Бала үчүн кайсы спорт түрүнүн кандай пайдасы бар?

Ар бир ата-эне баласынын ден соолугунун чың болушун каалайт. Бул максатка жетүүнүн бир жолу – баланы спорт менен достоштуруу. Анткени ар бир спорттун баланын ден соолугуна тийгизген өзгөчөлүгү бар.

 

Спорттун командалык түрлөрү (футбол, волейбол, баскетбол, хоккей ж.б.)

Ылайыктуу курак: 5-6 жаштан баштап

Оң жактары:

баланы чыдамкайлыкка, шамдагайлыкка, бир нерсеге тез реакция кылууга калыптандырат;

көрүү органдарын бекемдейт, өпкөнүн жана жүрөктүн ишин жакшыртат;

ичтеги эмоция менен агрессияны сыртка чыгарып салууга жол ачат;

команда менен иштөөгө жана жамаатта жаралган маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө үйрөтөт.

Терс жактары: жаракат алуу коркунучу жогору.

Кимдерге туура келет? Шамдагай, башкалар менен тез тил табышкан холерик балдарга.

Кимдерге туура келбейт? Май тамандуулук, ашказан жарасы, астма оорулары бар балдарга.

 

 

Чоң теннис

Ылайыктуу жаш курак: 5 жаштан баштап.

Оң жактары:

жеңилдикти, күчтүүлүктү жана тез реакция кылууну калыптандырат;

турмуштун ар кандай кырдаалдарында жеңүүгө үйрөтөт;

дем алуу системасынын ишин жакшыртат;

зат алмашуусу бузулган жана остеохондроздон жабыркаган балдар үчүн пайдалуу.

Терс жактары: өтө көп машыгууга туура келет.

Кимдерге туура келет? Амбициялуу, кыймылдуу балдарга.

Кимдерге туура келбейт? Астма, алысты көрө албагандарга, май тамандарга.

 

 

Гимнастика

Ылайыктуу жаш курак: 3-4 жаштан баштап

Оң жактары:

ийкемдүүлүк, шамдагайлык, кыймыл-аракеттин тактыгын калыптандырат;

түз басууга үйрөтүп, келишимдүү келбетти калыптандырат;

баланын чыгармачылык шыгын ойготот.

Терс жактары: жаракат алуу коркунучу бар.

Кимдерге туура келет? Жынысына, мүнөзүнө карабай бардык балдарга. Бирок артисттик жөндөмү бар балдарга көбүрөөк туура келет.

Кимдерге туура келбейт? Жакынды көрө албаган балдарга, сколиоз жана айрым жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга.

 

 

Сууда сүзүү

Ылайыктуу жаш курак: 3-4 жаштан баштап.

Оң жактары:

сөөк-булчуң системаларын бекемдейт, кан айланууну жакшыртат;

нерв системаларынын ишин жакшыртат;

иммунитетти бекемдейт;

кант диабетинде, сколиоздо, ашыкча салмактан арылууда өтө пайдалуу.

Терс жактары: дээрлик жок.

Кимдерге туура келет? Сууну сүйгөн бардык балдарга. Атүгүл ден соолугуна байланыштуу спорттун башка түрлөрү сунуш кылынбаган балдарга да туура келет.

Кимдерге туура келбейт? Тери оорулары менен жабыркагандарга.

 

 

Мушташ искусствосу (каратэ, айкидо, бокс, тхэквондо, самбо, дзюдо ж.б.)

Ылайыктуу жаш курак: 5-6 жаштан баштап

Оң жактары:

шамдагайлыкка, так кыймыл жасоого, ийкемдүүлүккө жана бир нерсеге тез реакция кылууга калыптандырат;

ар бир эркекке зарыл болгон өзүн-өзү коргоо жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;

агрессия менен эмоцияларын сыртка чыгарып салууга мүмкүнчүлүк түзөт;

өзүн көзөмөлдөөгө жана карама-каршылыктарды тынчтык жолу менен чечүүгө үйрөтөт;

организмди саламаттыкта кармоого жардам берет.

Терс жактары: жаракат алуу коркунучу бар

Кимдерге туура келет? Кыз же эркек дебей дээрлик бардык балдарга. Мүнөздөрү кандай гана болбосун туура келе берет. Анткени мындан ар бир бала өзүнө таандык нерсени таба алат.

Кимдерге туура келбейт? Өнөкөт омуртка оорусу жана өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорулары барларга.

 

 

Жылдыздар балдарын спорттун кайсыл түрүнө беришет?

