ТАМАШАКӨЙ, ТАЛАНТТУУ ДИКТОР Жолдубай Кайыпов

Кыргыздын белгилүү диктору Жолдубай Кайыповдун кырчындай гана 38 жаш курагында, 1984-жылдын 29-мартында кылмышкерлердин колунан каза тапканына быйыл 33 жыл болот. Бирок Жолдубай ага каза болсо да артында калган кыргыз эли, жакындары анын жаркын элесин, мукамдуу үнүн унутпай ар дайым эскеришет.

 

Жолдубай Кайыпов 1946-жылдын 11-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында туулган. Ыр дүйнөсүнө 1968-жылы аралашкан. “Мекеним”, “Жалгыз кайык”, “Айтылбай калган махабат”, “Кел бийлейли, ырдайлы”, “Таңкы поезд”, “Атам менен энеме” ж.б. ырлардын автору. Кыргыз телесине 1975-76-жылдары диктор болуп келген. 1984-жылы 38 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

 

 

Зулунбек Нурбаев, режиссёр, КТРКнын отличниги: «Армяндарга раковинаны кантип төлөйбүз деп баш катып...»

– Арменияга бир чыгармачылык берүү менен барып калдык. Берүүнүн
автору - мен, алып баруучусу - Жолдубай Кайыпов. Экөөбүз Ереванда эки жарым сааттык эфирге чыктык. Жолдубай ага ошондо орусча жаңылбай сүйлөп алып барып, элдин мактоосуна арзыды. Эртеси ак калпак кийип алган Жолдубай ага экөөбүз Ереванды кыдырып чыктык. Аны теледен көрүп элдин баары таанып калган экен, токтотуп учурашып, «кыргыздын өлкөсү кооз, эли келбеттүү турбайбы» деп жакшы сөздөрүн айтышты. Анан жатаканага барып эле Жолдубай ага колун жууп жатса, кол жууган раковинасы жерге түшүп сынып калса болобу. Жатакананын администратору келип: «Сындырдыңар, төлөйсүңөр», - деп жемелеп кирди. «Эми кантип төлөйбүз?» - деп биздин башыбыз катты. Ошол учурда биздин сөзүбүзгө күбө болуп ары жакта турган армян улутундагы кишилер келип: «Булар Кыргызстандан келген алып баруучулар. Эмне, үстүнө олтуруп алыптырбы, кол жууганда эле түшүп калса, демек, өзүңөр туура эмес койгонсуңар», - деп бизге болушуп кетишти. Анан бизге: «Төлөйсүңөр», - деп сөзгө келбей жаткан администратор унчукпай калса болобу. Биз болсо кутулганыбызга сүйүнүп кала бердик. Ошентип Жолдубай аганын эфирди мыкты алып барып, Ереванга таанылганынын пайдасы тийди.

 

 

Малдыбай Кайыпов, иниси: «Апамды тамашага салмайынча боз үйгө кирчү эмес»

– Жолдубай байкем дайыма шаңдуу жүргөн, абдан тамашакөй адам эле. Эсимде, эс алууга чыкканда айылга чогуу барып калчубуз. Ал учурда машина аз болгондуктан, жайлоого жөө-жалаңдап жетчүбүз. Биз барган учурда жайлоодогулардын жата турган убагы болуп калат. Жеткенде Жолдубай байкем апамды тамашага салмайынча боз үйгө кирчү эмес. Бизди сыртка тургузуп коюп, өзү боз үйдүн ары жагынан бир жөөлөп, бери жагынан бир жөөлөп сүйкөнөт. Анда апам уй экен деп боз үйдүн ичинен: «Ай, өлүгүңдү көрөйүн, өш!» - деп кыйкырат. Ошентип апамды кыйкыртып, анан кирчүбүз.

Нарында таежем жашачу, ары-бери өткөндө ал кишиникине кайрылып калчубуз. Эжемдин үйүнүн жанында дүкөн бар эле, ал жакка барганда дагы Жолдубай байкем жөн кирбей, терезесин такылдатчу. Таежем: «Ким?» - деп кыйкырса, «эже, стакан берип коюңузчу, арак ичип алалы» , - деп тамашалап, анан таежем таанып тосуп чыкчу.

 

 

Тамара Жаманбаева, диктор, КРнын эл артисти, Чыгыш университетинин профессору: «Жолдубайдын машинасына түшүп алып жеткиче кудайлап баргам»

– Ушул күнгө чейин көчөдөн “Жигули” маркасындагы машина көрсөм эле Жолдубай дайыма эсиме түшөт. Ал дикторлордун арасынан эң биринчи Эмгек сиңирген артист наамын алып, элге бат таанылып кетти. Аны менен бирге ошол жылы Жолдубай өзүнө “Жигули” маркасындагы машина сатып алды. Ал учурда азыркыдай көп машина жок, колунда бар гана адамдар сатып алчу. Бир күнү жумуштан чыгып жатсам: «Эже, менин машинамды көрөсүзбү? Жүрүңүз, үйүңүзгө жеткирип коёюн», - деди. Мен сүйүнүп машинасына түшүп алдым. Жолдубай машинаны жаңы үйрөнүп жаткан экен, жакшы айдай албай артка бир айдайт, алдыга бир айдайт... Мен болсо жаным көзүмө көрүнүп унчукпай олтурам. Айтор, ошол күнү телевидениеден “Миң түркүн” тараптагы менин үйүмө жетиш кыйын болуп, жеткенче Кудайлап бардым. Кийин дагы жумуштан чыгып баратсак: «Эже, үйүңүзгө жеткирип коёюн», - деп калды. Ошондо баягыны эстеп: «Айланайын Жолдубай, менин төрт балам бар, ошолорду аман-эсен чоңойтушум керек. Сен машинаңды жакшылап үйрөн, анан түшөйүн ээ?» - десем, «эже, мен жакшы эле айдап калгам», - деп таарынып калды.

Жолдубай ушундай кишиликтүү, ийкемдүү, жакшы адам эле, кайран жигиттин өмүрү аз экен.

 

 

Бейшенаалы Копобаев, үн режиссёру, КТРКнын отличниги: «Бизди издетип коюп, эжем экөө коктуда сүйлөшүп олтура беришчү экен»

– Жолдубай Кайыповдун жубайы Жумаш менин бир тууган эжем болот. Биз бала кезде Жолдубай жездемдер болуп бир жайлоодо жайлачубуз. Ал кезде мага жезде боло элек, студент кези эле. Жайлоодогу жаш балдар жездемдин айтканы менен болуп, аны ээрчип жүрө берчүбүз. Отунга ээрчитип барып, бээ байлатып, топоз айдатып, айтор, бардык ишти тартиби менен жасатчу. Баягы ата-энесин какшаткан жалкоо балдар жездемдин тилин алып ата-энесине жардам берип калышчу. Кеч киргенде баарыбыз боз үйдөн башыбызды чыгарып жездемдин чыгышын күтчүбүз. Жездем үйүнөн чыгары менен жайлоонун кыздар-балдары жабыла чыгып ак чөлмөк, жашынмак ойночубуз. Жашынмак ойногондо: «Тээтигил кокту менен бул коктуга эле жашынабыз, башка коктуга өтмөй жок», - деп чек коюп койчу. Биз болсо ошол коктуларды издеп Жолдубай жездем менен Жумаш эжемди таппай айлабыз кетчү. Көрсө, ошол учурда Жумаш эжем экөө кыз-жигит болуп жүрүшүптүр. Бизди алаксытып коюшуп, экөө биз барбаган коктуда сүйлөшүп отура беришчү экен. Эс алуусу бүткөн жездем шаарга окууга кеткенде Жумаш эжем эле эмес, бүтүндөй жайлоо суз тартып, топоздор убагында байланбай, отун алынып келинбей балдардын баары кайрадан жалкоо болуп калышчу. Жездем ата-энеге камкордук көрсөтүү жагынан бизге үлгү болгон адам эле.

 

 

Рабиха Алыбаева, режиссёр, журналист, КРТКнын отличниги: «Атам: «Жолдубай менен жолуктум», - деп бир ай мактаныптыр»

– Мен диплом алганымда айылдан ата-энем, бир туугандарым кой союп келип калышты. Дасторкон жайылып, эт бышып, биз телевизор көрүп олтурганбыз. Бир учурда Жолдубай жарк этип эфирге чыгып ырдап калды, ал учурда мен теледе иштеп калгам. Анан эле эжем: «Эй, Рабиха, Жолдубай Кайыпов силер менен сүйлөшпөсө керек ээ?»- деп калды. Анда мен: «Эмнеге сүйлөшпөйт, ал абдан жөнөкөй адам. Керек болсо азыр телефон чалып чакырсам келет», - деп чычалап кеттим. Ошол жерден эжем: «Кел мелдешебиз, телефон чалып чакыр, келсе мен сага бир шампан алып берем, келбесе сен мага бир шампан алып бересиң», - деди. Анан Жолдубайга чалып үйгө келишин сурандым. Көп күттүрбөй эле эшиктен жаркылдап кирип келди. Баары тура калышып, атамдар болсо берерге ашын таппай аябай кубанып жатышат. Мени менен мелдешкен эжем эси ооп эле олтуруп калды. Анан эт бышканда Жолдубай атама: «Мен сизге нарындыктарча эт туурап берем», - деп ыгы менен келиштирип эт туураса атам: “Бул жигит сөздүн эле эмес, эт тууроонун да устасы тура”, - деп таң калган. Ошондо Жолдубай шашпай олтуруп атамдар менен чер жаза сүйлөшүп кетти. Атам айылга барып «Жолдубай менен бирге олтуруп чай ичип келдим», - деп бир ай мактанып жүрүптүр.

 

 

Гүлшан Молдоева, диктор, КРнын эл артисти: «Жолдубай байке менен учурашуу үчүн малчылар түз эфирге кирип келишкен»

– Жолдубай байке экөөбүз чогуу түз эфирге көп чыгып калдык. Агай жумушун профессионалдуу деңгээлде аткарган адам эле. Бир жолу адаттагыдай «Ала-Тоо» маалымат программасын алып барып жатканбыз. Бизден кийин айылдан келген малчылар эфирге чыгышмак. Ошентип экөөбүз кабарларды окуп жатсак эле жанагы малчылар топурап студияга кирип келип калышты. Кирери менен эле бизди көрүп: «Ой, Жолдубай менен Гүлшан го?» - деп бакылдап бизди карай келе жатышат. Жолдубай байке такалбастан программаны улантып текстти окуп жатат. Мен болсо кол жаңсап ымдап тыйып жатам, түшүнмөк кайда. Ассистенттердин тосконуна болбой баягы кишилер келип Жолдубай байкеге колун берип учурашып калышты. Анан айла жок ошол жерден эфирди үзүшүп, башка берүү көрсөтүлдү. Режиссёр болсо баарыбызды урушуп жатат. Айылдан келген малчылар түз эфир экенине түшүнүшмөк беле, Жолдубай байкени жанынан көргөнүнө жетине албай учурашканга ашыгып жатышпайбы.

 

Динара Чокоева