Сасык тумоодон сактаныңыз

Сасык тумоо – мезгилдин актуалдуу оорусу. Аны адамдар менен пикир алышып, саламдашып жатып кандайча жуктуруп алганыбызды билбей калабыз. Андан кийин андан оңой менен арыла албай азабын тартабыз. Ошондуктан азыртан андан сактануунун жолун издеңиз.

 

Сасык тумоо менен оорубайын десеңиз:

өздүк гигиенаңызды таза алып жүрүңүз;

 көчөдө жүргөндө бети-колуңузду кармап, мурдуңузду ушалабаңыз;

лимон, бал, малина же ит мурун кошулган суудан күнүнө 2 литрден ичип туруңуз;

эпидемия башталганда эл көп агылган жерлерге барбоого аракет кылыңыз же оксолин майын дайым колдонуңуз;

оорулуу адам менен байланышпоого аракет кылыңыз;

курамында С витамини көп болгон жашылча-жемиштер менен тамактаныңыз;

күнүнө 2-3 даана сарымсак жеп туруңуз;

үйүңүздүн тазалыгына кам көрүп, бат-баттан желдетип туруңуз;

арча же болбосо лавр жалбырагын түтөтүп, үйүңүздөгү бактериялардан арылып туруңуз;

күнүнө 4 даана аскорбин кислотасын иммунитетиңиздин көтөрүлүүсү үчүн ичип туруңуз;

пияз жана сарымсакты туурап, ар бир бөлмөңүзгө коюп чыгыңыз;

иммунитетиңизди чыңдоо үчүн мончого барып туруңуз.

 

 

Сасык тумоо менен ооруп калганыңыздын алгачкы белгилери:

баштын оорусу;

көздүн кызарып, улам-улам жаштын куюлуусу;

өзүн алсыз сезүү, сөөктүн какшап ооруусу;

табиттин жоголуусу;

чүчкүрүп-бышкыруу.

 

 

Сасык тумоону башкаларга жугузбоо үчүн:

чүчкүргөндө бетиңизди жүз аарчы же колуңуздун жардамы менен жабыңыз;

сасык тумоолоп ооруп калгандан кийин 10 күнгө дейре эшикке чыкпаңыз;

ар кандай тез татымдарды жебестен, витаминдүү жана калориялуу тамактарга басым жасаңыз;

өзүңүздүн сүлгү, бет аарчы, идиштериңизди башкалар колдонбосун.

 

 

Сасык тумоодон сакайтуучу элдик каражаттар

 

Жумуртка

Төрт даана жумуртканын сарысына бир чымчым кум шекер салып көбүк чыккычакты аралаштырыңыз. Ага 0.5 литр пивону куюп, ага корицаны, жарым майланган лимонду кошуп, беш мүнөт жай отко ысытып алып, бир күндө үч жолу ичүү керектелет.

 

Бутерброд

200 грамм куйрукту эт майдалагычтан өткөрүп алыңыз. Ага бир канча даана майдаланган сарымсак, бир чай кашык имбирь, кызыл калемпир, татымына жараша туз кошуп аралаштырыңыз. Аралашманы айнек идишке салып, муздаткычка коюп күнүгө эки маал кара нанга сүйкөп бутерброд катары жесеңиз болот.

 

Коктейль

Жарым литр сүттү кайнатып алып, ага бир тоголок пиязды салып бир азга тыныктырып коюңуз. Андан кийин пиязды сыгып алып салып, сүттү ысык кезинде бир аш кашык бал салып, бир суткада 2-3 жолу ичүү зарыл.

 

Сабиз же лимон ширеси

Күнүгө үч маал сабиздин ширесин же болбосо лимон ширесин ичип туруу керектелет. Ал үчүн төрт даана лимон жана үч баш сарымсакты эт майдалагычтан өткөрүп алып, ага эки литр кайнатылган сууну куюп, муздак жерге үч күн коюп коюңуз. Мындай ширени 50 граммдан тамакка чейин үч маалдан беш күн кайталоо керек.

Эскертүү: ортосунда он күндүк тыныгуу менен ичиңиз.

 

Лимон

1.5 литр кайнак сууга бир чай кашык туз, бир лимондун ширесин жана бир грамм аскорбин кислотасын кошуп аралаштырыңыз. Даяр болгон суусундукту аз-аздан уктарга эки саат калганга чейин ичүү кажет. Бул ыкма жаңы сасык тумоолоп калгандарга зор таасирин тийгизет.

Майдаланган лимонго 150 грамм бал, 300 грамм имбирдин майдасын салып аралаштырып, муздак жерге коюп коюңуз. Бул аралашманы бир чай кашыктан бир жолу жеңиз.

 

Ит мурун

Беш аш кашык ит мурунга бир литр суу куюп 10 мүнөт кайнатып, 8-10 саатка чейин тыныктырып коюу керек. Эртең менен бир стакандан ичип баштап, ар бир 2-3 саат сайын кайталаганыңыз дурус. Жөн гана иче бербестен, шекер, кыям, бал кошуп, өлчөмүн акырындап азайтып отуруп жети күн бою ичиңиз.

Эскертүү: тишиңизге зыяны тийбөөсү үчүн ит мурунду ар дайым түтүкчөнүн жардамы менен ичип жүрүңүз.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы