Бойдоктор бурчу

Кымбаттуу окурмандар!

Эгер сиз турмуш куруу максатында өмүрлүк жолдош издеп жүргөн болсоңуз эки ооз кебиңиз менен гезит бетине чыкканга мүмкүнчүлүк аласыз. Балким, сиз издеген бакыттын кушу алыс эмес. Биз менен байланышта болуп, кыялыңыздагы адам менен табышып, бактылуу түгөйлөрдөн болууга ашыгыңыз. Биздин байланыш телефонубуз: 0772 16-89-64.

 

 

Дастан

Туулган жылы: 1996-жыл 13-сентябрь

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: учурда студент

Жердиги: Баткен облусу Кызыл-Кыя шаары

Кандай айымдар жагат? Намаз окуган, ыймандуу, сыйчыл, чынчыл, ак көңүл, жылдыздуу

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0777 17 59 29

– Мен апамдын бычакка сап ишенген уулумун. Жалгыз карындашым бар. Апамды кубандырып жакшы келинчек алып келүүнү пландап жатам. Өзүм намаз окуйм, ыйман жолундамын. Буюрса, дин тууралуу түшүнүгү бар аялзатына жолдош болгум келет. Жашы менден 2-3 жаш улуу болсо деле мейли. Жердиги маанилүү эмес. Эгер менин жогорудагы талаптарыма жооп бере турган болсо, буга чейин турмуш куруп ажырашкан келиндер менен деле тааныша берем. Башкысы, турмуш баштоого чын ниети болушу керек.

 

Чыңгыз

Туулган жылы: 1990-жыл 10-май

Кесиби: экономист

Иштеген жери: ишкерлик менен алектенет

Жердиги: Ысык-Көл облусу Ысык-Көл району

Кандай айымдар жагат? Акылдуу, ыймандуу, туруктуу, түшүнүктүү, мамилечил, сарамжалдуу, таза

Материалдык байлыгы: үйү, малы бар

Байланыш телефону: 0709 74 15 87

Мен кийинки жылдын күзүндө үйлөнөйүн деп жатам. Бирок өзүм кыз таппай келем. Балким, ушул кызматтын жардамы тиер деп өзүм тууралуу кабар берип жатам. Мага буга чейин турмушка чыкпаган, турмуштан жаңылбаган 22 жаштан 28 жашка чейинки кыздар чалыңыздар. Жердиги биздин облустан болушу шарт. Ата-энем менен бирге турам, муну эске алгыла. Бирок ал каалагандай жашоого шарт түзүүгө аракет кылам. Окууну кааласа окуйт, иштөөнү кааласа иштейт. Кыялымдагыдай кыздар чалат деген үмүттөмүн. Чалыңыздар.

 

Чынара

Туулган жылы: 1989-жыл 12-июль

Кесиби: жок

Иштеген жери: эч жерде иштебейт

Жердиги: Баткен облусу Лейлек району

Кандай мырзалар жагат? Ыйманы бекем, чынчыл, туруктуу, мамилечил, иштерман, камкор

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0777 35 65 52

– Беш жыл үй-бүлөлүк жашоодо өмүр кечирдим. Сырттан караган адамга бактылуу көрүнгөндүрмүн, бирок андай болгон жок. Адамда чыныгы ыйман, ынсап болбосо ага канчалык бой салып, мээрим төккөнүң эч нерсеге татыбайт экен. Жолдошум менен жашап кетүүгө кылган аракеттеримден жакшы жыйынтык ала албай койдум. Акыры арты жакшы болбосун сезген соң кош бойлуу болуп калганыма карабай кете бердим. Төркүнүмдө жүрүп көз жардым. Ырас, баласына келди. Бала көп нерсени өзгөртөт экен. Балалуу болуу жашообузду жакшы нукка бурар деген үмүт менен кайрадан жарашып жашоону өзүм сунуш кылып да көрдүм. Жок, болгон жок. Ошол күндөн бери бир тууган байкем менен жашап келем. Уулум 3 жашка чыгып калды. Акыры тагдырдын башка салганына макул болуп башка түгөй издеп жатам. Мен күйөө эле эмес, балама жакшы ата издейм. Жердиги Лейлек районунан болуп, жашы 28 жаштан 32 жашка чейин болушу керек. Анын баласы болсо, балама кошуп багып алууга даярмын.

 

 

Назик

Туулган жылы: 1981-жыл 4-ноябрь

Кесиби: жок

Иштеген жери: убактылуу бош

Жердиги: Ош шаары

Кандай мырзалар жагат? Акылдуу, ыймандуу, сабырдуу, токтоо, туруктуу, түшүнүктүү, эпчил

Материалдык байлыгы: жок

Байланыш телефону: 0778 07 36 05

Мен бир кыздын энесимин. Кызымдын атасы менен эки айрылыш жолго түшкөм. Себеби ал ичкиликке жакын болчу. Анын айынан чыр-чатак көп болуп, башкалардай бактылуу, тынч жашай албадык. Айла кеткенде кызымды алып кетип калдым. Жалгыз жашоо кыйынчылыктарга бай болору белгилүү эмеспи. Өзүмө тең, татыктуу жолдош таап, кызымды толук үй-бүлөдө тарбиялап өстүрсөм дейм. Абалым ушундай болгон соң меникине окшош акыбалдагы башка адамды, албетте, түшүнөм жана балдарын кабыл алам. Мага кыргызстандык 40 жаштан 50 жашка чейинки мырзалар чалыңыздар.

 

Рысбек

Туулган жылы: 1976-жыл 17-август

Кесиби: куруучу

Иштеген жери: курулушта иштейт

Жердиги: Чүй облусу Токмок шаары

Кандай айымдар жагат? Аялзатына тийиштүү жакшы сапаттардын баарына ээ болушу керек

Материалдык байлыгы: үйү, машинасы бар

Байланыш телефону: 0709 11 17 96

Турмушта баары болот экен, мен да турмуштан жаңылып жаздым. Бир балага ата болгон соң аялым менен ажырашып кеттим. Анын себебин бир сөз менен айтканда, түшүнүшө албай калдык. Баламды ата-энем карайт. Ошол балама өгөйлүгүн билдирбеген эне, ата-энеме ыймандуу келин боло турган 30-35 жаштардын ортосундагы кыз-келиндер чалыңыздар. Бир-эки баласы барлар деле чала бергиле. Кыз-эркек деп бала тандабайм. Жердиги биздин аймакка жакын болсо эң жакшы болот.