Бегимай КАРЫБЕКОВА: “Аалам сулуусуна катышууга даярдана баштадым”

Белгилүү модель, “Кыргызстан сулуусу-2017” сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова Кыргызстан өлкөсүнүн атынан Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан “Дүйнө сулуусу-2017” сынагына катышпай калды. Дүйнөнүн 70 өлкөсүнүн сулуулары ат салышкан бул сынакка биздин бийкеч эмнеге бара албай калды өз оозунан угалы.

– Бегимай, Кытайга эмне үчүн бара албай калдың? Өзүң түшүндүрүп бербесең, күйөрмандарың кабатырланып жатышат?

– Бул сынакка барбай калганымда мени ар тараптан колдогон адамдардын көптүгү сүйүндүрдү. Жөнөкөй адамдардан тарта жогорку кызматта иштегендерден өйдө колдоо көрсөтүп абалымды сурап жатышты. Алардын баарына рахматымды айтам. Ал эми эмне үчүн барбай калганымды айтсам, Кытай өлкөсүнө барууга мага виза бербей коюшту. Себебин мындайча түшүндүрүштү: мен чет өлкөгө көп чыгам, анын ичинде Түркияга да бир нече жолу кирип чыккам. Кытай менен Түркиянын мамилеси жакшы болбогондуктан паспортунда Түркиянын мөөрү басылган адамдарды Кытайга киргизишпейт экен. Анан министирликке кайрылып, чоңдорубуздан жардам сураганга аргасыз болдук. Алардын кийлигишүүсү менен виза 3-ноябрда берилмей болду. А сынакка катышчулар 20-октябрда эле барышып, 27-октябрда алгачкы сынак башталган эле. Андан эртерээкке сурансак 1-ноябрда дешти. Кечигип баргандан не пайда деп баш тартууга туура келди. Менде 70 кыздын арасынан суурулуп 20-топко кирем деген үмүтүм бар болчу. 27-октябрда өткөн сынакка катышпай калгандар 50-топко да кирбей калышат экен. Ошондуктан катышпай эле коюну туура деп чечтим.

– Негизи даярдыктар кандай эле, ал үчүн деле бир топ каражат кетирсең керек?

– Даярдыктар жакшы болчу, сынакка 8 миң доллар взносун төлөгөм. Андан сырткары кымбат фотосессия, видеороликтерди тарттыргам. 1500, 2000 долларык көйнөктөрдү тиктиргем. Сынактын уюштуруучуларына белек алыш керек эле, аларды алып даярдап койгом. Баш-аягы бул сынак үчүн 20 миң доллар каражат короткон болчумун. Албетте, мунун баары өз чөнтөгүмдөн кеткен. Виза берилсе эле кетмекмин да.

– 20 миң доллар деген оңой акча эмес да, эми бул коротулган каражатка күйдүңбү ошондо? Анан да өз чөнтөгүмдөн кетти деп жатасың, модель болуп жакшы эле акча тапса болот экен да ээ?

– Кытайда өтүүчү сынакка төлөнгөн акчаны кайтарып алса болот деп жатышат. Акчабызды кайрып алганга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эмки жылы “Аалам сулуусу-2018” сынагы болот экен, ошого катышууну пландап жатам. Бирок кайсыл өлкөдө өтөрү азырынча тактала элек. Андан сырткары ноябрдын ортосунда Азербайжанда мода жумалыгы болот, ошого катышып келсемби деп турам. Ал эми модель болуп Кыргызстанда көп акча таба албайсың. Мен чет өлкөлөрдө моделдик агентстволордо иштеп келгем, ал жакта моделдерге, фотосессияларга аябай жакшы төлөп беришет. Өзүмдү каржылаганга кенен акча таба алам десем болот.

– Дүйнөлүк сынактарда бай мамлекеттин кыздары жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк дегендей айттың эле. Кыргызстандан башка бай мамлекет биздин атыбыздан сынактарга катышып бер десе макул болот белең?

– Жок, эч качан макул болмок эмесмин. Мен таза кыргызмын, Кыргызстанда өсүп чоңойгон жөнөкөй кыргыз кызымын. Мен акча үчүн өз өлкөмдү чанып кетпейм. Бардык сынактарга Кыргызстандын атынан гана катышам.

– Жөнөкөй кыргыз кызымын деп калдың балалыгың кайсыл жерде өттү эле?

– Мен Нарындын Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойгом. 9-классты бүткөндөн кийин Бишкекке келип, колледждердин бирине тапшыргам. Учурда Кыргызстан эл аралык университетинин дипломатия факультетинде 2-курста окуймун.Бишкекте ата-энем менен бирге жашаймын.

– Ата-энең ийгиликтериңди көрүп сыймыктанса керек, анан ачык кийинип түшкөн фотосессияларыңа кандай карайт?

– Ата-энем башында каршы болгону менен ийгиликтеримди көрүп кубанышат. Алар деле музыкага жакын, сүрөт жакшы тарткан чыгармачыл адамдар болгондуктан, искусствону жакшы баалашат. Ошондуктан менин моделдик жашоодогу образымды түшүнүштү болуш керек. Моделдик бул жөн гана жумуш, а өзүмдүн жашоомдо мен жөнөкөй, ата-энем каалагандай кызмын. Эң негизгиси туура жолдо түз жүрүп ата-энемди капа кылбаганга тырышам. Алар мага ишенишет. Модель болуу менин бала кездеги кыялым болчу. 14 жашымда Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин сулуулар сынагына катышып атактуу боло баштагам. Кыргызстан, Орусия быякта калып, Германияда өткөн “Дүйнөнүн топ-модели-2016” сынагында 50 кыздын арасынан алдыңкы жетиликке киргем. Сингапур, Филиппины, Гонконг, Таиланд сыяктуу көптөгөн чет мамлекеттердин моделдик агентстволорунда иштеп келгем.

– Мындай дүйнөлүк моделдик агенттиктерди багындырган Бегимай сулуу келбетине кандай кам көрөт экен?

– Өзүмө укмуштуудай кам көрөм деп айтпайм. Ушул келбетим үчүн Жаратканга, ата-энеме ыраазымын. Аялзаты болгонум үчүн өзүмө каранып, таза жана тыкан жүргөнгө аракет кылам. Күнүмдүк жашоодо көп боёнбойм. Бирок фотосессияларда ар түрдүү боёнгонго туура келет. Ал эми такыр диета кармабайм, өзүм табиятымдан арык кызмын. Эл катары менде деле кемчилик бар, бирок аны билдирбегенге аракет кылам.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

– Сендей сулууларга суктангандар көп болсо керек, жигитим жок десең эч ким ишенбейт го?

– Суктангандар, жылуу сөзүн арнагандар, ал тургай сүйүүсүн билдиргендер кездешет. Азыр менин жигит күткөнгө убактым жок, жүрөгүм бош. Мен болгону 19 гана жаштамын. Качан турмуш курууга убакыт келгенде жигиттерге көңүл бура баштайм. Ага чейин көп ийгиликтерге жетишишим керек деп ойлоймун.

– Ошондуктан менеджер жалдап алган экенсиң да?

– Ооба, учурда көп жумуштарга жетишпей калып жатам. Ошондуктан Бектур Усенов деген жигит менен келишим түзүп иштеше баштадым. Бектурдун элдер менен жакшы сүйлөшүп тил табышып кеткен сапатын баалап иштешүүнү сунуштадым. Албетте, тапкан каражатыбыздан ага айлык чыгарып берип турам. Иштеше баштаганыбызга 2 гана жума болду.

– Кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат, ийгиликтерди жарата бер.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА