ВУНДЕРКИНД балдар кайдан чыгат?

Ата-эне үчүн баласынын амандыгы биринчи орунда турары шексиз. Бирок наристеңиздин бала кезинен тарта билимине көбүрөөк көңүл бөлсөңүз, жыйынтыгын келечектен көрөрүңүз бышык. Көрсө, анын вундеркинд болуп чыгары да сиздин колуңузда экен.

 

Вундеркинд бала:

Түрдүү маалыматтарды узак убакыт бою эске сактайт.

Кичине кезиндеги болгон окуя эсинде калып, буюм жана оюнчуктарына чейин айтып бере алган жөндөмгө ээ.

Бир учурда жаныбарлар жөнүндө билгиси келсе, экинчи айда асман телолору тууралуу билгиси келет.

Китеп окуганга, жазганга жаштайынан кызыгып, эрте үйрөнүп, бат өздөштүрөт.

Музыка же искусство жаатында өзгөчө бир талантты көргөзөт.

Узак убакыт бою терең ойлонуу, ой жүгүртүү процессинде болот.

Кичине кезинен эле сөз байлыгы кенен болуп, сүйлөмдөрдү байланыштырып, өз оюн так жеткире алат.

Ар бир буюмдун майда-барат бөлүкчөлөрүнө чейин кызыгуу менен көңүл буруп, алган оюнчугун же буюмун кайдан алса өз ордуна коёт.

Алар интеллектуалдык жактан өнүккөн балдар болгондуктан, турмушта болуп жаткан окуяларды же жашоодогу кыйын кырдаалдарды түшүнүү менен кабыл алып, аны чечүү жолдорун издейт.

Иштин оңой-олтоңуна качырбай кыйын болсо дагы баш-оту менен кирип, тырышып эмгектенет.

Өзүнө талапты катуу койгондуктан, өтө чоң ачылыштарга жана эмгекке умтулат.

 

Балаңыздын вундеркинд болушун кааласаңыз:

1. Балаңызды эч качан тыйбаңыз. Ал мейли чуркасын, секирсин, кыйкырсын, ырдасын…

2. Потенциалы бийик балага окуудан сырткары спорт да керек. Спорт анын өзүн-өзү баалоосун жогорулатат жана стресс менен күрөшүүгө жардам берет.

3. Мүмкүн болушунча көбүрөөк сүйлөшүңүз. Ойноңуз, бир нерсени талашып-тартышыңыз, кызыктуу темаларды чогуу талкуулаңыз.

4. Анын сабактан тышкары эмне менен алек болорун өзү чечкенге мүмкүнчүлүк бериңиз.

5. Балаңыздын талаптагыдай эс алышын жана уйкусунун канышын көзөмөлдөңүз. Чарчоо стресске жеткирип, ден соолугунда маселе жаратарын унутпаңыз.

6. Чектен чыга көзөмөлдөй бербеңиз, эркиндик бериңиз. Бул шарт талантуу баланын туура өнүгүшү үчүн зарыл.

7. Адатта курбалдаштары таланттуу, акылдуу балдарды сүйө беришпейт. Балаңызга аларга туура мамиле жасоого, мектеп – бул бардык жашоо эмес экенин, бул болгону башталыш экенин түшүндүрүңүз.

 

215  өлкөнүн борборун, 70 өлкөнүн валютасын билген Арууке

Ош шаарында жашаган тогуз жашар Аруукени вундеркинд десек болчудай. Ал 3 жашында алфавитти бир күндө, андан кийин 215 мамлекеттин борбор шаарларын төрт күндүн ичинде жаттаган. Анын бул өнөрү гениненби же дээриненби, бизге да кызык болуп, ал тууралуу апасы Кенжеден сурап көрдүк.

– Арууке канчанчы балаңыз? Кызыңыздын акылдуу болуусу генинде барбы?

– Кызым эң кичүү бешинчи перзентим. Андан улуулар дагы мектепти артыкчылык менен бүтүрүшүп, экөө жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүнө өз күчтөрү менен өтүшкөн. Андан кийинкилери да мектептин алдыңкы окуучуларынан. Негизи мен дагы, атасы да жакшы окуганбыз.

