Үй-бүлөсүн жашырган ырчылар

Белгилүү инсандардын үй-бүлөсү, жеке жашоосу күйөрмандарына абдан кызык. Бирок айрымдар кайсы бир себептерден улам өмүрлүк жарын коомчулуктан жашырып келишет. Ата мекендик жана коңшулаш өлкөлөрдүн шоу-бизнесиндеги андай ырчылар төмөнкүлөр.

 

Үй-бүлөсүн он жыл жашырган Кайрат Нуртас

Казакстандын популярдуу ырчысы Кайрат Нуртас бул убакка чейин өзүнүн жеке жашоосун коомчулуктан жашырып келген. Эл арасында анын аялы, балдары бар экени айтылып келгени менен өзү социалдык баракчаларына ата-эне, бир туугандарынын сүрөтүн эле жарыялап, аялы менен балдарынын сүрөтүн такыр көргөзчү эмес. Жакында ырчы да, апасы да Инстаграм социалдык баракчасына Кайраттын жубайы Жылдыздын сүрөтүн чыгарышып, аны элге ачыкташты. Апасы баласынын чыгармачылыгы бир нукка түшүп алсын деп ушул жолго барганын жазды. Кайраттын жубайы Жылдыз Абдукаримова жөнөкөй жашоодо жашап, катар балдарды төрөп берип, аларды тарбиялоо менен алек болуп келген. Алар 2007-жылы баш кошушкан. Жылдыз Кайраттан бир жаш улуу. Кымча белдүү актриса кыз Кайраттын «Арман» аттуу клибине тартылгандан кийин ортолорунда сүйүү пайда болгон. Экөө баш кошкон учурда Кайрат 18, Жылдыз 19 жашта эле. Бир канча жылдан бери үй-бүлө түйшүгү менен алышып жүргөн актриса үчүн кайненеси режиссёрлук кылып, жубайлар башкы ролду жараткан «Арман» тасмасын тарткан. Тасмада да алар түгөйлөрдүн образын жаратышкан. Тасманын ачылышында Кайраттын үй-бүлөсү журналисттер үчүн басма сөз жыйынын куруп, анда бардык суроолорго жооп беришти. Кайрат: «Жылдыз актриса, апам экөөбүз анын кыялын ишке ашыралы дедик. Ар бир артист тасмага тартылгысы келет. Андыктан тасма тартууну туура көрдүк», - деди. «Кайраттын үй-бүлөсүн жашырып жүргөнүн кандай кабыл алдың?» деген суроого жубайы Жылдыз : «Мен Кайратты ээрчип жүрөйүн деп тийген эмесмин, үй-бүлө курайын деп тийгем», - деп жооп берди. Ырчынын атасы да сөз сүйлөп: «Жылдызды жашырганыбыз менен аны төбөбүзгө көтөрүп сыйлап жүрдүк», - деп келини эмес, кызындай көрөрүн айтып өткөн. Бактылуу жубайлар учурда төрт баланын бактылуу ата-энеси. Алардын Алау, Сезим деген кыздары, Нарула жана Хана аттуу балдары бар.

 

 

 

Торегали Тореали аялын ачыкка чыгарып, үйлөнүү тоюн өткөрдү

Казакстандын дагы бир Кыргызстанга да жакшы таанылып калган ырчы мырзасы Торегали Тореали болсо Кайрат Нуртаска улай буга чейин жашырып келген жубайын элге тааныштырды. Бул убакка чейин күйөрмандарынын жеке жашоосу тууралуу суроолоруна: «Үйлөнө элекмин, башым бош», - деп келген ырчы чындыгында 2014-жылы эле үй-бүлө курган. Бирок ошол учурда жубайлардын үйлөнүү үлпөт тою болгон эмес. Ырчы күйөрман кыздарын жоготуп алам дегенби, айтор, жубайын жашырып келген. Чындык деген көмүскөдө калбайт эмеспи, эл арасында ырчынын үй-бүлөсү бар экендиги тууралуу айтылып эле келген. Үч жыл жашап эки балалуу болгон жубайлар октябрь айында Казакстандагы эң кымбат мейманканалардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүштү. 14-октябрда 25 жашка чыккан Торегали менен Толкун экөө жашташ.

 

 

 

 

 

 

 

Елена Темникова бизнесмен жолдошун жашырып…

«Серебро» тобунан кеткенден кийин Елена 2014-жылы бизнесмен Дмитрий Сергеевке турмушка чыгат. Бирок ал коомчулуктан көп убакыт жолдошун, жеке жашоосун жашырып келген. Бир жылдай мурун Елена күйөөсү экөө түшкөн сүрөттү коомчулукка жарыялаган. Бирок ал сүрөттө да күйөөсүнүн жүзү ачык көрүнгөн эмес. Ошондон кийин жубайлар Елена менен Дмитрий официалдуу түрдө никеге туруп, 2016-жылы коомчулукка ачыкка чыгышкан.

