ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ: «Өмүрүмдү басма сөз менен карытыпмын»

1993-жылдан бери 7-ноябрь Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленип келет. Анткени 1924-жылы дал ушул 7-ноябрь күнү ошол кездеги «Эркин Тоо», азыркы «Кыргыз Туусу» гезити алгачкы жолу басылма катары жарыкка чыккан. Бүгүнкү күндө жеке менчик гезиттердин да саны өсүп, Кыргызстанда бир нече гезит жарыкка чыгып келет. Гезитти алып окуган окурманга билинбегени менен көшөгө артында бир канча түйшүк, кыйынчылык жатат. Аны журналисттер эң жакшы билишет. Майрамды утурлай бир канча жыл журналисттик кызматты аркалаган кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев менен маек куруп, гезиттин оош-кыйыштары тууралуу кеп кылдык.

– Агай, майрамыңыз менен! Гезиттеги жолуңуз кандайча башталган?

– Алгач бардык кесиптештеримди майрамы менен куттуктайм! Мен өмүр бою эле басма сөз майданында иштеп келиптирмин. Эң башында мектепти бүткөн кезимде армияга кеткенге чейин райондук гезитте корректор болуп иштедим. Андан кийин армияга барып келип курулушта, колхоздун ар кандай жумуштарында бир аз иштеп, кайра эле редакцияга келип гезитте көп жылдар бою кабарчы болуп иштедим. Университетке тапшырганда да журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Окуумду аяктап облустук «Нарын правдасы» гезитинде бир жылдай иштеп, андан кийин облустук телерадио комитетинде кабарчы болдум. Бишкекке келип филармонияда бир аз иштеп, кайра эле «Ала-Тоо» журналы, «Кыргызстан маданияты» гезитинде иштеп, аягында «Асаба», «Агым» гезиттерине келип бир топ жыл иштедим. Азыркы учурда баарына белгилүү болгондой, «Азаттык» радиосунда иштейм. Ойлоп көрсөм ММКларда иштеп, өмүрүмдү басма сөз менен карытыпмын десем болот.

– Сиз үчүн мектеп сыяктуу болгон маанилүүсү кайсы гезит болду?

– Биздин жалындаган жаштыгыбыз, жазам деп турган кезибиз СССР бийлиги жок болуп, мурда көнгөн система урап түшкөн убакка келди. 1991-жылы заман алмашты, жаңы доор келгенден кийин ачык айтуу, баарын ачык сүйлөө, башкача айтканда, демократия деген жол менен кетти, заман журналистиканы да башка нукка бурду. Республикалык бир кездеги «Ленинчил жаш» деген гезит өзгөрүп «Жаштык жарчысына» айланган, кийин «Асабага» айланды. Анын башкы редактору атактуу журналист Мелис Эшимканов болгон. Мен Мелис Эшимканов менен иштештим. Ошол гезит чынында күчтүү журналисттерди чогулткан, макалалары да кызыктуу болчу. Биз баарын ачык жаза баштадык. Жаңы системанын биринчи жарчысы «Асаба» гезити болду. Баш-оту менен саясатка кирди. Биз мурда сөз эркиндиги дегенди түшүнчү эмеспиз, сөз эркиндиги деген ушул экен деп агытып жибергендей эле кеттик. Кыргыздын канында бетке айтмай, калыстык, алдамчы жана жаман нерселерге чыдай албагандык бар экен. Мына ошол нерсе ойгонду дагы, баарын ачык жаза баштадык.

– «Асаба» гезити бийликтен бери ачык сындаган гезит эле, бирок бийлик ал нерсеге даяр эмес убагы болсо керек эле. Редакцияда бир топ ызы-чуулар болгондур?

– Чынында биз баарын ачык жазып ызы-чуу салдык да. Жаза баскан учурубуз да болду, айтор, ачуусун да, таттуусун да көрдүк. Ыраматылык Мелис Эшимканов: «Гезиттин сырткы жана экинчи бетин мага коюп койгула, өзүм жазам», - дечү. Биз гезиттин башка беттерин жазып даярдап койчубуз. Мелис Ак үйгө барып маалымат чогултуп келип, олтуруп алып жазып берчү. Эртеси гезит чыкканда Кыргызстанга дүркүрөп, Ак үй “тигил кетет экен, бул мындай болуптур» деп ызы-чуу түшүп эле жатып калчу. Бирок Мелис жазган имиштер бир айдан кийин эле чын болуп чыга келчү. Көрсө, Мелиске саясий ушактарды Ак үйдөгүлөрдүн өзүлөрү эле бере берчү экен.

