Болотбек ТИЛЕК, актёр: «Жубайым медик болуп, дарыкана иштетсек дейм»

Бүгүнкү күндө клиптерде, жаңы тартылып жаткан тасмаларда роль жаратып жүргөн, элге таанымал саналуу жаш актёрлор бар. Алардын бири - Болотбек Тилек. Элге өзгөчө «Салам Бишкек», «Түндүктүк келин» тасмалары менен таанылган актёрду маекке чакырып, чыгармачылыгы жана жеке жашоосу тууралуу маалымат алдык.

– Учурда спектаклге даярданып жаткан экенсиз, актёрдук сиздин кесибиңизби?

– Ооба, мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде актёрдук чеберчилик боюнча билим алгам. Кесибим актёр. Алгач Шаршен Термечиков атындагы Чүй театрында үч жылдай иштедим. Ошол учурда эле «Учур» театрында иштегим келип көздөп жүрчүмүн. Учурда өзүм кыялданган ошол мамлекеттик «Учур» театрында эмгектенем. Быйылкы сезонду ачып, азыр эки спектаклге кызуу даярданып элге тартуулаганы турабыз. Андан сырткары кино, клип, жарнамалык роликтерге чакыруу боюнча барып турам.

– Актёр болууну бала кезиңизден эле самачу белеңиз же клиптерге тартылып жүрүп кызыгып кеттиңизби?

– Актёр болууну бала кезден самап, мектепти аяктаганымда дароо келип актёрлукка тапшырдым. 3-курста окуп жүргөн учурумдан баштап чыгармачылык дүйнөгө кирдим. Ошол учурда «Адашкан уул» аттуу тасмага кастинг болуп калды. Кызыгуум менен кастингге барсам, экинчи пландагы каарманга тандап алышты. Аталган тасма кийин «Уул» деген ат менен жарыкка чыкты. Аталган тасма тушоомду кесип, артынан тасмаларга тартылып олтуруп он эки тасмада башкы каармандын ролун ойнодум.

– Азыркы жаш актёрлордун алдыңкы сабындасыз, кайсы ролуңуз багыңызды ачты?

– Ар бир кино мага баламдай болуп калган, андыктан баарынын салымы бар. Бирок мени элге тааныткандарын айта кетсем, «Соолуган гүлдөр» деген тасма жаштардын арасында абдан кызыгуу жаратып, мени жаштарга таанылтты. Андан кийин «Салам, Бишкек» комедиялык тасмабызды жактырып көрүштү, өзгөчө орто муунга жага турган кино болду. Ал эми «Түндүктүк келин» тасмасы улуу муунга жагып, мен ошону менен бардык курактагы адамдарга таанылып кеттим. Азыр менин чыгармачылыгыма дагы салым кошо турган «Салам, Ош» деген тасма кинотеатрларда көрсөтүлүп атат.

– Билимдүү актёр экенсиз, тасмаларга чакыруу болгондо салмагына карайсызбы?

– Албетте. Мен алгач кайсы режиссёр тартып атат, ошол нерсеге көңүл бурам. Кино чөйрөсүнө аралашып жүрүп кино тартуучу кайсы команда күчтүү, кайсынысы алсыз, кимиси сенин кашыктап топтоп келе жаткан аброюңду чакалап төгүп салат, баарын билип калгам. Андыктан көңүлүмө туура келбеген жерлерге: «Башка иштерим бар», - деп баш тарткан учурларым болот. Кесибиң менен иштеп жаткандан кийин күнүмдүккө эмес, келечекке караш керек.

– Мурдагы тасмаларды көрүп, «ушуга тартылбай койсом болмок» деген тасмаңыз барбы?

– Тасманы жактырбай, өкүнгөн учур болгон эмес. Тасмадан өзүмдү көрүп «мындан башкачараак ойносом болмок экен» деген учурлар болот. Чынын айтсам, биздин режиссёрлор өтө алсыз, кинорежиссёрлорго караганда киноактёрлорубуз күчтүүрөөк. Мен көп режиссёрлордон өзүм эки-үч вариантта ойноп көрүүнү суранам. Бирок алар үстүртөдөн эле тартып кетип калышат. Ушул нерсе өкүндүрөт. Төлөмүш Океевдин тасмаларында роль жаратпай калганыма ичим ачышат. Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаевалар режиссёрдун мыктылыгынан мыкты болушкан. Бирок келечек алдыда, жакшы нерселерден үмүт кылабыз.

– Клиптерде эң көп роль жараткан актёр катары да таанымалсыз, канча клипке тартылгансыз?

