Аялдарды кордогон 8 өлкө

Гендердик тең укуктуулук, аялдардын жаркын жашоосу үчүн деп иштелип чыгып жаткан мыйзамдар бир өлкөдө актуалдуу болуп жатса, экинчи бир өлкөдө аял болуп төрөлүп калганы үчүн өмүр бою кордоолуудан башы чыкпай, тозоктогудай өмүр кечирип жүргөн бактысыз кыз-келиндер да бар. Аларды эч ким коргоп албайт, алар үчүн эч кандай мыйзам иштебейт. Алар - аял деген аты эле болбосо, эч кандай сыйга татыктуу эмес. Кайсы өлкөлөр деп кызыгып турсаңыз төмөндөгү чакан макалага көз жүгүртүңүз.

 

Ирак

Жибек чачтуу, кара көздүү Ирактын кыз-келиндери бул өлкөгө барып жүргөн ар бир адамдын көз жаздымынан калбай, кызыгуусун туудуруп турар эле. Кыздарды күйөөгө берүүдө сөзсүз алардын жаш курагы эске алынчу. Араб дүйнөсүндөгү билимдүүлүгү боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарында дал ушул Ирак мамлекети турчу. Ал эми азыркы учурда ата-энелер кыз балдарын жадагалса мектепке жиберүүдөн коркушат. Себеби аларды жол боюнан опоңой эле уурдап кетишет дагы сатып жибериши мүмкүн. Жоолук салынып жүрүү Ирак кыздарынын башкы милдеттерине айланган. Ал эми террористтер тарабынан кыздарды уурдоо кадимки эле көрүнүш. Уурдалган кыздар сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болушат. Туткунга түшкөн аялдар, анын ичинде 9-12 жаштагы жеткинчек кыздар санитардык эрежелер сакталбаган, жашаганга таптакыр ыңгайсыз кепе тамдарда камакка алынышып, ал жерден уруп-согууга, зордук-зомбулукка кабылышат жана бардык учурда сатылып кетүүгө дуушар болушат. Биринчи кезекте жаш кыздар кыйноого кабылышып, көпчүлүгү өмүр бою кулчулукта күн кечиргенден көрө өлүмдү артык деп эсептешип, өздөрүнүн жанын кыюуга чейин барышат. Ал эми туткундан качып чыккан кыздарды үй-бүлөсү баары бир кабыл албайт. Анткени никесиз зордуктоого кабылган кыздар үй-бүлөсүнүн жүзүн жер каратып, кадыр- баркын түшүрөт.

 

Пакистан

Бизнесвумен, саясатчы, юрист аялдар өтө аз санда кездешет жана бул мамлекеттин аялдары дээрлик эч кандай укукка ээ эмес. Пакистандын аялдарынын 82 пайызы эркектерден аз киреше табышат. Жогорку билими барлар дагы иштебей үйдө олтурушат дагы, кадимки кожойкелик иштен башка эч нерсе менен алектенишпейт. Бул өлкөнүн кээ бир аймактарында эркек тууганы кандайдыр бир кылмыш кылгандыгы үчүн жаза катары аялдарды топ-топ болуп зордуктоого алышат. Себеби алардын ою боюнча эркектин кылмышы үчүн аял киши күнөөлүү болуп саналат. Ушундай эле көрүнүш ич ара үй-бүлөлөрдө да болуп турат. Аялдардын күйөөсү тарабынан кордолуусу өтө көп кездешкенине карабай Пакистанда аялдык укукту коргой турган мыйзам жок. Жүзүнө, денесине кислота чачылып, ур-токмокко алынып жана жазасыз өлтүрүлүп кордолгон аялдардын саны абдан көп.

 

Индия

Индиялык аялдардын 70 пайызы үйдө же көчөдө зомбулукка кабылат. Аларды зордуктоо кылмыштуулук ичинен 4-орунда турат. Кээ бир индиялык жашоочулардын айтуусуна караганда, индиялык аялдын итчелик дагы кадыры жок. Индиялыктардын салты боюнча турмушка чыгып жаткан кыз үчүн ата-энеси чоң суммадагы материалдык баалуулуктарды бериши керек.         Ошон үчүн кыз бала үй-бүлөдөгү каалоодон тышкаркы бала болуп эсептелинет. Индиялык аялдын жашоосунун маңызы күйөөсү жана балдары болуп саналат. Башка эч бир нерсеге анын укугу жок. Ошондуктан эгер күйөөсү кедей болсо - аял күнөөлүү, себеби Кудайга жакшылап жалынбай койду. Күйөөсү ооруп калса - аял күнөөлүү, анын ден соолугуна жакшы кам көргөн жок, керек болсо күйөөсүнүн өлүмү үчүн дагы аялы күнөөлүү, себеби көбөйүп кеткен күнөөлөрү үчүн аялга жаза берилип жатат.

Индиянын жашоочулары мындай көрүнүштөргө чыдабай, бийликти аялдардын укугу үчүн күрөшүүгө чакырып жана зордук-зомбулукка каршы митингдерге чыгып турушат.

