Сахнадагы жаңы агымдагы ырчы кыздар

Сахнада ар бир доордун өзүнүн ырчылары болот. Алар канча бир убакытка чейин популярдуулукту багынтып турушат да, андан кийин ал деңгээлден түшө башташат. А алардын ордуна башкалар келет. Бул көрүнүш шоу-бизнесте мыйзам ченемдүү нерсе. Бүгүнкү күндө жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, теле-радиолордо ырлары жаңырып жылдыз болуп аткан ырчы кыздар менен тааныштырмакчыбыз.

 

Аида МАКАМБАЕВА: «Үйдө олтурганда ырдагым келип депрессия болдум»

– Аида, турмушка чыккандан кийин чыгармачылыктан алыстап кеттиң эле, жаңы ырың менен кайрадан көрө баштадык.

– Ооба, мен турмушка чыгып, үй-бүлөмдү башкы орунга койгонум үчүн чыгармачылыктан алыстагам. Төрт жыл аралыгында бир кыз, бир уулдун энеси болуп үйдө олтурдум. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу Орусияда жашачубуз. Бир жарым жыл мурун Бишкекке биротоло көчүп келгенбиз. Ошол учурда кош бойлуу болчумун, уулум төрөлүп азыр беш ай болуп калды. Жолдошум, кайненемдин колдоосу менен мен кайрадан чыгармачылыкка кириштим. Кудайга шүгүр, балдарым жоош, кайненем менен чогуу турабыз, балдар чоң энеси менен.

– Үй-бүлөлүү, балдары кичинекей айым үчүн чыгармачылыкта иштөө кыйыныраак болсо керек?

– Туура, эне деген үйдөн чыгары менен балдарын ойлой берет экен. Бир жактарга барсам ишти бүтүргөнчө шашып, оюмдун баары балдарымда болот. Бирок өзүм бат кыймылдайм, бардык жактарга жетишкенге аракет кылган сапатым бар. Ошонун арты менен кыйынчылыктарды жеңип атам. Чыгармачылыкка аралашып алгандан кийин бук болот экенсиң. Үйдө олтурганда ырдагым келип депрессия болдум. Эгерде жолдошум каршы болсо, чыгармачылыкка кайра аралаша алмак эмесмин. Ал нааразы болуп турса кантип ырдамак элем? Жок, жолдошум мени толук бойдон колдоду. Болгону биз чыгармачылыгыма үй-бүлөнү аралаштырбайлы деп чечтик. Үй-бүлө деген ыйык, аны купуя сакташ керек.

– Эмнеге эски ырды жаңылап ырдап чыктың, жаңы ыр менен чыксаң болбойт беле?

– Бул боюнча абдан ойлондум. Улуу муундагылардан кеңеш сурасам: «Жаңы жазылган ырларды эл кабыл албай атат», - деген ойлорун айтышты. Ошондуктан өзүмө жаккан эски ырларды караштыра баштадым. Майрамбек Осмоновдун обондорун башынан жактырчумун, анын отузга жакын обонун угуп көрүп «Өмүрлөшүмө» деген ушул ырды тандап алып ырдап чыктым.

 

 

Диана ДАМИРОВА: «Балдыздар жезделерине арнап ырдап бер деп тойлорго чакырышат»

– Диана, ырыңды укканыбыз менен өзүң тууралуу маалыматыбыз жок, алгач өзүңдү тааныштыра кетсең?

– Мен Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөм. Ал жакта 3-класска чейин окуп, 4-класстан тарта Бишкек шаарындагы №5 гимназиядан окуумду уланткам. Үй-бүлөдө алты бир туугандын үчүнчүсүмүн. Ата- энем жеке бизнес менен алек. Үй-бүлөдө баарыбыздын чыгармачылыкка шыгыбыз болгону менен мен гана ырдап, бийлеп жүрдүм. Ата-энем мени колдоп М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеден билим алдырышкан. Учурда болсо Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык университеттин эстрада, вокал бөлүмүндө 3-курста окуйм. Кичинемде «Айчүрөк» театрында 5 жыл ырдап, бийлеп жүрдүм. «Шаттык» бий ансамблинде бийледим.

– Сенин «Миң кыял» бий тобунда бийлегениңди көрүп калдык эле…

– Ооба, «Миң кыял» бий тобунда мурда бийлесем, азыр аталган топто хореографмын. Андан сырткары бала бакчаларда, мектептерде бий үйрөтүп иштейм.

– «Ай, жезде» аттуу ырыңдын клибинде Акыл Жеңишбек уулу жездеңдин ролун аткарыптыр, чыныгы жашоодо да жездең эмеспи, клипке тартуу идеясы кимдики болду?

