Азирет ОРОЗБАКОВ: “ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕН КАРАЖАТЫМ БҮТ ДЕН СООЛУГУМА КЕТТИ”

Картайганда ал-күчтөн тайып бир аз сыркоолоп, уул-кыздарына эркелеген табигый көрүнүш. Азыр ага жетпей иш десе ишке тойбой турган мезгилде кырчындай жигитибиз ооруга чалдыгып, эч жерде иштей албай оору менен алышып жатканы жанды кейитет. Бүгүнкү каарманым Азирет болгону 35 гана жашта. Жадагалса үйлөнүп балалуу болгонго жетише электе бөйрөк оорусуна чалдыгып элден жардам сураганга аргасыз.

 

Жумасына 20 миңден ашуун акча коротуп жашап жүрдүм

– Мен 1982-жылы Чүй облусунун Аламедин районуна караштуу Ала-Тоо айылында төрөлүп-өскөм. Кесибим тиш техниги. Эл катары жакшынакай эле иштеп, акча чогултуп үйлөнөм деген ниетте жүргөм. Анан эле бөйрөгүмдөн приступ кармап ооруканага жатып калдым. Ал жактан дарыланып чыккан соң жашоо уланып, алдыдагы максатыма жетем деп иштеп жүрүп 5 жыл өтүп кетиптир. Анан кайра баягы оорум кармап калып ооруканага жаттым. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин гемодиализ аппаратына жатууга багыттама беришти. Көрсө, мурунку жолу бөйрөгүм ооруганда толук айыкпай өнөкөт бөйрөк оорусун арттырып алган экенмин. Бул аппаратка күн сайын жатуума туура келди, ар бир жатканың аппараттын өзүнө эле 5 миң сом. Анан дарыларын аласың, бир уколу миңден ашуун, аны жумасына 3 жолу сайдырышың шарт. Андан сырткары витаминдерди сатып алып ичишиң керек. Айтор, жумасына 20 миң сомдон ашык акча коротуп жашап жүрдүм. Ошентип үйлөнөм деген акчам бүт ден соолугума, догдурларга кетип жатты. Башында абалым өтө начар болчу. Үйдөгүлөр аппаратка өздөрү алып барып, өздөрү алып кетип турушчу. Организмим аппаратка, дары-дармекке көнгөндөн кийин өзүмө келе баштадым. 6 жыл катары менен гемодиализде жатып эч нерсем калбаганда бюджетке өткөрүштү, азыр бекер колдоно алам бул аппаратты.

“Мени көчө шыпырганга да жумушка албайт экен”

– 6 жылдан бери бөйрөк берүүчү донор издеп таппай келгем. Бир агам, эки карындашым бар болчу. Алардын кан группасы мага туура келбейт экен, ошондуктан донор боло алышпайт. 2 жыл мурун агам каза болуп калды. Апам эки жолу инсульт алып башында кан тамыры жарылып кетип операция болгон, 2-топтогу майып. Биздин үй-бүлөдө жалгыз атам иштеп эптеп бизди багып жатат. Мен иштейин десем 1-топтогу майыпты эч жерге жумушка албайт экен. Жадагалса көчө шыпырганга да жарабайт экенмин. 6 жылдан бери иштебей отуруп ыза болом. Баары бир өзүң иштеп каражат тапкан сонун да. Ошол күндөрүмдү сагынам. 1-топтогу майып катары 1300 сом менен пенсияга чыккам, андан бери бир аз көбөйдү, баары бир эч нерсеге жетпейт. Кудайга шүгүр, туугандарым да жардам берип жүрүштү. Азыр туугандарыбыздын бирөөсүнүн каны меники менен туура келет экен. Ошол донор болуп бөйрөгүн бергенге макулдугун берди. Бул кабар мени сүйүнтүп жашоомо үмүт бергени менен операцияга кетүүчү каражатты табуу татаал болуп жатат. Ошондуктан элге жардам сурап кайрылууга аргасыз болуп отурам.

 

“Айыгып эл катарына кошулсам дегенде эки көзүм төрт”

– Өзүңүздөр билгендей, бөйрөк алмаштыруу операциясы Кыргызстанда жасалбайт. Бизге жакыныраак Казакстан менен Түркияда жасалат экен. Казакстанга анча ишеним артпай жатабыз. Ага караганда Түркияда ишеничтүү экен. Анткени ал жакта практика жүзүндө көп жылдан бери бөйрөк алмаштыруу операцияларын ийгиликтүү жасап келе жатышат. Бөйрөктү алмаштыруу эң кыйын операциялардын бири экен. Айрыкча операциядан кийин бөйрөктү организм кабыл алып көнүп кетиши оор, анан көп эмгекти талап кылат. Ошондуктан: “Абайлап бөйрөк организмге көнүп кеткичекти айына 600 доллардын тегерегинде акча коротуп дары-дармек ичип турушуң керек”, - дешти дарыгерлер. Аны ичпесең операцияң жыйынтык бербейт экен. Ошентип: “Баш-аягы 30 миң доллар каражат кетет”, - деп айтып жатышат врачтар, анын 25 миң долларын Түркиядагы клиникага берет экенбиз. 5 миң доллары жолго, ал жакта жашаганга кетет экен. Мен эл катарына кошулуп айыгып кетсем дегенде эки көзүм төрт. Буюрса, айыксам үй-бүлө күтүп бала жытын жыттагым келет. 30 миң доллар деген оңой акча эмес экен. Ошондуктан кайрымдуу кыргыз элиме кайрылып жардам сураганга туура келди. 

Азиретке жардам берүүнү кааласаңыз, анын ЭлСОМ капчык номери аркылуу каражат которсоңуз болот. Эсеби: 0773 121201.

Банктык эсеби:

Азирет Акжолтоевич Орозбаков

Кардардын номери 194404

1180000067065909 АКШ доллары

1180000067065808 Кыргыз сому

1180000067066010 Евро

1180000067069444 Рубль

1180000067069545 Теңге

 

Нуриса БАЯЛИЕВА