 

Чынар Капарова, диктор: “Александр Воинов: "уулуңуздан чемпион чыгат", - деди”

– Уулум Кубат Кубанычбеков 14 жашта. 5 жашынан баштап спорттун таэквондо деген түрүнө бере баштагам. Бул спорт түрү мага маданияттуу, таза спорт катары белгилүү болчу. Ошондуктан дал ушул спортту тандагам. Негизи мен спортко эки максатты көздөп бергем. Биринчиден, баламдын саламаттыгы бекем болсун, спортту сүйсүн дегем. Экинчиден, өзүнө тың болсун, башкалардан тепки жеп калбасын деген максатты көздөгөм. Кудайга шүгүр, балам учурда спорт менен профессионалдык деңгээлде машыгып жатат. Ошол таэквондону жакшы өздөштүрүп, азыр спорттун кикбокс деген түрүнө өтө кызыгуу артып, бул боюнча чемпионаттарга даярданып жатат. Александр Воинов кикбокс боюнча мыкты адис, ал баламды көрүп: “Сиздин балаңыздан мыкты кикбокс боюнча чемпион чыгат”, - деп өзүнүн “Гермес” деген тобуна кошуп алган. Азыр ошол жерде машыгып жатат. Балам буга чейин спорт менен Казакстан, Корея сыяктуу башка өлкөлөргө барып алтын медаль алып кубандырган.

 

 

Назира Айтбекова, алып баруучу: “Баламды спорттун кайсыл түрүнө берсем деп көп аталардан кеңеш сурадым”

– Менин балам Ариет Шеримбеков 8 жашта. Азырынча сөөгү ката элек болгондуктан гимнастикага бердим. Андан сырткары футболго, шахматка барат. Эмне үчүн спорттун бул түрлөрүн тандап алганымды айтсам: шахмат мээсинин өнүгүүсүнө жардам берет, ой жүгүртүүсүн, логикасын жакшыртат. Анан жашоодо ар бир кадамын ойлонуп басып, жакшы чечим кабыл алат деген ниетте бергем. Ал эми футболду өзү тандады. Себеби шамдагай, бир жерде турбаган бала. Анан энергиясын футбол менен чыгарсын деп мен баламды колдодум. Спортко бере электе бардык аталардан: “Баланы кантип тарбиялаш керек, спорттун кайсыл түрүнө берсем болот?” - деп кеңеш сурадым,. Көбүнчөсү ушул 3 түрдү сунуштады. Гимнастика да балага аябай пайдалуу экен. Дене мүчөсү чоюлуп, баламдын бою да өсүп калды. Азырынча ушул үчөөнө барып турсун, чоңойгондо дагы кайсыл түрүн тандап кетет баламдын өз колунда.

 

 

Кенже Көбөкова, ырчы: “Эркек болгон соң өзүн-өзү коргосун деп спортко бердик”

– Балам Аман Көбөков 14 жашта, Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебине барып эркин күрөш менен машыгат. Спорттун бул түрүн балам өзү тандап алды. Себеби мен спортко анча түшүнө бербейм. Бирок бир туугандарым жакшы деп макташкандыктан бергенбиз. Анын үстүнө балам толугураак. Эркек болгондон кийин чымыр денелүү болсун, өзүн-өзү коргой алсын деген ниетте макул болгом. Спорт боюнча олимпиадаларга катышкан агаларын көрүп, ошондой болсом деп кыялданат. Учурда машыгуучу залга да барып жатат. Эми сууда сүзүүгө берсемби деп жатам. Жалгыз баламдан эч нерсени аябаймын, бардык ийримдерге бергенге аракет кылам. Баса, спортту эле эмес, искусствону да сүйсүн деп комузга да берип койгом.

 

 

Гүлмира, ырчы: “Балам спортко катышкандан бери оорубай, тердебей калды”

– Биздин уулубуз Медер Кеңешбеков 11 жашта. Атасы экөө кеңешип балабыз кикбокс менен машыга баштаган. Спорттун бул түрүн балам өзү тандап, атасына айткан экен, мен да макул болдум. 7 жашынан бери спорттун ушул түрү менен машыгып келет. 4 жылда бир топ эле өзгөрүүлөрдү байкай алдым. Медер кичинекейинде көп ооруп алсыз болчу. Анан иммунитети да алсыз окшойт, аябай көп тердейт эле. Спорт менен машыккандан бери оорубай да тердебей да калды. Ден соолугу эле эмес, дене мүчөсү да чың болуп келбети чыңалып келе жатат. Спортко бергениме өкүнбөймүн, себеби эркек болгон соң сырткы келбети да чымыр денелүү болуп турганы оң деп ойлоймун.

 

Айназик РАИМКУЛОВА