Мүнөзүңүз төрөлгөн айдан көз каранды экенин билесизби?

Астрологдор сиз төрөлгөн ай сиздин жашооңузда чоң роль ойнорун айтышат. Андан улам сиздин кандай адам экениңизди, эмнеге кызыгарыңызды, кайсы кесип ылайыктуу экендигин, кандай кожойке болоруңузду аныктап койсо болот экен. Анда өзүңүздүн жаман-жакшы жактарыңызды билүүгө даярсызбы?

 

Январь, сентябрь

Бул айларда төрөлгөн адамдар башкалар менен бат тил табышкандыктан, аларга жаңы досторду табуу кыйынчылык деле туудурбайт. Өзүн жакшы көргөн адамдар менен гана сүйлөшүп, жактырбагандарга убактын коротууну жактырышпайт. Достукту бекем тутуп, досторунун көйгөйүн өзүнүкүнөн бийик коёт. Эр жүрөк, кайраттуу болгону менен жаман сөздү жүрөгүнө жакын кабыл алып, бат таарынат. Бирок таарынычын жазуу кыйын эмес. Элдердин көңүл чордонунда болгонду жактырып, көп кыялданат. Эмоциясын чыгарууда өзүн көзөмөлдөөнү каалабайт.

 

Февраль

Таарынычын эч кимге билдирбей ичине каткан адамдар февраль айында төрөлөт. Алардын көп досу жок. Бир гана адамды дос катары тандап, ошол менен гана чектелет. Жаны жай албай эмгектенгенди жактырышат. Булардын үйүндө керексиз буюмдарга орун жок, дароо сорттоп ыргытканга шашат. Ак ниет, уялчаак, темпераменттүү, интеллигент, жоош, ырым-жырымдарга ишенген адам. Ичинде романтик болгону менен, аны сыртка чыгара бербейт.

 

Март

Ишеничтүү досту март айында төрөлгөндөрдөн тапсаңыз болот. Себеби алар колунан келген жардамын аябаган март, берешен, ак көңүл, актыкты сүйгөндөр. Башкалардын эмгегин жогору баалап, өзүнүкүн дагы байкап турса деп ойлойт. Жакшылык кылган адамга ыраазычылыгын эселеп кайтарат. Тез ачууга алдырып, көп убакыт сүйлөбөй жүрө берет. Өзүн эле эмес, башкаларды да кемсинтүүгө жол бербейт. Көк бет болгону үчүн көп ийгиликти багындырат.

 

Апрель, октябрь

Сиз билбей, баш катырып жаткан иштериңизди бул айларда төрөлгөндөргө ишенип тапшыра берсеңиз болот. Себеби күчтүү ой жүгүртүүсү, билгичтиги, өтө акылдуулугу менен айырмаланган, милдеттерин так билип, аны орундатууга шашкан, маалымат чогултуп өз алдынча изденүүнүн үстүндө жүргөн адамга берип жатканыңыз эсиңизде болсун. Мындай адамдар өзүнө аябай ишенгендиктен, иштин көзүн таап, аны так аткарат. Бул гана эмес, юморист дагы болуп, башкалардын көңүлүн көтөрүп, үй ичин шаңга бөлөйт. Күлкүсү келбеген адамдарды да күлдүрө алган таланты бар. Боорукер, көп сүйлөгөн, эс тутуму жакшы, коомго бат аралашкан, музыка, спорт, саякаттоо, эс алууну сүйгөн адам.

 

Май

Башка бирөөнүн кайгы-капасын уга билип, жубатуунун эбин билген, сезимтал, активдүү, амалкөй, элди өзүнө тартып турган, сабырдуу, жаны тынбай дайым кыймыл-аракетте болуп турган адам. Элдин көзүнө чыккандан уялганы менен, алардын көңүл буруусун каалайт. Дайыма ар кандай болуп өзгөрүп турганы үчүн кандай адам экендигин так биле албайсың. Чечимди бат чыгарганы менен шашып чечим чыгарганына өкүнүп калган учурлары да болот. Өзүнүкүн бербеген көк бет адам, бирок ошонусунун пайдасын көп көрөт. Тууганчыл, досторго бай адам.

 

Июнь

Жаңы нерселерди пайдаланып көрүүнү жактырган, өткөн окуядан сабак алып жыйынтык чыгара билген адам. Жан сырын төгүлүп баарына жая бербей жеке жашоосун жашыруун сактайт. Өзү менен сыймыктанып, сүйүктүүсүнүн жалгыз гана адамы болгусу келет. Ачууга алдырып, нервин корото бербейт. Кызыл тилдүү, популярдуу, башкалар үлгү алгысы келген адам болсо да жалгыздыкты сүйөт. Дос издебейт, ал үчүн аракет да кылбайт.

 

Июль

Бул адамдын жанында жүрүү өзүнчө эле бакыт. Жаңы дос тапканды жакшы көрөт. Курулай ашыктык сөздөрүн айтуунун мастери. Пайдасына карап иш кылат. Зерикпей кызыктуу күндөрдү өткөрөт. Бул айда төрөлгөн адамдан келечекте мыкты актёр чыгуусу шексиз.

 

Август

Эгерде бул айда төрөлгөн адамыңызды таарынтып алсаңыз, тезинен барып көңүлүн алып же кечирим сураңыз. Анткени ичине кек сактап, кайра сизден өч алуусу мүмкүн. Анын боорукерлигинен, көңүлүн башкага буруунун оңойлугунан пайдаланып калыңыз. Өзүңүздүн ага ишенериңизди баса белгилеңиз. Себеби ортодогу ишенимдин жоктугун жаман көрөт. Башка бирөөнүн айткан сөздөрүнө кулак салып отурбайт, алардын оюна көз каранды эмес. Оюн карак, сырдуу, өзүнө ишенген, эмоциясын көзөмөлдөй билген, күйүп-бышкан, катуу, көк бет, эрки күчтүү, көркөм дүйнөсү бай, тобокелге салып иш кылган адам.

 

Ноябрь

Өжөр, таш боор, бат кыжыры келген, бирок башкаларды соротуунун мастери, көрөгөч, эмгекчил, бирөөнүн мотивациясына муктаж болбогон, адабият менен искусствону баалаган адам. Бул адамды “стерва” деп ойлоп калбаңыз, себеби карама-каршы жыныстагы адамдын жанында булардан өткөн уялчаак жан жок. Ар дайым коомго аралашып, көңүл чордонунда болуп жүргөндү жактыргандыктан, үйдө отуруучу адам эмес.

 

Декабрь

Идеясы көп болгондуктан уюштуруу иштеринде таасирдүү, активдүү адам. Мыкты амбицияга ээ, намыскөй, сезимтал. Ошол эле учурда сабырсыз, шашмалыгынын айынан жасаган ишинин жыйынтыгы каалагандай болбой калат. Бул адамдар үчүн башкалар менен пикир алышуу, иштешүү кыйындыкка турбайт.

 

Айгерим ТОКТОБАЙ кызы