Мавлюда МИРЗАЕВА: “Бизде адилеттүүлүк жок, мыйзам мага окшогон бечараларга эле иштейт окшойт”

Жашы 70ти таяп калган апа редакциябызга баш багып өз арманын айтып отурду. “Кызым үй албай эле балээ алган экен, 14 жылдан бери сатып алган үйүнүн чыры бүтпөйт. Маңдай тери менен тапкан акчасына үй алып ээ боло албай өлүп кетти бечара кызым. Кыргызстанда адилеттүүлүк, мыйзам деген жок экен, айлам калбай силерге келдим”, - деп ыйлап, көз жашын төгүп окуяны айтып берди.

 

“Кызым үй саткандар менен соттошуп жүрүп цирроз менен ооруп калды”

– Мен үнүмдү угар киши бар бекен деп силерге кайрылып отурам. Өзүм Өзгөндө көп жыл китепканада иштеп пенсияга чыккам. Жашым 70ке келип калды. Кызым Чыйбылова Дамира 2003-жылы Окулов Бактыбектен Өзгөн шаарынан 95 миң сомго үй сатып алган. Ошол жылы күйөө балам каза болуп калгандыктан айылдагы үйүн сатып, үстүнө кошуп ошол 3 бөлмөлүү батирди алып коюп, мен Орусияда иштечүмүн, менин жаныма барып иштеп жүрдү. Менин бир кыз, бир уулум бар, жолдошум 25 жашымда өтүп кеткен. Ушул эки баламды эч кимге кор кылбаймын деп турмушка да чыккан эмесмин. 2008-жылы балам жүрөгү кармап кокусунан өлүп калды. Биз Орусиядан келсек, үйгө соттон чакыруу келиптир. Баламдын кыркын өткөрүп алып эмне болуп кеткенин түшүнбөй эле сотко бардык. Көрсө, кызыма үйүн саткан Бактыбектин энелеш иниси: “Мага үйдөн үлүш бербеди”, - деп сотко кайрылыптыр. “Мен жарнама боюнча үй сатыларын угуп келип сатып алдым. Менин күйөөм өлүп калган, өзүм араң 3 баламды багып жатам. Апасы канча күйөөгө тийди, үйдүн акчасын кандай бөлүшөт, менин ишим эмне?”- деди сотко кызым. Ошентип алар менен соттошуп жүрүп кызым Орусияга да барбай калды. Үйдү саткан бала Кара-Кулжадан экен, Өзгөндө жөнөкөй соту деле, Жогорку соту деле, прокурору деле кара-кулжалыктар. Соттор улам эле алардын пайдасына чечип берип коюп жатышты. Үйдү саткан бала жок, качып жүрөт, кызым аны издөөгө берди. Себеби үйдүн акчасын берип, документтерин өзүнө каттатып алган, баары мыйзамдуу. Анан эле кантип алардын пайдасына чечилип калат, эч түшүнбөйбүз. Көрсө, алар сотторго акча жедиришет экен да. Кызым алар менен соттошуп, адилетсиздикке ыйлап жүрүп боор циррозу менен ооруп калды. Орусияда иштеп алтындарды алган эле, бүт сатып дарыланды. Сотко 100 доллар берип коюп өзүбүз катыган нан менен суу ичип отурган күндөрүбүз болду.

 

"Кызым өлгөндөн кийин булардын мага көрсөтпөгөн күнү калбады"

– Бул соттошуу иши аябай жаман экен, андан көрө өлүп калган оңоюраак окшойт. Алар 2010-жылы апрелде Бишкекке кел деп “чакырганда сотко келбей койду” деп менин кызыма 6 миң 300 сом айып пул салып, өздөрүнүн пайдасына чечим чыгартып алышыптыр. Аны угуп кызым ооруканага жатып калды. Мен почтага барып сотко чакыруу келген кагазды издеттирип таппай койдум. Ошентип ыйлап соттошуп, оору менен алышып жүрүп кызым 2012-жылы каза болуп калды. Кызым өлгөндөн кийин булардын мага көрсөтпөгөн күнү калбады. Үйдү саткан бала Москвада качып жүрөт дешти эле, ага издөө салганбыз. Элдер: “Ал келип издөөдөн кагазын алдырып кетиптир”, - деп айтат. Биз аны канча жылдан бери табылат деп жүрө бериптирбиз. Инисине: “Сенин фамилияң Касымов, агаңдыкы Окулов, сенин бул үйгө эч кандай тиешең жок. Сенин үлүшүңдү береби же бербейби, бизди кыйнабай агаң менен чечишип албайсыңбы”,- десем, ал мени укмак турсун үйдү тартып алгысы бар.

 

 “Издөө салган баланы Одноклассники деген сайттан неберелерим таап чыгышты”

– Прокуроруна жалынып жатып араң кирип издөөдө жүргөн баланы таптыруусун сурангам. Ал орун басарын чакырып: “2 күндө тапкыла”, - деп табыштап койду. Анысы: “Эртең келиңиз”, - дейт. Ал эми эртеси барсам: “Бош эмесмин, бүрсүгүнү келиңиз”, -дейт... Айтор, топтой эле тоголотуп жатышат. Баягы Касымов деген иниси аты-жөнүн Окулов Азат деп өзгөртүп алыптыр. Бири кыргыздын, экинчиси өзбектин баласы, энелеш бир туугандар да. Булар башымды айлантып бүтүштү. Кызымдын 3 баласы бар, тоголок жетим. Эртең мен өлүп калсам, буларды көчөгө айдап чыгып үйүн тартып алат деп корком. 70ке кирген мени чүкөдөй калчайт, мен өлүп калсам неберелеримди эмне кылат, билбейм.

