НУРСУЛТАН, КРИСТИНА: «Бири-бирибизди бактылуу кыла аларыбызга көзүбүз жетет»

Бүгүнкү каарманым Нурсултан орус улутундагы москвалык кызды Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кулбайлуу айылына алып келип олтурат. Ал үчүн жубайынын башка улуттан экендиги эч кандай мааниге ээ эмес. Жубайы Кристина да дал ушундай эле ойдо.

– Нурсултан, Кристина, куш бооңор бек болсун! Экөөңүздөрдү тагдыр кантип табыштырды?

Н:- Рахмат. Мен жети жылдан бери Москвада иштеп келем. Кристина экөөбүз бир райондо жашагандыктан, аны кичинекей кезинен эле билем. Анда келечектеги колуктум экендигин кайдан билиптирмин, жакшы коңшулардай эле сүйлөшүп жүрчүбүз. Акыркы төрт жылдан бери жакын достордой пикир алышып жүрүп, достугубуз сүйүүгө айланып кетти. Сүйүүмдү билдирүүдө, колун суроодо романтик эмесмин. Ошондуктан: «Мага тиесиңби?» - деп эле ачык сурадым. Ал унчуккан жок, кыздын унчукпаганы макул болгону деп эле алып келе бердим.

 К: - Мен Нурсултанды аябай сүйгөндүктөн, сунушуна ойлонбой туруп макул болдум. Ал тургай динин кабыл алып, эне тилин дагы үйрөнүп жатам. Учурда «ата, апа, келиңиз, чай ичиңиз”, “ассалому алейкум” деген сыяктуу айрым сөздөрдү айтканды билем. Башка сөздөрдү түшүнсөм дагы азырынча айта албай жатам. Эми бул жактан бат эле үйрөнүп кетем деп ойлойм.

– Анан ата-энеңерди кантип көндүрдүңөр?

К: - Үй-бүлөдө беш бир туугандын эң кичүүсүмүн. Менин ата-энем мурдагы жылы кырсыктан каза болушкан. Эжем Нурсултанга турмушка чыгарымды укканда: «Анын Кыргызстанда башка аялы бар, сени алдап жатат, тийбей эле кой », - деген сыяктуу сөздөрдү айтып каршы болду. Бирок экөөнү тааныштырып, Нурсултандын жакшы адам экенин айтып олтуруп акыры көндүрдүм.

 Н: - Мен башка улуттагы кыз менен сүйлөшүп жатканымды ата-энеме айткан эмесмин. Көргөн-билген тааныштар эле жеткирип коюшуптур. Ата-энем менин тандоомо каршы чыгышкан жок. Алар деле Сахалинде иштешчү. Москвага алып келип Кристина менен тааныштырдым. Алар болгону: «Биздин менталитет башка, ага көнөсүңбү, чыдай аласыңбы?» - деп сурашты. Кристина: “Мен баарына чыдайм, көнүп кетем», - деп жооп берди эле, ата-энем дароо макул болушту.

– Түгөйүңүздүн эмнеси сизди арбап алды?

 Н: - Кристинанын мүнөзү, адамгерчилиги, шайырдыгы, тамашакөйлүгү жагат. Анча-мынча эркектерге караганда коркпойт, эр жүрөк десем дагы болот. Бир нерсени бат үйрөнүп, тез өздөштүрөт. Үй жумуштарын кылуу оордук деле жаратпайт. Бир сөз менен айтканда, аялзатына тиешелүү бардык сапатка ээ.

К: - Нурсултандын мага мүнөзү жакты. Экөөбүздүн мүнөзүбүз төп келишип, бири-бирибизди түшүнгөндүктөн баш кошуп жатабыз да. Ортодо сый-урмат күч. Мен өз бактымды кыргыз жигитинен тапканыма сүйүнүп жатам. Ата-энеси дагы менин башка улуттагы кыз экениме карабай кучак жайып тосуп алганына ыраазымын.

– Кристина, сизге Кыргызстандын эмнеси жакты?

К: - Мен Кыргызстандай тоолуу аймакка келгениме абдан кубанып жатам. Абасы таза, эли меймандос экен. Тааныган-тааныбаган адамдар деле өөп учурашып, бири-бири менен күлүп сүйлөшүшөт экен. Азык-түлүк дагы арзан экен. Жүз грамм кулпунай Москвада 250 рубль турса, быякта бир килограммы 90 сом. Анан да даамдуу болуп, күнүнө 2-3 килодон жеп жатам.

– Кыргыздын кайсы салты сизди таң калтырды?

К: - Босогодон кирерим менен эле башыма ак жоолук, оозума сары май салып тосуп алышты. Көшөгөгө кирген адамдардын баарынын колунда ак жоолук болуп, аларга жүгүнүү керек экен. Бирок кыргызда конок мынчалык көп келет экендигин билген эмесмин. Баарына үч эмес, бештен сапар жүгүнүп жатам. Биринчи, экинчи күндөрү жүгүнө берип белдерим ооруп калган, азыр көнүп калдым. Баарынан да ат минген абдан жакты.

Н: - Бир жолу атка мингизип коюп, эми күнүгө: «Атка мингизип койчу», - деп сурана берет. Элден ак батаны дагы ат үстүндө алганбыз. Азыр: «Конок ушунча да көп келеби?» - деп таң калып жатат. Негизи мен кыргыздын каада-салты жөнүндө айтып берип жүрчүмүн. Каякта эмне кылуу керектигин, чай куюу, аны сунуу эрежелерине чейин айтып берип, кулагына куюп келгем. Ошондуктан баарын өзү билип кылып жатат.

