Бойдок кез менен коштошкон белгилүү мыразалар

Бул күз да жылдагыдай эле тойлордун мезгили болуп, кыздардын көзүн күйдүргөн белгилүү жигиттерибиз сүйүктүүлөрүнө баш байлап бойдокчулук менен кош айтышты. Бул бойдок мырзалардын жүрөгүн багындырган сулуулар кимдер? Кайсыл сапаттары менен арбап алды, биз да кызыгып көрдүк.

 

Жоодарбешим, ырчы: “Келинчегимдин кесиби модель, бирок мен иштеткен жокмун”

– Жоодарбешим, куш бооң бек болсун! Элден жашырынып үйлөнүп алганыңдын сыры эмнеде?

– Рахмат, жашырынып үйлөнсөм да билип алдыңыздарбы? Келинчегим менен 5 жыл сүйлөшүп жүрүп, убакытты созбой үйлөнүп алууну чечтик. Атамдын жылдыгы өткөндөн кийин никебизди кыйдырып, ата-энелерибиздин ыраазычылыктары менен баш коштук. Эми буюрса, чоң той берип, элдин батасын алып махабатыбызды кыргыз элине жарыялайлы деген ниетибиз бар. Учурда тойго буюртма көп болгондуктан Ош шаарында жүрөбүз. Анан Бишкекке барып, жашообуз шаарда эле уланат. Ал эми келин балаңыздар жаңы үйлөнгөндө Токтогулга барып апама ысык чай берип, бир айдан ашуун убакыт келиндик кызматын өтөп келди.

– Ош шаарында жүргөнүңөргө караганда келин бала Оштон окшойт ээ? Келинчегиң менен кененирээк тааныштыра кетсең?

– Туура эле таптыңыз, келинчегим Аксана Оштун Жапалагынан болот. Жашы 21де, кесиби модель, бирок мен каршы болуп өз кесиби менен иштеткен жокмун. 2013-жылы Ошко жеке концертимди бергени барып кинотеатрдан Аксананы көрүп жактырып калгам. Анан таанышып сүйлөшүп калсам жакшы кыз экен. Мүнөздөрүбүз туура келди, жашоого болгон көз карашыбыз дал келди. Ошентип сүйлөшүп баштадык. 5 жыл айтканга оңой болгону менен көптөгөн таарынышууларды, табышууларды, кубанычтуу күндөрдү, азап чеккен түндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Акыры бири-бирибизди беш колубуздай билип, бири-бирибизсиз жашай албарыбызды сезип үйлөнүп алдык.

– Аксана сенин ырчы экениңди билчү бекен, сурайын дегеним күйөрмандарыңдын катарындагы кыздардан эмеспи?

– Бир-эки ырымды уккан экен, бирок Жоодарбешим деген ырчы мен экенимди билчү эмес. Кайнатам менен кайненем Орусияда окуп жүрүп сүйүшүп калып, кайнатам казак кызын Ошко алып келе берген экен. Аксана тууралуу айтсам, адамгерчиликтүү, боорукер. Жадагалса жан-жаныбарлардан өйдө жумшак мамиле кылып аяп турат. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезде эле менин туугандарымды, ата-энемди сыйлап турчу. Такыр бирөөгө арам ою жок, ички дүйнөсү таза. Мага ошол сапаттары менен жагат. Үйдөгүлөр менен тааныштырсам да баары жактырды, өзгөчө апам аябай жактырганда кубандым.

 

 

Амантур Мусаев, актёр: “Миргүлдүн жакшы сапаттарын айткандан кызганып турам”

– Амантур, сага ашык болгон кыздар көп, ошолордун арасынан Миргүл сенин жүрөгүңдү кайсыл сапаты менен багындырды?

– Миргүлдүн мага жаккан сапаттары көп. Ушул турган турпатынан өйдө мага жагат. Анын менин жүрөгүм жактырган сапаттарын айтып башкалар менен бөлүшүүдөн кызганып турам. Ал нерсе менин гана жүрөгүмдө сакталуу болсун. Себеби ар кимдин ою ар кандай, ошондуктан эч кимге айтпасам, сезимдерибиз түбөлүккө сакталып калчудай туюлуп турат. Сиздерди туура түшүнөт деп ойлоймун.

– Өтө кызганчаак окшойсуң. Келинчегиң менен кайдан таанышып калдың эле? Же аны да айтпайсыңбы?

– (Күлүп) Ооба, өтө кызганчаакмын. Бирок келинчегим бул жагынан менден кем калышпайт экен. 3 жыл сүйлөшүп эми гана менин кесибимди түшүнө баштады. А мен Миргүлдү өтө жакшы көргөндүктөн 3 жыл кантип өтүп кеткенин билбейм. Миргүл Баткендин кызы, кесиби финансы кызматкери. Бир тойдон таанышып калганбыз. Алгачкы көрүшкөндө жакшы деле сүйлөшө алган эмеспиз. Ошого карабай мен телефон номерин алганга жетишип калганыма сүйүнөм. Эртеси эле чалып жолукканга аракет кылгам. Ошондон бери сүйлөшүп жүрүп, быйыл үйлөндүк.