– Ушул жылдын жаз айларында экинчи эжем турмушка чыгып жезделүү болгом. Ошондо жезделериме сюрприз кылайын деп Бек Борбиевден уруксат алып ушул ырды жаздырып, эжем менен жездемдин үйлөнүү тоюнда ырдадым. Ыр баарына жагып: “Клип тартпайсыңбы?” - деп калышты. Анан Акыл Жеңишбек улуу жездемди баш кылып, өзүмдүн бир тууган эки жездемди, тууган эжелеримдин жолдошторун кылып алты жездемди тарттым. Мен өзүм жашоодо эрке кызмын, жезделериме көп эркелейм. «Ай, жезде» ырым ийгиликтүү болуп, азыр балдыздар жезделерине арнап ырдап бер деп тойлорго чакырышат.

 

 

Азалия: «Эми өзүмдүн атымды элге таанытам»

– Азалия, сени «Кыз-Бурак» тобунун мүчөсү катары билчү элек, эми жеке ырчы катары чыга башташыңа эмне түрткү болду?

– Мен «Кыз-Бурак» тобунда жети жыл ырдадым. Келишим бүткөндө чогуу олтуруп сүйлөштүк. Анын негизинде топко жаңы ырчыларды кабыл алып, Сайкал экөөбүз кете турган болдук. Гүлшайыр Садыбакасова жалгыз ырдап чыксам болорун айтты. Мен топтон жылдын башында чыккам. Ырдан сырткары башка жумушум бар болгондуктан, аны менен иштеп жүрдүм. Буюрса, карьерам алдыга жылып атат. Аны менен бирге жан дүйнөмө жаккан ырдан да алыстабай, жалгыз ырдап көрүүнү чечтим. Анан көпкө ойлонбой ыр жазып, клип тарттырдым. Мага жалгыз ырдаган абдан жакты.

– Демек, эми Азалия деген ысым менен таанылууну каалайсың?

– Ооба, топто ырдап жүргөндө «Кыз-Бурак» деп эле айтылып, менин жүзүмдү таанышканы менен атым таанымал эмес болчу. Эми өзүмдүн атымды элге таанытайын деп атам. Топто ырдап жүргөндө жеке эки ырым жазылган, бирок бирөөсү радиолорго берилген эмес. «Жаным ай» деген ырымды да топко келе электе жазгам, кийин ошону эле жаңылап ырдагам.

– Топ менен жүрүп көнүп калгансың да, жалгыз ырдаганда кыйынчылык болбойт бекен?

– Албетте, баарына өзүң чуркагандыктан кыйынчылык болот экен. Бирок мен топто жүргөндө ырды радиого алып барып, форма тиктирип, топтун жумуштарын аткарууда Сайкалга жардамдашчумун. Азыр ошол нерсенин жардамы тийип атат.

– Стилиңде өзгөрүү болдубу?

– Ооба, топтон өзгөчөлөнүү максатында заманбап стилди тандап алдым. Табитиме жараша ырдап, кийинип атам. Позитивдүү ырларды ырдайм.

 

 

Айганыш АБДИЕВА: «Жолдошума продюсер менен иштешпейм деп убада бергем»

– Айганыш, ырларың элдин оозуна алынып, өзүң да таанылып калдың, чыгармачылыкка аралашканыңа канча убакыт болду?

– Менин чыгармачылыкка баш-отум менен киришкениме бир жарым жыл болуп калды. Мурда ыр жаздырып койгонум эле болбосо, кафе-ресторандарда ырдап чоң сахнага чыккан эмесмин. Ал жакта он төрт жашымдан баштап 11 жыл ырдап, абдан эле такшалдым. Турмушка чыккандан кийин гана ырчы болуп чыктым.

– Демек, жолдошуң чыгардыбы?

– Жолдошум менен кафеде ырдап жүрүп таанышып калгам. Бирок ал чыгармачылыктан алыс адам. Экөөбүз баш кошкондон кийин ырдагым келерин айтсам: «Ырдабай эле кой»,- деген. Бирок бир жылдан кийин каалоом күч экенин түшүнүп уруксат берген. Азыр мени колдоп келе жатат, бирок өзү коомчулукка көрүнгөндү каалабайт. Андыктан жолдошумдун сүрөттөрүн социалдык тармактардагы баракчаларыма да койбойм. Ошондой эле жолдошум менен: “Менеджер, продюсер менен иштешпейм”, - деп келишкем. Ал: «Жалгыз иште, мен каржы жагынан, моралдык жактан колдоо көрсөтүп турам», - деген. Макул болгонум менен башында баарына өзүм чуркаган абдан кыйын болду. Азыр көнүп калдым, баарын өзүм кылам.

– Чыгармачылыгыңдын үзүрүн көрө баштадыңбы?

– Мен учурда кош бойлуумун, көз жарарыма аз калды. Андыктан күзгү тойлорго чакыруу кабыл алган эмесмин. Болбосо иштегенимдин жыйынтыгы көрүнө баштаган. Эми аман-эсен көз жарып алсам иштеп баштайм. Бала багуучу да даярдап койгом, эки айдай баламды өзүм карасам, андан кийин иштеп баштайм. Мен эмнегедир үйдө олтура албайм, үйдө олтурсам оорлошуп ооруй берем. Чуркап иштеп жүрсөм жеңил жүрөм, кош бойлуу учурум да жеңил өттү.

 

Динара ЧОКОЕВА