 

Египет

Аялдарга карата кайдыгерлик мамилеси боюнча Египет алдыңкы орунда. 37 % египеттик аял жөнөкөй билимге ээ эмес, 91 %ы “сүннөткө олтургузулган”, 99,9 %ы 2013- жылкы статистикалык көрсөткүч боюнча, жашоосунда жок дегенде бир жолу зордуктоого кабылган.

Бул өлкөдөгү баш кошуулар мажбурлоо түрүндө ишке ашат. Ал эми Каир шаарына жакын жайгашкан кыштактардын биринде эркектерге кызын сатуу негизги киреше болуп саналат. Египеттик кыз ислам дининен башка динди карманган жигитке турмушка чыгууга акысы жок. Эч нерсеге карабай башка диндеги мырзага турмушка чыгууга бел байлаган кыздын кийин төрөлгөн баласын тартып алышат дагы, башка мусулман эркекке мусулманча тарбия алуусу үчүн берип коюшат. Ал эми аялдын өзүнө кандай чара көрүлөт табышмак.

 

Сомали

Коркунучтуу жер. Айрыкча аялдар жана жаш балдар үчүн. Африкадагы жана Азиядагы айрым өлкөлөр сыяктуу Сомалиде дагы кыз балдарды эркек балдар сыяктуу “сүннөткө” олтургузат. Мындай процедурадан кийин аялдар өмүр бою сексуалдык ырахат алуу деген эмне экенин билбей өтүшөт. Бул эле эмес, көпчүлүк учурда санитардык эрежелер сакталбай жасалган процедурадан улам кыздар өмүрү менен да кош айтышат. Кыздарды “сүннөткө олтургузуунун” ар кандай түрү бар, эң коркунучтуусу - жыныстык мүчөнүн оозунан баштап түбүнө чейин тигишет дагы, натыйжада бир гана этек кир келүүчү тешикти ачык коюшат. Процедурадан кийин кыздар эки буту байланган абалда 10-12 күнгө чейин төшөктө жатууга аргасыз болушат. Эгерде аялдын боюна бүтүп төрөгөнгө туура келсе тигилген жерин кесишет дагы, кайра тигип коюшат. Мындай көрүнүш сомалилик аялдын кыска өмүрүнүн аягына чейин уланат. Ал эми Сомалиде аялдардын 9 гана пайызы төрөт үйүндө төрөбөсө, калгандары үйүндө жана көчөдө балдарын жарык дүйнөгө алып келишет.

 

Конго

Конгодогу кара терилүү тургундар европеоид жана азиат расасындагыларды кыйнап, болушунча кордук көрсөтүшөт. Аялдар дайыма зордук-зомбулукка кабылышат. Кептин баары Конго азыркы күнгө чейин согуштун азабынан жана коңшу мамлекеттердин кордугунан чыга албай келгендигинде. Деги эле Африка континентиндеги ар бир экинчи өлкө согуштан башы чыкпай келет. Согушчан аскерлер аялдардын жашы-карысына карабай топ-топ болуп зордукташат. Ал эми кээ бир учурда кыз-келиндердин таамай жыныстык мүчөсүнө тапанча менен атып өлтүрүшүп ырахат алышат. Шордуу аялдар сексуалдык кулчулуктан башы чыкпай жүрүп өтүшөт. Жыныстык оорулар, СПИД Конгодо өтө кеңири жайылган. Ден соолугуна кам көрүүнү конголук аялдар кыялданып дагы коюшпайт.

 

Гватемала

Жогоруда айтып өткөндөй эле, Африкадагы ар бир экинчи мамлекет согуштан жабыркап, жашоо шарты эң төмөнкү деңгээлде. Гватемала өлкөсү да аялдар үчүн коркунучтуу болгон өлкөлөрдүн сап башында турат. Бул жакта аялмын дегендин баары үй-бүлөлүк эле эмес, көпчүлүк учурда сексуалдык зордуктоого кабылат. Дүйнө жүзү боюнча СПИД дарты менен жабыркаган аялдардын саны дал ушул Гватемалада көп болуп саналат.

 

Мали

Экономикасы артта калган Малиде кыздардын басымдуу бөлүгү жыныстык органдын кесилүүсүнө кабылышат. Мындай кордуктан кутулууга саналуу гана кыз- келиндин мүмкүнчүлүгү бар. Жеткинчек кыздар жаштайынан эле күйөөгө тийүүгө мажбурланышат дагы, ар бир онунчу кыз төрөт учурунда же кош бойлуулук мезгилинде жарык дүйнө менен кош айтышып кете берет.

 

Чад

Чад мамлекетинин аялдары үчүн иштей турган эч кандай мыйзам жок жана ал жактын аялдары эч кандай укукка ээ эмес. Кыздардын дээрлик көпчүлүгү 11- 12 жашында эле турмушка аттанышат. Чаддын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан лагердеги качкын судандык аялдар зордуктоонун курмандыгы болушат жана аларга эч ким жардам бербейт. Лагерден тышкары деле ал аялдар үчүн өтө кооптуу болуп саналат. Чаддагы оппозициялык күчтөрдөн турган топтор жана бандиттер качкын аялдарды дайыма аңдып жүрүшөт жана аларга эч кандай тынч жашоо беришпейт.

 

Алина АСАНБЕКОВА