– Сүйлөшүп жүргөндө ата-энең менен тааныштырып, келинин сынаттырдыңбы?

– Сүйлөшүп жүргөндө үйдөгүлөр менен тааныштырган жокмун. Ата-энем келинин үйлөнгөнүмдөн кийин көрүштү. Азыр ысык чайын ичип, келинин жакындан эми билип жатышат. “Келинибиз жакшы экен, бактылуу болсоңор эле болду”,- дешип кубанып отурушат. Ата-энем экөө тең мугалимдер. Бизди үйлөндүрүп коёлу деп келишкен шаарга, жакында кетишет. Миргүлдүн колун кыргыздын салты менен үйүнө аксакал кишилерди жуучу кылып жиберип сураттырдым. Алар макулдугун ошол күнү эле беришти, анан тойго камына баштадык. Келинчегим: “Кинодо романтик жигиттин ролун ойнойсуз, жашоодо таптакыр романтик эмессиз”,- деп нааразы болуп калат. Мен айылда чоңойгонум үчүнбү же жөнөкөйлүктү жактырамбы, айтор, жашоодо чындыкка, табигыйлыкка жакын адаммын. Жасалмалуулукту жаман көрөм.

 

 

Каниет Жыргалбеков, алып баруучу: “Айсулуунун колун асманга чыга калып, сууга түшө калып сураган жокмун”

– Каниет, үйлөнгөн кандай экен? Бойдок кездегидей ээн-эркин баса албай кыйналган жоксуңбу?

– Негизи үйлөнгөн сонун экен. Жалгыз эмессиң, үйдө даамдуу тамагын жасап сени күткөн адамың бар. Кийимдериң таза, үтүктөлүү, шымыңдын кыры чыккан дегендей. Маанайың жок болсо көңүлүңдү көтөрүп, маселе жаралса акылдашып кеңешчиң жаныңда болот экен. Күнүгө ага жолугам деп гүл алып, убакыт коротуп барбайсың, себеби ал жүрөгүң эңсеген адамың үйдө жаныңда болгону жакты. Анан албетте, ээн-эркин баса албай калат экенсиң. Экөөбүз тең кызганчаакпыз. Машине айдап баратып бирөөнү карап койсом, сен ошону карадың дегендей таарынып калат. Кесиптештер менен сүрөткө түшсөм да кызгана берчү. Азыр менин жумушумду түшүнүп көнүп калды. Бирок мен андан эки эсе кызганчаакмын. Сүйүү бар жерде сөзсүз кызганыч болот. Шариатта деле “аялын кызганбаган эркек бейишке кирбейт” дейт го.

– Келинчегиң менен кайдан, кантип таанышып калдың эле?

– Айсулуу менен былтыр Бишкекте тойканалардын биринде таанышып калгам. Ал нике күбөлүгүн каттоо кызматында иштейт экен. Тойдон таанышып экөөбүздүн көңүлдөрүбүз төп келип сүйлөшүп кеттик. Башында жөн гана ага-карындаш катары сүйлөшүп баштасак, кийинчерээк мамилебиз махабатка айланып, бир жыл дегенде үйлөнүп алдык. Айсулуу 22 жашта, жердиги Талас болгону менен өзү шаарда өскөн кыз. Келинчегимди иштетпей эле үйдө отуруусун сурандым. Анткени эркек аялын бардык жактан камсыздай алса, аял кишинин үйдө эле отурганын туура көрөм.

– Романтиксиңби, Айсулуунун колун кантип сурадың?

– Өзүмдү романтик деп эле эсептеймин. Анткени Айсулууга 101 даана розаны бир жыл ичинде далай жолу эле бердим окшойт. Себеби жок эле гүл тартуулап турчумун. Берген гүлүм соолуй электе экинчи гүлүмдү көтөрүп барып калчумун. Негизи эле аял кишиге жакшы мамиле кылсаң, сага да ошондой жакшы мамиле кылат деп ойлоймун. Ал эми колун асманга чыга калып же суунун астына түшө калып сураган жокмун. Кайнатам менен таанышып, ал киши менен сүйлөшүп отуруп үйлөнүү тууралуу сүйлөшүп калдым. Ошол боюнча тойго даярдык башталып кетти. Экөөбүз тең бирге болууга кызыкдар элек. Экөөбүз тең үйдүн улуу балдарыбыз. Айсулууну Кочкорго ата-энеме тез-тез алып барып турам. Барганда тыпылдап өз кызматын кылат. Кудайга шүгүр, Айсулууга мен да, ата-энем да ыраазы.

 

Нуриса БАЯЛИЕВА