Социофобия жана андан кантип арылууга болот?

Күнүбүздө айрым адамдар өздөрү каалап турса да, коомчулукка аралашуудан кыйналып келишет. Бул нерсени болсо психология илиминде социофобия деп аташып, мындан арылуу үчүн атайын ыкмалар сунушталат. Анткени адам тоскоолдук болуп келген социофобияны жеңүү менен ийгиликтүү жана бактылуу боло алат.

 

Социофобдорду эмне кабатырга салат?

Мындай адамдар дайыма өзүнө “Мени кандай кабыл алышат?” деген суроону берип, убайымга түшө берет. Бул суроосуна жооп катары өзү: “Сын тагып, шылдыңдашса керек”, - деп ойлойт. Алар күнүмдүк жашоодогу жагдайларда коомго жат аракет кылып коюудан коркушат. Абдан маанилүү бир жагдайга туш келип калган учурда кабатырга түшүп коркуп, паникага түшөрү анык. Эмоционалдык стресс болот. Анын мындай өзгөрүүсү ишмердүүлүгүнө, карьералык өсүүсүнө, билим алуусуна жана өз ара адамдар менен алака түзүүсүнө терс таасирин тийгизип коюшу айкын.

 

Социофобиянын келип чыгуу себептери:

Муундан-муунга, укумдан-тукумга өтүшү. Азырынча бул гипотеза түрүндө гана айтылып келүүдө. Илимде толук түрдө далилдене элек. Ошол эле учурда айрым психологдор социофобияны генетикалык жол менен өтүшү мүмкүн деген пикирди карманып келишет.

Ата-энелердин көрсөткөн үлгүлөрү. Жаш балдар айланасындагы адамдардын кыймыл-аракетин туурап калары анык. Дайыма коомчулукка аралашууда тынчсызданып жүргөн ата-энесин көргөн балага да бул нерсе өтөт.

Баланы салыштыра берүү. Айрым ата-энелер өздөрүн бала тарбиялоо боюнча мыкты педагог катары сезип алышат. Өздөрүнүн жеке пикиринде баласын кимдир бирөөгө атаандаштыруу аркылуу жакшы натыйжа алам деп ойлошот. Мындан улам башка бирөөнүн балдарын ага мактап айта беришет. Жыйынтыгында алар өз балдарын социофоб кылып жетилтип алышат.

Коомдун негативдүү мамилеси. Кичинекей кезинде мугалиминин, теңтуштарынын шылдыңына көп кабылган балдар да социофоб болуп калышат. Мындай жаман мамилени көргөндөн улам алар элдердин көзүнчө кылчу көп нерседен коркуп калышат.

Психологиялык жаракат. Башынан өткөргөн оор, жаман тажрыйбасы да себеп болушу ыктымал. Мисалы, докладды ийгиликсиз жактап алган адам кийинки жолу аны окугусу келбей турганы анык.

 

Социофобдор бул нерселерден качышат:

1. Көпчүлүктүн алдына чыгып сүйлөөдөн. Негизинен көпчүлүк адамда эле бул нерсе болушу мүмкүн деп айтышыңыз мүмкүн. Бирок көпчүлүктөн айырмаланып булар элдин алдына чыкканда эки сөздүн башын кошо албай өздөрүн такыр эле жоготуп коюшат.

2. Телефондо сүйлөшүүдөн. Алгач караганда ушул нерседен да коркушу мүмкүнбү деген ой келет. Бирок маектеш адамын көрбөй туруп сүйлөшө албай турган адамдар да бар экен. Булар социофобдор.

3. Адамдардын көз алдында тамак жегенден. Мындай адамдар коомдук жайларда жана кесиптештеринин, тааныштарынын көзүнчө тамактана албайт.

4. Башкалар карап турганда жумуш жасоодон. Бирөө көзүн албай карап, көзөмөлдөп турса бардык эле адамдын жумуш жасоосу оорго турат. Бирок социофобдорду бир-эки саам гана карап коюу аларды тынчсыздандырып жиберет.

5. Коомдук ажатканаларга баруудан. Мындай адамдар кадимки болчу нерсени да кабылдоодо кыйналышат. Мисалы, конокко барганда да алардын ажатканасына кире алышпайт.

6. Көчөгө чыгуудан. Көчөдө бараткан кайсы гана адам болбосун ага көз кырын салып койгону социофобдун бейпилдигин бузат. Анткени ал дароо тынчсыздана баштайт. Ушундан улам алар сыртка чыкпастан, көбүнчө өз үйүндө болууга аракет кылышат.

7. Денесине бирөөнүн тийгенинен. Бул нерсе катуу азап чеккен, айрыкча кичинекей кезинде ур-токмокко алынган, ата-энесинин мээримин көрбөй калган балдарда болот. Алар башка бирөөнүн алардын денесине кокусунан тийип кетишин да жактырышпайт, андан чочулашат.

 

Социофобдордун өзгөчөлүктөрү:

Өңүнүн өзгөрүшү. Адамдын кан басымы дароо көтөрүлүп кеткендиктен жүзү кызара баштайт. Кээде бозоруп же көгөрүп кетиши да ыктымал.

Тердегендик. Өңүнүн өзгөргөнүнөн сырткары тердөө да болот. Ыңгайсыз абалга түшкөндө адамдын организми көп өлчөмдө тер бөлүп чыгара баштайт.

Колдун титиреши. Бул нерсе бир гана алкоголиктерге тиешелүү көрүнүш эмес, социофобдорго да таандык. Тынчсызданган жагдайларда колу титирегени байкалат.

Жүрөк кагышынын тездеши. Адамдын негизги органы болгон жүрөк стресстик жагдайларга дароо реакция берет. Өзүн ыңгайсыз сезген жана жасагандан корккон нерсени кыларда алардын жүрөгү өз калыбынан чыгып кете жаздай тургандай болот.

Тизенин алсыз боло башташы. Катуу тынчсыздангандыктан улам бутунда туруусу оор болуп калат. Бул нерсе жанындагы адамдарга даана байкалат.

Сүйлөп жаткандагы көйгөйлөр. Такалып сүйлөө жана токтоп-токтоп сүйлөө да мүнөздүү. Негизи мындай адамдар түнт болушат. Ал эми критикалык жагдайларда үнүндө көйгөйлөр пайда боло баштайт.

Башка адамдын көзүнө кароодон качуу. Бул нерсе социофобго абдан мүнөздүү көрүнүш. Бул нерсени тартынчаактыктан деп түшүнүп алууга болбойт.

 

Социофобия менен күрөшүү үчүн кеңештер:

Чөйрөңүздөгү адамдардын пикирине көз каранды болбоңуз. Позитивдүү ойлонуңуз. Үйдөн чыгып бара жатып өзүңүзгө өзүңүз жагарыңызга ынаныңыз. Башка эч бир адамга жагууга милдеттүү эмессиз.

Сиз корккон жагдайлардан качпаңыз. Мындай аракетиңиз менен социофобиядан бат арыла аласыз.

Аз-аздан өзүңүз тынчсызданган абалдарга барып, аны аткарып көрүңүз. Кийинчерээк публиканын алдына чыгып сүйлөөдөн да тартынбай каласыз.

Алдыңызда маанилүү бир учур болуп тынчсызданардан алдын жактырган ырыңызды угуп, кызыктуу китебиңизден бир канча бет окуп өзүңүздү эркин сезип алыңыз.

 

Айзирек УРМАТБЕКОВА