Сурагым келет

“Сурагым келет” рубрикасында бул ирет аялдардын сот иштери боюнча көйгөйлүү суроолоруна адвокат Динара Медетова жооп берди. Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге,

Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0709 90 53 60 номерине, Инстаграмдагы @lady__kg баракчасына кат жазыңыздар.

 

Суроо: - Турмушка чыгып бир балалуу болгом. Бирок күйөөм экөөбүз ЗАГСка турган эмеспиз. Балам атасына катталган. Биз көп өтпөй жашообуз болбой ажырашып кеттик. Балам менин колумда калган. Азыр баламды эч нерседен кем кылбай өзүм багам. Атасы болсо карабайт деле, сурап да койбойт. Мен деле күйөөмөн алимент же жардам сурабайм. Андай атаны биротоло жок адам кылайын деп, баламды өзүмө каттатып алайын дегем. Соттун кийлигишүүсү жок баламды кантип өзүмө каттатсам болот?

Айганыш, Ош шаары

Жооп: - Соттун чечимисиз баланы эч качан өзүңүзгө каттата албайсыз. Соттун чечими аркылуу эки жол менен каттатсаңыз болот. Биринчиси - атасынын макулдугу керек. Экинчиси - атасын алиментке бересиз, эгерде алимент көп убакытка чейин төлөбөсө, аталык укуктан ажыратып, анан өзүңүзгө каттата аласыз.

 

Суроо: - Биздин салган үй кайнатамдын наамына жазылган. Бирок ал үйдүн пайдубалы куюлгандан баштап колумдагы кичинекей сегиз айлык балама карабай чатырда жашап курулуш иштерине жардам берип аябай кыйналганым эсимде. Үй бүтүп жашап атканда күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Эми балам экөөбүзгө үйдүн кайсы бир бөлүгү тиеби?

Айсулуу, Сокулук району

Жооп: - Тилекке каршы, эч кандай бөлүгүн ала албайсыз. Анткени үй кайнатаңыздын наамында экен. Күйөөңүздүн наамында болгондо экөөңүздөргө тең бөлүнмөк.

 

 

Суроо: - Тил кат жаздырбай туруп бирөөгө көп суммадагы акча берип салыптырмын. Ал болсо дайынын таптырбай качып кетти. Эми акчамды кантип өндүрө алам?

Жазгүл, Жалал-Абад облусу

Жооп: - Эгерде тил кат жок болсо, сиз акча бергенде күбө болгон адамдар бар. Ошолордун жардамы менен милицияга арыз жазыңыз. Күбөлөр үй-бүлөңүздөгүлөр болсо деле боло берет.

 

 

Суроо: - Мен Кыргызстандын, мурунку күйөөм Орусиянын жараны. Эми биз Кыргызстандын кайсы жеринен ЗАГСыбызды кырктырсак болот? Нотариус акчага кыркып берем дейт, бул нерсе мыйзамдуу эле болобу?

Индира, Бишкек шаары

Жооп: - Мен бир топ жылдык практикамда ЗАГСты нотариус аркылуу кыркканды көрө элекмин. Андай мүмкүнчүлүк болсо сотко барып убара болуп жүрбөй, баары нотариуска барып эле кырктыра беришет эле го. Сизди алдап жатышат, бул нерсе мыйзамсыз. Ал эми сиз Кыргызстандын, күйөөңүз Орусиянын жараны болсо, экөөңүздөр нике тууралуу күбөлүгүн алган жерге арыз менен кайрыласыз.

 

 

Суроо: - Мен биринчи жолдошум менен 2015-жылы сот аркылуу ажырашкам. Эми экинчи ирет турмуш куруп жашап атам. Жакында паспортумду алмаштырайын десем ЗАГС кыркылбаптыр дейт. Эмне кылсам болот? Азыр анын башка аялы, менин башка турмушум бар. Сотко барганга шарт жок, балам кичинекей. Мурунку күйөөм менен кантип мыйзамдуу түрдө ажырашсам болот?  Биздин ЗАГСты сот алып калган, сот болгон күнү мага эч кандай документ беришкен эмес.

Гүлнара, Кант шаары

Жооп: - Сиздер сот аркылуу ажырашканда сот кагаз берип, ошол кагазды ЗАГС бөлүмүнө алып баргандан кийин гана кыркылмак. Бирок сиздер кагазды алып барган эмессиздер. Эми сиздерди ажыраштырган сотко барып, архивден кагазын алып келип кырктырыш керек.