– Кандай жумуштарды үйрөнүү кыйын болуп жатат?

 К: - Келгенде биринчи камыр жууруганды үйрөндүм. Андан соң тандырга үч нан жаптым. Жакында эле тандыр толтуруп нан жаптым. Эшикти шыпыруу керектигин айткан да, күнүгө башка келиндердей эле таң атпай короо шыпырып жатам. Өзүм Москва шаарында чоңойсом да, үй жумуштарын жакшы эле кылам. Оокат жасоо мага көйгөй деле эмес. Эми уй сааганды үйрөнөйүн деп жатам. Мага азар айыл турмушу абдан кызык болуп жатат.

Н: - Өзү бир нерсе кылууга аябай шыктуу. Оокаттарды айттырбай кылып, апам отуруп эле калды. Аябай тың келин болуп жатат. Чыгыш ашканасын жакшы билгендиктен тамакты даамдуу жасайт.

– Келечекте кайда жашайсыңар?

Н: - Азырынча Кыргызстанда эле болуп, ата-энебизге жардам беребиз. Жакында колуктумдун туугандары келет, аларды кыргыздын үрп-адат, салт-санаасы менен эле кыргызча узаталы деп жатабыз. Андан кийин Москвага барып 5-10 жылдай иштеп келебиз деген пландарыбыз бар. Москвада деле жашасак болот, үйүбүз бар. Бирок өз мекенге эмне жетсин, келечекте Кыргызстанда эле жашап, балдарыбызды ушул жактан чоңойтобуз. Кайсы улуттун салты, эрежеси менен жашайбыз азыр билбейбиз. Эң негизгиси бири-бирибизди бактылуу кыларыбызга көзүбүз жетет.

 

Кайындарыңызда кандай өзгөчө салттар бар?

 

Кенже Дүйшеева: “Кайындарым мага “метеор” деген ат коюшкан”

– Негизинен кыргыз менен казактын салт-санаасы, үрп-адаттары окшош эле. Менин кайын журтум заманбап адамдар, ошондуктан салт-санаага көп деле маани беришпейт экен. Келинге тиешелүү эч кандай чектөө, талаптар жок. Ошондой болсо дагы мен келиндик милдетимди толук аткаруу керектигин жакшы билип, аны аткарууга аракет жасагам. Эртең менен эрте туруп тамак жасап, тамак бышканча короо шыпырып, бардык жумуштарды бүтүрүп коюп, аларды күтүп отурчумун. Бул тамакты саат мынчага десе, так ошол саатка дапдаяр кылып берсем алар таң калып, бат кыймылдайт деп мага ”метеор” деген ат коюшкан. Кайненем: “Жоолук салынбай эле кой”, - десе болбой, мен 40 күн бою жоолук чечкен жокмун. Кийин: “Азаматсың, бизди сыйлап жоолугуңду чечкен эмессиң”, - деп макташкан. Мени таң калтырганы – салттары эмес, кээ бир сөздөрү болду. “Канпит” деген сөздү алгачкы жолу укканда, конфетке тили келбей жатабы деп, кайталап айткан сайын улам күлкүмдү тыя албай, башка бөлмөгө чыгып алып күлгөм.

 

Жийдеш Идирисова: “Корей элинде үч эле той бар”

– Кореялыктардын келиндери деле кыргыз келиндерине окшоп үй оокаттарын кылып, чай берип, улуу адамдарды абдан сыйлап турушат. Кыргызда тойлор көп эмеспи, аларда сөзсүз түрдө өткөрүлүүчү, эң негизги үч эле той бар: балаңыз бир жашка чыккандагы, үйлөнүү той жана 60 жылдык юбилей. Анда да мал союлбайт. Мисалы, эгерде сиз юбилей өткөрүп жатсаңыз, президиумга юбилей өткөрүп жаткан адам жана анын жакын достору эле отурат. Жубайынын жашы жетпесе, ал орунга отура албайт. Балдары атасынын досторунун ар бирине кымбат баалуу белек берип, спирт ичимдиктери менен сыйлоосу абзел.

 

 

Гүлзинат Суранчиева: "Келинге алтындын топтомун алып беришет"

– Мен башка улутка турмушка чыккандардын биринчи көйгөйү туткан дининде болсо керек деп ойлойм. Диндин эки башка болгонунан үй-бүлөдөгү чыр-чатактар чыгат экен. Жолдошум экөөбүздүн болсо тилибиз эле эки башка болгону менен динибиз бир, мусулманбыз. Мусулман болгондуктан салт-санааларыбыз дагы окшошуп кетет. Мен келин болуп барганда биздикиндей эле жоолук салышты, бирок алар көшөгө тартышпайт, келин деген жүгүнбөйт экен. Анан келинге алтындын топтомун алып бермей салты бар экен, мага алып беришкен. Калың бермей жок. Мен жолдошума биздин каада-салтты айтып бергем, ал мен айткандай жасаган. Башка улутка турмушка чыкканымда ата-энем каршы болгон эмес, чочулашкан. Мен күнүмдүк жашоодо кыргыз, орус тилдеринде сүйлөйм. Балага эненин таасири чоң экен, кызым кыргызча, орусча сүйлөйт, азербайжан тилин билбейт. Кайындарым болсо Казакстанда жашашат, алар мени сыйлап, аяп турушат.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы