Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

 

Айназик

Туулган жылы: 1981-жыл 4-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: базарда сатуучу болуп иштейт

Жердиги: Ош облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай мырзалар жагат? Акылдуу, туруктуу, намаз окуган, иштерман, камкор, чечкиндүү

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0778 07 36 05

– Мен ала качуунун курмандыгы болгом. Жаштыгымдан пайдаланып алып качып, каалабаганым менен олтургузуп коюшкан. Башкалардын чечими менен башталган турмушта бактылуу болуп кетсем эч нерсе эмес эле, тилекке каршы, мен бактысыз болдум. Күйөөм ичип, кийин мас болгон сайын сабачу. Ортодо кызыбыз бар. Ата катары кызынын деле келечегин ойлогон жок. 8-9 жыл чымырканып чыдадым. Жашообуз оңолбогондо, баарына чекит коюп ал адамдан кетип калдым. Кызым эс тартып калды, анын энелүү, аталуу болуп өз колумда чоңоюшун каалайм. Ошол себептен эң алды кызыма кызындай мамиле кыла алган мырза издейм. Кызыма жакшы ата болгону – мага жакшы жолдош болгону болот эле. Жашы 40 менен 50нүн ортосу болсо болот. Жердиги мааниге ээ эмес. Ал адамдын балдарын бала кылып карап алууга макулмун. Мени сынабай, шылдыңдабай чыныгы мамилени каалагандар чалыңыздар.

 

 

Мирлан

Туулган жылы: 1990-жыл 8-март

Кесиби: эсепчи

Иштеген жери: банкта кесиби менен иштейт

Жердиги: Жалал-Абад облусу Сузак району

Кандай айымдар жагат? Ыймандуу, өзүнө караган, жылдыздуу, туруктуу, токтоо, таза, ачык-айрым

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы, малы бар

Байланыш телефону: 0779 97 65 94

– Аялым экөөбүз бир жыл сүйлөшүп, анан үйлөнгөнбүз. Бир жыл жашап бир балалуу болдук. Бирок бактылуу болгон жокпуз. Болор-болбоско урушуп-талашып жүрүп, акыры ажырашып кеттик. Мен аны менен эле эмес, анын ата-энеси менен да келише албай койдум. Баламды алып калгам, аны апам багат. Энеси уулуна келбейт. Жакшы аял таап кайрадан турмуш баштасам баламды колума алам. Ушул жагдайга макул болгон 20 жаштан 30 жашка чейинки кыз-келиндер чалгыла. Бир балалуулар менен тааныша берем. Тартынбагыла, менин башымда да бала бар.

 

 

Акыл

Туулган жылы: 1990-жыл

Кесиби: жок

Иштеген жери: такси айдап иштейт

Жердиги: Жалал-Абад шаары

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, туруктуу, жылдыздуу, иши бар, камкор, камдуу

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0553 93 89 89, 0774 99 93 89

Мен турмуштан бир ирет жаңылгам. Бир балага ата болуп, бир жарым жыл жакшы жашоого аракет кылып көрдүк. Бирок пикирибиз келишпей, турмуш арабасын бирге тарта албай калдык. 3 жылдан бери жалгыз жашайм. Сагынганда уулумду жаныма алып келип карап, кайра апасына жеткизип турам. Мага жалал-абаддык 20-30 жаштын ортосундагы кыз-келиндер чалгыла. Мен аялдын иштеген иши болуп, ишине да, үй-бүлөсүнө да жетишкен тың болушун каалайм. Мындай аялдар жүдөбөй өзүнө карап тыкан жүрүшөт. Мына ушундай артыкчылыкка ээ айымдар чалыңыздар.

 

 

Алмаз

Туулган жылы: 1975-жыл

Кесиби: жок

Иштеген жери: жер иштетип, мал карайт

Жердиги: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району

Кандай айымдар жагат? Мээримдүү, боорукер, мамилечил, акылдуу

Материалдык байлыгы: үйү, жери, малы бар

Байланыш телефону: 0700 34 16 79

Бактымды издеп таппай келем. Турмуш кургам, бирок бактылуу боло албадым. Апамды, бир туугандарымды да кошо ойлондуруп жүргөнүмө капамын. Бирок жакшы үмүт дайыма жанып турат экен, балким, ушул жолу баарын кубандырып бактыма кезигермин деген жакшы ниет менен ушул кызматка кайрылып жатам. Мага биздин облустун 4-5 жашка чейинки кичүү кыз-келиндери чалгыла. Баланы жакшы көргөн адаммын, балалуу келин менен жашап калуудан чочулабайм. Ал эми аялзатына койчу жалгыз талабым: карыган апама жакшы карап, төркүлөп келген бир туугандарыма жакшы мамиле кылуу. Калганынын баары ал каалагандай болот деп ойлойм.

 

 

Бакыт

Туулган жылы: 1986-жыл 22-январь

Кесиби: айдоочу

Иштеген жери: узак жолго КамАЗ айдап иштейт

Жердиги: Ош облусу Кара-Суу району

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, чынчыл, сыйчыл, туруктуу, узун бойлуу

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0776 81 10 00

Башымдан бир турмуш өткөн. Баш кошкондун баары эле бактылуу болуп өмүр аягына чейин бирге боло беришпейт экен. Бир кыздуу болгон соң ажырашып кеттим. 3 жылдан бери иш менен алек болуп жүрөм. Эми кайрадан ата-энемди келиндүү кылчу убакыт келди. Мага Кыргызстандын жети облусунан 22 жаштан 28 жашка чейинки кыз-келиндер чалгыла. Бир-эки баланы маселе кылбай багып алам. Башкысы, аялым мени менен кеңешип иш кылып, мени туура түшүнсө болгону. Кесибиме ылайык көп учурда жол-белде жүрөм. Бул маалда келинчегим ата-энемдин жанында болуп, менин жогумду билгизбей тургандай болсо жакшы болот эле.