 

Суроо: - Менин 4 балам бар. Күйөөм менен ажырашып кеткем, балдарымды эки жылдан бери өзүм багам. Балдардын атасы Россияда, балдарына таптакыр жардам бербейт, алимент төлөбөйт. Кээде мага чалып: «Кыргызстанга барып балдарды, үйдү да сенден алам», - деп коркутат. Мага көргөзбөгөн кордугу калбады. Ошол жакта жүрүп да тынч койбойт. Балдары болсо жаш, чоңу 3-класста окуйт. Сурайын дегеним ушуга мыйзам чегинде кандай чара көрсөм болот? Балдарды тартып алганга укугу барбы?

Дилбар, Бишкек шаары

Жооп: - Акылына кирип, өзүнө жооп бере турган, атасына же энесине барууну өзү тандаган куракка келмейинче ата балдарды энеден ала албайт. Энеден бала кандай шартта атага берилет: эне ичкич, психикалык жактан оорулуу же көп жылга соттолуп кеткен болсо, экинчи тараптын арызы менен энелик укуктан ажырашы мүмкүн. Сиздин күйөөңүз балдарды ала албайт. Эгерде ортоңуздарда ЗАГС бар болсо, үйдүн жарым бөлүгү сизге бөлүнөт. Жаңы ажырашкан учурларда алимент кестирип койсоңуз болмок, ошонун акчасы чогулуп олтуруп, үйдүн ага бөлүнө турган жарым баасына туура келип калса, сот үйдү толук бойдон сизге өткөрүп бермек.

 

Суроо: - Менин эки балам бар. Кызым бир жарым жашта, уулум үч айлык болду. Күйөөм кызыл камчы болуп күн көрсөтпөгөндүктөн, эки балага карабай аны менен ажырашкам. Биз үйлөнгөндө нике тууралуу күбөлүк алган эмеспиз. Анын айынан балдарымды төрөгөндө экөө тең мага жазылган. Эми күйөөмөн алимент өндүрөйүн десем күбөлүк жок.  ДНК кылалы десем кымбат экен, ага шартым жок. Башка дагы кандай жолдору бар?

Гүлшан, Нарын облусу

Жооп: - Чындыгында ДНК анализи бүгүнкү күндө 55 миң сом турат, өтө кымбат. Андыктан баарынын эле шарты келбейт. Бирок ДНК анализин чыгарып алуу эле жетишсиз. ДНК анализин алып алып сотко баруу керек. Сот аталыгын аныктагандан кийин ошол чечим менен алимент өндүрүүгө барасыз. Андан башка жол менен алимент өндүрө албайт. Анткени мага тийгенде кош бойлуу болчусуң деп да чыгышы мүмкүн, балдарынын атасы экени тууралуу далил жок болуп атат.

 

 

Суроо: - Мен турмушка чыккам, азыр бир кызым бар. Жашоо деген абдан татаал экен. Күйөөм урат, согот, аны менен жашоо кыйын болуп бара жатат. Баарын жыйыштырып кетем десем, күйөөм: «Ажырашсаң кыз менде калат, кетсең өзүң кетесиң», - дейт. Күйөөмүн сот жагынан күчтүү тааныштары бар, ошолордун арты менен кызды алып калам деп коркутат. Мен кызымсыз жашай албайм. Эгерде ажырашсак кызымды ала албай каламбы деп коркуп жашайм. Өзү негизи бала энеде болуш керекпи же атадабы?

Зуура, Баткен шаары

Жооп: - Бала жогоруда айтканымдай, акылга кирип, ата же энеде болууну өзү тандамайынча энеде болот. Ал эми ажырашууда сотто күчтүү таанышы болгон учурда да ата баланы ала албайт. Эч коркпоңуз, эгерде тааныштары таасир этсе ММКлар бар, аларга арызданып, ошол адамдын бетин ачыкка чыгарыш керек. Эч бир адам тааныш же акча менен мыйзамды буза албайт. 

 

 

Суроо: - Биз жакында үй сатып алганы жатабыз. Күйөөм менен жашаганыма 6-7 жыл болуп, эки балалуу болсок да ага ишене албайм. Анткени аябай жүрөнөөк, бир күнү бизди таштап, кайсы бир аялдын артынан ээрчип кетип калышы толук мүмкүн. Ошондуктан үйдү менин атыма жаздырайын десем, экөөбүз урушуп атабыз. Сурайын дегеним, үй күйөөмө жазылып калса, ажырашсак мага да кайсы бир бөлүгү тиеби?