– Кызыңыздын эске сактоо жөндөмдүүлүгү укмуш экен?

– Арууке үч жашында алфавитти бир күндө жаттап мени таң калтырган. Ал убакта мен мектепте мугалим болуп иштечүмүн. Кызым бала бакчага барбагандыктан, аны дайыма жаныма алып жүрчүмүн. Зерикпей алаксып турсун деп колуна алфавит китепти карматып койчумун. Андагы тамгалардын баарын чоңдордон сурап олтуруп өзү эле жаттап алыптыр. Мага айтып берсе өзүм таң калгам. Төрт жашында мугалимдерге СМС жазып майрамдарда куттуктачу. Ошондо эле китепти шар окуп, беш жашында түшүнүгүн айтып берип калган. Алтыга чыкканда өз каалоосу менен мектепке барган.

– Башка балдарыңыздан эмнеси менен айырмаланат?

– Башкалардан зиректиги, көк беттиги, тартынбай өз оюн айткандыгы менен айырмаланат. Бир нерсени билгиси келсе, ошонун түбүнө жетип анан келет. Өзүнүкүн бербей, керек болсо чоң кишилер менен талашып: “Меники тура”, - деп тура берет. Эс тутуму жакшы, тез жаттаганы менен өзгөчөлөнөт.

– Мугалимдери кандай баа беришет?

– Кызым биринчи кыргыз класста окуган. Кийин айылдан көчүп кетип, эжелеринин каалоосу менен орус мектепке бердик. “Кыргыз мектепте окуп баштаган бала үчүн орусча окуп кетүү кыйын, балдардан артта калат”, - деп мугалимдери каршы болушкан. Анда мен: «15 күн окуп көрсүн, өздөштүрө албаса алып кетем», - деп калтыргам. Андан кийин эле мугалимдери: “Аракетчил экен, окуй берсин”, - деп уруксат беришкен. Азыр мугалимдердин сүйүктүү окуучусуна айланды. Орус жана кыргыз тилинде эркин баарлашып, мектептин олимпиадаларында жалаң алдыңкы орундарды багындырууда.

– Акылдуу балдар сезимтал болот дешет?

– Ооба. Үй-бүлөдө оор кырдаалдар же каражат жагынан жетишпеген учурлар болсо, чоң адамдардай түшүнөт. Акчаны да жөнү жок коротпой чогултуп, кайра мага берет. Бир туугандарын: «Акчаны эмне кылып, кайда коротуп жатасыңар?»- деп урушуп калат. Быйыл сумка алып берейин десем, ушул эле сумкамды көтөрөм деп алдырбай койду.

– Арууке мектептен кийинки убактысында эмне менен алектенет?

– Мектептен кийин балдар менен кошулуп эшикке ойногонго үйрөтө албай койдум. Ойносо да аз эле чыгып, кайра кирип китеп окуйт. Китеп окуганга ынтызар. Бир жомок китепти эки күндө эле бүтүрүп, жаңысын сурайт. Окулуп бүткөн китептерин башкаларга белекке беребиз. Мамлекеттердин борборлорун жаттап бүтүп, учурда валюталарын жаттап жатат. Азыр 70ин билет. Кошумча сабактарга, ийримдерге деле барбайт. Буюрса, эмки жылы өзү кызыккан ийримге берели деп турабыз.

– Кызыңыз дагы эмнеге кызыгат? Келечекте ким болууну кыялданат?

– Кызым кызыккан нерселер көп. Шахмат ойногонду жакшы көрөт. Сүрөт жакшы тартат, чыгармачылыгы күчтүү. Нота билбесе да үнү бар, жарнамаларды туурап өзүндөй кылып ырдайт. Ал эми: “Келечекте детектив же сот болом”, - деп эле, “интернеттен кылмышкерлерди кантип табуу керектигин үйрөнүп изилдейм”, - дей берет.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы