Кырк чырак

 (Башталышы өткөн санда)

Эркебек элүүлөр чамасындагы корс -корс сүйлөгөн орой чалыш, бирок ак көңүл адам. Мээнеткеч, эч кимдин эмгегин жебеген чынчыл киши. Улуу-кичүүгө өткүр сүйлөгөнү менен Ырыстын жанына келгенде эле сүрдөгөнсүп аяр сүйлөп калат. Ага ара-чолодо жардам бере коёт. Меши быкшып күйбөй жаткан экен, аны оңдоп берди. Отундарды майдалап жарып, кургак турсун деп кире беришке жыйнап койду.Өгүнү жууган кирлери батпай, бадалдарга жайып жүргөн экен, кермесин дагы узарта тартып берди. Ырыс бу кишини кайра убара кылып жатамбы деп ансайын ыңгайсызданат. Эркебек Ырыстын кыйналып жүргөнүн билип турат. Ошон үчүн ыңгайы келе калганда кол кабыш кылып жиберет. Ырыс да башта Эркебекти дүңкүлдөгөн орой неме деп ичинен жактыр- чу эмес. Көрсө, ал кылт эткенди сезип турган кыраакы, ак ниет адам экен. Чын ниетинен жасаган мамилесине Ырыстын да ичи жылып жүрөт. Бирок баары бир өзүн андан окчун кармайт. Эркектен көңүлү калган жаны ишенгиси келбейт.

 Алар сууну чоң сайдан алышчу. Күүгүм талаш эки чака менен Ырыс сайга кетти. Чакаларын толтуруп коюп, жээкте шалдайып олтурду. Чарчаган жаны тургусу жок. Суунун шарын тиктеп олтура бергиси келди. Анын сууга баратканын Эркебек көргөн эле. Мал жайгарып жүрүп сай тарапка улам көз таштап жатты. Ырыс жок. Күүгүм коюуланып барат. Ага эмне болду? Суу тартып кеттиби? Кайра карады. Көрүнбөйт. Эркебектин тынчы кете баштады. Кечетен бери суу күргүш- төп аткан болчу. Ошону ойлоп ал токулуп турган атына шап минип камчыланып жөнөдү. Эңкейишке жеткенде атын карагайга байлай коюп, ылдыйлап түштү. Тигине, Ырыс олтурат. Эркебектин дабышын угуп ал ордунан тура калды. Ыйлап жатыптыр, көз жашын жашырууга үлгүрбөдү. Эркебек жакын келип Ырыстын көзүн карады. Ырыс үн катпады.

– Эмне болду сага? Батыйна бирдеке дедиби?

– Жок. Мен өзүмчө эле, сиз бара бериңиз...

– Кой, ыйлаба, Ырыс. Эки баланын энеси да ыйлайбы? Мен сени кайраттуу келин деп жүрсөм...

 Бул сөзгө Ырыстын көз жашы дагы мөлт дей түштү.

– Айтчы. Эмне болду? Кыйналып кеттиңби?

– Жок, жок.

– Мен сени түшүнүп турам, Ырыс.

 Дагы эмне деп соороторун билбей Эркебек оңтойсузданды.

– Байке, сиздерге ыраазымын, мен кыйналганда...

– Жүрү кеттик, үшүп кетипсиң. Баса, күүгүмдө сууга келбей жүрчү...

Ырыс саамай чачтарын иреттеп, шыпырыла жаздаган жоолугун оңдоп салынды. Эркебек чакаларды көтөрүп жөнөдү. Ырыс анын атын чечип, жетелеп басты. Булардын келе жатканын көрсө Батыйна жер чапчып, чачын жулмак.

***

Ырыс кызык түш көрдү. Үйүндө жарык өчүп, ширеңке таппай кайсалап жатыптыр.Терезеде, босогодо койкоюп тизилген чырактарды жандыра албай убара. Ошо маалда айнектен түрү суук капкара киши ырсайып карап туруптур. Аны көргөн Ырыстын жүрөгү оозуна тыгылып, каалганы көздөй кетенчиктейт. Анан босогодо Эркебектин дабышы чыгып кирип келет да, чөнтөгүнөн ширеңке алып чагып четки чыракты жандырат. Үй жарык, жылуу боло түшөт. Эркебекти көргөн түрү суук киши тарпылдап качып жөнөйт. Анан улам бир чырак өзүнөн-өзү жылт этип күйүп, үйдүн ичи жапжарык болуп калат.

 Ырыс түндө көргөн ушул түшүн күнү кечке эстеп жүрдү. Баягы кемпирлер айтчу “кырк чырак” ушул го деп ойлоду. Кантсе да жакшы түш экенин туйду. Түрү суук кишинин качып кеткени жакшы болду. Ырыстын жүрөгү солк дей түштү. Эстеди, баягы-баягы тамекини аралап келип зордуктап кеткен кара неме экен. Ооба, ошол. Түшүмө киргенин карасаң деп ичиркенип алды.

 Ошентип күндөр өтө берди. Бир күнү Эркебек райондон үч көздүү газ, электр жылыткыч, анан дубалга такма чоң күзгү сатып келип, Ырыска жайгаштырып берди. Балдарың көрсүн деп жаңы жылдын алдында телевизор кийирип берди. Айтор, ага ар күнү кам көрүп жүрдү. Ырыс да ансайын чын дилинен кызмат кылды. Бир-эки күнгө алысыраак кете турган болсо, Ырыска акырын ыгын таап айтып кетет. Ал дагы Эркебектин келер жолун карап тымызын күтчү болду.

 Бир күнү этектеги үйдөн чыр чыкты. Акыры бул чыр чыкмак. Аял деген кыраакы эмеспи. Батыйна баарын байкап жүргөн экен. Буркан-шаркан түштү:

– Ушу сандалган аялга көзүң түштүбү? Айтып жатышат кошуналар...

– Эч ким эч нерсе айтпайт. Койсоңчу.

– Кантип айтпайт? “Эриң тигини алып алды беле?” - деп жатышат.

 Эркебек бир аз үндөбөй туруп, эми болору болду дегендей токтоо сүйлөдү:

– Батыйна, сен эми ачууланба. Ырысты мен эч кайда кетире албайм. Айта беришсин.Сен кааласаң-каалабасаң да, эми ал биздин үй-бүлө.

– Ыя, ошондойбу? Ошондой болуп калды беле?

– Болбосо эми ошондой болот.

 Эркебек андан ары сүйлөшкүсү келбей тонун кийип, камчысын алып сыртка чыгып кетти. Ат үстүндө кыштын таза абасын жиреп кашарды көздөй бастырып баратты. Оюна түркүн суроолор келди: “Эмне үчүн жакшы адамды сүйүүгө болбойт? Жакшы сезимге эмне үчүн тыюу салышат? Бирөөнү жек көргүчө сүйгөн жакшы эмеспи. Эмне үчүн өз сезимимди капаска камап, тумчуктурушум керек? Сүйүү – бул жак-шылык да. А жакшылыкка эмне үчүн бөгөт коюшат? Булар билишпейт Ырыстын жакшы аял экенин.

 Эркебек ушуларды ойлоп кашарга жакындап келатты. Мына азыр барып айтышы керек. “Сен эми эч кайда кетпейсиң. Сен менин үй-бүлөмсүң. Силерди эми эч кимге кор кылбайм” деши керек. Ушуну канчадан бери айта албай жүрбөйбү. Бүгүндөн калбай айтышы керек. Канчага чейин кыйналып жүрө берет?

 Бу маалда Ырыс да негедир уктай албай шырт эткен дабыш чыкса баш көтөрө калып жатты. Келди бекен деп терезеден аркы үйдүн жары- гын карайт. Келе элек. Келсе терезеси күймөк. Койчулардын да жарыгы өчтү. Жатышты окшойт. Эркебек келе элек. Аны эмнеге күтүп жатканын Ырыс өзү да билбейт. Анын келгенин билсе анан көңүлү жайланып, бир беткей уктап кетмек, балким.

 А Эркебек болсо жаш жигитче көкүрөгү өрөпкүп, Ырыска шашып келатты. Ак карлуу кышта жүрөгү алып учуп келатты. Эми ал элдин кеп-сөзүнө кайыл, айта беришсин. Бардыгын өз моюнуна көтөрөт. Бир гана Ырыс эч кайда кетпеши керек. Аны балким, тагдыр өзү ушул үйгө алып келгендир.

(Аягы)

 

Элмира АЖЫКАНОВА