Фарида, Бишкек шаары

Жооп: - Эч кам санабаңыз, үй сизге жазылабы, күйөөңүзгө жазылабы, эч айырмасы жок. Экөөңүздөр жашап жаткан убакта алынган мүлктүн баары тең бөлүнөт. Эң башкысы нике күбөлүгүңүздөр бар болсо болду.

 

 

Суроо: - Биз квартирада турчубуз, бирок ээси каза болуп калыптыр. Андан тил кат да албаптырбыз, тууган-уругу да жок экен. Көп жылдан бери жарык, суу, газ үчүн төлөп жүргөн квитанциялар бар. Эми үйдү өзүбүзгө каттатсак дегенбиз, кайда кайрылсак болот?

Нурай, Бишкек шаары

Жооп: - Сиздер ошол квитанцияларды, кошуна жашаган адамдардан ошол үйдө көптөн бери жашай турганыңыздарды тастыктоочу тил кат жаздырып алып, сотко кайрыласыздар. Сот батирди сиздердин менчигиңиздер деп тапкандан кийин мамлекеттик каттоо органдарына барып батирди өзүңүздөргө жаздырып ала аласыздар.  

 

 

Суроо: - Биз бирөөдөн жер сатып алсак, ал жер бизден башка да эки адамга сатылган экен. Үчөөбүздө тең кызыл китеп бар, азыр талашып атабыз. Эми кандай чечсек болот?

Жибек, Ак-Ордо жаы конушу 

Жооп: - Бул маселе боюнча мындай деп жооп берет элем. Биринчиден, бирдиктүү мамлекеттик система жок. Экинчиден, жетекчилер бат-баттан алмашышат, бири-бирин көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар жок. Мисалы, архитектура менен мамлекеттик каттоо кызматы макулдашып документ жасашып, бир башкы план боюнча иш алып барышпайт. Ошонун себебинен бир жерге 2-3 документ берилип калып, ушундай талаш-тартыш чыгат. Анан да бизде трансформация деген түшүнүк бар. Ал жер трансформация болгонбу же жокпу, ушул маселе да мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги. Анткени трансформация болбой турган айдоо аянттарына, башкы планга түшпөгөн жер тилкелерине да кызыл китептер жазылып калып атат. Сиздердин маселеңиздерге чекитти бир гана сот коёт. Негизи бул кылмыш иши, эми сотко берилгенде ошол жерди кимден сатып алган же кайсы мамлекеттик орган берген ошонун баарын такташ керек. Бул жерде мамлекеттик кызматкерлердин да, жердин ээлеринин да жоопкерчилиги бар. Бир жерге 2-3 кызыл китеп берилип калганы мамлекеттик орган кызматкерлери тарабынан болгон алдамчылык. Кызмат абалынан аша чаап пайдалануу.

 

Суроо: - Менин иним жакында келинчеги экөө жол кырсыгына туш болуп, келинчеги кайтыш болгон. Алар үйлөнгөнүнө бир жыл болгон. Экөө балалуу боло элек эле. Келинибиз бизге келгенде өз мээнети менен алган машинасы бар болчу. Аны сатып, алгачкы төлөмүн берип ипотекага үй алышкан, кийинки төлөмдөрүн иним төлөп турган. Үйдү да иним өз колу менен евро кылып оңдоп-түзөгөн. Тилекке каршы, экөөнө буйрубай калды. Эми кырк күн болбой атып келинибиздин ата-энеси: “Үйдү эмне кылабыз?” - деп атышат. Апам аны угуп: «Биз кайгыда олтурсак, алардын ою үйдө», - деп кейип жатат. Келиндин апалары эми үйдү сатып, экиге бөлөбүз дегендей кылыптыр. Эми биз эмне кылышыбыз керек?

Каным, Бишкек шаары

Жооп: - Ал үй бала менен келин үйлөнгөндөн кийин алынган мүлк болгондуктан, экөөнө таандык болуп эсептелет. Андыктан баланын үйү болуп саналат. Бирок эгерде келиндин туугандары талашып аткан болсо, алар өлгөн адамга мураскер болуп табылышы керек. Ал үчүн нотариустан мураскерлик китебин ачтырып сотко кайрылат, сот булардын маселесин чечип берет.   

 

Динара ЧОКОЕВА