Таттуу ун азыктары

Кыям салынган булочка

Кандай азыктар керек?

Ун: 250 г

Жылуу сүт: 125 мл

Каймакмай: 60 г

Дрожж: 10 г

Шекер: 50 г

Туз

Жумуртка: 1 даана

Начинкасы үчүн:

Кара өрүк же башка жемиштин кыямы

Бадам

Кантип жасалат?

Көрсөтүлгөн азыктарды кошуп камыр жууруп, жарым саат тыныктырып коёсуз.

Андан соң камырды орточо калыңдыкта жаясыз да, стакандын жардамы менен камырдан тегерекчелерди жана шакекчелерди кесип аласыз.

Майланган калыптын бетине тегерек камырларды коюп, анын үстүнө шакекче болуп кесилген камырларды бирден коюп чыгасыз.

Шакекченин ортосун кыям менен толтурасыз да, үстүнө бадамдын данегинин бөлүктөрүн коюп коёсуз.

Камырды дагы бир аз тыныктырасыз.

Андан соң жумуртканын сарысын сүртүп, шекерден себелейсиз да, 200 градус температурадагы духовкага 20 мүнөт бышырасыз.

 

Кабатталган камырдан жасалган булочка

Кандай азыктар керек?

Кабатталган даяр камыр: 600 г

Тооктун ышталган эти: 250 г

Катуу сыр: 250 г

Пияз: 1 баш

Жумуртка: 2 баш

Оливка майы: 2 чоң кашык

Туз, мурч

Майдаланган петрушка, укроп: 2 чоң кашык

Кантип жасалат?

Тооктун эти менен пиязды чарчы кылып туурап, татымына жараша туз, мурч кошуп кууруйсуз. Аягында майда тууралган көк чөптөрдү кошуп, жумуртканы чагып аралаштырасыз.

Камырды 5 мм калыңдыкта жайып, бетине тегиз кылып начинканы саласыз. Эң үстүнө кыргычтан өткөрүлгөн сырды себелейсиз.

Эми камырды рулет кылып оройсуз.

Рулеттин үстүнө жумуртканы сүйкөп, кесимдерге кесесиз.

Кызып турган духовкага салып, даяр болгончо кармайсыз.

 

Алия ДАНИЯРОВА