– Мурда канча клипке тартылганымды санай берчүмүн. Азыр катар-катар болуп кетип, эсебин билбей калдым. Чакыруу болсо барып тартылып кетип калып атып, бир топ клипке тартылып коюптурмун. Азыр дарегиме: «Клиптерге тартылбай эле койчу, көрүнгөн клипте эле сен болуп калдың», - деген сөздөр айтылат. Туура, бул нерсени моюнума алам. Бирок ырчылар, клипмейкерлер ага болбой чакыра беришет.

– Театр, кино, клип - бул нерселерден тапкан каражат жан багууга жетиштүүбү?

– Чындыгында театрдын айлыгы өтө аз. Андыктан бизге 3-4 жумушту бирдей алып кеткенге туура келет. Театр дагы ошого шарт түзүп, бизге эркиндик берет. Мен театрда иштейм, клипке, киного тартылам. Андан сырткары акыркы үч жылдан бери тойлордо тамадалык кылам. Ар кандай маараке, кечелерге алып баруучу катары да чакырып калышат. Өзүмдүн жеке куурчак театрым бар. Жылына бир жолу Жаңы жылда бала бакчадагы балдар үчүн кечелерди уюштурам. Ошолордун баары болуп олтуруп, Кудайга шүгүр, жетиштүү эле болуп калат.

– Күз тамадалар үчүн эң кирешелүү убак болуп калды го. Демек, азыр итиңиз чөп жеп аткан экен да...

– Мен өзүм тамадалыкка эмес, алып баруучулукка көп кызыгам. Тамадалыкты тааныштарымдын суранычы боюнча эле аркалап калдым. Азыр башка тамадаларга окшоп дайыма тойдун үстүндө эмесмин. Тааныштарым, классташтарым, жакындарымдын эле тойлорунда кызмат кылып коём. Азыр сезон убагы экен, алдыда беш тоюм бар.

– Бүгүнкү күндө тасма, клиптердеги гонорарыңыз канча?

– Сүйлөшкөнгө жараша кинодон ичип жегенден сырткары күнүнө миң сомдон кем албайм. Ал эми бир клипке тартылуу үчүн 1-2 күн жүрүп, 5 миң сомдон 100 долларга чейин алам.

– Жеке жашооңуз өзгөчө күйөрман кыздарыңызга кызык, айта кетпесеңиз болбойт.

– Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө жети бир туугандын алтынчысымын. Мен гана чыгармачылыкка жакын болуп жаралыптырмын, башкаларынын баарынын кесиптери башка тармакта. Мен азыркы учурда бойдокмун. Буюрса, түгөйүмдү тапсам, үй-бүлө курсам деген оюм бар.

– Турмуш кура турган убагыңыз келип калса керек?

– Учурда 29 жаштамын, жүрөгүм бош. Мурда апалар кыздарды: «Качан эрге тиесиң?» - дешчү эле. Азыр эркек балдарды: «Качан аял аласың?» - деп калышыптыр (күлүп). Чынында турмуш куруу деген оңой эмес, ал нерсеге олуттуу караш керек. Негизи үйлөнүп алыш оңой эле, бирок жашап кетүү кыйын. Мен чыгармачыл адам болгондон кийин бул кесипти таштай албайм. Таштаган күндө да, башка иште иштей албайм. Ошондуктан менин чыгармачылыгымды колдогон, түшүнгөн, жашоонун ачуу-таттуусун мени менен бирге тата турган айым керек. Эгерде кыялымдагыдай кыз табылса, алаканыма салып багып алыш колуман келет. Азыр көздөп жүргөн кызым жок. Бирок үйлөнөм деп ниет коюп атам. Ниет койсоң Жараткан ошондой адамды берет экен. Азыр күтүп жүрөм. Мен издеген кыз медик болсо жакшы болот эле. Мага ак халатчан медик кыздар жагат. Чыгармачылык чөйрөдөн түгөйүмдү көрбөйм. Учурда социалдык тармактарда кат жазгандар болот, бирок ал жактагы кыздарды күйөрман катары гана көрөм.

– Жашоодо эмнеге кызыгасыз?

– Мени бизнес тармагы кызыктырат. Тактап айтканда, дарыкана ачып иштетким келет. Медик жубайым болсо, дарыканага ачып иштетип койсом деп кыялданам. Ошондой эле кайрымдуулук иштерине абдан кызыгам. Мисалы, Голливуд жылдызы Анжелина Жоли жетим балдарды багат, Орусиянын актёру Константин Хабенский рак менен ооруган балдарга тапканынын баарын жумшайт. Бул абдан чоң сооп иш, мен да ушундай нерселер менен алек болсом деген кыялым бар.

 

Динара ЧОКОЕВА