Кызым өлгөндөн бери да соттошуп жатып акчам деле калбады. Өзүм болгону 5 миң сом пенсия алам. Эмне кыларымды билбей айлам түгөнүп бара жатат. Жалынып анысына берем акча, мунусуна берем, эч жыйынтык жок. Сот ким көбүрөөк берсе, ошолорго чечим чыгара берет экен. Бизге окшогон жетим-жесирди эч ким укпайт. Жанагы издөөдө жүргөн Окулов Бактыбекти эч кимиси таппай коюшту эле, неберелерим Одноклассники деген сайттан таап чыгышты. “Таене, Москвада жүрүп орус аял алып, 3 балалуу болуптур. Анысын да таштап качып жүрөт экен. 1980-жылы төрөлгөн экен, мектепти бүткөнүнө 20 жыл болуп кечесине келип кеткен сүрөттөрү бар экен”,- дешти неберелерим. Жанагы укаси(иниси) экөө түшкөн сүрөттөрү да бар экен. Булар бирге сүйлөшүп алышып эле ушул кылыкты кылып жатат окшойт.

 

Айылда өзүмдүн үйүмдө келиним неберелерим менен жашайт. Мен кызымдын балдары менен Өзгөндөгү ушул талаш үйдөмүн. Жакшы кылып ремонт кылган болчубуз. Бишкекте кызымдын чоң баласы араба түртүп иштейт. “Таене, атам менен апама куран окутуп коёюн, келиңиз”,- деп чалыптыр. “Койчу, балам, жол кире кетирип барбай эле коёюн”,- десем, “мен таап берем жол киреңизди”,- деп чакырды. Байкушум сырттан окуп контрактын төлөйт. Ошентип неберемдин чакыруусу менен келип, силерге да кайрылууну туура көрдүм. Менин үнүмдү тиешелүү адамдарга жеткирип койгула. Жүрөгүндө мээрими бар, жардам берчү адам табылып калар.

 

Мавлюда апанын көйгөйү боюнча адвокат Динара Медетова жооп берет:

– Мавлюда апанын айтканын толугу менен окуп чыктым. Бул макалада 14 жылдан бери соттошуп келе жаткан документтеринин көчүрмөсү толук тиркелбегендиктен улам так кесе жооп берүү кыйын. Бирок апанын айтуусу боюнча гана кеңеш бере кетейин. Бул киши биздин өлкөдөгү коррупцияга көбүрөөк басым жасап айтып бериптир. Бул баарыбызга жаңылык эмес, коомдо андай маселе бар. Бирок соттун 3 инстанциясы тең апанын пайдасына чечилген эмес. Ошондо бул ишти 7 судья карайт. 7 судья тең кара-кулжалык болуп, алар тарапка чечип бере бербейт да. Бул чындыкка дал келбейт, логикага да сыйбайт. Макул, райондук сотко акча берсин, экинчисине берсин, Жогорку сотко да акча берди дегенге мен кошула албайм. Себеби үй 95 миң сом, анан 7 судьяга канча акча берүүгө туура келет. Менимче, бул жерде үйдү сатып алуу процесси мыйзамсыз болгон. Ошондуктан соттор экинчи тарапка чечип берип жатат. Ушул жерден Мавлюда апага эле эмес, жалпы карапайым калкка кайрылып кетер элем, бир мүлктү сатып алып жатканда документ жасалма эмеспи, тууган-уруктарынын макулдугу барбы, жокпу деп карашыбыз зарыл. Учурда бул үйдүн тарыхы бизге белгисиз болуп жатат. Ал үй саткан балага кандай жол менен калган. Эгерде ата-энеси каза болуп, үй бир туугандарга мурас жолу менен калган болсо, инисинин, карындашынын үлүшү бар. Мавлюда апанын кызы сатып алган үйдүн документи жасалма болушу мүмкүн же чындыгында үйдө инисинин үлүшү болуп, анын макулдугусуз сатылып кеткен. Ошол себептен соттор экинчи тарапка чечип койду болуш керек. Ал эми кийинки маселе үйдү саткан бала Орусияда качып жүрөт деп айтылып жатат. Ага издөө жарыяланган болсо, демек, саткан балага алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон болушу керек. Анда укук коргоо органдары биздин чек ара пункттарына чектөө киргизип, ал бала Кыргызстанга кире албайт жана кирген болсо чыга албашы керек эле. Чындыгында кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганына карабай быйыл 20 жылдыгына келип кеткен болсо, анда Мавлюда апа укук коргоо органдарынын үстүнөн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып же болбосо шалаакылык кылып жабырлануучуга жардам бербей жаткандыгы боюнча прокуратурага арыз жазса болот. Бул жерде апага мыйзамды дагы, адамгерчиликти дагы туура жолго багыттап жол көрсөткөн киши болгон эмес. Адвокаттар да туура кеңеш бербей ортодо оюндарды ойноп койгон сыяктуу.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА