Кырк чырак

(Башталышы өткөн санда)

Кош-Арык деген айылга күн баткан маалда жетип, балдары менен чоң жолдун боюнан түшүп калды. Эми Чолпонду сураштыруу керек. Күйөөсү милисалардын чоңу десе оңой эле таап алаар...

Ал жолдун четинде эки баласы менен чоң сумкаларынын жанында киши-кара өтөбү деп эки жакты акмалап турду.Тигинде бала жетелеген улгайыңкы толмоч аял шашпай келатат. Ошондон сурайын деди.

– Эже, саламатсыңарбы?

Чоочун келинди тааный албай үңүлө караган аял алик алган болуп тигинин суроосун күтүп калды.

– Эже, ушул айылда Чолпон деген келиндикине келдим эле...

– Чолпон? Кимдин келини?

– Күйөөсү милисалардын чоңу. Иш менен ушул айылга көчүп келишкен.

– Аа... Ооба, ооба. Бирок алар эбак эле көчүп кетишкен.

– Көчүп? Качан?

– Эки-үч ай болуп калды го дейм.

Ырыс шалдайып туруп калды. Анан кайра сурады.

– А кайда кетишкенин билбейсизби?

– Ушу угушумча, Ырассияга кетишти окшойт. Күйөөсү жумушунан бошоп калып: “Соода кылып акча табабыз”, - дегендей кылышты го. А сен кимиси болот элең?

– Мен Чолпондун жолдош кызы элем...

– Ка-ап, такташып алып анан келсең болмок экен.

Аял Ырыстын бою-башына, балдарына кыйытып көз таштап турду.

А Ырыс дал болуп туруп калды. Эми кантет? Муну байкаган аял басып кете алган жок. Укпадыбы акыбалды.

– Эми бүгүн кайра кете албай калдың го... Кеч болуп калбадыбы. Машине чыкпайт шаарга. Башка тааныштарың бар беле?

– Жок, эже. Эч кимим жок бул жерде.

Ырыстын үнү кардыккандай ызалуу чыкты. Аял бир аз ойлонуп калды.

– Эч кимиң жок болсо талаада калмак белең. Жүрү биздикине. Түнөп алып эртең кайтарсың...

Ошентип Ырыс чоочун аялдын үйүндө бир күн түнөдү. Өзүнүн кайра кете албасын айтып, жөн – жайын түшүндүргөндөн кийин аял айылдын этегиндеги бир тууган сиңдиси менен сүйлөшүп келди. Ырысты бала - чакасы менен сиңдисинин короосундагы бир бөлмөлүү жыгач үйгө кийирмек болушту.

Аялдын сиңдиси Батыйна күйөөсү, бала - бакырасы менен айылдын эң бай, бардар адамдары. Кара малы, кой – эчкиси короого батпай калганда ары тоо этектен алган жерине кашар куруп, жарым тиричилиги ошол жакта. Айылдагы үй менен кашардын ортосу анчейин алыс эмес.Тигил келин тиричиликке тың болсо байкап көрүп жалдап алсам деген ой менен Батыйна аны убактылуу кийирди.

Батыйна да толмочунан келген өзү ачык – айрым сүйлөгөн, бетке айтма мүнөзү бар даңкылдаган аял. Кээде кесир ооз да сүйлөп коёт. Жактырбай калган кишисин улуу – кичүүсүнө карабай кагып салат. Аны айылдагылар көпкөнүнө жорушат. Ал көппөгөндө анан ким көбөт. Адыр-түздөгү малдын баары эле ушулардыкы. Кашарда бир эмес, эки койчусу бар. Малды ошолор багат. Эринин эки машинеси бар. Жаңысын сыйга, эскиргенин тоо - ташка минет. Балдарынын алды борбордо кымбат окууларда окушат. Айыл эли ушулардан карыз сурайт. Көп аялдар Батыйнага жагалданып турушат. Анткени алардын баары бир Батыйнага иши түшпөй койбойт да.

Ал Ырыска боору ооругандан эмес, анын айласы түгөнүп турган абалынан пайдаланып иштетип алайын деп чечти.

Ошентип Ырыстын чоочун айылда бир бөлмө жыгач үйдө жаңы турмушу башталды. Азырынча күн жылуу. Суук түшсө кантишер экен. Аны да көрө жатар.

Ырыстын милдети – таң эрте туруп он чакты уйду саап, машинеге тартчусун тартып, айранга дегенин бышырып уютуп, райондон күн ара келген машинеге сүт өткөрүп тыйынын тактап, айтор, ондон ашык уйдун сүтүн жайгаруу. Идиштерин жууган эле канча жумуш. Кайра эле кеч кирет. Кайра саайт, кайра эле ошол жумуш. Бирок арткан - үрткөн айран, сүт менен эле балдарын эптеп бакчудай. Кызы да чоңоюп калбадыбы, анын да жардамы чоң. Ырыс балдары үчүн уй саамактан тим эле башы менен жер казбайбы... Бир гана жүрөгүн сыздаткан нерсе – балдарынын мектепке барбай калганы. Ушуну ойлогондо алардын жүзүн карай албайт. Анан да кичүү уулу кээде: “Атама барам”, - деп кыңкыстап калчу болду. Аны да эптеп сооротот.

Таягына өбөктөгөн кошуна кемпир кээде шашпай басып иш менен алектенген Ырыстын жанына келип олтурат. Аны “кара кемпир” дешет экен. Кара кемпир Ырыстын жөн-жайын сыртынан уккан өңдөнөт. Кээде эле кобуранып анын көңүлүн жубатып сүйлөнүп калат.

– Өзүң тирикарак экенсиң. Балдарыңды ушинтип бак эми. Кылган-эткениң дурус. Батыйнага жакшы кызмат кылсаң, ал деле ак көңүл келин барбалаңдап. Эмгегиңди жебейт.

Ырыс үндөбөйт. Эмне демек эле. Анын жүрөк дартын булар кайдан түшүнсүн. Кара кемпир кайра сүйлөнөт. Кемпирдин иши ошол эмеспи.

– Жаш экенсиң. Кудайдын айтканы тургандыр. “Аялдын чырагы кырк” дейт...

Ырыс биринчи күйөөсүнөн ажырашып келгенде таенесине курбалдаш кошуна кемпир да дал ушундай сөз айткан. ”Аялдын чырагы кырк” деген. Кырк болсо кана алардын күйгөнү. Жөн эле бир айтылган сөз го. Жок дегенде бири күйсөчү. Ырыс ушуга ичинен ызаланып алат. Анан балдарын ойлогондо кайратына келе түшөт. Кудай баланы ошон үчүн берет окшобойбу?

Батыйнанын күйөөсү Эркебек алгач Ырысты бир бечера катары көрдү. Ал тургай Батыйна келип акылдашканда анчейин ынаган эмес.

– Эки баласы менен кереги эмне, кандай аял экенин кайдан билесиң? - деп корсулдаган.

Ошондо Батыйна да көп сөз сүйлөдү:

– Мен жалгыз кайсыга жетишем. Анда малыңды сатып жогот. Мен сага күң белем. Ансыз да белим ооруп араң жүрөм.Сенин эмнең кетет эле? Айлык деле төлөбөйт элек. Анча - мынча тамак - аш берип турмакпыз...

– Болуптур, кийирсең кийирчи. Андан да кутула албай жүрөт эмессиңби.

– Ал жагын мага кой. Сени кыйнабайм.

Маселе ошентип чечилген. Эми кызык, эмнегедир Эркебек Ырысты ойлочу болду. Анын токтоолугуна, бир сырдуу муңайым тарткан көздөрүнө, ички адебине ал да ошондой аяр мамиле жасагысы келет. Аны аяп жардам бергиси келет. Ыгы келсе жакшы сөз айтсамбы дейт. Ырыстын жүрөгүндө туюк жарадай болгон азап барын алдыртан сезип жүрөт.

Өгүнү аны жыгач үйдөн кашар жактагы дубал үйгө көчүрүштү. Күн салкындап калбадыбы. Анын үстүнө Ырыс күндөн-күнгө Батыйнанын ишенимине кирип келатат. Иштин баарын өз убагында айттырбай бүтүрөт. Тыкандыгы, сергектиги бар. Өз үйүндөй иштейт, көп сүйлө- бөйт. Батыйна Ырыска бир мүшөк ун, картөшкө, май-сай кийирип берди. Дагы кошумча төшөнчү-орун, эски-уску идиш-аяктарынан кайрылышты. Эми кичине жакшы болуп калды.

Батыйнанын да колу узарып, кашар менен этектеги үйдүн ортосунда күнүмдүк иштерди тескеп, көбүнчө этектеги үйдүн тиричилигине байланып калды.

(Уландысы кийинки санда)

Элмира АЖЫКАНОВА