 

 

 

 

Юрий Шатунов күйөрман кыздарын жоготуп алуудан чочулаганбы?

90-жылдардагы жаштардын эң сүйүктүү ырчысы Юрий Шатунов көптөгөн кыздардын жүрөгүн жаралаган ырчы болгон. Светлана аттуу немис кызына ашык болуп, экөө 2000-жылдан бери сүйүшүп жүрүшкөн. Ал ортодо никелери жок болсо да, Светлана Юраны ата болуу бактысына ээ кылган. Бирок ырчы жүрөгүнүн ээси, баласы тууралуу эч кимге айтпай жашырып жүргөн. 2007-жылы ырчы үйлөнүүгө убакыт келгенин билип, ойлонбостон өмүрлүк жары кылып баласынын энеси Светлананы тандап, аны менен баш кошкон. Баш кошкондон кийин да күйөрман кыздарынын сүйүүсүн өчүрбөйүн дедиби, айтор, үй-бүлөсүн ачыктаган эмес. Бүгүнкү күндө жубайлар эки балага ата-эне болушуп, ырчы үй-бүлөсүн коомчулукка эми ачык алып чыккан кези.

 

 

 

Биздин ырчыларчы?

Аида Кулуева бизнесмен күйөөсүн эмнеге жашырат?

- Менин күйөөм шоу-бизнестен таптакыр алыс адам. Экинчиден жаш бала эмес, өзүнүн жолу, жумушу, бизнеси бар. Бизде «менин ишим – меники, сенин ишиң - сеники» деген позициябыз бар. Ал үчүн гезит-журналга чыгып жүрүү уят сыяктуу. Өзүнө кошуп кызымдын да эл көзүнө чыгышына каршы. Күйөөм абдан кырс, эркекке таандык сапаттардын ээси, бир гана сүйлөйт. Андыктан ага таарынбайм, керек болсо сүрөткө түшкөндү жаман көрөт. Жакында күйөөмдү клибиме тартпадыкпы, ошондо да каалаган эмес. Анан: «Башка бирөөнү тартайын», - десем аргасыз макул болду. Мен күйөөмдүн олтуруп бергенине эле абдан ыраазы болдум. Клипте ал артынан эле тартылды, бети такыр көрүнбөйт. Эл арасында жаман көз, жаман сөз деген болот, мен ошол нерседен да үй-бүлөмдү сактоо керек деп билем.

 

 

 

Розанын чыгармачылыгына күйөөсүнүн аралашкысы келбейт

- Күйөөм гезит-журналдарга менин жолдошум катары таанылып чыккысы келбейт. Ал мага башында экөөбүз баш кошкондо эле: «Сен ырчысың, чыга бер. Мен өз кесибим менен иштейм, чыгармачылыгыңа аралаштырба», - деген. Анын ою туура эле экен. Мисалы, биз белгилүү адам болгондугубуздан көчөдө ээн-эркин баса албайбыз, ар бир кадамыбыз элдердин көзүндө болуп турат. Андыктан жолдошумдун: “Элге таанылбай эле коёлу”, - дегени туура болуптур. Мен социалдык тармактардагы баракчаларыма жолдошумдун сүрөтүн такыр койбойм. Балам да атасындай болуп: «Жок, сүрөткө түшкөндү каалабайм», - деп калат. Ага: “Мен төрөдүм беле, тилимди ал”, - деп айтып, аны кыйнап түшүрүп алам. Кесиптештер менен кечелерге барганда алар сүрөткө түшүп жатканда, күйөөм алардан алыстап турат.

 

 

 
 
 
 

Талант Кадыровдун жубайын эми клиптен көрөбүз

- Жубайымды коомчулуктун көзүнөн алыс эле кармагым келген. Анткени үй-бүлө деген ыйык болгондуктан, купуя сакташ керек деп билем. Жубайым өзү да коомчулукка чыкканды жактырбайт. Андыктан экөөбүз келишип алып, анын сүрөттөрүн гезит-журналдарга чыгарбайбыз деп чечкенбиз. Бирок жакында жубайыма арнап ыр жазгам, эми ошол ырга клип тартуу керек болууда. Мен башка кызды эмес, жубайымды тартайын десем, ал макул болгон. Жашырганыбыз менен жакында коомчулукка чыкканы турат.

 

 

Динара ЧОКОЕВА