даана

Сабиз – 2 даана

Пияз – 1 даана

Колбаса – 150 гр

Жумуртка – 3 даана

Козу карын – 1 банка

Майонез татымына жараша туз

Кантип жасалат?

Кызылча, сабиз, жумуртканы сууга бышырып, пиязды майда туурап кайнак сууга салып ачуусун кетирип алабыз.

Азыктарды катары менен тизип, ортолоруна майонезден сүртүп, туздан сээп турабыз.

1 – катар: кызылча (кыргычтан өткөрүлгөн)

2 – катар: сабиз (кыргычтан өткөрүлгөн)

3 – катар: пияз

4 – катар: узунунан майда тууралган колбаса

5 – катар: жумуртканын майдаланган сарысы

6 – катар: маринаддалган козу карын (майда туурап)

7 – катар: сыр (кыргычтан өткөрүлгөн)

8 – катар: жумуртканын агы (кыргычтан өткөрүп салаттын үстүнө себелеп чыгабыз.

Петрушка, розаны кызылчадан, бантикти сабизден кылып үстүн кооздоп коёбуз.

 

 

«Генерал» салаты

Кандай азыктар керек?

Эт - 200 г

Жумуртка - 4 даана

Кызылча - 2 даана

Сабиз – 2 даана 

Катуу сыр - 100 г

Сарымсак – 2 тишче

Майонез

Кантип жасалат?

Эт, сабиз, кызылча, жумуртканы сууга бышырып алабыз.

Муздаган этти майда туурап, сарымсак, майонез кошуп аралаштырабыз. Калган азыктарды чоң көздүү кыргычтан өткөрөбүз.

Эми катары менен: эт, сыр, жумуртка, сабиз, кызылчаны тизип, ортолоруна майонез сүйкөп турабыз.

Соңунда салатты көк чөптөр менен кооздоп, муздаткычка салып тыныктырып коёбуз.

 

Алия ДАНИЯРОВА