– Анда бийликтегилер менен сотко чейин барган учурлар болгон болсо керек?

– Албетте, болгон. Бир жолу Ысык-Көл облусунан 25 адамдын колу коюлган катты бир жигит алып келип: «Жунукеев деген айыл башчыбыз айылды жеп салмай болду. Кишилердин турмушу начар, өзү аябай жегич киши. Акаевдин досу экен, ага таянат. Керек болсо Акаевге бир КамАЗ алма түшүрүп берген», - деди. «Эртең бул кат гезитке чыгып кетсе танбайсыңарбы?» - десек, «танбайбыз», - деди. Мен ал катты элдин көңүлүн буруш үчүн көбүртүп жазып, темасын «Жунукеевден бир КамАЗ алма жеген Акаев» деп коюп гезитке чыгарып жибердим. Эртеси ошол учурдагы президент Аскар Акаев башкы прокуратурадан кишилерди жиберип: «Эгерде бир алма жеген болсом, мен жооп берейин. Жалган болсо, жазган киши жооп берсин», - дептир. Биз Ысык-Көлдөн келгенин айттык, башкы прокуратура барып кат келген айылды басканда, баягы кат жазгандын баары танып качат. Аягында келип жазган биз күнөөлүү болуп калдык. Ал кезде гезиттин башкы редактору Мелистин иниси Эрнис Асек уулу болчу, экөөбүздү башкы прокуратура чакырып сурай баштады. Бизге кылмыш ишин козгоп, кеминде алты жылга кесилерибизди айтты. Түрмөгө кеткенге даярданып калган учурубузда амнистияга туш келип калып соттолбой калдык. Ошол учур абдан эле оор болгон. Күн сайын башкы прокуратура чакырып сурак алат. Алар: «Акаевдин алма жегенин көрдүңүз беле?» - деп сурашат экен. «Көргөн жокмун», - дейм, «анда эмнеге таянып жаздыңыз эле?» - дешет. Биз катка таянып эле жазып койгонбуз да, азыркыдай диктофон деген жок. Жаным кейип гезитте иштебейм деген учурларым көп эле болгон. Бирок гезит дагы өзүнчө кумар болуп калат экен, чыккым келбеди.

– Азыр диктофонго жазып калбадыкпы, мурунку кезде интервью алганда колго жазганыңыздарды угуп калабыз…

– Ооба, бизде диктофон деген жок болчу. Интервью алганда маанилүү жерлерин жазып алчубуз, калганы эсибизге сакталып калчу. Аны келип жазып, кайра каарманга алып барып окутуп, анан чыгарчубуз. Диктофон кийин келди. Бирок мен өмүр бою диктофон колдонгон жокмун. Анткени мен экономика темасындагы макала жазган жокмун, өзүм кызыккан темаларда жазчумун, алар эсиме сакталып калчу. Анан да ал кезде азыркыдай компьютер деген жок. Башында машинкага кара кагазды салып алып бассак, кийин компьютер келди. Анда да өзүбүз жазбайбыз, атайын бир адам олтуруп алып биздин калем сап менен кагаз бетине түшүргөн макаланы көчүрүп жазчу. Мен, Алым (Токтомушев-ред), Түгөлбай (Казаков-ред) үчөөбүздүн кол жазмабыз жакшы эле, оператор кыздар талашып алышчу.

– Кайсы бир атактуу адамдан интервью алууну каалап, бирок ала албай калган учурларыңыз болгонбу?

