Холестерин жана анын организмдеги ролу

Инсульт, инфаркт деген оорулардын айынан жапжаш өмүрлөрдүн кыйылып жатканы өкүндүрөт. Бул ооруларга жеткирип жаткан негизги факторлордун бири – организмдеги ашыкча холестерин. А холестерин деген эмне? Бул тууралуу төмөнкү макалада.

Холестерин – организм үчүн маанилүү болгон майга окшош зат. Ал канда жана организмдеги бардык клеткалардын курамында кездешет. Холестериндин 80%га жакынын организм өзү иштеп чыгарса, калган 20-25 %ын биз тамак-аш менен кошо кабыл алабыз. Холестерин шарттуу түрдө «жакшы» жана «жаман» деп экиге бөлүнөт.

 

Холестериндин ролу:

·        Холестерин тамак сиңирүү процессине активдүү катышат, ансыз боордо тамак сиңирүүчү туздардын жана ширелердин иштелип чыгышы мүмкүн эмес.

·        Эркектин жана аялдын жыныстык гормондорунун  (тестостерон, эстроген, прогестерон) иштелип чыгышында да маанилүү роль ойнойт. 

·        Холестериндин жардамы менен бөйрөк үстүндөгү бездерде кортизол гормону иштелип чыгып турат. Ошондой эле Д витамининин иштелип чыгышына да активдүү катышат. Канда холестериндин нормасынын бузулушу иммунитеттин алсызданышына жана организмдин иштөөсүндөгү көптөгөн бузулууларга алып келет.

 

«Жаман» жана «жакшы» холестериндер жана алардын айырмасы эмнеде?

«Жаман» холестерин – кан тамырлардын чекелерине жармашып калат да, топтолуп отуруп кеберди пайда кылат. Бул болсо кандын эркин жүрүшүнө тоскоол болот. Анан ошол кебер пайда болгон жерде тромб пайда болот да, кандын жолу таптакыр буулуп калат. Натыйжада адам ар кандай жүрөк-кан тамыр ооруларына, анын ичинде инсультка, ошондой эле инфарктка тушугат. 

«Жакшы» холестерин – ашыкча холестериндерди боорго айдайт, андан ары алар организмден чыгып кетет. Канда «жакшы» холестериндин деңгээлинин азайышы – жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучунун жогорулашы.

 

«Жаман» холестериндин деңгээлин жогорулатуучу факторлор:

·         Туура эмес тамактануу, башкача айтканда, майлуу жана углеводдуу тамактарды көп пайдалануу;

·         Тамеки тартуу

·         Ашыкча салмак

·         Кыймылдын аздыгы

·         Боордун иштөөсүндөгү ар кандай бузулуулар

 

 

Сауле Сулайманова