– «Советтик Кыргызстан» журналында практикада жүргөнүмдө: “Гүлсара Ажыбековадан интервью алып кел”, - деп жиберишкен. Ал Москвадан жаңы бүтүп келип, жалындап мыкты ролдорду аткарып турган кези болчу. Театрга барып Гүлсара Ажыбекованын бөлмөсүнө учурашып кирип интервью алып калсам эле: "Шекспир", - деп баштаганда мээм чачырап кете жаздады. Ичимден: «Ээ, кокуй, адашып кайсы жакка келгем. Өзүм Шекспир тууралуу жакшы билбесем, анан кантип бул менен сүйлөшө алам. Бул адамдан интервью алыш үчүн дагы бир топ китептерди окуп келишим керек экен», - деп кайра кетип калгам. Журналга келип: «Алардын деңгээли бийик экен, мен интервью ала албайт экем», - деп айткам. Журналист деген интервью алыш үчүн ошол тема боюнча жакшы билиши керек.

– Гезитте план деген болот эмеспи, кайсы бир материал ушул сыяктуу болбой калганда кырдаалдан кантип чыкчу элеңиздер?

– Эсимде, Баратбай Аракеевдин сериалы «Асаба» гезитине сандан-санга деп чыкчу. Ал Караколдон келип, гезитке бир нече жума чыга турганын даярдап коюп таштап кетчү. Бир күнү келбей калды. Эшимканов: «Келбесе бүткөрүп салгылачы», - деп калды. Мен аягына чыгармакчы болдум. Ошол кезде сериалдын каармандары Чолпон-Атадан келе жатышкан экен. Анан мен баарын автоунаага салдым дагы, жол кырсыгына кабылтып комага түшүрүп бүтүрүп салдым. Гезит чыккандан кийин Баратбай Аракеев ызы-чуу түшүп жетип келди. Жагдайды түшүндүрсөм олтуруп алып жазып аткан, эртеси гезиттен сериалды окусам, мен жазган окуяларды: “Ойгонуп кетсе түшү экен”, - дептир дагы, өзүнүн келген жеринен сериалын улап кетиптир.

– Учурда интернет күндөн-күнгө өнүгүп бара жатат. Андыктан “гезиттин ордун интернет басат, гезиттер чыкпай калат” деген сөздөргө кошуласызбы?

– Гезиттер чыкпай калат деп айтууга болбойт. Гезиттин ырахаты башка да. Биз бала кезде гезитти сагынып күтүп окучубуз. Почточу ат менен кыдырып ар бирибиздин корообузга ыргытып кетчү. Ал гезиттин эч бир барагын калтырбай окучубуз. Азыр деле гезиттин окурмандары бар. Болгону гезит жашагысы келсе, ошол гезитте иштеген журналисттер издениши керек. Биз учурунда «Асаба» гезитин 10 миң тираж менен баштаганбыз, журналисттердин мыктылыгынан 50 миң тиражга жеткен. Андан башка 5-6 гезит чыгарчубуз. Ортодо «Пайшамба» деген гезит чыгып, аны бийлик «элди бузуп атат» деп күч менен басып салган. «Пайшамба» 1-2 жылдай чыкты, ичиндегилеринин баарын «Асабада» иштегендер эле жазчубуз. Биздин 5-6 маскабыз бар болчу, ошону кие калып бир гезиттен бир гезитке которулуп кетчүбүз.

– Бүгүнкү күндө гезиттердин деңгээлине кандай баа бересиз?

– Тилекке каршы, гезиттер өтө эле майдаланып, биздин кыргыз тилдүү гезиттердин деңгээли абдан түшүп кетти. Кээде гезиттерди карасаң жалаң интервьюлардан же ушак-айыңга жакын, такталбаган маалыматтардан туруп калды. Аналитика деген жоголду. Биз дүйнөлүк басма сөз, орус тилдүү гезиттерден үйрөнө турган көп эле нерсе бар. Эмнегедир үйрөнгүсү келбей калышты, изденүү деген жок. Грамматикалык жактан да өтө эле сабатсыз чыга баштады. Сабатсыздык абдан күчөдү, сабаттуу окурман андай каталарды көргөндө окугусу келбей жаап салат, иренжийт. Мисалы, силердин гезит тууралуу жаман сөз жок, өз багытыңар бар. Ушул багытты улантышыңар керек.

– Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!

 

Динара ЧОКОЕВА